Канышай:
"Он айдан бери комада жаткан
сиңдимди баарылап аман алып калсак..."
Жакында эле интернет сайттарында кыргыз кызынын Араб Эмиратында 10 айдан бери комада жатканы, аны дарылатуу үчүн Москвага алып келүүгө шарт жок болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыккан эле. Мына ошол Айсалкындын бир тууган эжеси Канышай менен окуя тууралуу маектештик.
- Канышай, сиңдиң Айсалкындын Дубайга кеткенине канча болду эле?
- Айсалкын Дубайга 2008-жылы кеткен. Нарындан мектепти бүтүп келип, мен политехти, Айсалкын БГУнун кытай тилдер факультетин аяктады. Экөөбүздүн ортобуз эки жаш. Сиңдим окууну жакшы аяктап, кытай, англис тилдеринде түш жоруйт. Дипломун жактаган күнү эле англичандар келип конкурс өткөрүшүп, жүз адамдан үчөө ал конкурстан өтүп кетишкен. Конкурстун шарты боюнча өткөндөрдү Араб өлкөсүнө жөнөтүп жумуш менен камсыз кылышмак. Айсалкын Дубайдагы ири соода борборлорунун биринин косметика бөлүмүндө иштечү. Аны менен чогуу кеткен экөө келип калышкан, Айсалкын жакшы иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алгандыктан, компаниянын жетекчилиги келишими бүткөндөн кийин да алып калышкан эле. Ортодо эс алууга бир жолу келип кеткен. Анын кызматы косметикалык каражаттарды сатуу эмес, кардарларга боёп көрсөтүү, консультация берүү болчу. Жакында супервайзерлик кызматка көтөрүлүү алдында турган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрь күнү кырсык болуп отурат.
- Автокырсык кандайча болуптур?
- 8-декабрь күнү Айсалкындын туулган күнү болчу. Туулган күнүн белгилөөгө баратканда 7синен 8ине караган түнү окуя болгон. Жигити рулда, Айсалкын алдыда, артында курбусу бар экен. Чоң трассада кетип баратышканда башка машина келип артынан катуу сүзүптүр. Ошондо Айсалкын алды жакты башы менен бир жолу сүзүп, арт жакты эки жолу сүзгөндө баш сөөгүнөн жарака кетип, экиге ажырап калыптыр. Башындагы бир чоң кан тамыры жарылган экен, ал жерде кан уюп гематома пайда болуптур. Дароо эле "Тез жардам" келип ооруканага жеткириптир, бирок жеткиче башындагы көп клеткалары өлүп калыптыр. 5 сааттык операция болуп башындагы уюган канды алышыптыр, бирок баш сөөктү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк болбоптур. Аны алып коюшуптур. Айсалкын үч ай бою баш сөөгү жок комада жатты. Үч айдан кийин кайра операция жасашып, башына башка сөөк салышты.
- Жигити менен курбусу эмне болуптур?
- Кырсык болгондо алар да эсин жоготушуп, ооруканадан эстерине келишиптир. Аларга катуу доо кеткен эмес, жеңил эле жаракаттарды алышкан.
- Силерге бул суук кабарды ким билдирди?
- Айсалкын менен чогуу иштеген Татьяна деген кыз чалды. "Кызыңар өлгөнү жатат, келип коштошуп калгыла" деп эле айтты. Элестет, мындай кабарды угуу кандай оор! Биздин жүрөгүбүз жарылып кете жаздады. Апам менен байкемди жөнөтмөй болуп эртеси эле Тышкы иштер министрлигине бардык. Бирок визасы бүтпөй жатып он күндөн кийин араң жөнөштү. Бул аралыкта таптакыр уктабай калдык. Ал ансайын "батыраак келгиле" деп улам телефон чалышат...
- Айсалкындын азыркы абалы кандай?
- Апамдын аракети, күчү менен беш айдан кийин көзүн ачты. Көзүн кадимкидей ирмейт, уктаганда жумат, бирок көрбөйт, кулагы укпайт, эч нерсени сезбейт. Кыймылсыз жатат. Кекиртегин тешип, туура ашказанына кетчү түтүк орноштуруп коюшкан, ошол түтүк аркылуу атайын витаминдерди беришет. Кекиртеги ачык болгондуктан, кээде вирус кирип кеткенде жөтөлөт, жөтөлгөндө тырышып калат. Апам өзү тамактандырып, колу-буттарын кыймылдатып физикалык көнүгүүлөрдү тынымсыз жасатып турат. Түнү жанында калганга болбойт экен, күн сайын жумушка баргандай клиникага барып, эртеден кечке сиңдимдин жанында болот. Ал жактан квартира жалдаган. Кичүү сиңдим экөөбүз бир-бирден барып, бир аз жардамдашып келдик. Баарынан да апама кыйын болду, өзүнүн буту ооручу эле, азыр андан бетер ооруп калды. Чоң шаарда же тууганы, же жакын таанышы жок. Дагы жакшы, ошол жактагы кыргыздар анча-мынча кабар алып, жардам берип турушат экен. Бизди баарынан тынсыздандырган нерсе - салмагынын кескин түшүп баратышы. Салмагы 55 килограмм эле, азыр 32 килограмм болуп калды.
- Интернет сайттарына "жарандык никеде жашаган күйөөсү качып кетиптир" деген маалыматтар жарыяланды го?
