Камчыбек Ташиевдин бир тууган эжеси Каныгүл Ташиева:
"Камчы кичинесинде камкор атанын ролун мыкты аткарчу"
Кара-торусунан келген орто жаштагы сулуусымак аял сырттагы сөрүгө шашып жай салып, жан-дили менен төгүлүп-чачылып күтүп алды. Мен качан Каныгүл эжеден төбөсү көрүнүп калган эл уулу, "Ата Журт" партиясынын лидери, иниси Камчыбек Кыдыршаевич тууралуу сураганы келгенимди айтканда күнгө тотуккан мээнеткеч жүзүн сыймыктануу менен бирге, бир туугандык жылуу мээрим уялап жетине албай, алыстагы уулунан жакшы кабар уккан энедей берээрге тамагын, айтаарга кебин таппай калды.
- Камчы экөөбүз удаа чоңойдук. Биздин учурда заман да оор, анан атам менен апам көп балалуу, өз мээнети менен жан баккан карапайым кишилер болчу. Ал кезде нан, айрыкча, кант деген тартыш болчу. Апам менен атам таң аткандан күн батканча талаада колхоздун жумушунда болоор эле. Боорумду жерден көтөргөндөн эле али өзүм бала туруп бардык ини-сиңдилеримди жонума көтөрүп чоңойттум. Үйдө улуусу мен болгондуктан, баарына кантты тең бөлүп берүү милдети менде болчу. Ошондо Камчы баарынан улуусу болбосо да улуудай сабыр кылып, чыдамкайлык менен өзүнүн кезегин күтүп, анан канча берсең да нааразы болбой алчу. Анан ошол кенедей кантын да кичинекей карындаштары менен бөлүшөөр эле. Эркек бир туугандарымдын ичинен башынан эле бул бир башкача күйүмдүү эле. Айрыкча кыз балага өтө боорукер. Кокус бир жеримди оорутуп же канатып алсам, ошол жерим сакайганча кайра-кайра сурап, кыжаалат боло берээр эле. Мени го көп коруп, кайтарчу эмес, карындаштарын катуу көзөмөлдөп, эч жакка чыгарбай катуу кармачу, бирок, канчалык ачуусу келсе да кыз балага катуу айткан адаты жок эле.
- Сизге сырын айтчубу?
- Кичинесинде бир туура эмес иш кылып койсо, "эже минтип койдум, эми атам, апам урушса не кылам?" деп биринчи мага айтчу. Жалган айтканды жаман көрчү, өзү да калп айта алчу эмес. Камчыны атам баарынан көп урушуп, бирок баарынан да ушул тентегинен бирдеме чыгаарына ишенчү. Уруш уккан себеби, жашырып койсо боло турган нерсени деле болгонун болгондой айтып салып, ошонун айынан атаман көп уруш угат эле. Курч, тентек болгону менен аябай ак көңүл болчу. Колунда барын акыркысы болсо да аячу эмес. Ошондо кандай ак көңүл, боорукер, өжөр болсо, азыр деле ошонусунан өзгөрбөдү. Кичинесинен эле келечек тууралуу көп кыялданчу.
Биз бала кезде үй жасап, айылчылап, той кылып ойночубуз. Ошондо Камчы дайым "мен атасымын" деп атанын жоопкерчилигин өзүнө алып, мага "эже, сиз апасы болуңуз" деп мага эненин милдетин жүктөчү. Анан "мен ишке кеттим" деп кетип эле бирдемелерди таап келчү. Бүлдүркөн, алма, же кандайдыр буюмга окшош жыгачпы, ташпы, идиштин сыныгыбы, айтор, көзүнө жакшы көрүнгөндү көтөрүп келип, "Москвадан балдарыма алып келдим" деп калчу. Ошондо эле ушундай бир камкор атанын ролун мыкты аткарчу. Анан ошол биздин кичинекей "үйлөрүбүзгө" кеткен жолдорду эле кечке убара болуп оңдой берчү. Аны күн сайын мал басып бузуп кетет, Камчы күн сайын эрикпей тыкандык менен оңдоп чыгат. Азыркы боорукерлигинин, камкорлугунун пайдубалы ошол кезде түптөлгөн окшойт деп ойлоп калам.
