Периштенин
сүйүүсү
Жолдон өтүп баратып аны көрдүм. Буттарым шилтенип-шилтенбей катып калдым. Аттиң ай, кылчайбай өтүп кетсең эмне?! Кимдир-бирөө атыңдан чакыргандай тык токтодуң. Жолдун ары жагында сен, бери жагында мен. Шуу-шуу өткөн машиналардын үндөрү угулбай, алдыбыздагы он метрдей жер узарып, жолдун эки жээгинде селейип турдук. Ортобузда дал биз көрүшпөгөн жылдардай чубалган, ар түркүн адам минген ар түркүн машине агылган жол жатты. Ушунча жылдан кийин экөөбүз бир жолдун эки жээгинен кездештик. Бүгүнкү күнгө, дал ушул дендароо кылып апкаарыткан, карекке жаш, жүрөккө дарт тартуулаган, дилди толгонтуп, көңүлдүн кыйсыпырын чыгарып, жүрөктүн айдың талаасын аңтар-теңтер, алай-дүлөй бороон кылган жолугушууга чейин биздин жолдор эки башка эле. Ошол ары азаптуу, ары али бири-бирибиз билбеген сырга толгон эки башка жолго түшкөнүбүз качан…
***
Көрмөксөн болуп, басып да кете албай, же жакын келгенге даабай жолдун эки жээгинде делдейип тура бердик, тура бердик. А балким, дагы деле намысың түшкүр буттан тартып, сени мага, мени сага жакындатпай жаткандыр? Кызык, неге мынча окшош жанбыз? Азыр сен ойлогон ойду мен ойлоп, сени кыйнаган сезим мени кыйнап турган жокпу? Мындан беш жыл мурун сен келбесең мен басып барбаймын дегендин айынан экөөбүз эки жолго түшкөнүбүз эсиңдеби? Мынчалык неге катуубуз, таш боорбуз, көкпүз, куру эле чиренген куу чиренбиз десең. Канчалык жүрөгүм капилет капаска түшкөн куштай сага талпынып тырпырап, кусалуу көңүл чыңырып жатса да сен жакты көздөй кадам шилтөө өлүм болуп турганын карачы. Көзүмөн жаш төгүлүп кетти. Ушуну гана тыя албадым, тыйганга кудуретим жетпеди. Ушунча арманга, өкүткө, күтүүгө толгон жылдардан кийин муңдуу каректердин ыйлаганга убакыт эми тапкансып, көз жаш деген ачуу нерсени эми эстей калгансып токтобой мөлтүрөгөнүн айт. Анан шарт бурула тескери жолго түштүм. "Кетип калса" деп жатат бир оюм. Сен чыдабадың, сен түтпөдүң. Мен жакка кадам таштадың. Көрдүңбү, бул жолу да мен жеңдим. Кудай ай, кайдагы жеңиш?! Биринчи жолу бул жеңиш эмес, өз көк беттигин жеңе албаган шор таалайлык экенин бүгүн мойнума алдым.
***
Эсиңдеби, мен сени жеңгенди аябай жакшы көрчү элем. Бири-бирибизге сезимибиз бар экенин, бири-бирибизсиз жашоо маңызсыз экенин билип турсак да тиреше берчүбүз. Мисалы, эртең менен сени аябай көргүм келчү. Бирок "эмнеге мен биринчи барышым керек экен?" деп көгөрүп отура берчүмүн. А сен жарк этип жалпыга салам берип, мага көзүңдү кыса бейтааныш же кайдыгер адамдай баш ийкеп өтүп кеткенде күйбөгөн жерим күл болчу. Кээде зарыктырып келбей, түш оой бир көрүнчүсүң. Ошондогу менин абалым чыракка айланган жетим көпөлөктөн айырмасы жок болчу. Улам эшикти кайтарып, терезени акмалап, ар бир кадамды сен деп күтүп, ошондо да дароо баш көтөрүп кароодон намыстанып акырын көз кыйыгым менен карап, анан качан сен эмес экенин көргөндө дилим ээнсиреп карегиме жаш айланчу. Качан менин чыдамым чегинен ашканда сен көрүнчүсүң. Ошондо таарынычым, ызам алкымымды тиреп, сени тытмалап басып жыгылгым келчү. Мен көптө жазылчумун. Менин мындай чыргоо кыялымдан улам сен мени не бир жылуу сөздөр менен эркелетчүсүң.
