Сүйүү
үй-бүлөнү
сактайт
Көпчүлүк жубайлар: "Жаңы үйлөнгөндөн кийин сүйүү бир балалуу болгонго чейин гана жашайт. Андан соң сүйүү балага өтүп кетет да, ортодо болгону сый калат",-дешет. Байкап көрсөк, кандайдыр бир деңгээлде мунун чындыгы бардай сезилет. Анткен менен көңүлдүн түпкүрүндө "ошол сүйүүнү өчүрбөй узак жылдарга сактап калууга неге болбосун?" деген суроо туулбай койбойт.
Жубайыңызга болгон сезимиңизди анализдеп көрүңүз
Күйөөңүздү буга чейин сүйүп жашап жүргөн болсоңуз, анда "ортодогу сезимибиз өчтү, эми аны сүйбөйм калдым окшойт" деген шашылыш ойго алданбаңыз. Ээн бөлмөгө кириңиз да, жалгыз отуруп ойлонуңуз. Эң биринчи күйөөңүздү эмес, өзүңүздү-өзүңүз талдап чыгыңыз. Алгач жалаң жакшы нерселерди эстөөдөн баштаңыз: жаңы таанышканыңызды, алгачкы жолугушууларды, баш кошкон күндү, күйөөңүздүн жакшы сапаттарын... Эми учурда сизди эмне капалантып жатат, ошол тууралуу ой жүгүртүңүз. Балким, сүйүү өчпөгөн деле чыгар?! Буга так жооп табуунун эң жакшы жолу - жубайлардын өз-өзүнчө жашап көрүүсү. Бирок көпкө эмес, ашып кетсе эки-үч күн гана. Бул убакыт жүрөгүңүздү өйүгөн суроолорго жооп табуу жана аларга чекит коюу үчүн жетиштүү болуп эсептелет. Эгерде жалгыз жашаган бул эки-үч күндүн ичинде күйөөңүздү эстесеңиз, сагынсаңыз, аны көргүңүз келсе, демек, жүрөгүңүздө ага болгон сүйүүнүн учкундары дале сакталуу.
Андай болсо өзгөрүүнү алгач өзүңүздөн баштаңыз. Анын кыялындагы айымга, жомоктогу феяга айланыңыз. Табышмактуу болуңуз. Эскинин баарын унутуңуз, жаңы мамиле баштаңыз. Сүйүүнү башкы орунга коюңуз. Ошондо сиз өзгөргөн сайын күйөөңүздүн да өзгөрө баштаганын, сизге окшошууну, тең келүүнү каалап жатканын байкайсыз.
Сүйүүнү "өлтүрүүчү" себептер
Күнүмдүк ар кандай проблемалардан чарчоо.
Бирин-бири күндө көрүп, акыры тажай баштоо.
Жубайларды бири-бирине жамандаган ар кандай ушак-айың кептер.
Жеке жашоого ар кимдин кийлигишүүсү.
Мурунку күйөөсүнөн (же аялынан) көргөн балдары.
Кош бойлуу кезде көпчүлүк айымдардын мүнөзү өзгөрүп, күйөөсүн көргүсү келбей калуусу (изилдөөлөр боюнча, бул көрүнүш кош бойлуу кездеги организмдеги өзгөрүүгө гана байланыштуу).
Жетишсиз жашоо, күйөөнүн үй-бүлөнү ойдогудай бага албоосу.
Аялына күйөөсүнүн (же тескерисинче) жетиштүү көңүл бурбай калышы.
Ар кандай жаман адаттар.
Көз караштардын, түшүнүктөрдүн дал келбеши.
Бул проблемалардын баарын чыр-чатаксыз, ажырашуусуз эле чечсе болот. Күйөөңүз менен жай отуруп, тынч сүйлөшүп көрүңүз. Эсиңизде болсун, "уяны" куруу оор, ал эми бузуу оңой.
Үй-бүлөдө сүйүүнү сактап калуу
үчүн жубайларга кеңештер
Эч качан түгөйүңүздү идеалдуу адам катары кабыл албаңыз. Анткени, ал көпчүлүк сыяктуу эле кемчиликтери жана артыкчылыктары бар тирүү жан. Сизде да кемчиликтер толтура.
"Эгерде мени сүйсөң, анда менин айтканымды аткарасың", "мени сүйсөң, менсиз эч нерсени чечпейсиң" деген сыяктуу фразаларды колдонуунун таптакыр кереги жок.
Бул дүйнөдө бардык жагынан бири-бирине опокшош эч ким жок. Сиз ким менен баш кошпоңуз, баары бир ортоңордо келишпестик, көз караштардын ар башкалыгы, табиттердин дал келбестиги сыяктуулар болот жана боло берет. Анткени, бул закон ченемдүү нерсе жана жашоо ошонусу менен кызык!
