Татаал
тагдыр
(Башталышы
өткөн санда)
- Ооба, ананайын, өлүмдөн башканын баарынын эрте болгону жакшы. Эч нерседен кем болбойсуң. Үй-жайың, оокатың, машинаң, баары даяр. Окууңду уланта бересиң. Кыз кишиге мындан башка эмне керек?!- Адистин ата-энеси да Турарды кубаттап өттү.
Башынан ата-энесине өйдө карап катуу айтпаган, алардын ар бир сөзүн закон катары кабыл алып көнгөн Гуля бул жолу эмне кыларын билбей кетти. Үндөбөстөн өзүнүн бөлмөсүнө чуркап кирди да, дивандын үстүнө жүзтөмөндөй кулады. Аркасынан ээрчий кирген апасын көрөрү менен:
- Мен макул эмесмин, апа. Анткени, башканы сүйөм,- деди ыйлап жатып.
- Макул болбоско аргаң да жок. Андай эле башканы сүйсөң түз жүрбөйт белең. Адис экөөңөр чогуу жатып койгон турбайсыңарбы. Муну мага анын апасы айтты. Дагы жакшы, колуңду сурап келди. Абийирдүү жигит да. Албай койсо эмне кылат элең? Же кыз эмес бойдон жүрө бергиң барбы? Билсең, сен биздин эл караган жүзүбүздү жер караттың.
- Апа, анын айтканы калп. Ал… Ал өзү мени күчкө салып…
Кызын сөзүнүн аягына чыгарбай кагып жиберди Лира:
- Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт. Кандай болгон күндө да эми Адиске күйөөгө чыгууң керек! Мага актанган кебиңдин кереги жок! Же эмне, эл-журтка шылдың кыласыңбы бизди? Эртең башкага турмушка чыксаң деле "кызыңар кыз эмес экен, эмне кылып тарбиялагансыңар?" деп уят кылышпайбы атаң экөөбүздү. Эч болбосо ошону ойлодуңбу?
Ачууланган Лира ушуну айтты да, чыгып кетти. "Демек, мени мага жетүү үчүн зордуктаган экенсиң да, акмак! Акыры максатыңа жетмей болдуң. Бирок баары бир сени жек көрөм. Өмүр бою жек көрүп жүрүп өтөм". Ичинен ушинтип сүйлөнгөн Гуля жаздыгын кучактай буркурап жатты.
***
Эртеси эле Гуля Султанга телефон чалды:
- Султан, сага айта турган сөзүм бар.
- Угуп жатам.
- Мен… мен… Мен Адиске турмушка чыкканы жатам.
- Тамашаңды койчу.
- Ушинтип тамашалап жинди болуптурмунбу.
- Демек, экинчи көрүшпөйт экенбиз да. Эмне дейин, бактылуу бол!
- Мен сени сүйөм, Султан. Ал эми Адиске ата-энем күч менен берип жатышат. Алар менин сөзүмдү уккулары жок. Болбосо…
- Тү-үт, тү-үт…
Трубканы коюп салды жигит. "Бактылуу бол,- деди дагы бир жолу ичинен,- Акыры экөөбүздүн жолубуз эки башка болмок. Мен сени бекер үмүттөндүрүп, жеке кызыкчылыгыма колдонуп койгонум үчүн кечир". Гуляга эч кандай сезими жок болсо да, эмнегедир маанайы чөгө түштү. Бир топ убакыт ойлонуп отурган соң ордунан туруп кийинди да, көчөгө чыгып кетти.
***
Алина каза болуп, Гуля Адиске турмушка чыгып кеткенден кийин Султандын жашоодон көңүлү калды. Аркасынан далай кыздар чуркаса да, бирине да көз кырын салган жок. Дайыма көңүлсүз жүрүүнү адат кылган жигит кайсы бир күнү тагдырында чоң бурулуш болорун билбей жүрө берди.
Султан бул күнү шаардын көчөлөрүнүн биринде жай басып келаткан. Аңгыча болбой күтүүсүздөн денеси ток тийгендей "дирт" этип кеткенин сезди. Анткени, өзүнөн анча алыс эмес жердеги аялдамада жалгыз турган бейтааныш айым Алинага абдан окшош эле. Чачы, бою жагынан гана айырмасы болбосо, Султан мынчалык окшоштукту өмүрүндө көргөн эмес. "Балким, жакын туугандарынын бири болуп жүрбөсүн. Жанына жакын барып таанышып көрсөмбү",- деген ой пайда боло калды жигитте. Анан чын эле айымдын жанына барды:
- Саламатсызбы.
