Курмангазы Азыкбаевдин апасы Анипа апа:
"Уулумдун тентектигин эстесем
башым ооруп чыгат"
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, оркестр адамы Курмангазы Азыкбаевдин чыгармачыл жолу, үй-бүлөсү, балдары тууралуу кабарыбыз бар болгону менен анын балалыгы кандай өткөнүн баарыбыз эле биле бербейбиз. "Курмангазынын тентектигине чек жок болчу. Анын үстүнө, ашкере эрке өстүрүп алыпмын", - деп сөз баштады музыканттын апасы.
- Маекти алгач өзүңүздөн баштасак...
- Мен быйыл сексен жети жашка чыктым. Медицина кызматкери болуп көп жыл эмгектендим. Абышкам жыгач уста. Балдарым токтобой отуруп Курмангазы төртүнчү баладан кийин төрөлдү. Улуу баламдын көзү тирүү болгондо быйыл алтымыш бешке карамак экен. Курмангазы төрөлгөндө Бишкекке Казакстандан "Курмангазы" атындагы чоң театр келген болчу. Кишинин көптүгүнөн үч-төрт күн кезек күтүп араң киргенбиз. Ошондон улам уулумдун ысымы театрдын атынан коюлган. Азыр үч уулум, бир кызым бар. Эки балам Нарында, кызым Россияда иштейт.
- Балаңыздын тентектиги бир топ эле болгондур?
- Аны сен сураба, мен айтпай эле коёюн. Кичине кезинде атасы жыгачтан мылтык жасап берчү. Аны көчөдөгү балдарга таратып берип ойнойт, балдар жинине тийсе колдорунан мылтыктын баарын жулуп келип мештин жанына ыргытып ийет. Мен отко жагып салам, эртеси атасы кайра башка жасап берет. Мектепте окуп жүргөндө бардык сабагы "4" менен "5", математикасынан эле "2". Бир жолу жазаламакчы болуп сырттан чыпылдаган чыбык сындырып келип эшикти илдим. Кирээрим менен эле төрдө турган диванга секирип чыгып, андан секирип жүктүн үстүнө чыкты. Таякты булгасам да жетпейм, нары секирип-бери секирип, "апа-а, математикасы жок окуу окуйм" деп безилдеп жатат. Бир маалда башыман өйдө секирип эшикке жетти. Илгичти шашып ачам деп темири колуна сайылып калыптыр. "Апа, колумду илгич тиштеп алды" деп кыйкырганда жанына жетип барып карасам, темири алаканына кирип кетиптир. Баягы жинимдин бири жок, шашкалактап бинт, йод таппай чуркап жүрөм. Азыр ошол күндү өзү эстеп: "Убагында математикасыз билим алам деп бекер айтыптырмын. Нота эсептен да оор тура", - деп калат.
- Адатта тентек окуучулардын ата-энелери мектепке көп чакырылышат эмеспи. Сизчи?
- Курмангазы Чкалов атындагы орус мектепте окуду. Директору немис улутундагы киши болчу. Бир күнү жумушта отурсам мага директордон чакыруу келди. Жанымдагы чогуу иштеген келиндер "директор өзү конокко чакырып жатса устуканыңдан ала кел, биз да ооз тиели" деп тийишкен бойдон калышты. Бардым. Бир стакандан кофе ичтик. "Жүрүңүз, сизди бир жакка алып барайын" дегенинен таң калдым. Мектептин чоң залына алып кирип, "төбөсүн караңыз" деди. Үстүн карасам, Коля деген чо-оң жазуу турат. Көрсө, ручканын сыртынан түтүкчө кылып, пластилинди тоголоктоп кирген сайын түкүрө берчү экен. Бара-бара Коля деп жазганга да жетишиптир. Аны туурап балдардын баары тамдын бооруна түкүрүп булгашыптыр. "Анипа эже, эми муну сиз актайсызбы же мен актаймбы?" дегенде уялганымды сураба. Абалымды сезди окшойт, "абышкаңыз уста эмеспи, тактайдан күйгүзүп оюу жасап берсин" деп суранды. Ошентип, мен актабай кутулганыма сүйүндүм, директор болсо абышкама бир топ ишин бүтүртүп алганына сүйүндү.
Үчүнчү класс кезинде гезитке кумду суулап ороп, тогузунчу класста окуган баланы ошону менен мурунга коюптур. Анысын бизге айтмак беле, үйдө отурсак энеси кыйкырып баласын ээрчитип келиптир. Баласынын мурду сынып кетиптир, кан шорголоп агып жатат. Энеси сөгүп жатат, коркуп үйдөн чыкпай отурам. Абышкам кечирим сурап, бөжөңдөп жатып "Тез жардам" чакыртты. Мен иштеген жерге алып барып бир жума дарылап, кечирим сурап араң кутулганбыз. (Күлүп) Болду айланайын, Курмангазынын тентектигин эстеп отуруп башым ооруп чыкты.
Мага караганда атасы көп эркелетип кол тийгизчү эмес. Негизи эле баланы эрке кылган болбойт экен. Мен какыс-кукус кылганыма болбой атасы болушуп турчу. Ал үйдө жок кезде уруп койсом "атам келгенде сага көргүлүктү көргөзөт" деп кайра мени коркутчу. Сегизинчи классында жиним келип, барып оңолуп келсин деп армияга жаздырып койгом. Аны атасы билбейт болчу. Военкоматтын экинчи бөлүгүнө чакырылганын атасы угуп калыптыр, кыйкырып-өкүрүп мени урушуп жатат. Абышкам сөгөнөөк болчу, бир сыйра сөгүп алып, военкоматка барып өзү документтерин алып келген. Кийин өз убагы келгенде Германияга барып кызматын өтөп келди.
