Ажырашуу
таңы
- Жаным, мени түшүнчү, суранам!
- Ушундай акыбалда таштап кетээриңиз үч уктасам түшүмө кирбептир. Мен сизди чындап сүйгөм...
- Мышыгым менин, быйпыйым менин, мендей келесоону кечирчи.
Кырктын кырынан өткөн киши жаш балача көз жашы кылып, суйкайган сулуу бийкечтин астына башын жөлөй, эки колун кыса бек кармап кечирим сурагандан тажабады.
- Мейли, менден ажырагыңыз келсе, бүгүнтөн баштап экөөбүздүн жолубуз эки башка.
- Жаным, антпечи. Эмне десең баары менен камсыз кылайын. Унааңды башкага, батириңди заңгыраган жер тамга алмаштырайын. Болгону менден кол үзбөчү.
Кара каш сулуу кашын серпе, астында чөгөлөп отурган атасынан саал кичүүрөөк мырзаны жек көрө тигилди.
- Сиз анык акмак экенсиз. Ойлоп жүрсөңүз керек мени акчанын артынан ээрчиген кыз деп. Байлыгыма, бийлигиме карап жандап жүрөт деген кыска ой менен жүрүптүрсүз. Ушул убакытка чейин баамдабаганымды кантейин. Бул сиздин чоң жаңылышканыңыз экенин айта кетмекчимин. Мен сизди жүрөгүмдөн чыккан аруу таза сезимдер менен чын дилден сүйгөм.
- Сүйсөң эмне болду?
Ал жалооруй селкисине тигилди. Кыздан жакшы кеп, канааттандыраарлык жооп уккусу келген.
- Бирок мен жашырынган катын болуп, качан келет деп өмүр бою күтүү менен күн кечиргим келбейт.
Кыз мөлтүр жүзүн жашка чайыды.
- Макул, сен каалагандай болсун. Бирок кайын-журтумду билесиң. Мени жек көрүшөт. Кызынын көзү түз болгону үчүн кың дей алышпайт. Эгер кызынын ою мага бузулса, бийлик алмашып, ээрден кыйшыйып турганда мени жеңил жол менен оодарып түшүшөт...
Көпкө баарлашып, акыры кызды чын дилден сүйгөнү менен баары бир үй-бүлөсүн таштап ага кете албасын айтып, экөө ал күнү ажырашуу таңын атырышты.
"Бала сени жактырат экен..."
Жамал кечээ уктабаганга башы ооруп, ашканада апасынын сүйлөгөн сөздөрүнүн теңинен көбү башына кирбеди. Ыйлагандан улам кызарган көзүн апасынан жашырып, башын ийкегилеп тим болуп жатты.
- Атаң экөөбүз макул болуп койдук. Бала сени жактырат экен. Мындан бир-эки жыл мурун байкеңдин тоюнда көрүп жактырып калган имиш. Анын үстүнө, жашың деле келип калды. "Кичүүбүздүн орун-очок алып турмуш курганын көрүп өлсөк, бизде арман жок",-деп атаң кудуңдап жүрөт.
Жанатан бери кеп төркүнү эмне тууралуу болуп атканын Жамал эми түшүндү.
- Кандайча? Мени менен бир ооз кеңешип койбойт белеңер же мени эсепке албай калдыңар беле?
Акыл-эс киргени кыздын энесине катуу айтканы ушул болду. Ордунан кыйкырып тура калган кызынын кызарып шишиген көзүн көрүп эне кургур чочуп кетти.
- Ай, сага эмне болду? Карачы, алдыгы көзүңдүн ырайын карачы. Деги тынччылыкпы?
Жамал унчукпастан апасын кучактап булкулдап көпкө ыйлады. Баарын айтты. Ушундай окуя көкүрөк күчүгүнүн башынан өткөнүн байкабай калганына, сезбегенине эне арданды. Демейде катуу айтып урушкан энеси бугун чыгарып алсын дедиби, айтор, кызынын чачынан сылай ашыкча кеп козгогон жок. Элдин энелериндей болуп "эмнеге, эмне үчүн?" деп суроо үстүнөн суроо жаадырбады. Болгону кызынын жашка толгон көзүн аарчый, болор иш болуптур дегендей үн катты.
