п»ї

Балаңыздын мүнөзү улуу же кичүү болуп төрөлүшүнөн көз каранды
Албетте, баланын адам болуп калыптанышында анын ата-энесинен алган тарбиясы, генетикалык өзгөчөлүктөр, курчаган чөйрөсү жана башка ушул сыяктуулардын да ролу чоң. Бирок ошого карабай психологдор "баланын үй-бүлөдөгү төрөлүү ордунун тийгизген таасири эң негизгиси" деп эсептешет. Бул тууралуу билип алуу, урматтуу ата-эне, сизге пайдасын гана тийгизет. Анткени, балаңызга мурункудан да жакшы түшүнүү менен мамиле кылууга өтөсүз жана ошого жараша тарбиялоо иштерин жүргүзө баштайсыз.
Тун бала
Негизи, тун балдардын дээрлик көпчүлүгү уюштургуч келишет жана аларда өзүнөн кийинки бир туугандарын башкаруу сапаты бар. Мунун таң кала турган эч нерсеси жок, анткени, тун бала чоңойгон сайын ата-эненин башкы жардамчысына айланат. Үй-бүлөдө биринчи төрөлгөн бала абийирдүү, жоопкерчиликтүү болуп чоңоёт. Кимдир бирөлөрдүн кеңештерин угууну каалабайт. "Мен өзүм деле баарын билем",-деп эсептейт.
Төмөнкү өзгөчөлүктөргө ээ:
Чоңойгондо ийгиликтин ээси болот жана акчаны жакшы таап иштейт.
Кичинекейинен баштап өзүнөн улуу адамдар менен көбүрөөк аралашып, алар менен мамиле түзгөндү жактырат.
Өзүн-өзү сындай, кемчиликтерин сезе билет. "Мен мындан да жакшы иш кыла алмакмын, колумдан келмек",- деп кемчилигин жоюуга умтулат.
Акылдуу. Тун балдардын көпчүлүгү өзүнүн бардык бир туугандарынын ичинен эң акылдуу болушат. Мунун себеби катары ата-эненин тун балага көбүрөөк көңүл бура тургандарын белгилөө керек. Натыйжада, тун бала ини-карындаштарына үлгү көрсөтүүчү адам катары калыптанат.
Билимдүү. Жогорку сапаттардын жана өзгөчөлүктөрдүн негизинде тун балага көпчүлүк ата-эне мыкты билим берүүгө аракет кылат.
Тун бала уул болсо... Үй-бүлөдөгү абройлуу лидер, чыныгы эркек болуп өсөт. Эр жеткенде айымдар менен жакшы мамиле түзө алат. Мындан мыкты жетекчи чыгышы мүмкүн.
Кыз болсо... Өзүнө-өзү абдан ишенет, өзүнүн ишине эч кимди кийлигиштиргиси келбейт. Кемчилиги - тез ачуусу келет. Бой жеткенде өзүнөн бир топ жашка улуу, абройлуу мырзалар менен гана мамиле түзүүнү каалайт.
Ортончу бала
Өмүр бою өзүнө ата-энесинин көңүлүн бурдурууга аракет кылуудан тажабайт. "Эмне үчүн улуу баласына эле өнтөлөй беришет? Мага эмнеге антишпейт?"-дейт ал ичинен. Ошондуктан, максатына жетүү үчүн ар кандай ыкмаларды да колдонушу ыктымал. Мисалы, калп эле оорумуш болуп калат. Мындайда ал керек болсо мектепти акыркы орунга коюп коюуга чейин барат. Чоңойгон сайын улуу агасынан же эжесинен кескин өзгөчөлөнгөнгө далалат кылып кирет. Мисалы, престиждүү кесипти тандоону, алдыңкы болууну, үй-бүлөдө өзгөчө орунду ээлөөнү самайт.
Негизи эле, ортончу бала көпчүлүк учурда ата-энеси өзүнө караганда улуу же кичүү балдарын көбүрөөк жакшы көрөрүн сезет. Бирок муну башкаларга, мисалы, дос-курбуларына билгизбөөгө аракет кылат. Анткен менен ортончу бала сезимтал, боорукер келет, алдын-ала сезип-туюу сезими да жакшы өнүккөн.
