п»ї

  Саясат

Президенттикти эңсегендердин саны 41ге жетти
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 8-август күнү президенттикке талапкерлердин саны 41ге жетти. Президент болууга умтулган 36 талапкердин 32си өзүн-өзү көрсөтсө, 9ун саясий партиялар сунушташкан. 8-август күнү БШКга арызын таштагандар: "Ата Мекен" партиясынан Өмүрбек Текебаев, "ЭрК" партиясынан Турсунбай Бакир уулу. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр: Өмүрбүбү Бегалиева (1962-жылы туулган, жеке ишкер), Төрөбай Көлүбаев (1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт), Алмамбет Матубраимов (1952-жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты).
Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Мындан тышкары, бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш.
30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-август күнү кечинде жыйынтыкталат.

Бектур Асанов
"Ата Мекенге" иштеп берет
Ушул эле курултайда "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов президенттик шайлоодо Өмүрбек Текебаевди колдоорун билдирди. Аталган партиянын чечими менен Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов да президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызын берген эле. "Менин партиям "Ата Мекен" партиясы менен бирге Текебаевди колдоо үчүн иш жүргүзөбүз. Өзүмдүн шайлоого катышуудан баш тартуум тууралуу бир-эки күндүн ичинде расмий түрдө билдирүү жасайм",-деди экс-губернатор.




  коом

Суусу жана свети жок
ак-жарлыктар жол тосушту
8-август күнү Бишкектин түндүк тарабындагы "Ак-Жар" жаңы конушунун тургундары жолду бууп, премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана президент Роза Отунбаеванын келишин талап кылышты. Аларга бийлик алты жылдан бери суу чыгарып, электр энергиясын берүүнү убада кылып, бирок убадасына турбай жатыптыр. Бул жаңы конуш эч жерде каттоодо жок болгондуктан, "Тез жардам" да келбейт, жашоочулар балдарын мектепке бере алышпайт. Алар 20 литр сууну 10 сомго сатып алышат экен. Учурда жаңы конушта 4 миң үй-бүлө, 20 миңден ашык адам жашайт.
Нааразылык акциясына катышкан 200дөй адам чатырларды тигишип, таштар менен жолду тороп машиналарды өткөрбөй турушту. Алардын айтуусу боюнча, талаптары канааттандырылмайынча жолду тоскондорун уланта беришет.
Ак-Жар жаңы конушу 2005-жылдан кийин түптөлө баштаган.
Айбек жана Арсен
Президент менен жолугушту
Президент Роза Отунбаева кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү учурунда "Бишкек" дуэти - Арсен Жумабеков жана Айбек Замирбек уулу менен жолугушту. Бул эстрада ырчылары Юрмалада өткөн конкурста Кыргызстандын намысын коргоп келишкен.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Айбек менен Арсенди "Жаңы толкун" конкурсунда 4-орунга ээ болушкандыгы менен куттуктады. "Силердин ишиңердин натыйжасы бардык кыргызстандыктарды кубантты. Биринчи жана төртүнчү орундарга берилген баллдардын ортосундагы айырмачылык аз эле экен, демек, конкурстун катышуучуларынын арасындагы атаандаштык өтө күчтүү болгон. Кыргызстандагылардын баары силерге күйөрман болуп, жеңишиңерге сыймыктанды", - деди Р.Отунбаева.
Жолугушуунун аягында Арсен менен Айбек мамлекет башчысына бир нече конкурстук композицияларды аткарып беришти. Президент мамлекет тарабынан Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде коргоп келе жаткан таланттуу кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.




  Өзгөчө кабарлар

Ахмат Бакиев 7 жылга эркинен ажырады
Экс-президенттин иниси Ахмат Бакиевдин кылмыш ишине байланышкан сот процесси 5-август күнү аягына чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.
Ахмат Бакиев массалык баш-аламандыкты уюштуруу, улуттар аралык урушту тутантуу, коркутуу, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо, жерлерди өз алдынча басып алуу сыяктуу 5 статьянын негизинде айыптуу деп табылып, 7 жылга эркинен ажырады.
Учурда Ахмат Бакиев колониялардын биринде. Дарыланып жаткандыктан, сот отурумуна катышкан жок, жактоочулары гана келди.

Өрттө калган эки наристе көз жумду
5-август жума күнү Сокулук районундагы Взлётной көчөсүндөгү бир үйдөн өрт чыгып, окуя болгон жерден үч жана эки жаштагы эки кыздын денеси табылган. Ал эми кыздардын апасы 25 жаштагы Токтосунова Зарина 2-даражадагы күйүк менен №4 шаардык ооруканага түштү. Учурда өрттүн себептери аныкталып жатат.


  Спорт

Кыргызстан Азия чемпиону аталды
8-августта Бангкокто өткөн 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Азиянын 19 өлкөсүнүн балбандары күч сынашты. Жыйынтыгында грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары 3 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге утуп, командалык биринчи орунду ээлешти.





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??