- Эмне кылайын деп чечтиң? Бизди уят кыла көрбө. Ушул айда силер айткан, болжогон убакта келебиз деген. Макул деп кабар бере берейинби?
- Мейли, апа, силердин көңүлүңөр оорубасын.
- Ботом, көңүлүң болбосо ачык айт, атаңды көндүргөндүн эбин табабыз. Зордоп берип коюп түбөлүк сени азапка салгым келбейт.
- Уят кыла көрбө деп айтканыңыз кайсы?
- Бирок бала деле жаман балдардан эмес.
Жамал ушул мүнөттөрдөн баштап башынан өткөн окуяларды толук өчүрүп, ошол тойдо таанышкан баланын элеси менен жашаганга аракет кыла баштады.
Өкүл ата менен өкүл кыздын абалын эч ким туйган жок
"Бекендин кудасынын колунда байлыгы да, бийлиги да бар. Чүйдү дүңгүрөткөн аткаминерлердин бири экен, жаңы эле күтүрөгөн кишилер менен сөйкө салганы келди",-деп тааныштар бири-бирине кеп салып жатышты. Кыргыз жакшылыгынан аянчу беле? Колдон келишинче жайнатып, акыркы акчасы болсо да чачат эмеспи. Ата-энелер: "Эки балабыздын мамилеси келишип калганын карасаң. Тфу, тфу, көз тийбесин. Кармашкан колдору үзүлбөй бактылуу болсун!" -деп сүйүнүчтөн маңдайлары жарыла бири-бирине куп жарашып турган уул-кызын көрүп кубанычка балкып турушту.
Келинди үйүнөн шаан-шөкөт менен алып кетишип, өзүлөрүнүн босогосун аттатып, анык кыргызча той башталды. Молдо чакыртышып, нике кыйдырар мезгил жетти. Көшөгө ичинде Канат Жамалдын жүзүнөн сүйүп:
- Мен бактылуумун. Канчадан бери ушул күндү чыдамсыздык менен күттүм эле.
Көздөрүнүн түпкүрүндө муңайым катылып жаткан Жамал аргасыздан жылмайып, Канаттын көздөрүнөн көздөрүн ала качты.
- Сага айтам деп унутуп калыпмын. Бизге өкүл ата болчу байке Түркияга кеткендиктен, кечээ келе албай калган. Бүгүн келиптир. Азыр төркү үйдө чай ичип атышат. Өкүл апабыз менен өкүл атабыз аябай жакшы адамдардан.
Канаттын кебин эшиктен кирген жеңесинин сөзү бузду.
- Жүрүгүлө, баары силерди күтүп калды.
Жамал жоолугун оңдой жаңы келин каадасын кылып, жеңесинин артынан ээрчий төркү конок бөлмөгө киришти. Бакылдап, туугандардын көпчүлүгү кызымтал экени байкалып, бир гана молдодон ийменгенсип турушкансыйт. Жамал босого тараптан башын өйдө кыла берип төрдө отурган тааныш жүздү, "сүйөм, бирок ачыкка чыгарып ала албайм" деп ыйлатып туруп таштап кеткен Жоодарды көрүп денеси селт эте жүрөгү кабынан чыгып кете жаздады. Жоодар аны байкаган да жок. Чечекейи чеч боло, "өкүл уулум менен өкүл кызым - өз уул-кызым" деп бакылдап турду. Качан гана Жамалдын кайненеси кеп баштаганда Жоодар береги маңдайында отурган өкүл кызын көрүп тердеп-кургап, жанатан бакылдаган кептери оозунан түшүп, келмеси оозуна келди.
- Жоодар, Аида, бул өкүл кызыңар. Аты Жамал. Өзүбүздүн эле жердеш досторубуздун кызы.
Кайненеси дагы бир топко алар менен тааныштырды. Бирок төрдө отурган өкүл ата менен мелтиреп, чай куйганды унутта калтырып дасторкон четинде отурган өкүл кыздын ал-абалын эч ким туйган да жок, билген да жок...





