п»ї

Витаминдер кээде
өлүмгө да алып келет
Кээ бирлер ден соолукту чыңдоо максатында авитаминоздон (организмде витаминдердин жетишсиздиги) коркуп, витаминдерди тынымсыз колдонушат. Бул аларды гипервитаминоз оорусуна (организмде витаминдердин нормадан ашып кетиши) алып келет.

Көпчүлүктүн арасында: "Витаминдер зыянсыз. Аларды ашыгы менен колдонсо эч нерсе болбойт. Организм андан өзүнө керектүүлөрдү алып калат да, ашыгы заара менен чыгып кетет",-деген түшүнүк бар. Бирок бул туура эмес. Витаминдин күнүмдүк нормадан ашып кетиши сөзсүз түрдө ден соолукка зыян алып келет. Мисалы, медицинанын тарыхында мындай окуялар жазылган. Бир жолу Россиянын ооруканаларынын бирине жаш студент жигит жыныстык жактан шал оорусуна (импотент болуу) чалдыкканын айтып кайрылат. Дарыгерлердин изилдөөсүндө ал жигит эч негизсиз эле поливитамин жеп жатканын жана бир жегенде бирди эле эмес, бир канча даананы бир жеп коюуну адат кылганын, оору ошонун натыйжасы экенин аныкташкан. Ал эми АКШда курамында Д витамини нормадан алда канча ашык болгон сүттү ичүү менен 8 адам ууланган, алардын бирөө каза болгон. Айталы дегенибиз, Д витамини нормадан ашып кетсе, күчтүү ууга айланары белгилүү болгон. Кээ бир ата-энелер баласынын жакшы окушун каалап, узак убакыттар бою кымбат баалуу, курамы бай витаминдерди үзгүлтүксүз бере беришет. Мында да организмде витаминдин өлчөмү көбөйүп, бул ден соолукту начарлатып, көп ооруларды пайда кылат. Жакшысы, витаминдерди күзүндө жана кышында гана кабыл алса болот. Ал эми жайында жана күзүндө аларды жашылча-жемиштерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар.









кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??