- Саламатчылык.
Айым жигитке анча деле көңүл бурбастан жооп узатты. Анын кайгылуу көз карашы, муздак жүзү көргөн адамга байкалбай койбойт эле. "Кыязы, алда нерсеге ачууланып турган сыяктуу. Кагып койсо эмне кылам?"- деп Султан өзүнчө чочулай түштү.
- Кимдир бирөөнү күтүп турасызбы?- болбой эле суроо узатты жигит.
- Ооба.
- Сиздин Алина деген тууганыңыз жок беле?
- Жок, андайды тааныбайм. Алина аттуу тууганым да жок.
- Кечиресиз. Сиз ага өтө окшош экенсиз.
Айым жылмайып жиберди.
- Негизи, мени бирөөлөргө көп окшоштурушат.
- Ой, сизге жылмайган аябай жарашат турбайбы.
- Чын элеби?- дагы бир ирет жылмайып алды айым.
- Чын эле. Баса, таанышып албайлыбы. Атым Султан.
- Айша.
- Телефон номериңизди алсам болобу?
- Менин номеримдин сизге эмне кереги бар?
- Байланышып туралы дегем.
- Бирок…
- Эгер бергиңиз келбей жатса өз эркиңиз. Анткен менен ачык айтуум керек, сиз мага жагып калдыңыз.
Айша эмне кыларын билбей саал ыңгайсыздана ойлонуп туруп калды. Анан бир топтон кийин тамылжый түшкөн жүзү менен жылмая карап:
- Мейли, берсе берейин. Бирок түшкө чейин жана күн баткандан кийин чалбаңыз, макулбу,- деди катуу эскертип.
(Уландысы кийинки санда)





  Бийкеч

(Башталышы
өткөн санда)
- Бала деген периште болот, чоң кишиден да жакшы сезип-туюшат булар. Жанагы келин муну өгөйсүнтүп какыс-кукус кылып коёт окшойт. Болбосо тим эле безилдеп эмнеге качсын. Жаштайынан жүрөгүнүн үшүн албай жанагы менин жаман уулум деле бооруна тартып алса болмок,-деп кейип-кепчиген чоң энеси баланы кийин деле бербей алып калды. Айбек айылдан окуп, карыган кемпирдин кой-айын кулагынын сыртынан кетирген бала болуп өстү. Мектепте эмне ызы-чуу болсо, сөзсүз Айбектин катышы бар болуп, чоң энеси бөжүрөп, сабоо жеген балдардын эне-аталарынын астына түшүп:
- Алдыңа кетейиндер, бир ачууңарды мага бергиле. Ал тирүүлөй жетимди эми эмне кылып тыярымды да билбей калдым. Үнүмдү катуу чыгарсам эле атасына качат. Алар ант-минт дешсе мага качып, ортодо өскөн бала ушундай болуп калат окшойт,-деп бышактаса айылдаштары кантип унчуга алышсын.
- Жарыктык киши, куурабай эле баланы атасына же энесине берип салбайт беле,-деп шыпшынышып, өздөрүнчө калганда күбүр-шыбыр кеп кылып калышчу.
Айбек мектепти аяктар жылы Балыкчыга үзбөй каттап калды. Алгач буга эки жак тең түшүнбөй жүрүштү.
- Тим эле биздин үйдөн жылан көргөнсүп каччу Айбекке эмне болгон деп жүрсөм, ал тигил кошунанын кызы Жылдыз менен сүйлөшөт турбайбы. "Айылдан келген сайын куру келбей тоок-үндүк соё келет. Кечээ да бир кап ун алып келиптир",-деп кыздын энеси жерге-сууга батпай сүйүнүп жүрөт. Ай, макул, мага алып келбей эле койсун, "атам экен, ай", деп ушунча болуп сага бир тоок алып келген жок эле го. Мына, көрдүңбү балаңдын кылыгын. Ал жашабай жатып катын алмакчы болуп бир бүлөнү багып атканын билбей сен тапканыңды бизден жыра талашып, окуусуна деп акча топтоп атасың. Балаң окубайт. Кийин айтты-койду дебе, акчаңды талаага сапырып ийгендей болосуң,-деп апасы безилдеп атканын уккан Эрлан жаткан ордунан бирөө безге сайгандай ыргып турду.
