Кек
"Сууга боюмды таштап өлөм" деп ойлоду Жайдар бет келди басып баратып. Азыр кыз айылдагы таштан-ташка урунуп аккан долу Козу-Баглан суусун элестетти. Өзүнүн муздак сууга бой таштап, аласалып агып баратканын көз алдына келтирип алып коркконунан ичиркене көзүн жуумп жиберди. Жан кандай ширин!
- Чоң кыз, эмне болду?
Жайдар капилет чыккан коңур үндөн чочуп кетти. Жолдун жээгиндеги тосмого жөлөнүп турган балдакчан жигит кашкая күлүп карап туруптур. Арманы алкымына кептелип келаткан кыз токтоно албай ыйлап жиберди. Тиги жигит аксаңдай жетип келип кызды чыканактан алды:
- Ыйлаба, баары жакшы болот. Бирөө-жарым капа кылдыбы?
Жайдар колунан эч нерсе келбеген өзүндөй эле карып жигиттин ийинине башын коюп алып солкулдап ыйлады.
- Сен ыйлаба, жүр, курсагың ачкан чыгаар?
"Курсагың ачкан чыгаар". Ушул сөз жүрөгүн тилип кетти. Шаардагы эркек аттуунун чологу деле, соосу деле жаш кыздарды ушул сөз менен алдап барып зордуктай берчүдөй аза бою үрктү. Өнтөлөй кармап турган алсыз жигитти көкүрөктөн ары түртүп жиберди. Балдакчан калчылдаган майып жигит күтүүсүз соккудан чалкасынан кетти. Жайдар түртөөрүн түртүп алып, жыландай толгонуп ордунан туралбай чаңга булганган жигитти таштап басып кете албай туруп калды. Жигит жанталаша таягына умтулду. Жайдар кантип майып жигитти жөлөп, таягын кармата турганга жардамдашып жибергенин билбей калды.
- Туура эмес сүйлөп алдымбы, мен сенин бозоргон өңүңдү көрүп эле...-деди денеси менен үнү кошо калчылдаган жигит энтигип.
- Кечирип коюңуз, мен... мени... - Кыз кайра солуктап ыйлады. Жайдар болгонун болгондой айтып берди. Экөө уюлгуй иримденген БЧКны карап көпкө ойлуу отурушту.
- Милиция деле азыр карабайт,-деди ындыны өчкөн жигит.
- Кантип эле карабасын. Болгонун болгондой жазып берем да, ушул сууга келип боюмду таштап өлөм.
- Адам өлүп эч кимден өч ала албайт. Дени-кардың соо туруп кантип жөн эле өлүп аласың? Бул жарыкчылыкта өз бутуң менен баскан, эч кимге оорчулугуңду артпай эркин жашаган кандай жакшы!-деди оор улутунуп.
- Шерменде болуп кантип жашайм?
- Жөн эле өлүп алуу туура эмес. Милицияга кайрыл, карабаса андан жогору жакка кайрыл. Адилеттик бар, болгону жетиш кыйын. Бутум соо болгондо сага жардам бермекмин,-деди алсыз жылмайып.
- Бутуңузга эмне болгон?
- Апам ара төрөп, кандайдыр бир витамин жетшпей буттарым алсыз болуп калган. Жакшылап дарыласа айыктырса болот. Андай дарыланууга чоң акча керек. Менде андай акча кайдан? Менин пенсиям, эжекемдин айлыгы эч нерсеге жетпей жатат. Ошентсе да эжекем менин пенсияма тийбей топтоп жүрөт байкушум. Мен кээде бирөөлөргө сүрөт тартып берип, жыгачтан бирдемелерди жасай коюп акча табам. Ал эмне, жарыбаган акча, эмнеге жетет дейсиң? - Бейтааныш жигит оор үшкүрдү.
- Мен кетейин,-деди Жайдар.
- Атым Мурат, сенин атың ким?-деди жигит акырын.
- Жайдар.
- Жакшы атың бар экен. Көрөсүң, баары жакшы болот. Азыр чоң жолго чыгып бир аз бассаң, сол тарапта боз кирпичтен салынган чоң имарат бар. Ошол жерге кирип сурасаң кайсы жерге, кимге, кантип арыз жазышты айтып беришет.
Кыз унчукпай ордунан турду да басып кетти.