- Азыр да сизге жардам береби?
- Жеке мага эмес, бүтүндөй айылга, аймакка, колунан келсе бүтүндөй Кыргызстанга жардам бергиси келет. Камчыдан жардам сураган адамдын куру кол кайтканын уга элекмин. Алы жетпеген эле иш болбосо, иним аянганды билбейт. Менин болсо атаман кийинки жөлөгүм ушул. Мына, үйдү да Камчы тең жардам берип салдык. Мага эле эмес, бардык кыздарга бирдей жардам берет. Камчынын келгени биз үчүн майрам. Өзү чакыртып, кээде келээрин билип калсак өзүбүз барабыз. Майрамдарда бирибизди да унутпай колунан келген белегин берип, ыраазы кылат. Мурда атам биз барганда сөзсүз кой союп сыйласа, азыр Камчы ошентет.
- Атадан кийин төркүн жок деп коюшат. Сиздер ата-эненин жогун сездиңиздерби?
- Албетте, ата-эне ордун эч ким баса албайт дечи, бирок, Камчы бизге алардын жок экенин көп билдирбеди. Атама окшоп кыздар барса сөзсүз кой соёт, алыска чыкса ар бирибизге бир белек атап алып келет. Беш кызды, эки карындашы менен үч эжесин биринен-бирин артык көрүп бөлбөйт. Ырас, кичинесинде баарын баккан үчүнбү, мени жакын көрөт.
- Иниңиз башка ини-акелериңизден кандай сапаты менен өзгөчөлөнөт?
- Ар бир нерсени жүрөгү менен кабылдайт. Башканын кайгысына деле өз кайгысындай кайгырып, кыйналган менен кошо кыйналган жумшактыгы бар. Апам менен атам өткөндө Камчы инсульт болгонго чейин жетти. Менин жолдошум өткөндө да катуу кайгырды. Эркек баладан мындай ата-энеге, бир тууганга күйүмдүү баланы көрбөдүм. Эсимде, менин турмушка чыкканым Камчыга абдан катуу тийген. Башкалардын баары тойго кубанып ойноп-күлүп жүрүшсө, Камчы "эми сиз ошол үйдөн келбей биротоло жашай бересизби?" деп ыйлаган. Инимдин ошол сөзү төркүнүмө келип-кеткен сайын көзүмө жаш айлантчу.
- Бала кезде эже катары чымчып, сабап дегендей колуңуз тийдиби?
- Чынын айтсам, сабаганым эсимде жок. Идиш эле сындыра берчү. Ошондо урайын десем да колум барчу эмес. Анткени, аябай жароокер болчу, урганга жеткирбей эле жалынып кечирим сурап жиберчү. Азыр деле ошентип жалынып турат. Анан Камчынын тили ширин эле, тим эле ырдагандай сүйлөчү. Майрамдарда открыткалардын артына куюлуштуруп жазып, альбомго кооз сүрөттөрдү чаптап бере берчү. Эсимде, окуп жүргөндө мага "Томск" деген жазуусу бар жыгач сувенир менен чачысы бар ак жоолук алып келип берген. Камчынын минтип бизге жардам бергенинен эле эмес, калыстыгынан, чынчылдыгынан улам бир туугандар улуу-кичүүбүз Камчыга баш коюп, айтканынан чыкпайбыз, бир иш кылаарда кеңешип кылабыз. Өмүрүн, ишинин ооматын тилегенден башка колумдан эмне келет. Жигит пири, элдин батасы, ата-энебиздин арбагы колдосун!

Айжаркын Эргешова