"Кантип, кантип Айбек Жылдыз менен сүйлөшсүн?! Андай болушу мүмкүн эмес да! Жылдыз дегенде эт-бетинен кетип, түн уйкудан калып, тамдын башына чыгып алып жылдыз тиктеп, маңдайкы үйдүн каалгасынын ачылып-жабылганын аңдып, Жылдызынын караанын көрүп калса кудуңдап, ошондон каниет алып жашап атса. Анан… Анан Айбекке тарттырып иймек беле?! Жо-ок, Жылдыз "бир тууган" эмес, андан кеткен бирөө болсо да өлбөгөн жерде калар. Ушундай бүтүмгө келген жигит дароо эле Жылдыздыкына жөнөдү.
Кыз Эрланды күлө багып тосуп алып:
- Кандайсың, балык жигит? "Кошунам көрүнбөйт да" деп Айбектен сурасам, "ал бир китепти кучактап алып жатат" дегенинен күлгөм, баягы астротөлгөсүн окуп, кайсы кыз төп келээр экен деп жаткан го деп.
- Ошол төлгөмдө сени менен баш кошсом бактылуу болот экенмин!-деди Эрлан жүрөгүндөгү жашыруун сырын эми ачыкка чыгарып.
- Койсоңчу тамашаңды,-Жылдыз шыңкылдап кечке күлдү,-Мен сага жакында жеңе болгонго даярданып атсам, Айбек сенден эки айга улуу турбайбы, демек, сен мага кайним болосуң. Андан көрө Айбек экөөбүздүн жылдызыбыз келишет бекен, ошону окуп айтып берсең.
- Мен сени эч кимге бербейм!-деди Эрландын иреңи өзгөрүлүп, жүзүндөгү күлкүсү күбүлгөндөй олуттуу тарта,-Сен окушуң керек дегеним. Сен эмне күйөөгө шашып? "Врач болом" деген ой-кыялдарың кайда?-деди кызды кекеткенсий.
- Мен антип кыялга батып жүргөндө бала эле экенмин. Азыр болсо жашоого карата көз карашым өзгөрдү. Өзүң билесиң биздин жашоо-жайды, мединститутка өтүш, окуш үчүн акчам жок да. Анан шаарга барып алып кайсы эшикти сүзүп жүрөйүн. Андан көрө Айбекке турмушка чыгып айылда жашайм. Берекенин баары айылда дейт Айбек. Чоң энесинин тамын оңдоп-түздөйбүз. Мал-жанды көбөйтүп алып, четинен акча керек болгондо базарга сатып тиричилигибизди кыла беребиз. Апамдарга да каралашып турабыз,-деди кыз Айбек экөөнүн ой-тилектери менен бөлүшүп. Жакын кошуна катары кабыл алып, ылым санап сырдаша калчу кыз Эрландын өзүн сүйүп, сыртынан багып жүргөнүн кайдан билсин.
Айбек менен Эрландын ортосунда кыз талашкан чоң чуу чыкты.
- О-ой, тим эле бир перинин кызы болсо да түшүнөт элем. Атасын тартып мурду теңирейген бир сары кыздын эмнесин сүйүп атасың, түшүнбөйм. Алса алып жаны тынсын жанагы баланын. Өзү менен өзү болуп жашап кетсе бизге эле жакшы эмеспи. Аны окууга өткөзөм деп атаңдын топтогон акчасын сага жумшайбыз. Сенин келечегиң алдыда. Сенин азыр кыз ойлобой, окууну ойлой турган учуруң,-деп Эрландын энеси чебеленди.
- Өлсөм да Айбегимдин келинчегинин колунан чай ичип өлсөм арманым жок. Баламды ал кыз кадимкидей оңдоду. Балам үйгө байыр алып, тиричилик кылып калды. Эптеп каралашып, ошол сүйлөшкөн кызын алып берип койгула,-деди кемпир уулу Кылычты чакыртып алып.
(Уландысы кийинки санда)