- Жакын эле жерде,-деди Мурат артынан каргылданган үн менен. Жайдар Мурат айткан имаратка батына албай араң кирди. Азыр айтса эле баары сөөмөйлөп шылдыңдачудай сезилип, кайра кетип калгысы келип арсар болгон кызды "чоң кыз, кимге келдиңиз?" деген үн токтотту. Жайдар ордунда катып калды. Эмне деп айтат.
- Билбейм,-деди үнү өзүнүкү эместей калтырап.
- Кантип кимге келгениңди билбейсиң? - Жанына келген узун бойлуу, орто жаштагы мурутчан киши кызды таң кала карады. Тиги киши кыздын жабыккан жүзүн карап туруп баарын айттырбай түшүндү окшойт, "мени менен жүрчү"- деди баш жаңсай. Жайдар унчукпай артынан ээрчиди.
- Мобу баракка баарын жаз. - Тиги киши эч нерсе сурабай туруп актай баракты кыздын алдына таштап, калем карматты. Жайдар эмнеден баштаарын билбей аптыкты.
- Жаз, кызым, эмне болсо шашпай, калтырбай жаз. Менин да сендей кызым бар. Айылдан жаңы эле келгенсиң го.
Жылуу сөзгө эрээркеген Жайдар жашы соолуп калгандай ыйлай албай үнсүз муңкана калчылдап бетин басты.
- Мен сыртка чыгып турам, кааласаң эшикти сыртынан бекитип коём, а сен шашпай жаз, макулбу?- деди жумшак.
- Жок-жок, бекитпеңиз, мен азыр эле жазам.
- Коркпо, садага, макул, бекитпейм. Сага көңүл бурбай өзүмдүн ишимди жасай берем, а сен жаз. Сүйлөштүкпү?-деди жайдары карап. Кыз элпек баш ийкеди. Ушу азыр баарын жазса эле маңдайындагы мээрман киши өчүн алып берчүдөй өрөпкүп, дил тереңинен кайрат, үмүт ойгонду. Жайдардын жазгандарын окуган сайын тиги кишинин кабагы бүркөлө берди.
- Дарегин көрсөтө аласыңбы? -деди үнү калчылдап. Көздөрү күйүп, жаагы карышып туруптур.
- Билбейм, болжолдоп таба алам го.
- Жакшы, жүр, азыр доктурга барабыз, анан сен дарегин көрсөтүп бересиң.
- Эмнеге доктурга?
- Антпесе болбойт садага, туура түшүн. Ансыз эч нерсе далилдей албайбыз,-деди токтоо. Кыз бурула бергенде тиги киши жумшак унчукту:
- Жайдар, сумкаң калды.
Кыз китеп-дептер салынган оор сумкасын араң көтөрө бергенде тиги киши колунан алып ууртунан жылмайды:
- Эмне, таш салып алгансыңбы?
- Сабактарым көп эле. - Жайдардын карегине ысык жаш айланды. Эми гана кечинде китепканадан бир топ китеп алганын эстеди.
Жайдарды карап чыккан доктор кызды ойлуу карап:
- Канча жаштасың?-деди акырын. Уятына ууккан Жайдар унчукпай койду. Доктор бирдемелерди кагазга чиймелеп:
- Ким кошо келген? -деди кызга тик карабай.
- Тааныбайм, милиция го.
- Кирсинчи,- деди медсестрага.
- Кыз абдан жабыркаган, доктурга жаткырыңыз. Жашы канчада?
- Жашың канчада, садага?- деди кошо келген мээримдүү адам.
- Он алтыда. - Жайдардын оозу кургап, жаны жер тартып баратты.
- Акмак экен,-деди картаң доктор. Жайдар доктор кимди акмак дегенин аңдай албай дендароо болуп, "мени эле айтып жатат" деген ой башына тээп, негедир жер көчүп баратты.
Жайдар эсине келгенде кайда экенин билбей бир топко жатты. Аппак жылаңач дубалдар баса калчудай томсорот. "Кайда жатам? Кантип эле дагы бирөө алып келип камап койду?" деген ойдон жүрөгү шуу дей баш көтөрдү. Ордунан турганда башы тегеренип, бүткөн бою, айрыкча жан жери катуу ооруп, онтоп отура калды. "Кетиш керек" деди жүрөгү. Тиштене кайра туруп эшикке карап басты. Жарыктары алсыз күйгөн кууш, узун коридордо эч ким жок экен. Тээ бурчтагы столдо жалгыз ак халатчан бирөө кагаз жазып отурат. "Доктурга жатып калган турбаймынбы" деди Жайдар ичинен. Эшиктин үнүнөнбү, сестра баш көтөрүп бери басты.