- Музыкага жакын баланын жан дүйнөсү назик болчу эле го. Мынчалык шок бала кантип чыгармачыл дүйнөгө аралашып калды?
- Курмангазынын музыкага болгон шыгы тентектиги менен кошо өнүктү. Кичинесинен эле кыңылдап ырга жакын болчу. Алгач музыкалык аспапты колуна үчүнчү классында кармады. Аккордеондон баштаган, бирок ал оордук кылдыбы, кийин комуз менен гитарага өттү. Бешинчи классында гитараны мыкты чертип калган болчу. Ошондон ары эле ушул таланттын аркасы менен кетти. Негизи, мен ырдаганда заңкылдап үнүм бийик чыгат. Акырын ырдай албайм. Энем дагы чоң кошокчу болгон экен. Канына тартты окшойт, мектепте балдардын арасында сынак жүрүптүр. Анын беш-алтоо жарап, арасында Курмангазы да бар. Шаарга келип Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырды. Ал кезде там салып жатканбыз, балдар менен окууга барам дегенинен "окууга барганды коюп атаңа үй салышканга жардам берсең боло" дедим. "Атам өзү бара бер деди" деп моюн толгойт. Анда мен да унчукпай калбай "барган окууңан кулап калсаң экен" дептирмин. Кийин өтөөрү менен телефон чалып "апа, сиздин каргап-шилегениңизге карабай өтүп кеттим" деп жатпайбы. Жөн эле сүйлөп койдум эле деп актанып жаман болбодумбу. Үйдө үндүк-тоок, коён өңдүү майда жандыктар көп болчу. Балам окууга өттү деп атасы экөөбүз сүйүнүп колго тийгенин союп, бир казан куурдак жасап кошуналарды чакырып майрамдаганбыз. Студент болуп эс тартканда баягы шок мүнөзү калып, кичине бизден алыстап кагылып-согулуп киши болуп калды.
- Атасын тартып усталыкка эби барбы?
- Көңүлү кармаса жыгачка бир нерселерди күйгүзүп чиймелеп, кээде "атам ушуну эринбей кантип жасачу эле?" деп сүйлөнүп калат. Андай деле шыктуу эмес, бирок колунан аз да болсо келет.
- Азыр уулуңуздукуна канча убакта бир келип турасыз?
- Мен башым оогон жакка кете берем. Үч келиним тең Кудайга шүгүр, жакшы. Келинди жакшы кылыш кайненеден эле экен. Бирдей мамиле жасап, биринин сөзүн бирине ташыбасаң, бооруңа тартып жылуу мамиле жасасаң эле келин деле өз балаңдан кем эмес боор толгоп турат. Кайсы келинимдикине барбайын ысык чайы, тамагы даяр. Жаркылдап тосуп алышат. Азыр айылчылай турган эле курактамын да. Карыган сайын жаталак болуп калат экенсиң. Келгенде деле эч нерсе кылбай жата берем. Курмангазынын үйүнө бир жылдан бери келе элек болчумун. "Нурайым турмушка чыгат, келиңиз" дешкенинен келдим. "Ысыкта кыйналып эмне кыласыз барып, тойго жакын эле барыңыз" деп уйдөгү уулдарымдын жибергиси жок. Келиним "эч кимисинин тилин укпай таксиге отуруп келе бериңиз" дегенинен келип алдым. Анын үстүнө, Нурайка башка неберелериме караганда мага жакын. Курмангазы жаш турмуш курду. Жубайы экөө жумуштары менен Түштүк Кореяга жөнөп калышты. Ошол кезде Нурайдын бир жаш үч айлык болгон кези. Келе жатканда алып кетебиз дегенинен макул деп кала бердим. Эки-үч ай өттү, дайындары жок. Көрсө эбак эле Бишкекке келип иштеп жатышкан экен. Берем деп өзүм алып келсем Нурай ата-энесине жолочу түрү жок. Кайра алып кетип алты жашына чейин бактым. Жаныма ынак, апакелеп бат-бат эле үйүнө чакыра бермейи бар.
- Анда небереңизге септи өз колуңуз менен камдаган экенсиз да?
- Уулдарымдын үчөөнө тең оокатты өз колум менен жасап бергем. Мурдараак жасап койгон шырдак, жууркандарымды келиним жакшы сактаптыр. "Апа, өз колуңуз менен арнап жасаган жуурканыңызды берем" деп жатат.
- Кичинесинде шок болгон уулуңузга азыр кандай мүнөздөмө бересиз?
- Курмангазы азык-айрым, тамашакөй. Ашкере эркелетип баккангабы, өжөр. Эрке өскөн бала бир чети түнт болбой ачык-айрым өссө, бир чети өзүм билемдикке салып калат экен. Азыр да оюндагысын бербейт. Кээде мени менен кеңешип калса, "балам, өзүң бил" деп коём. Анткени, баары бир айтканын иш жүзүнө ашырмайын жаны тынбасын билем да.

Аймээрим Курбаналиева