Асел ЭШИМКАНОВА:

"Өзүмө караганда
Мелиске көбүрөөк ишенем"
Бул ирет бизде мейманда - саясатчы, журналист Мелис Эшимкановдун жубайы Асел. Бул жеңебиз теледиктор катары элге тааныш. Мелис мырза менен кол кармашканына жети жылдан ашты, азыркы тапта бир уул, бир кыздын энеси. Асел айым ашкере токтоо болсо да, бар соболдорубузга ачык жоопторун узатты.
- Асел айым, Мелис мырзага турмушка чыкканы анын көлөкөсүндө калып калгандай сезилбейби?
- Жок, андай ой да жок. Себеби, турмушка чыккандан кийин деле теледе иштеп жүрдүм. Жумуш жаатында мага Мелис тарабынан эч кандай чектөө болгон жок.
- "Бул киши менен кол кармашпаганда башкача карьера жасайт болчумун" деген ойлорго алдырбайсызбы?
- Көпкө жумушу жок жүрүп калсам, балким, ушундай ойлор ээрчимектир. Бирок азыр мен бул адамсыз жашоону да, өзүмдү да элестете албайм.
- Баш кошконуңуздарга канча убакыт болду?
- Жети жыл.
- Мелис мырза менен бирге өмүр сүрүү кыйын эмеспи?
- Тескерисинче, абдан оңой. Себеби, турмушта Мелис абдан карапайым, жөнөкөй. Аябай камкор, жоопкерчиликтүү. "Кайда жүрөт, ким менен?" деп да ойлонбойм, санаага батпайм, кайда болсо да кабарлап турат. Өз ара ири ишеним жашайт бизде, ошол ишенимге таянып өмүр сүрүп келебиз. Жада калса, өзүмө караганда Мелиске көбүрөөк ишенем.
- Ортодогу жаш курак экөөңүздөрдү айырмалабайбы?
- Эч кандай айырма жок. Жаңы үйлөнгөндө мени билбеген тааныштары жолугуп калса: "Бул ким? Америкадагы кызыңбы?" - деп сурашчу. Ошондой убактарда Мелис, "Эмне, мен ушунчалык картаң көрүнөмбү?" - деп таарынып калчу (күлүп). Туугандарым дагы ысымын угуп жүргөнү менен көрүшө элек экен. Жолуккандан кийин: "Жапжаш эле турбайбы", - деп калышар эле.
- Алгач таанышкан убакты эскерип берсеңиз...
- Эң алгач бул кишини "Асабадан" көргөм. Студент кезим. Анда мен рекламалык агенттикте сабактан тышкары иштечүмүн. Кийин НБТда диктор элем, бирок ал жакта кризис болуп, мен убактылуу жумушу жок калдым. Негизинен, табиятымдан жөнөкөймүн. Намыс көрбөстөн, бир эсе үйдөгүлөргө жардам, бир эсе өзүмө кенен болсун деп Бишкектеги кафелердин бирине официант болуп орношком. Бир күнү Мелис достору менен келишти. Атайын басып келип, эмнеге диктор кафеде иштеп атканын сурап, сүйлөшүп калдык. Жакындан ошондо таанышканбыз. Кийин ортодо жылуу мамиле орноду. Акыры бирге түтүн булатууну чечтик.
- Жашы улуу, үй-бүлөлүү деп шектенүү, ата-эне, туугандарым кандай кабыл алат деген санааркоолор болду беле?
- Эч шектенген эмесмин. Ичимде баары бир ушул адам менен түбүм бир экенин сезгем. Бирок ата-эне, туугандарымдан коркком. Аларга билдирбестен, эки жарым жыл сүйлөштүк. Мелис барып түшүндүрөйүн десе да, аны токтотуп, ушунчалык чочулап жүрдүм. А бирок өзүм бул кишиге турмушка чыгуу боюнча ичимден чечим кабыл алып койгом.
- Өзүңүз үйдө жалгыз кыз болушуңуз керек эле...
