Саматка жардам керек!
Айсалкын Самсалиева:
"Колубуздан келсе
Саматты эртең эле
Пекинге учуруп жибермекпиз"
Мындан эки жыл мурун, 2009-жылдын 30-сентябрында Сокулук районуна караштуу Жал айылында бир үй-бүлө үчүн чоң трагедия болгон. Жолдошу кырсыктап каза болуп, алты баласын жалгыз тарбиялап жаткан Курманбүбү эженин 8-класста окуган баласы Самат классташ баласы Адилет экөө сабактан келе жатышып, жолду кыскарталы деп Сокулук РЭСине караштуу трансформатор жайгашкан тарапка салышат. Классташтар отуруп бир аз эс алышып, эми тура беришкенде Саматтын эки колу ачык турган трансформаторго жабышып күйүп калган эле. Көз ачып-жумгуча эки колунан ажыраган Саматтын мындай кейиштүү тагдыры тууралуу басма сөз беттерине көп эле жолу жарыяланган. Учурда Самат жардамга муктаж болуп турат. "Пекинде сапаттуу протез кол салат экен" деген кабарды укканда жашоого кандайдыр бир үмүт пайда болгону менен ал протездин баасын укканда Курманбүбү
эже айласын таппай
дагы бир жолу
үшкүрүнүп алды. Таянар күйөөсү жок, өзү иштебеген, өп-чап турмушта жашаган үй-бүлө үчүн 65 миң доллар өтө чоң акча эмеспи! Саматтын тагдырына кайдыгер карабаган курбулар Айсалкын Самсалиева менен Асел Айдарова жардамга кол
сунушту.


- Айсалкын, Саматка кандай жол менен жардам берүүнү чечтиңер?
- Эгер колубуздан келсе операцияга кете турган акчанын баарын колуна карматып туруп эртең Пекинге учуруп жибермекпиз. Тилекке каршы, бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Ошентсе да кайрмдуулук акцияларын өткөрүп колубуздан келген жардамыбызды берүүнү чечтик.
- Кимдин идеясы менен мындай ой жаралды?
- Саматтын тагдыры менен башынан эле тааныш элек. Июль айында досторубуз менен аз да болсо жардам болсун деп колубуздан келишинче акча чогултуп, Курманбүбү эженин үйүнө барып келгенбиз. Кийинчерээк балерина курбум Асел менден: "Баягы баланын тагдыры эмне болду? Операция жасатыштыбы?" деп сурап калды. "Жок, демөөрчү таппай жатышыптыр",-десем, "аракет кылып дос-тааныштарыбызды чакырып, акция уюштурбайлыбы?"-деген сунушун айтты. Мага да Аселдин бул идеясы жагып, "Мага баарыбир эмес" деп акциянын атын мен койдум. Опера-балет театрынын директоруна идеябызды айтып, колдоо көрсөтүүсүн сурандык эле, ал театрдын залын бир күнгө бекер бермей болду. Ошентип, 24-сентябрда кайрымдуулук концертин өткөргөнү турабыз. 10-сентябрь күнү аукцион уюштурдук эле, тилекке каршы, ал максатыбыз толук ишке ашпай калды.
- Кандай аукцион эле? Эмнеге ишке ашпай калды?
- Аида Байбосунова деген кыз менен кокусунан таанышып калганбыз. Ал да биз сыяктуу Саматка жардам берсем дегенде ак эткенден так эткен кыз экен. Аида Америкадан "Манчестер Юнайтед" футбол клубунун бир оюнчусунун футболкасын сурап алыптыр. Саматка жардам берүү максатында футболканы аукционго коёрун айтса, футболчу дароо эле бериптир. Андан тышкары, өзү үч футболка сатып алып, башка оюнчуларга кол тамга койдура келген экен. Биз ошол төрт футболканы аукционго койгонбуз. Бирок чакырылган конокторубуз келбей калышты. Анткен менен ырчылар келип, мини-концерт уюштуруп Самат менен апасынын көңүлүн аз да болсо көтөрүп койгонго жетиштик. Ээлерин таппай калган жанагы футболкаларды эми интернет сайттары аркылуу аукционго койгону жатабыз.
- А концертке даярдыктар жакшы элеби?
- Буюрса, концерт 24-сентябрь күнү саат 18:00дө Опера жана балет театрында өтөт. Даярдыктар жакшы. Самат жөнүндө видеоролик тарттык, аны концертте көрсөтөбүз. Мындан тышкары, Саматтын өзүнүн буту менен тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн уюштурсак деген оюбуз бар. Концертке Каныкей, Тынай Алыбаев, Асел Айдарова, Нурайым Азыкбаева, опера ырчысы Кундуз Карыкбаева жана башка көптөгөн ырчылар катышмакчы.