Айрымдар болочок түгөйүнүн кээ бир терс сапаттарын байкап калышса, "баш кошкондон кийин мен өзүм каалагандай кылып тарбиялап алам, өзгөртүп алам" деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Эч качан чоң адамды өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Тарбиялоо максатында күн сайын ага акыл үйрөтө берүү жинин келтирип, мунун акыры чыр-чатакка айланышы ыктымал. Жакшысы, сабырдуу, чыдамдуу болуңуз.
"Сенин мобул сапатың менин мурунку күйөөмө (аялыма) окшош" деген сыяктуу салыштырууну колдонуу ага уу бергенге барабар. Таптакыр салыштырбаңыз, алтургай ал тууралуу эстебеңиз.
Жубайыңыздын көзүнчө эч качан анын ата-энесинин кемчилигин айтпаңыз. Кайнене-кайнатаңыз туура эмес кылса да, "баары жакшы" деп жылмайып кутулуңуз.
Башка бирөөнүн күйөөсүнө же аялына суктануу туура эмес. "Карачы, тигинин күйөөсү акчаны көп табат, машинасы бар" же "баланчанын аялы сулуу экен" деген сыяктуу суктануулар жубайыңыздын сиз тууралуу оюн бузат. "Бул аны менен соо эмес, ошону сүйүп калган го", же "мени андан төмөн деп эсептейт экен да, ал менден артык экен да", же "ага суктанып атса, анда ошонун үстүнө барып кирип алсын!" деген ойлорго келет.
"Кайда жүрдүң? Ким менен сүйлөштүң? Эмнеге чалып айтып койбодуң?"-деген сыяктуу суроолорду берип кызгануу, телефонун текшерип, андан шектүүрөөк SMS көрсөңүз чыр чыгаруу - мунун баары ортодогу жылуу мамилени суутат. Эгер жубайыңыз кайда жүргөнү тууралуу кабарлоону зарыл деп эсептесе, алдын-ала өзү айтып кабарлайт. Жубайлардын ортосунда ишенич болсо, бактылуулук да болору эсиңизден чыкпасын.
Аялбы, эркекпи, үйдө жүргөндө да өзүнүн өң-түсүнө, сырткы келбетине көңүл буруусу зарыл. Жубайынын көзүнчө бетиндеги безеткини сыгуу, кир, эски, жыртык кийим кийүү, чачын жуубай, тарабай жүрө берүү - айрымдардын адаты. Бул туура эмес. Алтургай үйдө да таза, тыкан кийинип, жасанып-түзөнүп, атыр себинип, табышмактуулугун жоготпоо сүйүүнүн сакталышына, өзүнө болгон кызыгуунун жоголбошуна себеп боло алат.
Башка бирөөнүн (жада калса ата-энесинин, тууганынын, дос-курбуларынын) көзүнчө жубайына сын айтуу, кемчилигин белгилөө, уяткаруу көңүлдү калтырып, жүрөктү муздатат.
Кеңешпей туруп өз алдыңызча кандайдыр бир чечим чыгарбаңыз. Албетте, эгер туура чечим чыгарсаңыз жана ал колдоого ээ болсо жакшы. А эгерде ал чечим жубайыңызга жакпай калса, аны нааразы кылса, анда конфликт келип чыгышы ажеп эмес.
Эгерде кечиримдүү боло албасаңыз, таарынычтарыңыздын баарын жүрөгүңүзгө сактап кектей берсеңиз, мунун акыры ажырашууга алып келет. Андыктан, сөзсүз түрдө кечиримдүү болуңуз.
Идеалдуу күйөөнүн белгилери
Үй-бүлөнү биринчи орунга коёт.
Аялын сүйөт жана ага бул тууралуу айтып турууну унутпайт.
Жумушу үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да дайыма убакыт табат.
Жаман адаттары жок (ичкилик ичпейт, ала жипти аттабайт...).
Аялынын жана кайненесинин туулган күнү качан экенин эч качан эсинен чыгарбайт.
Үй-бүлөсүн толук камсыздоону дайыма максат кылат.
Кандай карама-каршылык келип чыкпасын, аны чоң чыр-чатакка айлантпаганга аракеттенет.
Бош болгондо кээде аялына үй жумуштарына жардам берет.
Аялы кандай туура эмес кылып жатса да, көпчүлүктүн көзүнчө аны мактап, колдоп турат. Жаманын сыртка чыгарбайт.
Өзүнүн сырткы өң-келбетине көңүл бурууну унутпайт.
Идеалдуу аялдын белгилери
Сулуу.
Акылдуу, түшүнүктүү.
Назик, боорукер.
Туруктуу.
Мыкты кожойке.
Токтоо жана чыдамдуу.
Адамдар менен тез тил табыша алат.
Жаман адаттары жок (ичпейт, чекпейт).
Күйөөсүн уга билет жана айтышпайт.