Балдарга "алиги" тууралуу
качан жана кантип айтуу керек?
"Бул" тууралуу балдарга кантип айтуу керек? Негизи эле айтуунун кажети барбы? Ооба, психологдор айтуунун кажети бар деп эсептешет. Балдар интимдүү темалар тууралуу канчалык эрте маалымат ала баштаса, ошончолук жакшы дешет алар. Бирок баланын ар кандай курагында бул жаатта ар башкача сүйлөшүү зарыл.

2-4 жашында
Бул куракта бала өз денесин өзү тааный баштайт. Жыныстык мүчөсүн ал бул учурда колу, буту жана денесинин башка мүчөлөрү сыяктуу эле кабылдайт. Мындай курактагы балдарга жыныстык мүчөнүн кызматын түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Болгону ага "жүзүм", "кран" деген сыяктуу аталыштарды берүүдөн алыс болуңуз, андан көрө өз аты менен "чочо" деп атаганыңыз оң. Ошондой эле аны башка адамдарга көрсөтпөй, жашырып жүрүү керектигин түшүндүрүңүз.
Ал эми өзүнүн каяктан жаралганын сураган балага "сени картошканын арасынан таап алганбыз" деген жообуңуздун кереги жок. Ал эмне деп айтсаңыз да баарына ишенип алат да, өзүн-өзү өгөйлөшү мүмкүн. Андан көрө баланын тили менен чындыкты түшүндүрүп бериңиз. Өзүнүн сиздин ичиңизге кантип түшүп калганына түшүнбөй жатса, минтип түшүндүргөнүңүз жакшы: "Атаң экөөбүз бири-бирибизди сүйүп, балалуу болууну каалаганбыз. Анан биздин клеткаларыбыз кошулуп, менин ичимде сен чоңойгонсуң. Анан ооруканага барсам, доктур сени ичимден алып чыккан". 2-4 жаштагы балдарга мындан ашык сөздүн кереги жок. Эгер бала жообуңузга канааттанбаса, кош бойлуу аялдын сүрөтүн көрсөтүп койсоңуз болот.

4-7 жашында
Мектепке чейинки курактагы балдар аябай байкагыч жана бардык нерсеге кызыккан куракта болушат. Алар кинолордон төшөктө жаткан түгөйлөрдү көрсө сөзсүз түрдө сурашат. Андай учурда "байке менен эже бири-бирин сүйүшөт, алар балалуу болушат" деп жооп берсеңиз болот. Төшөк оюнунун мындан тышкары адамдарга ырахат да тартууларын мындай курактагы балдарга айтып отуруунун кажети жок. Эгерде балаңыз бала бакчадан интимдүү сөздөрдү үйрөнүп келсе, алгач аны ким үйрөткөнүн тактаңыз. Андан соң ал сөздүн маанисин жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берип, бул сөздү айтса уят болорун айтыңыз.

7-10 жашында
Башталгыч класстын балдары танапис учурунда жаңы фильмдерди, мультфильмдерди гана талкуулашпастан, "алиги" тууралуу да сөз кылышат. Бул курактагы баланын төшөк тууралуу суроосуна "мындай иш менен адамдар балалуу үчүн гана эмес, ырахат алуу үчүн да алек болушат" деп жооп берсеңиз болот. Ошондой эле төшөк оюнун табият атайын аялы менен күйөөсү бири-бирине көбүрөөк тартылып, көп балалуу болуу үчүн жараткан деген ылайыктуу.

10-14 жашында
Бул жыныстык жактан жетиле баштаган курак. Мында балдардын өздөрүнө жат болгон өзгөрүүлөр келип чыгат. Мисалы, эркек балдардын үндөрү жооноюп, кыздардын көкүрөгү чыгып, айызы келип. Уул-кызыңызга мындай нерселер мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин жакшылап түшүндүрүңүз. Анан, албетте, кызыңызга өздүк гигенаны туура сактоону: жыныстык мүчөнү кантип жууп, прокладканы кантип пайдаланууну үйрөтүңүз. Бул куракта бала төшөк оюну адамдарга дайыма эле бала тартуулай бербестигин так билүүгө тийиш. Эгер түгөйлөр балалуу болууну каалашпаса, клеткаларын кошпой деле койсо болорун айтыңыз. Мисалы, эркек жыныстык мүчөсүнө резина мүшөктү кийип алса, анын сперматозоиддери аялдын ичине түшпөй, ошол мүшөккө түшөрүн балага элестүү кылып айтып берүүдөн тартынбаңыз. Ошондой эле венерикалык оорулар тууралуу да бала ушул мезгилинен баштап маалымат ала бергени оң.

14-16 жашта
Биринчи жолугушуулардын курагы. Бул маалда бала төшөк оюну деген эмне экенин толук билүүгө тийиш. Баланын эрте башталган жыныстык жашоосуна бир гана ата-эне бөгөт коё алат. Андыктан, кызыңызга турмушка чыкмайынча жыныстык катышка баруусуна тыюу салыңыз. Уулуңузга болсо презерватив менен дос болуусун сунуштаңыз.

Ата-энелердин эсине:
Бала төшөк тууралуу кандай гана татаал, кандай гана таң калычтуу суроо сурабасын, эч качан жинденбеңиз! Кичинекей балдар да, өспүрүм курактагы балдар да баарынан да ата-эненин каарынан коркушат.
Эгерде балаңыздын күтүүсүздөн берилген суроосуна жооп берүүгө даяр болбосоңуз, "мен ойлонушум керек, бул сурооңо бир аздан кийин жооп берүүгө сөз берем" деп абалдан чыгып кетсеңиз болот. Бирок муну менен кутулуп кетем деп ойлобоңуз. Убадаңызга туруп, балаңыздын суроосуна жооп берүүгө баары бир туура келет.
Балаңыздын интимдүү суроолоруна жооп берүүдө уялып, кызарбаңыз. Күлүп же таң калганыңызды билдирип көзүңүздү алайтуунун да кереги жок. Өзүнүн кайдан жаралганын сураган бала эгерде сиздин кызарганыңызды байкап калса, өзүнүн жарык дүйнөгө келишин кандайдыр бир уят, тыюу салынган нерсе катары кабыл алып калышы мүмкүн. Андыктан, баланын бул жааттагы кызыккан суроолоруна ар качан олуттуу жана ишенимдүү жооп бериңиз.
Баланы атайын маңдайыңызга отургузуп алып мугалимдей болуп бул теманы түшүндүрүп, акырында эмнени түшүнгөнүн кайра суроонун кереги жок.
Бул темага унчукпай коюунун да кереги жок. Ошондой эле: "Муну билүү үчүн сен али кичинесиң. Чоңойгондо өзүң билип аласың", - же болбосо: "Мындай сөздөрдү каяктан үйрөндүң? Чык эшикке!" - деген фразаларды да эч качан колдонбоңуз. Сиз жооп бербей койгонуңуз менен бала баары бир өзүн кызыктырган бул нерселерге башка жактардан жооп таап алат.
Бул жааттагы сүйлөшүүнү узакка созуунун кереги жок, 3-7 мүнөт жетиштүү болот.

Нуриса баялиева