***
Кызык, сени аябай кызганткым, ар ойго салып кыйнагым келчү. Жолугууга чакырганда да сенден биринчи жетип барып, бактардын арасында жашынып алып сенин кантип күткөнүңдү, көтөрүп алган гүлүңдү таштап ийчүдөй таштанды чакага улам алып барып, кайра кыя албай үмүттөнө туш тарабыңды карап чайналганыңды көрүүдөн өткөн рахат жок эле мен үчүн. Бирок мойнума алайын, мен сенден кем эмес чайналчумун. Сен гүлүңдү таштанды чакага таштачудай басканда, кетип калчудай катуу-катуу кадам шилтеп аялдамага жөнөгөндө жашынган жеримен тура калып артыңан умтулчумун. Андайда кандайдыр көзгө көрүнбөгөн ички күч этектеп, "шашпай тур, дагы бир аз кыйнай түш" деп коё берчү эмес. Качан сенин кадамың жайлап, аялдамага жете бербей кайра кайтканда, колуңдагы гүлдү бооруңа кыса кучактаганда "ох" деп отуруп калчумун. Акыры чыдамың кетип, ордуңан шылкыя туруп, ушундай бир маанайың чөгүп, эки ийиниң шалдайып аялдамага басканда ордуман атып туруп, артыңан чуркачумун. Сенин бул келбетиң мага азыр чын эле кетип калаарыңды айтып турчу. Артыңан барып көзүңдү баскан мени карабай туруп колуман кыса кармап колдоруң, колдоруң эле эмес бүткөн боюң, үнүң калтырап, "сенби" деп бир аптыгып алып, анан бурула бооруңа кысчусуң.
- Сен жинди кызсың! - дечүсүң менин бул жоругума таң калып.
- Сен менден ашкан жиндисиң. Эки саат да күтөбү?
- Эй, күттүрсөң күтөм да.
Ачууланарыңды же күлөрүңдү билбей турган абалың сонун да.
Ушундай күндөр өткөн …
***
Үйлөнөлү дедиң. Жан-жүрөгүм, жомоктой бактылуу ааламым менен чын дилден макул болдум. Ошонун эртеси эле апаң жумушума келип, сен шаардык, мен айылдык экенимди баса белгилеп, сага тең эмес экенимди айтып, мени көпчүлүктүн көзүнчө жыртык чүпүрөктөй тебелеп, экөөбүздүн кичинекей ааламабызды талкалап кетти. "Сен менин баламдын теңимин деп ойлобо! Сен аны түшүнө албайсың. Экөөңдүн тарбияң, чөйрөң таптакыр башка". Алдымда зиркилдеп жаткан аялды аргасыз тиктеп турдум. Канчалык көктүгүмө салып ыйлабайын десем да көз жашым жүзүмдү жууп жатты. Аял болсо менин көз жашымдан ырахат алгандай табалай карап сүйлөй берди, сүйлөй берди. Ушул аял сени төрөгөнүнө ишене албай турдум. Кантип эле эне жүрөгү канынан, жанынан жаралган баласынын ааламын талкалап жатканын сезбеди экен? Кантип эле баласынын бактысына балта чаап жатканын туйбасын? Эне жүрөгүнөн сезимтал эч нерсе жок дегени жалганбы?
Неге мынча ызаландым ал сөздөргө? Табиятымдан дүрт этип кетме жан элем го, анымды билесиң. Тыбырап күйүп-бышып жаттым. Апаңдын сөздөрү мени ээрчип, кубалап, намысыма тийип туруп алды. Эч нерсени ойлонгум келген жок. "Он күндүн ичинде турмушка чыгып кетпесем, атым өчсүн" деп каргандым.
Он эмес, беш күндүн ичинде артымдан калбай чуркап жүргөн жигитке макулдугумду берип, турмушка чыгып кеттим. Олдо менин акылсыздыгым, кызуу кандуу жаштыгым, ай! Мен кимден өч алам дедим? Апаңданбы же сенденби? Бул жоругум үчүн ириде өзүм күйүп кетээримди, өзүмдөн өч алып, өзүмдү жазалап жатканымды неге ойлогон жокмун десең. Турмушка чыгып кеткенден кийин кабарыңды билгим келген жок. Сыягы өзүмдөн корктум окшойт. Жашоонун бурганагы менен сенин карааның алыстап кеткен эле.
***
Экөөбүздүн ортобуздагы он метр аралык ушундай тарыхты ичине катып жаткан эле. Мен сенин жолдон өтүп, жакындап келе жатканыңды сезип турдум. Сен алдымды торой токтоп калдың. Бул жоругуң да өзгөрбөптүр. Ушинтип көрмөксөн болуп келип анан жолумду торой ары карап туруп калчусуң.
- Салам!
- Мен сизди тааныбайт экенмин, кечирип коюңуз,-дедим да, жан кыйнап турган ички дил оорудан башымды чулгуп алып басып кеттим. Ал эми көз жашым баягы-баягы апаңдын алдында калтырап ыйлап тургандагыдай ээ-жаа бербей чууруп агып жатты. Сен уккан кулагыңа ишене албай селейип калдың. Минтээримди күтпөсөң керек. Сен эмес өзүм күткөн эмесмин. Мен бул жолугушууну кандай күткөнүмдү, элестеткенимди билесиңби? Үнүмдөгү муздактыктан өзүм да чочуп кеттим. Көзүңдү тиктегим келген жок. Тиктесем жеңилип калмакмын. А мен сенден жеңилүүнү өлүм деп билем.
