"Ала-Тоо" маалымат-программасынын диктору Кыял Шаршеева:
"Айтматовдун портретинен
жардам сурачумун"
"Басканы сонун маралдай, биздин Ала-Тоонун кыздары, ай",- деп ыр саптарында камтылгандай, КТРдин "Ала-Тоо" мааалыматтык борборунун диктор айымдары биринен-бири өткөн сулуу, жылдыздуу, келишимдүү. Бизде конокто жакында кайрадан сүйүктүү ишине кайтып келген диктор айым Кыял Шаршеева.
- Кыял, сиздин алтындай болгон ата-энеңиз, медер туткан бир туугандарыңыз тууралуу кептин башын баштасак...
- Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Балтабай деген айылы - менин туулган жерим. Ал эми орто билимди Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы лицейден алдым. Өзүм үч бир тууганмын. Менден сегиз жаш улуу байкем жана сегиз жаш кичүү сиңдим бар. Байкем Көлдө, бала-чакалуу болуп апамды багууда. Апам көп жылдар мугалим, мектепке директор, завуч болуп иштеген. Тилекке каршы, атамдын көзү өтүп кеткенине 3-4 жылдын жүзү болду. Сиңдим болсо студент болуп менин колумда.
- Журналистика тармагына кандайча келип калдыңыз?
- Журналистикага аралашып, КТРге иштеп калышыма жолдошумдун салымы зор. Алгач ал түрткү берген. Караколдон жогорку окуу жайын бүтүп келип, борбордогу Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеп калгам. Ошол жакта иштеп жүрүп, кандидаттык диссертациямды баштап атып Кайратка кокусунан жолугуп калдым. Аны тааныйт болчумун, анткени, экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Менден беш-алты жаш улуу болгондуктан, агай деп кайрылчумун. Аны жолдошум болуп калат деп эч ойлогон эмесмин. Сыягы, үй-бүлөсү бар болсо керек деп жүргөм, бирок кызыгып деле сурабапмын. Кээде "жигитиң барбы?" деп сурап калса, "жок, азыр эрте, буюрса, 3-4 жылдан кийин ойлоном го" деп чын ыкласымдан жооп бергенимди кантейин. Китеп сурап, агай катары сүйлөшүп жүрдүк, анан эле бир күнү айтпай туруп ала качып кетип, ошону менен бирге түтүн булатып жашап калдык. Антсе да Кайрат менен мени кошуп, бир бүтүнгө айлантып, бир үй-бүлө кылганына Кудайга миң мертебе ыраазымын.
Анан бир күнү Кайрат "сенин алып баруучулук шыгың бар, КТРге барып өзүңдү сынап көрбөйсүңбү" деп калды. Өзүм дагы студент кезде Ысык-Көл облустук телевидениесине барып стажировкадан өтүп, телевидение жөнүндө түшүнүгүм бар болчу. Ошентип, КТРге жолдошум алып барды. Мырзакул Мамбеталиев, Бердибай Саматов агайларга сынатып көрдү. "Жарайт, кыска жаңылыктарга чыгаргыла. Бир аз көнсүн. Тажрыйба топтогондон кийин чоң эфирге чыгат",-деп Мырзакул агай айтары менен мени даярдап, кыскача жаңылыктар топтому менен эфирге чыгарышты. Ошол күндөн баштап азыркыга дейре иштеп келем.
- Эгер диктор болуп калбасаңыз сизди кайсы чөйрөдөн көрө алмакпыз?
- Негедир апам мени сот кылгысы келе берчү. Чолпон Баекова эфирден чыкса апам: "Көрдүңбү, сен да ушу эжекеңе окшогон сот болосуң, ээ?"-десе ойлонуп калчумун. А мен өз ичимден чыгармачылыкты жактырып жүргөм. Демек, мени сот системасынан көрмөк болушуңуздар керек.
- Кыз кезектеги мүнөзүңүз менен турмушка чыгып эне болгондогу мүнөзүңүздөн айырмачылыктар байкалдыбы?
- Студент кезде оюн десе оюнга тойбой, шаң десе щаңга тойбой турган шатыра-шатман кез эмеспи. Ал кезде шайыр болуп, группалаштар, достор менен шаңдуу жүрчүбүз. Улам жыл өткөн сайын улам токтоо тартып баратам. Азыр керек болсо катуу чыккан музыканы деле сүйбөй калдым. Үйдө сиңдилерим музыканы катуу чыгарып угушса да уккум келбей кетет. Бара-бара келечекти, жашоону ойлонуп, ойчул тартып калат экенсиң.
- Мектептеги Кыялды кандай элестетсек болот?
- Ал кезди классташтар, мугалимдерим жакшы билишсе керек. Эл сыяктуу эле мектепте окудум. 10-11-класста окуп жүргөндө олимпиадага баргандарды сабактардан бошотуп, даярдашар эле. Ошондо мен кыргыз тил, адабиятын тандап алып, таңдан кечке ошол сабактарды окуп чыкчумун. Олимпиада болордо класстын дубалында илинип турган Касым Тыныстанов, Чыңгыз Айтматовдун портреттерине карап, "силер дагы жардам берип койгулачы" деп алар түшүнүп койгонсуп, жардам сурап кайрыла берээр элем. Азыр эстесем күлкүм келет.
