Социалдык коргоо министри
Айгүл Рыскулова:
"Карьера деп көп нерседен баш тартууга туура келди"
Ушу тапта өкмөт курамындагы жалгыз айым - социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова элибиздин эл керегине жараган айымдарынын катарын толуктап келет. Өз ишин мыкты билген адис катары жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектенген Айгүл айым бизге карьералык ийгиликтерди кантип багынтканы тууралу азыноолак маек куруп берди.
- Аялзаты үчүн министрлик кызмат оорчулукту жаратпайбы? Мырзалар тарабынан сен аялсын деген басынтуулар болгон эмес беле?
- Министр болуу бир караганда абдан оор кызмат. Анткени, бир тармакты башкаруу, ошол тармакты жолго салып иштетип кетүү, бүт республика менен иштөө абдан орчундуу, жоопкерчиликтүү нерсе. Оорчулук абдан көп, бирок ошол оорчулуктарды басып өтүп, иштин көзүн таап иштегенге аракет кылуу керек. Аялзатымын деп отура бергенге болбойт, мырзалар менен кошо жарышып иштесең, өз ишиңди так билсең эч ким сени басынта албайт. Менин өкмөттүн мүчөсү болгонума жетинчи жылга кетти. Ушул убакка чейин бир дагы эркекке мени басынтканга мүмкүнчүлүк берген жокмун. Ага негиз деле болгон жок го дейм.
- Карьералык тепкичиңиз алгач кайсы жерден башталды эле?
- Алгач сот системасында эмгек жолумду баштагам. Сот болбодум, бирок ага чейинки бардык тепкичтерди басып өттүм. Мен ал жерде иштегенимди мамлекеттик кызматта иштедим деп эсептебейм. Анткени, сот системасы өзүнчө бийликтин тармагы. Мамлекеттик кызматка келгеним Москвадан академияны бүтүп келип, эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин астында жумушсуздук менен иштеген башкы башкармачылыкка I категориядагы адис болуп киргенден башталат. Бул мамлекеттик кызматка келээрде бош орун жок деген маселе жаралган. Бирок, ошол кездеги бул тармактын министри Хакимов " Москвадан эмгек экономисти квалификациясын бүтүп келди, жумушка аласыңар"деген буйрук берген. Бир апта өтүп-өтпөй мени жумушка алышты. Алгач жумушка көңүлүм келген жок. Анткени, I категориядагы адис мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү тепкичи болчу. Москвадан атайын окууну бүтүп келсем, эмне үчүн мени мындай кызматка алышат деген таарынычтар болду. Бирок өзүмдүн өжөрлүгүмдү көрсөтүп, буларга иштегенди көрсөтөм деп иштей баштадым. Эки-үч айдын ичинде эң төмөнкү адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлдүм. Жарым жылда өзүмдү көрсөткөнгө колумдан келишинче аракет кылып, көп өтпөй министрликке башкармалыктын башчылыгына которушту.
- Эмгек жолуңузду сот системасынан баштаган экенсиз, эмне себептен ошол жаатта иштеп кала алган жоксуз? Же ал көңүлүңүз каалабаган кесип беле?
- Баары эле "сенин мүнөзүң сот болууга жарайт" дей беришкендеринен сот болом деген эңсөө пайда болгон эле. Бирок ал тармакта кызыгып иштегеним менен жүрөгүм такыр көнбөй койду. Сотко эч ким жакшылык издеп келбейт. Бирөө урушуп, бири талашып, айтор, чыр-чатак менен келишет. Анан сөзсүз бир адамдын тагдыры талкаланат. Мен ошого чыдай алган жокмун. Ошон үчүн мамлекеттик кызматка кетип калдым.
- Убакыттын өтүшү менен көз карашыңыз өзгөрүп, сот болуу оюңузда жокпу?
- Андай оюм жок. Сот системасында иштеш абдан кыйын.
- Мамлекеттик иштин жүгүн аркалоо менен үй-бүлөнү бирге алып кетүүдө сизде кыйынчылыктар болду беле?
- Жаңы иштеп баштаган учурда балам кичинекей эле. Бала деген сыркоолоп, ар кандай жагдайлар жаралат экен. Ошондо кичине кыйналган учурлар болгон. Жумушка чын дилимден берилип алганга эч нерсеге карабай бир дагы күн калтырчу эмесмин. Үй-бүлөм мени жакшы түшүндү. Кайындарым, туугандарым баламды кароого жакшы жардам көрсөтүштү. Өжөрлүгүм менен балам ооруп калган күндөрдө да жумушка барчумун. Анткени жогоруда айткандай, мен аларга иш билгилигимди далилдешим керек болчу. Ушул жаатта гана кичине кыйынчылыктар болбосо, өтө чоң деле кыйынчылыктар болбоду.
- Асылзаада айым болуп туруп, ийгиликтүү карьера жасашыңызга кимдин таасири чоң?
