БШК 11 талапкерди каттаган жок
Борбордук шайлоо комиссиясынын дүйшөмбү күнкү жыйынында президенттикке талапкерлердин ичинен 67 адам калганы белгилүү болду. Мурда маалымдалгандай, президенттикке талапкер болуп 78 адам калган болсо, анын 11и өзүнүн шайлоо фондун түзө албагандыгына байланыштуу каттоодон четтетилди. Алар: Куттубек Асылбеков, Бийназар Бердикеев, Төлөн Дыйканбаев, Жаныш Рустенбеков, Полотбек Кенжекулов, Мадияр Кулуев, Арстанбек Осоев, Алмаз Парманов, Айбек Сыдыков, Нишанбай Сулайманкулов жана Сазыкбай Турдумалиев.

Эми президенттикке талапкерлер пикетте
Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан бир нече жарандар Ак үйдүн жанына митингге чыгышып, шайлоочулардан 30 миң кол топтоо жана 100 миң сом шайлоо залогун төлөө сыяктуу нормаларга каршы пикирин билдиришти. Дамира Токтосунова деген талапкердин айтымында, бул нормалар карапайым, акчасы аз талапкерлерге президенттикке аттанууга тоскоол жаратып турат. "Бийликке кайрадан Акаев жана Бакиев мезгилиндеги баягы эле олигархтар келеби? Ошол эле коррупция болот",-дейт ал. Митингге 4 талапкер чыгып, аларды дагы 11 талапкер колдоп жатышкандыктарын айтышты. Нааразычылык билдирген талапкерлер: Өмүрбек Бөлтүрүкөв, Назарбек Нышанов, Дамира Токтосунова, Жамбыл Камчиев, Салмоорбек Дыйканов, Нурлан Алымкулов, Нишанбай Сулайманкулов, Өмүрбүбү Бегалиева, Ырыскелди Ыбышев, Калмамат Мактымбаев, Жумабек Токтогазиев.

Кыргыз кызы сексуалдык кулчулуктан куткарылды
Казакстандын Алматы шаарында 15 күн сексуалдык кулчулукка кабылган кыргызстандык Ляйля аттуу кыз куткарылды. Маалыматка ылайык, кыргызстандык кыз иштеп акча табуу максатында мындан эки жума мурда Алматыга келип, "Сайран" автовокзалында бир аял менен таанышып калган. Аял кызга азык-түлүк саткан дүкөндөн кызмат таап берерин убада кылган. Кийинки бир жолугушууда кыргызстандык кызды алдоо жолу менен бир батирге алып келип камап коюп, денесин сатып иштөөгө аргасыз кылган. Ал аял кыздын паспортун алып койгон.
Бул жагдайды Алматынын ички иштер кызматкерлери билип калып, кыргызстандык кызды сексуалдык кулчулукка барууга аргасыз кылган аялды кармашты. Кыргызстандык кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп, аны мекенине жиберүү иштери колго алынууда.

Ирандык эркек аялды 5-кабаттан ыргытып жиберди
5-сентябрдын түн оокумунда Свердлов районунун ШИИБине Үсөнбаев көчөсүнөн бир аялдын өлүгү табылганы жөнүндө коңгуроо түшкөн. Оперлер барганда аял оозу скотч менен чапталып, денеси шейшепке оролуп, 5-кабаттан ыргытылганы белгилүү болду. Аялдын ким экени да такталып, 25 жаштагы О. аттуу аял болуп чыкты. Ал эми бул кылмышты кылган адам деп 29 жаштагы ирандык эркек суракка алынып жатат. Тергөө иштерине жолтоо болбосун деп алардын аты-жөнү толук айтылган жок.

Өз аялын өзү сойду
Үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү айылында 42 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Аялды кыйнап өлтүргөн белгилер табылган соң оперлер ошол күндөн тарта кылмышкерди издөөнү башташкан. Көп өтпөй 4-сентябрь күнү ал аялдын 39 жаштагы жарандык никедеги күйөөсү колго түштү. Кылмышка шектүү деп кармалган Эрнист Алмабековду суракка алганда аялын мууздап өлтүрүп, өлүгүн өзү жашап аткан үйдүн короосуна көмүп, изин суутуп кеткен. Бирок ою оңунан чыкпай, 97-берене менен учурда убактылуу камоочу жайда жатат.

Бакиевдин туугандары чегарадан кармалышты
2-сентябрда саат 23:10до кыргыз-казак чегарасындагы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда Жаныш Бакиевдин эки уулу: 23 жаштагы Асылбек Салиев жана 12 жаштагы Нурсултан Бакиев кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, А.Салиевдин көрсөткөн өздүк документтери жасалма болуп чыккан. УКМКнын тергөө башкармалыгы мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү, жасалма документтерди колдонуу күнөөсү менен кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, А.Салиев УКМК СИЗОсуна камалды, а 12 жаштагы иниси туугандарына өткөрүлүп берилди.

Кличко Кыргызстанда
Украиналык бир тууган боксчу Кличколордун бири жекшемби күнү Бишкекке келди. Ал Спорт Ордосунда өтө турган кикбоксинг боюнча турнирге ардактуу мейман катары чакырылган. Бирок бир туугандардын кимиси келгени азырынча белгисиз болуп турат.

Эми молдолор акча сурабайт
Дин кызматкерлерине мамлекет тарабынан 6-7 миң сомдун тегерегинде айлык акы төлөп берүү боюнча мыйзам долбоор даярдалып жатат. Мындай маалыматты "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. "Мындай мыйзам долбоорду даярдап жатканыбыздын себеби, эгерде бул мыйзам кабыл алынып калса, молдолор тойлордо, жаназа окуганда элден акча албай калышат. Биз бул дин кызматкерлерине төлөнүүчү акчаны мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден өз каалоосу боюнча айлык акысына жараша 50 сомдон 500 сомго чейин төлөп берүү жагын караштырып жатабыз", - дейт Ө.Текебаев.

Чатыр мектеп
Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл округуна караштуу Ак-Жар айылынын 420 окуучусу сабакты чатырда окуп башташты. 1-4-класстын окуучулары болсо бир маал чайын клубга барып ичип келишүүдө экен. Ал эми мугалимдер айыл башчынын кеңсесинин бир бөлмөсүнө баш коргоп атышат. Бирок айылда кечээ эле Кочкор өрөөнүндө болуп өткөн 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин жапжаңы мектеп салыныптыр. Анда чатырга окуп атканынын себеби эмнеде? "2007-жылы Ишенбай Кадырбеков курулуш агенттиктин жетекчиси болуп турган маалда мамлекет тарабынан 46 миллион сом бөлүнүп, Ак-Жар айылына 480 орундуу мектеп салына баштаган. Курулушту "Хан-Теңири" аттуу курулуш ЖЧКсы жүргүзгөн. Бирок үч жылга жетпей мектептин спорт залынын бир капталы кулап калган. Айтор, мектеп оңчулуктуу салынбаптыр. Учурда кайрадан оңдоолор жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан, окуучулар чатырда окуганга аргасыз болушууда",-дешет жергиликтүү калк.