Саматтын апасы Курманбүбү эже:

"Баламдын өмүр бою буту менен иштешин каалабайм"

- Эже, учурда Саматтын абалы кандай?
- Балам буга чейин үч жолу операция болду. Алгач окуя болгондон кийин чыканагынан ылдый жагынан кесишкен. Токтуку жаман турбайбы, сөөгү үбөлөнүп эле түшө бергендиктен, кесип-кесип отуруп азыр чыканагынан өйдө жагында мулуйган эле булчуң калган. Азыр оорубай калды, анткен менен балам тамакты өзү жей албайт, дааратканага бара албайт, муну менен мен такай алекмин. Башка түшсө байтал жорго дегендей, азыр Самат буту менен иштегенди үйрөнүп алды. Сүрөт тартат, телефондон оюндарды ойнойт, кадимкидей смс жазат. Бирок баламдын минтип өмүр бою буту менен иштешин каалабайм.
- Окуусу кантип жатат?
- Быйыл 9-классты бүттү. Ага чейин мектептин директорунун колдоосу менен мугалимдер үйгө келип окутуп турушчу. 9ду бүтөрдө мектепке барып классташтары менен кошо экзамен тапшырып, аттестат алды. Азыр өз алдынча эле окуйт. Эми Пекинге барып кол салдырып келгенден кийин гана окуусун улантпасак...
- Пекинде кол салат экен деп жатасыз, бул тууралуу ким аркылуу кабардар болдуңуз?
- Бишкекте жашаган Сергей деген 9 жашар бала да дал менин баламдай болуп трансформаторго урунган экен. Бир колун Бишкектен кесишип, экинчи колун атасы Пекинге алып барып сактап калыптыр. Ошол Сергейдин атасы Слава баласын дарылатып Кытайда жүргөндө интернеттен Самат тууралуу окуп калыптыр. Анан бул жактагы тааныштарына телефон чалып, алар аркылуу бизди тапты. Сураганы боюнча бул жактан биз Саматтын бардык медициналык кагаздарын, документтерин жибердик эле, врачтарга көрсөтүп, кол салса болорун, ал үчүн канча каражат кетерин билип берди. Ал протезди салдырып калсак, манжалары кадимкидей кыймылдайт экен, тамакты өзү жеп, дааратканага өзү бара алат экен.
- Операцияга керектүү ал акчаны тапканга сиздин мүмкүнчүлүгүңүз жок да?..
- Албетте жок. Ошон үчүн элдин жардамына муктаж болуп карайлап турам да. Операциянын өзүнө 65 миң доллар, балам экөөбүздүн барып-келишибизге бери эле дегенде 10-15 миң доллар керектелет экен. Самат алты баламдын бешинчиси. Жолдошум кырсыктан каза болуп калган. Уулум кырсыктагандан бери мен иштебей муну менен үйдөмүн, үйдөн бир гана кызым иштейт. Ошонун айлыгын анан Саматтын 3 миң сом пенсиясын күтүп жашайбыз. Элден айланса болот, Саматка боору ооруган адамдар колунан келишинче жардам берип калышат. Эми да болсо ошол элден үмүтүм чоң. Саматымдын колдуу болуп, бактылуу күлкүсүн кайтарып бергенге салымын кошкусу келген боорукер адамдар бардыр...
Саматка жардам
берүүнү каалагандар
(0554)180788, (0777)454307
телефондоруна байланышса болот.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА