Татаал тагдыр
(Башталышы
өткөн санда)
Алина каза болгондон бери жарым жыл өттү. "Мезгил баарын дарылайт" дегендей, бара-бара Султандын да жүрөгүндөгү эски жараат айыга баштады. Алтургай эми кайгысын биротоло унутууну, жаңы жашоо баштоону ойлоду. Дал ушул ой Гуляга телефон чалууга түрткү берди. Чындыгында, аны менен көптөн бери байланыша элек болчу.
Сабактан жаңы келип тамактанып жаткан Гуля телефону шыңгыраганынан улам алса, Султан экен. Сүйүнүп кетти.
- Алло, Султан, бул сенсиңби? Сени чалат деп таптакыр ойлобоптурмун,- жан-алы калбай кетти Гулянын.
- Ооба, менмин. Кандайсың?
- Жакшы. Сенин үнүңдү уктум. Эми андан да жакшы болот,- тамашалай күлө сүйлөдү кыз.
- Эмне кылып жатасың? Бошсуңбу?
- Бошмун. А эмне болду?
- Жолуксакпы дедим эле.
- Тамашалап жаткан жоксуңбу?- Гуля уккан кулагына ишене алган жок.
- Чын сөзүм. Таза абада сейилдеп бассакпы дегем.
- Анда азыр чыгам.
Ичип жаткан тамагын таштай салып, тез-тезден кийинди да, болжошкон жерге келди кыз. Султан эбак эле келип күтүп туруптур.
- Экөөбүз акыркы жолу жолугушканда мени көрөйүн деген көзүң жок эле. Ошондон кийин кайра минтип көрүшөбүз деп ойлогон эмесмин,- деди Гуля кубанычын жашыра албай.
- Анда ошого себеп бар болчу.
- Билем. Сүйгөнүң бар эмес беле.
- Азыр аны эстөөнүн кажети жок.
- Болуптур, айтканыңа ишенейин. Башкысы, азыр менин жанымдасың. Бул мен үчүн өтө маанилүү.
Бир топ убакыт сейилдеп басышкан соң экөө кафеге кирип тамактанып чыгышты. Караңгы кирип калыптыр.
- Мен жаңы жашоо баштагым келет, Гуля. Баарын актай барактан,- деди Султан эми гана ачык кепти баштап.
- Туура кыласың. Жигит дайыма оптимист болуусу керек.
Дал ушул учурда капыстан көз алдына Алинанын элеси тартыла калды. Башын мыкчый, оор үшкүрүп жиберди Султан. "Мени кечир, Алина. Сен түбөлүккө жүрөгүмдө жашайсың. Бирок тирүүчүлүк деген башка экен. Жашоомду андан ары улантышым керек. Туура түшүн". Алинанын арбагынан кечирим сурады Султан. Анан жанында катар басып бараткан кызды токтото калды.
- Гуля, мага жардам берчи. Кыйналып кеттим.
- Сага эмне жардам керек?- таң кала түштү кыз.
- Өткөндү унутууга көмөк кыл.
- Кантип?
Султан жооп ордуна Гуляны кучактай калып өөп алды:
- Жүрү, тигиндейрээк баралычы. Ал жакта киши жок көрүнөт.
Кумары ойгоно түшкөн жигит кыздын макулдугун күтпөстөн жетелеп жөнөдү да, өзү айткан жерге жетери менен көк шибердин үстүнө басып жыгылды.
- Коё бер! Бул эмне кылганың?
- Гуля…
- Эсиңе кел, Султан! Тийбе мага!
- Сен мени сүйөсүңбү? Чыныңды айтсаң.
- Ооба, бирок…
- Анда каршылык кылбачы, өтүнөм.
Султандын айтканына муюй түштүбү, айтор Гуля чын эле эми каршылык кылганын токтотту. Бул жашоодо өздөрүнүн бар-жогун да унутуп, камырдай жуурула кумарга батып жатышты эки дене…
***
Гулянын бул бактысы көпкө созулган жок. Ошол окуядан кийин эки-үч күн өтүп-өтпөй тагдырында дагы бир бурулуш болуп өттү. Бул күнү Гуля сабактан жаңы эле келип, босогону аттап жаткан.
- Ырас эрте келбедиңби, кызым. Адис ата-энеси менен колуңду сурап келиптир. Баарыбыз сени күтүп жаттык эле,- деди күлүңдөгөн апасы Лира астынан тосуп чыга.
Мындайды күтпөгөн Гуля турган ордунда ката түштү.
- Адиспи?
- Бут кийимиңди чечип үйгө кирчи. Анан сүйлөшөбүз.
Кирсе коноктор дуулдап жатышкан экен. Эбак дасторкон жайылып, ичип-жеп, алтургай алды кызый түшүптүр. Көзүнө дароо Адис урунду. Аны көргөндө кимдир бирөө үстүнө муздак cуу сепкендей ичиркенип алды кыз.
- Оо, кызым келди. Келегой, биз менен чогуу отурчу. Чай ич. Каалаганыңды ичип-же,- атасы Турар божурап кирди.
- Кандайсың, Гуля?- учурашымыш болду дасторкон жээгинде отурган Адис.
- Жакшы,- маанайы пас Гуля угулар-угулмаксан үн менен жооп берди.
Бир аздан соң Турар кызына кайрыла сүйлөп, чоң кепти баштады:
- Кана, берекем, эми менин сөзүмдү ук. Бул кишилер сенин колуңду сурап келишиптир. Көргөн-билген, тааныган жер. Жакшы адамдар. Адисти да билебиз.Сени эч нерседен кор кылбай багып ала турган жигит. "Тең теңи менен, тезек кабы менен" дейт. Кыскасы, өзүбүзгө тең жер. Кыздын барар жери күйөө, балам. Эртеби-кечпи, башкысы, бактылуу болсоң болду. Бизге ошол эле керек. Ата-эне балага жамандык каалабайт, кызым. Туура түшүн.
- Муну менен эмне дегиңиз келип жатат, ата?
- Биз, ата-энелер макулдашып койдук. Ушул аптанын аягында той болот деп чечтик.
(Уландысы кийинки санда)




  Бийкеч

Кайрат кызы Мунара
(Башталышы
өткөн санда)
Айбек там-туң басып калган кезде ата-энеси ажырашып кетип, бала атасында калды. Мектепке киргенче чоң ата-чоң эненин колунда өсүп, жетиге чыкканда атасы Балыкчыга алып келип алды. Ал учурда атасы экинчи турмуш куруп, бир кыздуу болуп калган эле. Өгөй апасынын Айбек курдуу уулу бар экен, экөөнү биринчи класска чогуу киргизишти. Бирок эки бала бир үйгө батышпай, Айбек өгөй энеден да, өз атасынан да көп таяк жеп, жеме укчу болду. Абышка-кемпирдин койнунда жатып, эрке-талтаң болуп өскөн балага бул аябай эле өөн учурап, уруш уккан күндөрү ызаланып, жашын чууртуп: "Чоң ата-а, кайдасың? Мени алып кетсең боло?"-деп ыйлар эле. "Силердиби, шашпагыла, Эрланга болушуп, мени жаман көрүп атасыңарбы?! Чоң атам келсе баарыңарды айтам!"-деп кичинекей муштумун түйүп, солуктап атып уйкуга кетчү.
- Уңулдаган чечек десе! Кошуналар укса, баягы Айша өгөйсүнтүп байкуш баланы уруп-сабап күн көргөзбөй атат деп айтып атышат го. Кайра эле айылга, апамдарга берип койсок кантет? Бизге баш берчүдөй эмес. Эрланды да кечээ таш менен уруптур, баламдын чекеси томуюп жүргөнүн көрдүңбү?-деди бир күнү өгөй апасы атасына. Муну угуп калган Айбек тып басылып, атасынын оозунан кандай сөз чыгар экен деп тыңшап калды.
- Койчу, Айшаке, ошол кантип болсун! Атамдар го сүйүнүп эле алышат дечи, бирок… "Карып-арып калдык, сабагына көңүл бөлө албайбыз го, баланы өзүң тарбияла" деп атайын беришсе... Алар эмне ойдо калышат? Ага-тууган эмне дейт? Өз баламды өзүм эле чоңойтоюн. Эмитеден колума албасам, кийин бул мага даана баш бербей калат. Айылдан көзүн карап, жеке макоо болуп өскөн неме көнө албай атпайбы. Аз-маз чыдасак, экөө бири-бирине үйүр алып кетишет, көрөсүң го. Мен деле жакшы эле тыйып, какыс-кукус кылып коюп атам го,-деди атасы апасына жалооругандай үн катып.
- Мейлиң, өзүң билесиң дечи. Мен деле жакшы эле боорума тартып, мээримимди төгүп атам. Бирок эскертип коёюн, балама колу дагы бир жолу тийсе тим эле… Мага ошондо таарынба!-деген апасынын сөзүн, атасынын сөзүн угуп, баланын бүркөлүп турган кабагы жарк эте түштү. "Эгер Эрланды сабап салсам, анда апасы мени айылга атамдарга сөзсүз кетирет. Мага таарынба деп атпайбы",-деди бала кыялга батып.
Эртеси таттуу уйкуда жаткан Айбекти Эрлан жулкулдатып: "Тур, апам тургуз деди. Сенин айылыңа барган атабыз. Чоң атаң өлүп калыптыр",-деп ойготту.
Бала үчүн жанындай жакшы көргөн чоң атасынан айрылуу чоң сокку болду. Түнт тартып, эч кимге батынып бара албай, сүйлөй албай, өзү менен өзү болуп калды. Айланып-кагылып турчу чоң апасы гана анда-санда боз үйгө кире калган баланы алдына алып, туурулган алаканы менен чачынан сылай: "Тамак ичип атасыңбы? Ай, сырттагы келин-кесекке айтып койгулачы, балама шорпо-шилең куюп беришсин",-деп калганда келини Айша кемпирди жактырбагандай кага сүйлөп:
- Апам тим эле… Балдар эмнени ичсе чогуу эле ичип, балаңыз каралып эле атат. Бизге ишенбесеңиз, анда алып калып айылдан окутуңуз,-деди учурдан пайдаланып көкүрөгүндөгүсүн айтып калайын деген ойдо.
- Менин оюма коюшса алып эле калат элем. Бирок минтип кайсы күнү абышкамдай болуп ажалга жетеленип кетээр экемин деп жашап атсам, балага кыйын болуп калат го дейм. Келечегин ойлоп, атасы менен өссүн деп айлабыз жок эле бергенбиз, кагылайын. Эки ортодо өскөн бала эки жактын тең сөзүн укпай, ортодо бала да, биз да кыйналып калабыз го. Бири-бирибизге ишенип атып тарбия бере албай калсак, өзүм билем болуп өскөн баланы кийин кандай тагдыр күтөт, ким билет. Эгер күч келтирип атса анда айт, атасына айтып алып калайын,-деди кыраакы кемпир келининин оюн дароо түшүнүп. Айтарын айтып алып, өкүнүп калган келин бул сөздү угуп чочуп кетти. Атасынан айрылып, каңырыгы түтөп турган күйөөсү муну укса… Чоң уруш чыгарышы мүмкүн эле.
- Жок, апа, алып эле кетебиз. Кылыч турганда мага Айбек ким, Эрлан ким? Экөөнү бөлүп карабайм, бирдей көрөм,-деди күйпөлөктөй.
Бирок кайра Балыкчыга кайтар күнү бала чырылдап, кемпирдин этегине жармашып ыйлап, ага карабай жулкулдатып кармап келип машинага салмакчы болгон атасынын колунан бошонуп алып кошунанын короосуна кире качкан. Аттын акырындагы чөпкө жашырынган баланы издеп таппай калган атасы "мейли, калса калып турсун, атамдын кыркылыгына келгенде алып кетебиз" деп кетти.
(Уландысы кийинки санда)