п»ї

Мээрим:
"Канаттын жубайы болуу -
мен үчүн сыймык"
Мыкты жар, мыкты эне болуш үчүн да өзүнчө талант, жөндөм керек болот аялга. Ал эми эл көзүндөгү, калк үчүн кызмат кылган мырзанын жубайы болуу үчүн эки эсе жөндөм талап кылынат. КТРКнын "Ала-Тоо" маалыматтык берүүсүнүн диктору Канат Абазбековдун жубайы Мээрим жолдошунун кызматын жүз пайыз түшүнүп, аны ар тараптан колдоп келет.
Абдраманова Мээрим 1982-жылдын 1-ноябрында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында төрөлгөн. И.Арабаев атындагы КМПУнун журналистика факультетин 2004-жылы аяктап, 2006-жылдан баштап "Биринчи маалымат" радиосунда иштеп баштаган. Акыркы жылдары аталган радиодо комментатор болуп иштеп, учурда төрт айлык баласы менен үйүндө отурган кези.
- Мээрим, сиздердин сүйүүнү "кызматтык роман" десек болобу? Жолдошуңуз менен кандайча таанышкансыз? Аны өзүңүзгө кантип багындырып алдыңыз эле?
- (Күлүп) Мен жолдошумду бир көрүп эле жактырып калгам. Анда Канат азыркыдай эле жөнөкөй жигит эле. "КТРКнын "Кабарлар" радиосуна бир бала келиптир",-деп кыздар айтып калышты. Жумуштан кийин үйгө барып радиону койсом, Канат кечки жаңылыктарды окуп жатыптыр. Ичимден "үнү жакшы экен" деп койгом. Бир нече күндөн кийин ал мен отурган кабинага келип, таанышып калганбыз. Ошондон кийин экөөбүз жакшы боло баштадык, мамилебиз уланып отуруп кыз-жигит болуп калганыбызды өзүбүз деле байкабай калыптырбыз. Азыр ойлосом, ошол мезгил мен үчүн абдан бактылуу күндөр болгон экен. Күн батыраак өтүп, батыраак таң атса, Канатты эртерээк көрсөм деп жумушка майрамга келгендей келээр элем. Жолдошумдун жөнөкөйлүгүн, жароокерлигин, куру дардаңбайлардан эмес экендигин, жан дүйнөсүнүн байлыгын өзгөчө жактырчумун. Канатты мен багындырбай эле ал мени багындырып алды десем болот. Жигитчилик кылып ал деле артымдан көп эле ээрчиген. Ошол эле учурда бактылуу болуш үчүн кыз дагы аракет кылуусу керек. Сүйлөшкөн адамың сени сыйлап, кадырыңа жетээрине көзүң жетсе, эмнеге сүйлөшүүгө болбосун?! Башынан эле мен материалдык байлыктан да руханий байлыкты бийик коюп, болочоктогу жолдошумдун жан дүйнөсү бай болушун каалачумун. Байлыгы бар болуп, аялзатын кордоп турса, бал ичкениң уу ичкен менен барабар болуп калбайбы. Менин атам - ичкен ашын байкуш адамга кармата салган берешен, айкөл, оозунда накыл кеби бар киши. Канаттын да кээ бир сапаттары атама окшошуп кетет. Эсимде, бир жолу экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде мен ооруп калып жумушка барбай калдым. Ал болсо саат сайын телефон чалып ал-акыбалымды сурап, аябай тынчсызданган. Ошондо эле Канаттын кандай адам экени мага белгилүү болгон. Ошентип, экөөбүз эки жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Буюрса, уулубуз Нурболот менен бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз.
- Сизге жигит кезиндеги Канат менен учурда жолдошуңуз болгон Канаттын кандай айырмасы бар?
- Мага Канат башында кандай болсо, азыр деле ошондой эле. Элге таанылдым деп "жылдыз оорусу" менен ооруп калган күндөрүн байкаган жокмун. Ал өзү жөнөкөй жүргөндү жана жөнөкөй адамдар менен сүйлөшкөндү жактырат. Болгону: "Мен бир рамкага түшүп баратам, ушул нерсе жаман экен, мурдагыдай ээн-эркин боло албай жатам",-деп калат. Ал эми мага анын мурунку менен учурдагы мүнөзүндө өзгөрүү байкалбайт.
- Анын жумушу - эң бир жоопкерчиликтүү жумуштардын бири. Ушундай кызматкердин жубайы болуу оор эмеспи?
- Туура айтасыз, алып баруучулук, журналисттик кызмат - жоопкерчиликтүүлүгү жагынан милиция, врачтардыкындай эле жумуш. Болгону, алар болуп аткан нерсенин ичинде аралашып жүрсө, журналисттер ошол окуяны чагылдырып жүрүшөт эмеспи. Мен үчүн алып баруучунун жубайы болуу - сыймык. Анткени, өлкөдөгү ар тараптуу жаңылыктарды элге жеткирип туруу дегендин өзүн эң бир жоопкерчиликтүү иш деп билем. Ал эми өзүм алып баруучунун жубайымын деп жасанып, обу жок жасалмалана бербейм. Бир чети, башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздеги журналистика кызматкерлеринин жашоосу, алган маянасы айтпаса да түшүнүктүү. Анын үстүнө, жолдошум бандит же кылмышкер болбогондон кийин Канаттын жубайы болуу оор эмес, сыймык.
- Ал алып барган эфирлерди көрөсүзбү? Сын айтасызбы?
- Мурда эфирлерин калтырбай көрчүмүн, учурда уулум менен алек болуп, толук көрө албай калдым. Бирөөгө сын айтканды жактыра бербейм, а жолдошума айрыкча. Кээде "кандай чыктым?" деп өзү сурап калса, "жакшы алып бардың" деп коём. Негизи, жолдошумдун сынчысы - апам (кайненем). Ал дайыма өзүнүн көз карашын айтып турат. Мен, болгону, көйнөктөрүн даярдап берем.
- Жолдошуңузду эртең менен жумушка узатып, кечинде тосуп алуу салты сиздердин үй-бүлөдө барбы?
- Ал "мени узатып кой" деп деле айтпайт. Бир чети экөөбүз тең айылда эле төрөлүп-өскөндүктөнбү, андай салтты өздөштүрүп албаптырбыз. Мурда уулубуз төрөлө электе экөөбүз жумушка чогуу кетип, чогуу келчүбүз. Азыр Канат менин узатуумсуз эле кете берет. Ал эми тосуп алуу деген бизде бар (күлүп). Ысык тамагымды камдап, кээде анча-мынча маанайым жок болсо да жолдошум келээрде кабагымды жаркылдатып тосуп алам.
- Балаңыз менен көбүрөөк алек болуп, жолдошуңузга коңүл бура албай калган учурларыңыз болобу?
- Нурболот тун уулубуз болгондуктанбы, жаңы көз жарган мезгилдерде жолдошума көңүл бурулбай калган учурлар көп эле болду. Кийимдери жуулбай, тамагы жасалбай дегендей... Эми гана акырындык менен эки кишини караганды өздөштүрө баштадым.
- Канаттын ата болгондогу бактысын сүрөттөп бере аласызбы? Дегеле, ал кандай ата болуп жатат? Бала багууда сизге жардамдашабы?

