Инаят эже:
"Күйөөм экинчи аялына кеткен сайын өлүп, кайра тирилем"
Сырттан келсем редакцияда орто жаштагы ак жуумал, бир чекитти телмире ойлуу караган аял отуруптур. Мен кимдир-бирөөгө келген го деп алгач маани берген жокмун. Арадан бир топ убакыт өттү, бирок тигил аял ордунан кыймылдаган да, келген жайын айткан да жок. Бир кезде ичим түтпөй, "эже, жөн-жай эле келдиңизби, же бирөөнү күтүп жатасызбы?" десем оор үшкүрүп алып сөзгө келди. "Айтсам тилим, айтпасам дилим күйөт, садага. Баятан бери эмне айтаар-айтпасымды билбей отурдум. Мага окшоп жүрөгүн күйүттөн түшкөн курт жеген аял көп чыгар, бирок аялдык чыдамкайлыгыбызга, намыскөйлүгүбүзгө салып айтпай жүрөбүз да. Акыры бирибиз айтышыбыз керектир. Ошол айткандардын да, күйгөндөрдүн да акыркысы мен болоюн",- деди эже көз жашын жутуп.

Нике кайып
- Жолдошум экөөбүз кайын энемдин каалоосу менен баш кошконбуз. Ал киши атамдарга келин болуп, бизди балдарына тууган катары көрүп, ошондон улам "тууган адамдар алыстап кетпесин" деген максатта мени баласы менен тааныштырып, ата-эненин ыраазычылыгы менен эл катары той берип үйлөндүк. Биринчи жылдары баары эле жакшы болчу. Оболу Өзгөндүн Чаңгет деген жеринде жашадык. Жолдошум кооперативдик техникумда окуп, андан кийин Алматыда текшерүү мектебин бүтүрдү. Ошондо эле Адылдын кыз жандуу экенин байкасам да маани берген эмесмин. Алматыда окуп жүргөндө биринчи жолу чөнтөгүнөн казак кызынын катын таап алдым да, өзүнө көрсөтүп: "мен бул жакта кышты кыш, жазды жаз дебей мал карап тиричилик деп жүрсөм, сенин кылаарың ушулбу?" деп ыйладым. Кийин канча жолу бирөөлөрдөн "Адыл машинесине бир келинди салып алып жүрөт" деп угуп, бирок унчукпай койдум. Анткени, ал кезде жеңил ойлуулук кылса да меники болчу. Алмашса да мунун баары убактылуу экенине ишенчүмүн, эң башкысы, балдарымдын наны бүтүн эле. Ошон үчүн көрсөм да көрмөксөн болуп көз жумуп чыдачумун. Көрсө, анын баары кайгынын башталышы гана экен. Ленинскийде башкы бухгалтер болуп барып-келип иштеп жүрдү. Кийин экөөбүз жети жыл Бек-Абад селпосуна караштуу дүр-дүнүйө дүкөнүндө иштеп, качан Союз ураганда Октябрскийге көчүп келдик.

Биздин кичинекей мамлекетибизге жарака кетти
- Аттиң ай, Союздун урашы менен канча тагдырлар кошо урады. Жумушу жок үйдө отуруп калган жолдошум "мен Бишкекке барып иштеп келейин" деп кетти. Анан эле Алматыга барам деп чыкты. "Мейли эми, тиричилик деп жүрөт да" деп ишенип унчукпай, чиедей балдарым менен жалгыз кала берчүмүн. Арадан бир-эки жыл өткөндөн кийин ар кимден "Адыл үйлөнүп алыптыр" деген кептерди угуп, бирок баягыдай көрүп эле ишенген жокмун. Бир жолу өзүнө четин чыгарып айтсам, асман-айдан кетип танып койду. Акыркы күндөрү мурда тез-тез келген жолдошум сейрек каттап калганда деле жаман ойго ыраа көргөн жокмун. Алгач бир айда бир келсе, анан эки-үч айда бир, кийин алты айда бир келчү болду. Ошентип арадан беш жыл өттү. Бир күнү кызым "атам үйлөнүп алыптыр" деп ыйлап келди. Уккан кулагыма ишене албай отуруп калдым. Ошондогу абалымды азыр да сүрөттөп айтканга кудуретим жетпейт. Ошол күндөрү эч ким көрбөгөн жер төлө болсо, ошол жерден чыкпасам, эл көзүнө көрүнбөсөм деп тилечү болдум. Элдин баары эле мени сөөмөйлөп көрсөтүп жаткандай басынып чөккөнүмдү кантейин. Кийин Бишкектеги бир кайнежем "арыктап, саргайганыңды көргөндө "гүлдөй келин майып болуп калбаса болду" деп кейиген элем, базарга чыгып өзүңдү алаксытып жакшы кылыпсың" деп качан тагдырга баш ийип, көнүп калганда айтып жатпайбы. Ошентип баарын ичиме салып, күйөөмдүн кайра кайрылып келээрин күттүм. Жолдошум эки жакта жашап жүрө берди. Ал аралыкта уулдуу болушту.

