Байышыңызга нумерология жардам берет
Акчаны чогултуу, сактоо, көбөйтүү, дегеле жалпы акча темасы тээ алмустактан ушул күнгө чейин ден соолуктан кийинки эле маанилүү орунду ээлеп келатат. Андыктан, анын тилин билүү эч качан ашыкчалык кылбайт. Канча акчаны карызга берүүгө болбойт? Канча акчаны банкка сактаса жакшы көбөйөт? Жети адамдан турган топ биргелешип акча чогултса эмне болот? Бул суроолордун баарына акча нумерологиясы жооп берет.

Сандар магиясында бул сандардын орду жок. Булар жөн гана математикалык сандар. Андыктан, булар тууралуу сөз жок.


"Эки" саны кедейликтин белгиси болуп эсептелинет. Бул сан бөлүштүрүү, берүү, курмандыкка чалуу дегенди түшүндүрөт. Эгерде кимдир-бирөөгө 20 (200, 2000, 20 000) сом карыз берсеңиз, аны кайтарып алууга кепилдик жок. Карыз алган адамга да ошол акча жукпайт. Эч нерсе деле сатып албайт, бирок кумга сиңген суудай эле жок болот. Маяна тууралуу сөз болуп жатканда да жогорудагы сандардан абайлаңыз. Маянаңыз бул суммадан жүз сомго болсо да көп же аз болсун. Ал эми мындай суммага сатып алган буюмуңуз сиз үчүн керексиз болуп калат же кайгыңызга себепкер болот. Мындан тышкары, акчаны бир убакта эки капчыкка, эки банкка сактоого болбойт. Кыскасы, "эки" саны - алдамчылыктын, шылуундуктун, уурулуктун символу.


"Үч" саны көбөйүүнүн, кеңейүүнүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, ошондой эле кыймылдын белгиси. Мындай суммадагы акча кандай тез көбөйсө, ошондой тез коройт, такыр чогулбайт. Бирок 30 (300, 3000, 30 000) сом карызга бергенге ылайыктуу. Англиялыктардын "бир эле адамга үч жолу карызга акча берүү керек" деген ырымы да жөн жеринен чыкпаса керек. Эгерде лотерея сатып алууну чечсеңиз, дароо эле үчтү сатып алыңыз. Бул сиздин мүмкүнчүлүгүңүздү он эсе жогорулатат. Мындай суммадагы акча менен бардык коммерциялык иштер ийгиликтүү башталат.


"Төрт" саны туруктуу материалдык абалды, орто деңгээлдеги жетишкендикти билдирет. Бул сиздин маңдай териңиз менен тапкан айлык маянаңыз же пенсияңыз болушу мүмкүн. Эгерде сиз 40 (400, 4000) сомду сактасаңыз, ал өзүңүз алдын-ала пландаган учурга чейин иштетилбейт. Төрт адамдан турган топ ишенимдүү бизнес баштай алышат. Төрт - бул туруктуу абал, андыктан, эгерде маянаңыз 4000 сом болсо, анын жогорулашын көпкө күтөсүз. Жалпысынан, бул сан чийиндин ичин элестетет, материалдык өсүштүн жоктугун туюндурат.


Бул сан сиздин акча иштеп табышыңызга жардам берет. Мындай суммадагы акчаны короткондон коркпоңуз, анткени, дал ушул коротуу менен сиз келечектеги капиталыңызды түптөйсүз. Аны баары бир чогулта албайсыз, чогултканыңыз менен тез эле короп кетет. Эгерде эс алууга, көңүл ачуу үчүн кафе-ресторандарга, саякатка бара турган болсоңуз, 500, 5000, 50 миң сыяктуу акчаларды жаныңызга алыңыз. Ошондой эле белек алууга да ушундай "бештиктерди" жумшаңыз. Эсиңизде болсун, "5" деген сан акча жаатында сизге бакыт алып келет.


Алты - режим менен иштеген айлык маяна. Бул сан эч качан чогулбайт, банкка топтолбойт. Анткени, анын табылганы табылгандай эле орду-орду менен коротулуп турат. Мындай суммадагы акча тапкан адам - өзүнүн жөндөмү, акыл-эси, маңдай-тери менен акча тапкан адам. Алты адамдан турган адамдар биргелешип акча чогултушса, анын акыры ийгиликтүү болот.


Жети - акча жаатында анча деле ийгиликтүү сан эмес, атүгүл кээде зыян алып келиши мүмкүн. Бул сан эч качан жетиштүү жашоо алып келбейт. Мындан тышкары, ал ортодогу мамилени бузат, алдамчылыкка алып барат. Жети адамдан турган топ кандайдыр бир бизнес баштаса, андан эч кандай жыйынтык чыкпайт.


Сегиз - түгөнбөстүктүн, чексиздиктин саны. 80, 800, 8000... сыяктуу сандар бир нече жерден акча түшүп турарынан кабар берет. Ошондой эле "сегиздик" акча алмаштыруучу жайлардын ээлерине, алтын менен иштеген адамдарга ийгилик алып келет.


9, 90, 900, 9000 сыяктуу суммадагы акчалар менен байланышпай эле койгон оң. Мындай сумма эч кимге ашыкча дүйнө алып келбейт. Мындай сумманы жардамга муктаж адамдарга берүү ыңгайлуу.


Сауле СУЛАЙМАНОВА