Кытайлар
түйүлдүктөн
шорпо жасашат
Кытайлардын төрөлө элек ымыркайлардан тамак жасаганы сенсация деле болбой калды. Бүтүк көздүү бул калктын мындай "өнөрү" акыркы төрт жылдан бери ачык эле айтылып, атүгүл кабарчылар барып тамактын кандай жасаларын өз көздөрү менен көрүп келишкен.

Түйүлдүктөн жасалган шорпо - кытайлардын байыркы тамагы. Бул кытай ак сөөктөрүнүн сүйүктүү тамагы болгон. Азыр болсо мындай шорпону Кытайдын айрым жабык ресторандарынан заказ кылууга болот. Бир порциясынын баасы - 3-4 миң юань, башкача айтканда, 430-570 доллар.

"Бир үй-бүлөгө бир бала" мыйзамы
Кытай бийлиги бул эрежени көбөйүүнү токтотуп, өлкөнүн жашоо деңгээлин көтөрүү максатында 1979-жылы киргизген. Бул эрежеге ылайык, шаарда жашаган үй-бүлөлөргө бирден ашык, айылдарда жашаган дыйкандарга экиден ашык балалуу болууга тыюу салынат. Шаардын тургундарына экинчи балалуу болууга бир гана учурда уруксат берилет: эгерде жубайлардын экөө тең үй-бүлөсүндө жалгыз перзент болсо. Калган учурларда бийлик катуу көзөмөлгө алып турат. Эрежени бузган үй-бүлөлөр 3 миң доллар өлчөмүндө айып төлөшөт.
30 жылдын ичинде негизги максат болгон калктын санын кыскартууда натыйжа байкалганы менен мунун терс жактары да көрүнбөй койгон жок. Мисалы, тун перзенти кыз болуп төрөлсө, эч качан эркек балалуу боло албашын билген ата-энелер өз кызын өзү өлтүрүп салган учурлар көп кездешкен. Мындан тышкары, бул мыйзамдын негизинде жылына 13 миллион аборт болот, алардын көпчүлүгү бийликтин кийлигишүүсү аркылуу. Бул мыйзам жоюлары тууралуу аңыз кептер жүрүп, атүгүл аз-аздан жолго коюлуп келе жатканы менен мамлекет аны азырынча расмий түрдө бекемдей элек. Эгер чын эле жоюлуп калса түйүлдүктүн этинен жасалган тамак балким таңсык болуп калар, бирок... 15-20 жылдын ичинде дүйнө жүзүн бүтүк көздүүлөр басып калсачы?..


Кантип жасалат?
Бул шорпонун негизин төрөлө элек 3-6 айлык кыз түйүлдүк түзөт. Мындан тышкары, тун эркек бала эң баалуу деликатес катары саналат. Бирок мындай деликатеске ээ болуу оңой эмес, болсо да баасы бир топ жогору болот. Тамакка пайдаланылуучу түйүлдүк тоңгон калыбында болбоого тийиш. Болбосо даамы кетип калат дешет. Эт алгач бир нече саат сууга чыланып туруп, андан соң өзгөчө ыкма менен кайнатылат. Даяр болгон этке картошка, пияз, төө буурчак, сарымсак жана башка татымалдарды кошуп шорпо даярдашат.
Мындай этти
эмне үчүн жешет?
Байыркы кытайлыктардын ишеними боюнча төрөлө элек ымыркайдын эти организмге жашылча-жемиштерден кем эмес пайда алып келет имиш. Тактап айтканда:
- Бөйрөктүн ишин жакшыртат.
- Терини жашартып, чачты бекемдейт.
- Астма, гипертония сыяктуу ооруларга дары.
- Адамдын кубаттуулугун арттырып, жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.
- Күчтүү кылып, булчуңдарды бекемдейт.
Мыйзам буга жол берет
Белгилүү болгондой, кытай бийлиги бир үй-бүлөгө бирден ашык балалуу болгонго тыюу салат. Эгер бир баласы бар туруп кытай аялынын боюна бүтүп калса, эки жол бар. Биринчиси - төрөгөн соң төрөт үйүндө эле баладан баш тартуу, экинчиси - бойдон алдыруу. Биринчи учурунда жаңы төрөлгөн ымыркайды ийне сайып өлтүрүшүп, "кара базарга" эт катары сатышат. Экинчи учурда баланын ата-энеси өздөрү сатышат. Баасы айтылбаганы менен өтө пайдалуу бизнес экени маалым.
Шорпо үчүн эт алынуучу булактар төмөнкүлөр:
- Баласынан баш тарткан энелердин төрөтүн кабыл алуучу клиникалар;
- атайын ушул максатта боюнан алдырткан ата-энелер;
- 5-6 айлык кезинде төрөлгөн түйүлдүктөр менен иш кылган атайын "бизнесмендер".
Ошентип, кытайларда өз балдарын сатуу көнүмүш адат экендиги белгилүү болду. Ал эми Кытай мыйзамында түйүлдүктөн жасалган тамакты пайдаланууга тыюу салган бир да сөз жок.




Эми түйүлдүктөн дары жасай башташты
Кытайлардын түйүлдүктөн бала жасаганы буга чейин белгилүү болгон болсо, Түштүк Кореялык бир канал жакында эле эми алардын ымыркайдан капсула жасай баштаганын айтып чыкты. Бул капсулаларды жасоо процессин камерага тартышып, аларды контрабанда жолу менен Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө өткөрөрүн телеканалдын журналисттери иликтеп чыгышкан.
Капсула жасоо үчүн кытайлар өлүк ымыркайларды кадимки муздаткычтан алып чыгып, кичи толкундуу мешке коюп кургатышат. Андан соң эт майдалагычтан өткөрүшөт. Муну репортаждын авторлору өз көздөрү менен көрүшкөн. Мындай капсуланын баасы Түштүк Кореяда 100 даанасы - 748 доллар. А Кытайдын өзүндө мындан 10 эсеге арзан.
Жакында эле кореялык бажы кызматкерлери адамдын этинен жасалган бул контрабандалык дарынын бир партиясын кармашкан. Лабораториялык изилдөөлөр капсуланын 99,7 пайызы адамдын эти экендигин тастыкташты. Порошоктон чач, тырмактар да табылды.
Тамак сыяктуу эле бул порошоктун да адамдын күчүн, кубатын, жөндөмдүүлүгүн арттырып, жашоого болгон активдүүлүгүн күчөтөт деген пикирлер бар. Бирок Түштүк Кореялык врачтардын айтымында, бул илимий түрдө изилденген эмес. Тескерисинче, муну пайдаланган адам ымыркайдын генинде бар кандайдыр бир коркунучтуу, тукум куучу оору менен ооруп калышы мүмкүн.