- Сен каяка, чоң кыз? Жат, сага турганга болбойт.
- Эмнеге?
- Тигилген жерлериң кайра айрылып кетет.
- Эмнелериң?
- Кир, кыскасы сага турганга болбойт. - Сестра кызды жетелеп кирип жаткырып койду.
- Тамак ичесиңби? деди чыгып баратып эстей койгонсуп. Жайдар суз баш чайкады. Курсагы ачып турса да азыр тамагынан эч нерсе өтмөк эмес.
- Курсагың ачат, бирөө-жарым келеби?- деди боор толгой. Кыз көз жашын көрсөтпөө үчүн ары карап жатып алды.
Таң заарда кечиндеги сестра кирди да:
- Жайдар агаң келди,-деди акырын.
- Кайсы агам?
Жайдардын суроосуна удаа эле зоңкойгон бейтааныш жигит баш бакты.
- Кандайсың, карындашым? Сенин бул жерде жатканыңды угуп эле жетип келдим. - Кыз жооп бергенче эле тиги жигит: - Сиз чыгып туруңуз, биз сүйлөшүп алалы, деди сестрага.
- Сиз кимсиз?
- Мен Руслан Касымовичтен келдим. Жакшылыкча арызыңды ал, каалаган акчаңды берет. Эгер айткан сөзгө көнбөсөң жаман болот,-деди жыландай кышылдап. Жайдардын бул ысымдан бүткөн бою жыйрылып кетти. - Өзүң келгениңди баарыбыз көргөнбүз. Өзүң чыгып кеттиң. Эмне үчүн бардың анда?
- Мени алдады. Мен ишенгем,- деди кыз калчылдап.
- Аласыңбы арызыңды?
- Жок!-деди Жайдар катуу, көкүрөгүнөн кандайдыр бир кашкөйлүк ойгонуп.
- Акыркы сөзүңбү?
- Акыркы сөзүм, кетиңиз!- деди да Жайдар ары карап чүмкөнүп жатып алды. Тиги жигит жанында бир аз буйдалып турду да, анан жерди оё басып чыгып кетти.
Шашке ченде эки-үч формачан адам топурап кирип келишип:
- Сизби Жайдар Узакбаева?-деди суук үн менен.
- Ооба,-деди Жайдар алда кандай жамандыктан жүрөгү опкоолжуй.
- Руслан Касымовичтин үйүнө өзүңүз бардыңызбы же зордоп алып барыштыбы?
- Алдап алып барды.
- Мен өзүң бардыңбы же зордуктап алып бардыбы деп жатам!- деди узун бойлуу арык милиционер, муздак шише көздөрү менен теше карап.
- Өзүм бардым.
- Колуңда эмнең бар болчу?
- Сумкам.
- Мобул сумкабы? - Тиги киши жерде жаткан сумканы алып көрсөттү.
- Ооба. - Жайдардын оюна "жана эле отургучтун үстүндө эмес беле" деген ой келе түштү.
- Эки-үч күбөнү чакырып сумканы карагыла!-деди өктөм сүйлөгөн жанагы милиционер.
- Китептер эле бар,-деди кыз алсыз.
- Азыр көрөбүз.
Эшиктен топурап эки-үч сестра, кечээги кызды караган картаң дарыгер кирди. Милиционерлердин бири Жайдардын сумкасын аңтара жерге төгүп жибергенде ичинен китептер менен кошо кыз өмүрүндө көрбөгөн бир боо жашыл кагаздар түшүп кетти.
- Бул кайдан?- деди шише көз милиционер.
- Бул эмне?-деди Жайдар калчылдап.
- Уурулукту кылып алып, анан дагы Руслан Касымовичти жалаага жыкмак экенсиң да,- деди жеп ийчүдөй карап.
- Меники эмес,-деди Жайдар айланасындагыларга жардам сурай жалдырап карап.
- Аны текшеребиз, алып жүргүлө! -деди жанындагыларга.
- Кыздын ким экенин билбейм, бирок тыңыганча доктор катары уруксат бере албайм. Кыздын жатыны катуу жабыркаган, тамырлары жарылып, бир нече жеринен айрылып кеткен...-деди картаң доктор.
- Бизде да медчас бар, кыжаалат болбоңуз, доктор. Эмне, сиз менен бөлүшөм дедиби? -деди да зекий карап. Эки шаптай жигит кызды жулкулдата тургузуп, эки колдон ала алып чыгып кетишти.
(Уландысы бар)

Айжаркын ЭРГЕШОВА