Күндөш менен жолугуу
- Күндөшүмдүн мага келгенге бети чыдаганына азыр да таң калам. Мен анын ордунда болсом анте алмак эмесмин. Бир күнү бир абысынымды тааныйт экен, ошого акча таштап кетиптир. Мен "өзү жолуксун" деп кетсем макул болуптур. Макул болбойт го деп ойлогом. Бет алдымдагы аялды чынын айтсам аядым. Күндөшүм Гүлнара төрт кызы менен күйөөсү өлүп жесир калган келин экен. Жолдошум экөө мурда студент кезде тааныш болуп, ортодо сезим болгон экен. Ошол сезими калган жалгыз бой аялды балким менин жолдошум алдагандыр, ишендиргендир. Балдарымдын жандай көргөн атасы, мен ишенген, жаштыгымды, өмүрүмдү арнаган адамым чыккынчылык кылгандан кийин бизди "ыйлайт экен" деп аягыдай жалгыз бой бул аял бизге ким эле. Бар болгону, "сен ушуну туура эмес кылдың. Аял катары менин абалымды түшүнсөң болмок, эне катары балдарымды аясаң болмок. Кудайга койдум" дедим. Ошондо "Кечирип кой, тизелеп кечирим сураймын. Мен уулум жоктуганан уул бала үчүн эле ушуга бардым. Барып эле күйөөңдү жөнөтүп жиберем. Ал сени менен ажырашып кеткем деп айткан" деди да туруп кетти.
Кийин күйөөмдүн каршы болгонуна карабай, Бишкекке алар жашап жаткан үйгө уулумду алып мен бардым. Түнкү саат экилерде барсам жатып алышкан экен, күндөшүм сыр алдырбай жарык кабак менен тосуп алды. Унчугушпай отуруп сыртта чай ичтик, анан күндөшүм бизге төркү үйгө жай салып берди. Мен уулумду жаткырып анан чыктым да, күндөшүмө "бала деп ушуну кылдым дедиң эле. Менин башымды аттадыңар ага деле мейли, эми чогуу-чаран тиричилик кылалы. Бул бала да арасат болбосун. Мага баланы бергиле, мен багып берейин. Силер иштегиле" десем эле күйөөм экөө ызы-чуу болуп урушуп кетишти. "Мен кантип баланы берем, бала үчүн тийгенмин!" деп кыйкырып калды. Мен үйгө кирип кеткем. Жолдошум кирип эле "сен эмне баланы бер дейсиң, баласын башыңа тартасыңбы?" деп мени урушуп кирди. Араң карманып тургам, "анын баласы болсо сенин да балаң. Сенден төрөлгөнү жалганбы? Анын баласы болсо менин да балам, берсин мага. Болбосо бас кеттик" деп көгөрүп алдым. Жолдошум мени жоошутайын дедиби, же аядыбы, ошол түнү биздин жаныбызга кирип жатты. Таң эрте турсам күндөшүм Алматыга кетип калыптыр. Күндөшүм бир жума келген жок, мен да жүрө бердим. Алматыдан келгенден кийин Гүлнара экөөбүз барып балдарга кийим кылдык. Ошол учурда күндөшүм мага унчуккан эмес, качан кийимдерди үйгө келип көрсөтүп жатсам жолдошум экөө четтей калган. Анан эле жолдошум мага "Гүлнаранын баласына деле бирдеме атап койбойсуңбу" деп кыйкырып калды. Ичим күйүп, "кыйкырба мага, менин балдарым ушулардан ашканын кийип жүргөнүнө алты-жети жыл болду" деп урушуп кеттик да, кийимдерди ыргытып жибердим. Күйөөм кайра мени алдап, такси чакырып "артыңан барам" деп үйгө жөнөтүп жиберди. Мына, андан бери он жылдан ашты, дагы эле ушинтип келе жатабыз. Канча жолу күйөөмдүн артынан келип, балдар үчүн кайт дедим, кайткан жок. Гүлнара болсо мага калп эле жумшак сүйлөп, катуу айтпаганы менен Адыл көпкө барбай калса Жалал-Абадга чейин келип, биз конокто отурган жерден кайра-кайра чакырып алып чыгып кеткен күндөрү болду. Сырткы турпатым эле турганы болбосо мен түгөнүп баратам.