Замира
Туулган жылы: 1966-жыл, 15-февраль
Кесиби: Тикмечи
Иштеген жери: Жеке тигүү цехи
Жердиги: Нарындан, учурда Бишкек шаарында иштеп жашайт
Өзүнүн баалаган сапаты: Токтоолугун жана топук кыла билгендигин баалайт
Мырзалардагы баалаган сапаты: Чынчылдык, адамгерчилик, түшүнүктүүлүк
Материалдык байлыгы: Ар бир айда тиккенине карата алган айлык акысы
Байланыш телефону: Редакцияда
- Бизде башында баары жакшы болчу. Жолдошум, балдарым, дегеле баары жетиштүүдөй көрүнгөн. Балдар чоңоюп, эми ысык чайын ичээрде жолдошум автокырсыктан улам эркектик жактан шал оорусуна чалдыкканына туптуура 5 жылдын жүзү болду. Чогуу түтүн булатканга жакшы эле аракет кылдым. Бирок жолдошум өзүн кемсинтип, эки аялдын бир төшөккө жатышы болбойт экен деп мени өзүнөн алыстатканга аракет кылып, жөнү жок жерден уруш чыгара баштады. Айла кетип, ажырашууга туура келди. Ажырашканда кандай? Эл алдында эрди-катынбыз, бирок эки башка жашайбыз. Балдарыбыз туура түшүндү. Эми мага мени туура түшүнгөн 40-55 жаштагы мырзалар болсо жолугуп баарлашкым келет. Бир үй-бүлө болбосок дагы көңүл сересинде сыр чечишкенге неге болбосун?!
Умар
Туулган жылы: 1980-жыл
Кесиби: Доктур
Иштеген жери: Бишкектеги ооруканалардын биринде иштейт
Жердиги: Бишкек
Өзүнүн баалаган сапаты: Ак көңүл жана бала кыял
Айымдардагы баалаган сапаты: Түшүнүктүүлүк, туруктуулук
Материалдык байлыгы: Ак-Өргөдө жер тамы жана "Мерседес" үлгүсүндөгү унаасы бар.
Байланыш телефону: Редакцияда
- Акыркы күндөрү жашымдын отуздан өткөнү ойлонто баштады. Карьера кылам деп жүрүп үй-бүлө курганды унутуп коюпмун. Теңтуштарымдын балдары алды окуп калды. Айланамда деле бойдок кыздар толтура, бирок баары эркектер менен теңтайлашкан, иштейм дегендер. Ал эми мага чыныгы үй кожойкеси керек. Себеби, мен көп балалуу болгум келет (буюрса). Жашы 18-25 курактагылар болсо жана Ош тараптан болсо жакшы болмок. Үй-бүлө куруу максатында чындап пейили барлар редакцияга кайрылсаңыздар менин байланыш номеримди беришет.
Бакытбек
Туулган жылы: 1978-жыл, 8-август
Кесиби: Жок
Иштеген жери: Устачылык менен алектенет
Жердиги: Ош, Кызыл-Кыя
Өзүнүн баалаган сапаты: Чынчыл жана ак көңүл
Айымдардагы баалаган сапаты: Түшүнүктүүлүк, туруктуулук
Материалдык байлыгы: Айылдагы үйү, мал-жаны, машинеси бар
Байланыш телефону: 0778 07 90 05
- Эл катары үй-бүлө күтүп, үч балалуу болгондон кийин келинчегим Россияга иштегени кеткен. Ал жактан бир жигитти таап алып, анын этегин кармап кетти. Учурда бир уул, бир кызым менин колумда. Бир балам апасынын колунда. Мен балдарыма мээримдүү эне болуп бере турган түшүнүктүү, мен жумуштан келгенде тамагымды белендеп, кирлеримди жууп берген 20-23 жаштагы кыздар менен таанышып, үйлөнгүм келет. Айта кетүүчү нерсе, үйдүн кенжесимин. Ата-энем менен чогуу турам жана балдарым али жаш.
Кымбаттуу окурмандар! Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз, эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы мырза менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефондорубуз: (0772) 25-37- 65, (0555) 62-72-66.