- Менин оюмча чоң атамдын таасири абдан чоң. Кичине кезимде чоң атам менен чоң энемдин колунда өсүп, алардын тарбиясын көрүп калдым. Ал киши кичинекей кезимен эле мени саясатка, мамлекеттик кызматка үндөй берээр эле. Ошонун тарбия-таалиминин таасири астында карьера жасаганга тээ кичинекей кезимен дилгирленсем керек.
- Ийгиликтүү карьера кылуу үчүн айымдар бир нерсесин курмандыкка чалышат. Сиз карьера деп эмнеден баш тарттыңыз эле?
- Кыргыз жакшылык-жаманчылыкта алака түзүп, той-топурларга бай эмеспи. Мага ошондой жактарды эрте жыйыштырып салганга туура келди. Ал кылганым кээ бирине жакпай, мага таарынып жүргөндөр дагы бар. Жоро-жолдоштор менен эс алуу эчак артта калган. Жаш кезимде спорт менен тыгыз мамиледе болчумун, кийин спортту да таштадым. Айтор, көп эле нерседен баш тартууга туура келди окшойт. Анткени, мамлекеттик кызматта жүргөндөн кийин киши үчүн эркиндик абдан таңсык болуп, көп нерсеге билинбей жүрүп чек коюлуп калат экен.
- Карьералык тепкичте жолдуу болуу үчүн айымдарда кандай сапаттар болууга тийиш жана өзүңүздүн кайсыл сапатыныз аркылуу ийликтерди багынттым деп ойлойсуз?
- Айымдар кандай кесиптин ээси болбосун, өз эмгек тармагынын мыкты адиси болууга тийиш. Эркектер менен тең тайлашып иштеп, карьера жасап кетүү үчүн билим деңгээли абдан жогору болушу керек. Кээ бир аялзатына тиешелүү болгон майдачыл, ушакчыл сындуу жаман сапаттарды алыстатып, эмоцияга алдырбай, сабырлуулук кылып иштеп кетсе баары жакшы болот. Жеке өзүм чынчыл жана адилеттүү жетекчи болгонго аракеттенем. Мен чын сүйлөп, өжөрлөнүп жүрүп, жогорудагы сапаттарды өзүмө камтып ийликтерди багынттым го деп ойлойм.
- Биз билген жана билбеген адаттарыңыз барбы?
- Кээ бир кезде жалкоолук пайда боло калат. Албетте, жумуштан эмес. Иштен соң үйгө келгенде үй жумуштарын жасаганга жалкоо болуп баратам. Шаан-шөкөткө анчейин табитим тартпай, эч жакка баргым келбеген адатым башынан эле бар.
- Анда үй жумуштарын жасаганга үй кызматкерин жалдап алсаңыз керек?
- Үй кызматкер жалдагыдай анчалык чоң үйдө жашабайбыз. Үч бөлмөлүү батирде жолдошум экөөбүз жашайбыз. Уулубуз болсо чет мамлекетте окуйт. Кайын сиңдим бир жумада бир келип жардам берип кетет. Үйдү чача турган деле эч ким жок. Тамак ичкен эки чыны, эки кашыкты өзүм эле жууп коём. Азыркы заманда кир жууш деле маселе эмес, кир жуучу машинеге салып жууп алабыз.
- Жумуштан сырткары эмне менен алектенесиз?
- Жекшемби күнү гана жумуштан бошойм. Ошол күнү ата-энеме, туугандарыма барып алардын ал-абалын сураганга аракет кылам. Башка күндөрү эртең мененки саат сегизден кечки тогуз-онго чейин жумушта болуп, үйгө жатаарда эле келем. Жумуштан сырткары башка нерсе менен алектениш үчүн убакыт керек. А учурда менде андай мүмкүнчүлүк жок.
- Сөз арасында уулуңуздун студент экенин айта кеттиңиз. Кайнене болууга кам уруп атасызбы?
- Уулум үй-бүлөдө жалгыз уул. Азырынча жаш, бир аз убакыт өтсө өз каалоосу менен үйлөнүп-жайланып бир үйдүн кожоюну болооруна көзүм жетет. Кээде кайнене болоорумду эстеп алып уйку жоголгон күндөр болот. Бирок баарын убакыт ордуна коет эмеспи.
- Мындан он жыл мурунку Айгүл айым менен ушу таптагы Айгүл айымдын эмнеси өзгөрдү да, эмнеси ошол бойдон кала берди?
- Мүнөзүмдө өзгөрүүлөр болду. Жаш кезимде абдан курч, өжөр болчумун. Кээ бирде кызматкерлерге катуу сөзүм тийип калган учурлар болгон. Убакыттын өтүшү менен мындан он жыл мурунку Айгүл менен азыркы Айгүлдүн айырмасы абдан чоң. Азыр мамиле жасасам дагы, кандайдыр бир иш баштасам дагы жети өлчөп, бир кесип калган курагым. Бирок, бетке айткан сапатым кала берди.

Мээрим ЖАБУЕВА