- Атына жараша заты демекчи, кыялыңыз бир топ эле болсо керек...
- Кыял жок деп айтпайм, бар. Бирөө тийишсе, анын сазайын жакшы эле берет болушум керек. Бирок жолдошум "аябай ак көңүлсүң, ошентсе да жиниңе көп тийбеш керек" деп калат. Жылым ит да, анда мен "бирөө каппаса, бирөө тап бербесе каппайм" деп күлүп калам. Кээ бир туугандарыбыз "сенин мүнөзүң аябай табышмактуу, жакшы көрүп атасыңбы, жаман көрүп атасыңбы, билбейбиз" деп таң кала беришет. А мен ички эмоциямды сыртка чыгарбай сабырдуу болгонго аракет кылам. Көп жагымсыз нерселерди, ачуумду сабырдуулук менен жеңем.
- Достор, курбуларыңыз менен шаңдуу кечелерге барып, көңүл ачкан учурлар болобу, дегеле эс алуу убактысын кандай өткөрөсүз?
- Учурда кызым менен өткөн ар бир мүнөтүм эс алуу болуп атат. Кош бойлуу кезимде деле достор менен эс алган жокмун. Мурун төрөгүчөктү, "Ала-Тоодо" иштеп жүргөн алгачкы жылдарда шаңдуу кечелерге ар бир майрам сайын барчубуз. Азыр декреттен кийин жумушка чыккан соң менин кызыкчылыгымдын башкача болуп калганын байкадым. Негедир үйгө шашып, кызымды көргүм келип турат. Кызымды таштап коюп шаңдуу кечелерге деле баргым келбейт. Кээде "мындай көрүнүш жаш өткөндөнбү же эмнеден?" деп ойлоп коём.
- Жумушка чыктыңыз, кызыңызга "нянка" жалдадыңызбы?
- Бала баккыч жалдаганга деле мүмкүнчүлүк бар, бирок аларга ишене бербейм. Кызым али кичине, сентябрда бир жашка араң толот. Азыр түшкө дейре өзүм эле карап, жумушка кеткенде туугандардын кыздары, сиңдилерим карап жардам берип атышат. Азырынча өзүм эле багам го.
- Дагы канча балалуу болгуңуз келет?
- Өткөндө бир тааныш эже "эми эптеп бир эркек төрөп ал" деп атпайбы. Анда мен "эптебей эле үчтү төрөйм го" деп күлдүм. Жок эле дегенде дагы үч бала төрөгүм келет. Кудайым буюрса, эки кыз, эки уулдуу болуп, ошолордун жакшылыгына жолдошум экөөбүз күбө болсок деген тилектерим бар.
- Балаңыз менен үйдө отурганда жумушта жүргөн жолдошуңузга карата кызганыч сезимдери пайда болгон жокпу?
- Мүмкүн удаа-удаа төрөп, көпкө үйдө отуруп калган айымдар кызганышар. Бизде анчалык кызганычтын азабынан уруш-талаш болгон эмес. Бирок "ишен, бирок текшер" дегендей, бири-бирибизге ишенебиз. Ошого карабай, кээде кечигип баштаганда текшерип: "Каяктасың?Кимдер менен жүрөсүң?"- деп текшерип коймой жайым бар. Мен сыяктуу Кайрат деле "кимдер менен жүрөсүң?"- деп сурап коёт. Эч качан сыртына көп нерсени чыгара бербейт.
- Сизге сынды ким көп айтат жана сынды кандай кабыл аласыз?
- Айтылган сынга карап түздөнүп алса болот. Мен бардык сынды катары менен кабыл ала бербейм. Жакын адамдарымдын эле сын-пикирлерин кабыл алам. Билем, кимдер чын дилинен айтып атканын. Жумуш жагынан көбүнчө жолдошумдукун кабыл алам. Профессионал жетекчилердин, бир туугандарымдын, жакын адамдарымдын сындарын туура кабыл алам жана угам. Кээ бири туура эмес сын айтышат. Аларга деле кабыл алган киши сымал рахматымды айтып коём. Укканым менен жан дүйнөмдө өзүм иргейм. Жакында диссертациямды жактаганда ошол жакта илимпоздор тарабынан илимий ишиме көптөгөн сындар айтылды, кээ бирлери макташты. Мен сын айткандарга рахмат айтып, кетирген катачылыктарымды оңдойм десем, берки мени мактап аткандар таарынып атышпайбы "сенин ишиң бизге жагып мактасак, сен сын айткандарга ыраазы болосуң да" деп.
- Стилиңизди өзгөртүүнү ойлондуңуз беле?
- Стилди өзгөрткүң келсе, азыркы заманда беш эле мүнөттүк иш, бирок мен стилимди өзгөртпөй нукура, табигый болуп жүргүм келет.
- Маегиңизге рахмат! Ишиңизди ийгилик коштосун!

Аймээрим Курбаналиева