- Турсунбай Бакир уулу Дубайга барганда Айсалкындын абалы менен таанышып, апама жолугуп келиптир. Ошондо ушундай маалыматтар тарап кетиптир. Бул сөздөрдү Турсунбай агай оюнан чыгарып же асмандан алган жок болуш керек. Ага бирөө айтты да, балким консулдуктан ушундай маалымат алгандыр. Бирок бизге бул сөздөр өтө оор тийди. Сиңдим эч кандай жарандык никеде жашаган эмес. Ооба, жигити болгон. Айсалкын кичинесинен эле "мен чет өлкөдө жашайм, чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгам" дечү. Жигитинин улуту немис, Түштүк Африканын жараны экен. Ата-энем деле ага турмушка чыгуусуна каршы болмок эмес. Ал апам барганда тосуп алып, алгачкы төрт айда жакшы эле жардам көрсөтүп жүрдү. Визасы бүтүп калгандыктан эле өз өлкөсүнө чыгып кеткен. Ошол жакта туруп деле Айсалкындын абалын сурап, анча-мынча акча салып турат экен. Кишини жөн эле күнөөлөй бергенде эмне? Мени баарынан да орус тилдүү бир гезитке чыккан Айсалкын жөнүндөгү макаладагы "женщина в коме" деген сөз катуу ардантты. Атайын гинекологду чакыртып, текшерттирдим, кыздык белгиси бар болуп чыкты. Муну тастыктаган кагаздарды мага Дубайдан салышкан. Эгер керек болсо мен аны далилдөөгө деле даярмын.
- Жол кырсыгынын себеби аныкталды беле? Ким күнөөлүү экен?
- Аныкталган. Сүзгөн машинанын айдоочусу күнөөлүү деп табылган. Ошондо 140 менен келаткан экен, а ал трассада мындай ылдамдыкта айдоого болбойт. Тилекке каршы, биз бир чети өзүбүз менен өзүбүз болуп жатып, бир чети ал жактын мыйзамдарын билбегендигибизден, күнөөлүүнү жазалай алган жокпуз. Мыйзамга ылайык эгер бир айга чейин үстүнөн эч ким арыз жазбаса, бир айдан кийин өзү барып биздин акчага которгондо 24 миң сом айыбын төлөп, кутулуп кетет экен. Тиги айдоочу ошенткен.
- Силерге Тышкы иштер министрлиги, консулдук кандайдыр бир жардам берип жатабы?
- Окуя болгон күндөн баштап эле эки жакка тең бара берип эшиктерин жыртып жибере жаздадык. Биз алардан материалдык жардам сураган жокпуз, укуктук жардам сурадык. Бирок таптакыр эле кыймылдабай коюшту. "Эмне кылдыңар?" десе ТИМ апама бир жолу виза ачып бергенин бетине кармайт. Апама үч айлык визадан эки жолу өз каражаттарына Айсалкын иштеген компаниядан ачып беришкен. ТИМ бир жолу бир айлык виза ачып берди, анысы да ызы-чуулуу виза болуп калды. Эми дагы апамдын визасын жаңыртууга убакыт келип калды, мындан мурункусу ызы-чуулуу болуп калгандыктан, эми ача албай жатат. А консулдук болсо беш айдан кийин араң ойгонду. Эми иштеген түр көрсөтүп жатышат, бирок ишинин эч кандай жыйынтыгын көрбөй жатабыз. Андагылар араб, англис тилдерин эң төмөнкү деңгээлде билишет экен, аларга караганда Айсалкын жакшы билет. Мен чынын айтсам, биздин Адилет министрлиги тууралуу маалыматым жок эле. Өткөндө телевидениеге чыкканыбызда кийин урматтуу Турсунбек Акун атамды өзү чакыртыптыр. Атам ага кандай жолукту, иштерибиз алдыга ошондой жыла баштады. Ушул айдын 27синде сот болот, анын биздин пайдабызга чечилишине, Айсалкынды Москвага алып келгенге жардам берем деп жатат, ансыз деле биз ошол кишиге гана үмүтүбүздү артып калдык.
- 27синде кандай сот болот?
- Айсалкын жүргөн мамлекет анын коопсуздугун камсыздандыруу керек го. Ошондон он айдан бери дарыланууга кеткен каражатты толук болбосо да жарым-жартылай өндүрүп алсак дейбиз. Болбосо клиникага болгон карызыбыз эле 50 миң долларды чапчыды. Мусулман өлкөлөрүндө адамдар гумандуу болот эмеспи, ушунча убакыттан бери карызга дарылап жаткан клиникага миң мертебе ыраазыбыз. А Москвага барсак бизди эч ким карызга дарылабайт. Операцияга эле 200 миң доллар сарпталат экен. Дарылоого айына 20 миң рубль, дары-дармеги, жаткан жери, тамак-ашы, кыскасы, канча акча сарпталарын өзүбүз да билбейбиз.
- Дубайда деле калыбына келтирүүгө медицинанын күчү жетпейт бекен?
- Алар болгону өтө оор абалдан чыгарып коюшат экен, а бутуна тургузуп, кайра калыбына келтире алышпайт экен. Мындай клиника дүйнөнүн 4-5 жеринде эле бар болсо, алардын бири Москва экен. Азыр бизде негизги маселе - каражат маселеси болуп жатат. Ошол болуп калса эле Москвага алып келсек дегенде эки көзүбүз төрт. Эмнеси болсо да тилибиз түшүнүктүү, жакын... Мен карапайым элге ушунчалык ыраазы болдум. Биз тааныбаган эле адамдар биз менен кошо кайгырып, жардам беребиз деген тилектерин билдирип жатышат. Көп түкүрсө көл болот эмеспи, Айсалкынды баарылап аман алып калсак жакшылык кылган адамдарды Кудай деле көрүп турат го...

Айназик Раимкулова