- Улуу агам, кичүү иним бар. Ата-энемдин алдына туугандары менен келип, таанышканда мен ойлогондон жеңил болду. Ыйлашты, бир аз урушту. Бирок түшүнүп кабыл алышты.
- Азыр өкүнүч жокпу аларда?
- Алар эч өкүнүшпөйт. Апам менен Мелис кайнене-күйөө бала эмес, эне-баладай мамиледе. Агам менен иниме бир тууган.
- Ал эми сиз Мелис мырзанын туугандарына кандай бүлө болдуңуз?
- Бир тууган эже-сиңдим жок. Мелистин карындаштары менен азыр эже-сиңдибиз. Мелистин колу деле бошобойт, туугандар арасында карым-катышты да колго алууга аракет кылам. Достору: "Дүйнөдөгү бардык нерселерден кабардарсың, бирок үйдө не болуп атканын билбейт болушуң керек", - деп күлүп калышат Мелиске.
- "Бир үй-бүлөнү бузуп аламбы?" деп чочулаган эмес белеңиз?
- Бул менин биринчи эле ага берген суроом болчу. Мелис мага баарын түшүндүрүп айтты. Ага ынандым. Ортодо эки бала болгону менен алар бир топ убакыт бирге жашашпаптыр, бирок расмий ажыраша элек экен. Башка эркектердей жаш кыздарга тийишмей же жөн гана көпкөндүк менен экинчи аял алууну ойлосо, ал ниети мага дароо билинмек. Андайга өзүм да жол бермек эмесмин.
- Мурдагы жубайы менен ачуу сүйлөшүү болгон жокпу?
- Жок, болгон эмес.
- Балдары менен мамиле түзүүдө кыйынчылык жаралган жокпу?
- Жок, эч кандай. Ал кезде алар эс тартып, чоноюп калышкан. Анын үстүнө, алар атасын аябай жакшы көрүшөт. Экөө тең түшүнүү менен кабыл алды.
- Азыр сиздин уул-кызыңыз менен алар кандай мамиледе?
- Азыр Жылдыз менен Төлөгөн экөө тең Америкада. Келген сайын учурашып, алтургай баарыбызга белек ала келишет. Майрамдарда сөзсүз чалып, куттуктагандан жазышпайт.
- Ал эми досторунун жубайлары сизди алгач кандай кабылдаган?
- Алгач ачык айтышпаса да, алардын мени жактырбаганы байкалган. Бизде "кыргыз бир нерсеге жетсе эле жаш аял алат" деген стереотип бар эмеспи. Башында ыңгайсыз, жаман акыбалда болчумун. Азыр баары менен жылуу, сый мамиледемин. Мелис да көңүл бурбоого чакырып, андай көз караштарды жеңүүгө жардам берди. Негизи эле ортодо чыныгы сезимдер жанган болсо, баарын жеңесиң.
- Мелис мырза экөөңүздөрдө сезим баштагы калыбындабы? Же башка стадияга өткөндүр...
- Дагы күч алды! Бакыт ден соолук сымал эле. Ден соолукка кам көрбөсөң, андан ажырайсың. Бакыт да ээсинен камкордук күтөт. Убакыт өткөн сайын сезим да артат, бири-бириңе мурдагыдан да кам көрүп, аяп каласың.
- Бул кишини мурда саясатчы, журналист катары кандай кабылдар элеңиз?
- Чынын айтсам, таанычу да, кызыккан да эмесмин. Анткени, орус мектепти аяктап, кыргызча гезиттерди окучу эмесмин. Мелис менен таанышкандан кийин "Агымды" калтырбай окуп калгам.
- Мелис мырза сизди кайсы мүнөз-сапаты менен тартты?
- Алгачкы баарлашууда эле эзелки тааныштардай тил табышып кеттик. Жаныңдын жарымы деп коюшат го. Эгер ошол кишини кезиктирсең, түбөлүк бирге болосуң. Адашып кала турган болсоң, үй-бүлө акыры барып бузулат.
- Жети жылда бул кишини толук изилдеп деле бүтсөңүз керек, эл билбеген кайсы сапаты бар?