Төмөнкү өзгөчөлүктөргө ээ:
Дос-курбулары көп. Ортончу баланын өзгөчө сапаттарынын бири - адамдарды өзүнө тез эле тартып алганы, тез тил табышканы. Бул жагынан алганда кандайдыр бир табышмактуу күчкө ээ сыяктуу сезилет. Андыктан, жеке жашоосунда ийгиликтин, бакыттын ээси боло алат.
Тынчтыкты жактырат. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө ортончу баланын аркасы менен тынчтык сүрөт. Анткени, ал урушкан адамдарды элдештиргенге, конфликтти жойгонго жөндөмдүү. Алтургай өзү бир нерсеге кыжырданып жатса да, сол колунун ачуусун оң колу менен баса билет.
Табышмактуу, сырдуу. Ортончу баланын мүнөзүн так аныктоого мүмкүн эмес. Себеби, ал убакыттын өтүшү менен улам башка адам болуп өзгөрүп турат. Дал ушул себептүү көргөн адамдарга табышмактуу сезилет. Бирок чоңойгон сайын жаман жакка эмес, жакшы жагына көбүрөөк өзгөрөт.
Чечкинсиз. Балким, мунун себеби кыйынчылык убактарда агасына же эжесине таянып көнүп алганынан уламдыр. Айтор, кандай болсо да ортончу бала өз алдынча оңой менен бир нерсени чече албайт.
Үй-бүлөсүнө өтө жакын эмес. Улуу же кичүү балдарга салыштырмалуу ортончу бала ата-энесине, бир туугандарына өтө жакын болбой чоңоёт.
"Көкүрөк күчүк"
Кичүү бала кеч жетилет. Анткени, анын балалыгы узакка созулат, жада калса өспүрүм болгон кезде деле өзүн кичинекей сезе бериши толук мүмкүн. Ата-энеси "окууда ага-эжелериңдин деңгээлине жетишиң керек" деп талап койгондуктан, улуу жана ортончу бир туугандарына атаандашуу сезими жогорку деңгээлде болот. Достукка жакын, адамдар менен тез тил табышат, саякаттаганды жакшы көрөт.Изилдөөлөргө таянсак, бардык улуу бир туугандарына караганда баамчыл келет, көп нерсеге кызыгат, ар тараптуу өнүгүүнү жактырат. Ошондой эле жаңы иш баштап көрүү үчүн тобокелге баруудан баш тартпайт. Көңүлүнө жакпаган нерселердин баарын өзгөртүп, ага жаңы көз караш менен карап көргүсү келет.
Төмөнкү өзгөчөлүктөргө ээ:
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгонду сүйөт.
Юмордук сезими мыкты өнүккөн.
Бир эле убакта сүйкүмдүү жана тил албаган тентек, же акылдуу жана айтканынан кайтпаган көк бет.
Искусствого жакын, айрыкча музыкалык таланты бар.
Кичүү бала уул болсо... Эр жүрөк болуп өсөт. Спорт менен алектенгенди жактырат. Эгерде актёрдук кесипти тандаса, мыкты актёр болуп чыгат.
Кыз болсо... Назик, аялзатына тиешелүү сапаттарга ээ. Бой жеткенде эркектерди өзүнө тарткан "магнитке" айланат. Өзүнүн жетем деген максатына жетет жана буга эч ким тоскоол боло албайт.
Жалгыз бала
Адатта, жалгыз баланын төрөлүп калышы балага зар болуп жүргөн ата-энеси үчүн керемет болуп эсептелет. Андыктан, ата-эненин көңүлү 100% балага бурулат. Аны өтө эле эркелетип, көзүн карап чоңойтушат. Мындайга көнгөн бала ата-энесинин мээримин эч ким менен бөлүшкүсү келбейт. Сынды көтөрө албайт. Чоңдорду туураганды, аларга окшошууну каалайт жана ошого аракеттенет. Ушундан улам эрте бой жетет. Өзүн өтө сүйгөндүктөн, жалгыз деле өзү менен өзү ойной берет, андан тажабайт.
Жалгыз бала атаандашканга башка бир тууганы жок болгондуктан, ата-энесинин үмүтүн актоону, аларды багууну алдыңкы орунга коюп, карьерага умтулат. Ал салттарды бекем сактаган, эмгекчил, чынчыл, лидерлик касиетке ээ адам болуп калыптанат. Кемчилиги: өзүмчүлдүк, эркелик, адамдар менен тез тил табыша албагандык.

Нуриса БАЯЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??