- Кантип мени тааныбайсың?-Үнүң калчылдап, бүткөн боюн кеч күздөгү акыркы жалбырактай дирилдеп турду. Мени булка кармап, өзүңө каратып көзүмдү издедиң.
- Эмнеге сени таанышым керек? Мени эмне кыласың? Эмне өчүң бар?-Булкуна колумду бошотуп алып тез-тез басып бараттым.
- Дагы деле мурдагыдай экенсиң, ээ?-Артымдан аргаң куругандай акырын ушинттиң.
- Ооба мен мурдагыдаймын. Сени мурдагыдай сүйөм, сагынам, кызганам, бирок. силер ушуну каалагансыңар. Менин ушинтип жат болуп кетээримди каалагансыңар. Тилегиңерге жеттиңерби? Энең экөөң бактылуусуңарбы?-Канчалык айтпайын десем да болбой ушул сөздөр чыгып кетти.
- Апамдын кандай тиешеси бар? Токточу…
Жок, токтой албайт элем. Бутум өзүнөн-өзү чуркап, сенин жаныңдан кетүүнү каалап турдум. Мен кеттим, бирок менин бар ааламым сенде калды. Мен сенден кеткен менен, мендигим кете алган жок. Биз кайра кездештик. Бул жолу бурулуп кете албай турдум. Анткени мен чарчадым, сенден качуудан, сенсиз жашоодон, сенсиз күндөрдөн, сени күтүүдөн, сенден кадам күтүүдөн чарчадым. Кантейин, сени күтпөй коюуга, сени эстебей коюуга, сени сагынбай коюуга көктүгүм жетпей койду. Мен сенин кең көөдөнүңө башымды жөлөп алып төгүлүп-төгүлүп ыйлап жаттым. Көптөн бери минтип ыйлай элек болчумун. Анан артыман жоо кууп келаткандай, азыр айтып калбасам ушул бойдон өлүмгө өкүм кылынып кетчү кылмышкердей тим эле жанталашып сенден неге кеткенимди шашып-бушуп айтып кирдим. Сен апаңдын мага чаң салып кеткенин билбептирсиң. Эмнеге шашылыш турмушка чыгып кеткенимди, көп жылдан бери түтүнсүз өрттөнүп жүргөнүмдү билбептирсиң. Өз таарынычың дайра болуп, мени жек көрүп жүргөн экенсиң.
- Сени көргөн жерден баса калып муунтуп салайын деп жүргөм. Ушинтип эч нерсе айтпай басып кетүү менин периштеме гана таандык сапат эле. Кылыгыңа убагында башка жооп таба алган эмесмин,-дедиң оор улутуна.
Билесиңби, азыр сенден эмес, өзүмдөн кечирим сурагым келет. Адам өзүн-өзү кечириш керек экен. Кечир мени, менин жарадар жүрөгүм! Мага сүйүүсүн арнагандардын сезимин кордоп, өз сүйүүмдү ойлой берген өзүмчүлдүгүмдү кечир! Мага жылуулук бере турган адамдардан жан далбастап качканымды, өзүмдүн сүйүүмдү издегенимди кечир! Сен ыйлап турсаң да сени карабай, укпай койгон мерездигимди кечир! Сени ушунча жыл тумчуктуруп кыйнаганымды, онтогон үнүңдү укпаганымды кечир! Канча жолу көкүрөгүмдү жарып кетчүдөй тыбырап, үнүң кудайга жетчүдөй чыркырадың ээ, байкушум! Эми чындап мойнума алышым керек. Күйөөм менин жиндилигимдин, куру намыскөйлүгүмдүн курмандыгы эле. Колунан келгенин кылып, акыры анын сүйүүсү да чарчады. Көрсө, кайтарымы болбосо, бакпаса, кордой берсе, кадырына жетпесе периштеңдин да сүйүүсү түгөнөт, алсырайт, чарчайт тура, атаганат. Периштең чарчады, падышам, периштең периштелик кудуретинен ажырап баратканда кайра жолуктуң. Эми кантели, айтчы.
- Кеттик, ушул жолу да эч кимди укпаган көктүгүңө салып басып кетеличи,-дедиң көзүмө карап.
- Кайда басып кетебиз?
- Өзүбүздүн ааламга.
- Биз эми ал ааламга жатпыз.
- Жок, ал ааламда азыр мен жалгызмын, жүрү, кетеличи, периштем, жок дебечи. Сен барам эле дечи, мен күтөм. Билесиң го, мен күтө алам. Канча күт десең күтө алам. Сен келем эле деп кой, мен күтөм.
Жамгыр шатырата төгүп жиберди. Табият ыйлап атты, биз ыйлап аттык, биздин аалам ыйлап атты. Апаңчы, апаң ыйлады бекен ушу тапта? Сенин ыйлап атканыңды энелик жүрөгү сезген чыгаар, ээ?
Анда эмне күнөө, ал баласынын бактысы үчүн күрөштү, а мен бактымдын бактысы, сезимим үчүн күрөшө алган жокмун. Биз ыйлап аттык, жамгыр дале төгүп атты.

Айжаркын ЭРГЕШОВА