- Мен кош бойлуу кезимде эле Канат курсагымды сылап, өзүнчө эле сүйүнүп, сүйлөнө берчү. Төрөтүү процессине да өзү катышып, уулубузду биринчи атасы көргөн. Жада калса саат канчада төрөлгөнүн мүнөтүнө, секундасына чейин жазып алыптыр. "Болгону, камерага гана тартып ала албай калдым",-деп күлө берет. Күйөөсү төрөткө катышат деген кимдир-бирөөгө жагымсыз, күлкүлүү болгону менен жаныңда жакын адамың болсо жөлөк болуп, толгооң жеңил болот экен. Мен мындай ыкманы кош бойлуу башка аялдарга да сунуштар элем.
Баласы төрөлгөндөн ушул күнгө чейин жолдошумдун кубанычы койнуна батпай өзүн бактылуу сезип, жайдары жүрөт. Балага памперс, дегеле керектүү нерселерин өзү билип алып келип коёт. Кайненем медик болгондуктанбы, медицина жаатындагы айрым нерселерди Канат мага караганда жакшыраак билет. Балабыз колго көнүп калган, атасынын көтөргөнү майдай жагат. Бош болгондо үйдө экөө кобуранып жүрө беришет. Андай учурда сырттан байкоо салып карап туруп, экөөнүн мага белгисиз дүйнөсү, ата-баланын ымдашып сүйлөшүүсү менин жүрөгүмдү бир башкача элжиретет...
- Жолдошуңузду кызганасызбы? Айланасында "мергенчи айымдар" көп эле болсо керек...
- Менин оюмча, "мергенчи айымдар" ар бир коллективде болсо керек. Аны түшүнүү менен кароо керек. Жумушта ар ким менен сүйлөшөсүң, тамашалашасың - бул башка. Ал эми бирөө менен ысык мамиледе болуп кетүү, бир көрүп сүйүп калуу же болбосо башка бир кызыкчылыкка ыктоо - ал башка. Ар ким өзүнүн ички көрөңгөсүнө жараша жашайт да. Менде бир гана максат бар - үй-бүлөм менен бактылуу жашоо. Кызгануу деген түшүнүктөн учурда өтүп кеттим. Мурда аз-аздан кызганып койчумун. Жакын адамыңа ишенип, сүйүп турсаң, аны кызганып, ашыкча стресс болуунун кажети жок деп ойлойм. Жашоодо бир келген үй-бүлөлүк бакытты кайдагы бир уруш-талашка, болбогон кызганычка алмаштыруу мага эле эмес, Канатка деле жакпайт болуш керек. Ал өзү деле: "Мен силерди өзүмдүн кызыкчылыгыман дагы жогору коём",-деп айтып келет. Андыктан, жолдошума толугу менен ишенем жана аны кызганбайм.











кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??