Эркектин көйнөгү менен шымын үтүктөөнүн эрежелери
Көйнөк менен шым үтүктөө көпчүлүк кожойкелер үчүн жагымсыз иштердин бири
болсо да күйөөсүн таза,
чыкыйтып кийинтүү ар бир
аялдын милдети.
Көйнөк менен шымды үтүктөөнүн өз
эрежелерин билип
алсаңыз, балким
убактыңыз да
үнөмдөлөр, же
бул сиздин эң
жагымдуу
ишиңизге
айланар...


Шымды кантип туура үтүктөө керек?
Шымдын алгач бели, чөнтөктөрү, андан соң эки буту үтүктөлөт.
Алгач бир бутун марля аркылуу багалегинен жогору жагына карай үтүктөйсүз
Экинчи бутун да дал ушинтип үтүктөйсүз. Чүпүрөктү кайра-кайра суулап турасыз.
Шымдын кыры
көпкө кармалуу үчүн...
Идишке 1 л самын суу куюп, ага 1 чоң кашык уксусту аралаштырасыз. Шымды үтүктөгөн марляны сууга эмес, ушул аралашмага нымдаңыз.
Алгач шымды бир аз уксус кошулган сууга малынган чүпүрөк аркылуу үтүктөө керек. Шым кургаганда дагы бир жолу үтүктөө керек, бул жолу нымдалган калың кагаз аркылуу.
Үтүктөөдөн мурун шымды ичине оодарып, кырынын ордуна кургак самын менен баштан-аяк чийип чыгыңыз да, шымды кайра оодарып, марля аркылуу үтүктөңүз.

Үтүктөөдө эске алынуучу жагдайлар:
Кийимди үктөөдөн мурун үтүктүн асты тазабы, эч нерсе жармашкан эмеспи, ошону текшерип алышыңыз керек. Ал үчүн кызытылган үтүктү кургак чүпүрөктүн үстүнө бир сүртүп алуу жетиштүү.
Үтүктөөдө кийимге жылуу суу чачыңыз. Анткени, кийим муздак сууга караганда жылуу сууну өзүнө жакшы сиңирет.
Таптаза нерселерди гана үтүктөө керек. Анткени, үтүк мурун анча билинбеген тактарды чыгарып, даана көрсөтүп коёт.
Эркектин көйнөгүн, кофталарды үтүктөгөн соң кийим илгичке илип коюңуз да, муздагандан кийин гана шкафка салыңыз. Болбосо бүктөлүп, бүктөлгөн жерине из түшүп калат.
Бардык нерсени жай кыймыл менен, солдон оңго, кийимдин кенен бөлүгүнөн тар бөлүгүнө карай үтүктөө зарыл.
Баарынан мурун кийимдин майда бөлүктөрү: жакасы, манжети, жеңи, чөнтөктөрү үтүктөлөт.
Түстүү буюмдарды ичинен оодарып үтүктөө зарыл. Болбосо ага үтүктүн изи түшүп калат.
Эгер үтүктөөдө жалтырак так баары бир деле түшүп калса ошол жерди чүпүрөк менен акырын нымдап, марля аркылуу үтүктөп коюңуз.
Кийимдеги үтүктөн жуккан сары датты кетирүү үчүн кийимдин ошол жерин сүткө бир аз чылап коюп, андан соң жууп салсаңыз болот.
Ушундай такты пияздын жардамы менен да кетирсе болот. Ал үчүн пиязды кесип, ширесин сыгып аласыз да, бир нече тамчыны кийимдин бузулган жерине тамызасыз. Бир аздан соң муздак суу менен жууп саласыз.
Үтүктүн астындагы
такты кантип кетирүүгө болот?
Үтүктүн таманын тазалоодогу натыйжалуу ыкмалардын бири: үтүктү кызытып, кагаздын бетине төгүлгөн тузга сүрткүлөйсүз. Үтүгүңүз бир заматта таптаза болуп калат.
Аш содасын сууга аралаштырып ботко жасап, ошол боткону чүпүрөк менен үтүккө сүртөсүз.
Чүпүрөктү 3%дуу перекись суутегине малып алып, ошону менен сүртсөңүз да оң натыйжа чыгат.
Айрымдар үтүктү ширеңкенин кутусунун жардамы менен да тазалашат. Бул үчүн кутунун капталындагы кара бөлүгүн сыйрып алып, ысытылган үтүктү ошону менен сүртөсүз.
Уксус да үтүктү тазалоочу каражаттардын бири болуп саналат. Бир аз уксусту сууга аралаштырып, калың чүпүрөк менен үтүктүн астына сүртөсүз.




Көйнөктү кантип
туура үтүктөө керек?

Даярдоо
Эгерде шашылыш болбосо көйнөккө суудан чачып, бүктөлгөн калыбында целлофан баштыкка жарым саат салып коюңуз. Ошондо көйнөк тегиз нымдалып, жакшы үтүктөлөт.
Жака
Көйнөктү үтүктөөнү баарынан мурун жакасынын ички бетинен баштаган оң. Учтарынан ортосун карай үтүктөп, андан соң сырткы бетинен кайра үтүктөңүз. Ошондо учунда майда бырыштар болбойт. Аягында жаканы бүктөп туруп үтүк менен жакшылап басып коюңуз. Эгер жаканын өтө катуу болуп турушун кааласаңыз, үтүктөө алдында крахмал кошулган суудан чачып коюңуз.
Манжеттер
Жеңдин манжеттерин да дал эле жаканы үтүктөгөндөй эле үтүктөйсүз. Алгач ички бетинен учунан ортосун карай, андан соң ушундай эле багыт менен сырткы бетинен. Манжеттердин катуу болушу үчүн да крахмал колдонсоңуз болот.
Жеңдер
Алгач колтуктун астынан баштап манжетке чейин кеткен узун тигишти ортого келтирип үтүктөйсүз. Андан соң тигишти жанына келтирин үтүктөйсүз.
Ийиндер
Эми көйнөктүн ийиндерин жана жаканын астындагы бөлүктү үтүктөйсүз.
Арты
Көйнөктүн артын үтүктөө үчүн жакасын үтүктөөчү столдун баш жагына кийгизип, ылдыйдан жогоруну көздөй үтүктөйсүз.
Алды жагы
Эки жанындагы тигиштерин үтүктөп, анан улам жылдырып отурасыз. Топчулардын ортолорун, тешиктерин үтүктүн учу менен үтүктөйсүз.
Шамалдатуу
Көйнөктү үтүктөп бүткөнүңүздөн кийин топчулап, кийим илгичке илип жарым сааттай коюп коёсуз. Андан кийин гана шкафка ордуна илесиз.