- Ар бир сапаты элге дайын. Мелис аябай ачык. Айрымдар бул ачыктыгынан пайдаланып да кетишет. Жакшы билген кишилер билет, Мелис эч качан эч кимди сатып кетпейт. Жамандык кылган кишиге да жамандык менен жооп кайтарбайт. Бир ооз айтышы ыктымал, бирок эч качан андайлардын деңгээлине түшпөйт. Бетке айтат, бул сапатынан да көп киши коркот. Журналист катары да чоң профессионал. Бул дагы көп адамдарды чочулатат.
- 2010-жылдын апрелинен кийин бул кишиге кыйын эле болгонун өзү да моюнга алды го... Сиз тараптан кандай колдоо болду?
- Кыйын эле болсо керек, бирок билдирбегенге аракет кылды. Эркек кишинин үйдө иштебей отурганы кыйын эле да. Мурункудай болбосо да айрым достору келип, катышып эле жүрүштү. Жакшы сөзүм, жылуу мамилем, үйдө жакшы атмосфераны сактоо менен гана колдой алдым.
- Балдардын ысымдары неге мынча өзгөчө?
- Уулубуз төрөлгөндө Мелис жаңы Америкадан келген. Ысым коёрдо дароо эле "Адам деп койбойлубу" деп калды. Мага да аябай жакты. Кызыбызга бир айга жакын ойлонуп, ысым тандадык. Туугандардан, тааныштардан сурап, интернетти казып атып, Миэлла деген ысымга токтолдук. Еврей булактарынан "Кудай менен гармонияда жашаган сулуу кыз" деген маанини туюндурат.
- Эмнеге эки перзенттин ысымы тең еврейлерге барып такалат?
- Өзү да тамашалап "евреймин" деп калат эмеспи (күлүп).
- Дагы балалуу болууну самайсызбы?
- Буюрса...
- НТС каналындагы дикторлукту Мелис мырзанын айынан таштадыңыз, ага эч чара көргөн жоксузбу?
- "Иштен туура эмес кетирип атат, соттошобуз" дегенбиз башында. Бирок кайра орношкон күндө да ойлоп көрсөм, этикалык жактан ыңгайсыз сезип калам го дедим. Эфирден ал кишинин (ред. - Ө.Бабанов) ысымын атап, аны мактап кантип чыгат элем?
- Жеке телеканал ачуу туурасында Мелис мырза бир басылмадагы маегинде айтыптыр...
- Андай планыбыз башынан бар. Шайлоо тынч өтүп кетсе, алдыга коюлган максаттарды аткарууга киришебиз.
- Баарлашкан киши дароо байкаса керек, сизде ашкере токтоолук бар экен... Бул табияттанбы же ошондой көрүнүүгө аракет кыласызбы?
- Болгон мүнөзүм ушундай. Тескерисинче, шайыр, ачык болууга аракет кылам.
- Турмуштан өз ордуңузду тапканыңызга бекем ишенесизби?
- Албетте, турмуштан өз ордумду, өз түгөйүмдү, сүйүктүү адамымды таптым деп эсептейм. Жакшы жолдошум, таттуу балдарым бар. Сүйүктүү кесиптин ээсимин. Уулубуз быйыл мектепке барат. Кызыбыз аны көрүп "мен качан мектепке барам?" деп жүрөт.
- Кимиси сизге окшош?
- Экөө тең эле атасынын өзү.
- Кимисинде атасынын мүнөзү, "чымындары" бар?
- Экөө тең өжөр, айткандарын бербейт. Чоң кишиче экөө тең таң калтыра сүйлөп коюшат. Мындан бир аз кичине кездеринде Мелис бала менен бала болуп, алар менен томолоно ойной кетчү. Азыр алар менен чоң кишилерче сүйлөшөт.
- А сизди идеалдуу жубай деп атоого болобу?
- Мен дагы идеалдуу жубай, Мелис да идеалдуу жолдош эмес, бирок биздин кичи мамлекетибиз идеалдуу.

Мээрим АКЫЛБЕКОВА