Кырсык бир басса баса берет экен
- Ошентип жүргөндө өзүмдү алаксытайын деп базарга чыктым. Биринчи баары эле жакшы болуп, ишим жүрүшүп, кайгы унутулуп бараткан. Анан эле "Жаштар базары" деп аталган ал базар да жабылып калды. Базардагы товар айланууга ишенип финка, кредит алып алган болчумун, алар да өсүп азыр карызым чачыман көп. Кантээримди билбей айлам кетти. Жолдошум "өзүң кылган иш, өзүң оңдо" деп кайдыгер. Балдарымдын да иши жүрүшпөй кыйналып жатышат.

Ата кусасы, эл сөзү жаман экен
- Улуу уулум намыстанып, баарын ичине салып жүрүп башы ооруп, кичине эле болсо ачууланып, сөз көтөрө албас болуп кетти. Кичүүм да оорукчан болуп калды. Кызым Россиядан ар келген сайын ыйлап келип, ыйлап кетет. Өткөндө ичи күйүп, "Бишкекке барсам аялын таап, шермендесин чыгарып кетем" деп ыйлайт. "Кой кызым, сен аралашпа, кудайга салдык" дедим. Бул сөздүн четин күйөөм да уккан го, кызым Россияга жөнөп жатканда, "кызым эсиң менен болгун" деп жөнөттү. Мага баарынан да катуу тийгени жакында кайнатама аш бердик. Ошондо Гүлнаранын туугандарын чакырам деп чыкты. Эркектин бетинде түгү бар, карарса эч нерсени карабайт деген кеп чын экен. Менин үстүмө аял алганы аз келгенсип, балдарымды басынтып, мени тебелетип кантип үйгө чакырды деп аябай жүрөгүм ооруду. Ошол аштан кийин кайненем да "балам оорукчан болуп калыптыр. Эми ошол жакта жашап, пенсиясын жеп жата берет да" деп калыптыр. Энемдин ошенткенине караганда ал кишинин да кулагына куюп көндүргөн окшойт.

Күндөшүмө айтаар кеп
- Мына, жолдошум эртең кетет. Мен дагы бир өлүп, кайра тирилем. Аял болуп туруп мени аябаган күндөшүмдү, бой жетип чоңоюп намыстан, теңтуштарынан, кайын-журтунан басынып саргайган балдарына карабай таштап кетип жаткан күйөөмдү, күйөөнү кармай албаган өзүмдү күнөөлөйм. Ойлоп көрсөм Адыл мени бир да жолу кызганып, аяп, же эсте калаарлык мамиле кылбаптыр. Мен азыр өзүм үчүн эмес, балдар үчүн күндөшүмө кайрылгым келет. Гүлнара, бала үчүн дедиң, төрөдүң, бирок ошол сенин балаңдай эле атасына эркелегиси келип, бирок сенин кесепетиңен эркелей албай, теңтуштарына сөзү кыска болгон балдарды неге ойлобойуң? Кудайды карап, мени аябасаң да балдарды аяп, балдарыма атасын кайтар. Сенин да кыздарың бар, менин ордумда ошолордун бири болуп калбасын десең, али да кеч эмес, ойлон.

Айжаркын Эргешова