п»ї

Майыптар
арабасындагы
бийчилер
Мен бул балдардын бийлегенин биринчи жолу теледен көргөнүмдө кадимкидей көзүмө жаш алып ыйлаган элем. Австрияга конкурска катышуу үчүн кеткенин угуп, сүйүнүчтөн дагы бир ирет толкудум. Анан бул балдардын талантына, тагдырына болгон кызыгуум артып, өздөрүнө жолугууну максат кылдым...
Эрдик менен Адина классташ. Экөө тең "Үмүт-Надежда" реабилитациялык майып балдар борборунун тарбиялануучулары. Мындан эки жыл мурун бийчи Эрмек Кадыров үч адамдан: өзү, 15 жаштагы Эрдик жана 13 жаштагы Адинадан турган "Тумар" деп аталган бий тобун ачкан эле. Күнүнүн бардык бөлүгүн майыптар арабасында өткөргөн Эрдик менен Адина эми убактыларынын көпчүлүгүн акробатикалык брейк стилиндеги бий менен тынымсыз машыгууга арнашып, физикалык жактан мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине карабастан жакында Австриянын Вена шаарында өткөн "Супер талант" конкурсуна катышып кайтышты. Аталган конкурска жана Россиянын 1-каналынын "Даңк мүнөтү" конкурсуна Эрмек өздөрүнүн бир нече бийлеринин видеосун жиберген эле. Көп өтпөй эле Австриядан оң жооп алышкан. Бирок бул кубанычтуу кабар менен катар эле негизги көйгөй каражат маселеси чыккан. Машыгуудан арткан убактысында демөөрчү издөө менен убара болгон Эрмек кимдерге гана кирген жок. Тилекке каршы, эч кимисинен оң жооп ала албады. Акыры балдардын тагдырына, талантына кайдыгер карабаган уюмдар да табылды. Алар: Калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана "Мегаком" компаниясы болду. Эми тумарчылардын бул конкурстун 2-туруна катышуу мүмкүнчүлүгүн жана "Даңк мүнөтү" конкурсунан жооп күтүп турган чактары. Бирок топтун жетекчиси Эрмек Кадыров: "Чакыруу алган күндө да эми мен демөөрчү таба албайм. Бул оңой нерсе эмес экен. Эгерде чыгымдарыбыз уюштуруучулар тараптан каралса, анда барабыз",-дейт.
Учурда Эрдик Бостери айылында ата-энесинин маңдайында эс алууда болсо, Адина Бакай-Ата жаңы конушундагы үйүндө. Эрдик кандайча бул тагдырга туш келгени тууралуу минтип айтат: "Мен кадимки балдардай эле төрөлгөн экем. Эки жашымда эжекемдер менен ойноп жүрүп, жүк ташуучу машинада жыйылып турган чөптүн үстүнө чыгып уктап калыптырмын. Эжемдер болсо мени унутуп калышканбы, же уктай берсин дешкенби, өздөрү ойноп кетип калышыптыр. Анан машина жүрүп, силкингенде мен жерге кулап калыптырмын, машина чала-була тебелеп да кетиптир. Ошондон ушул күнгө чейин ата-энемдин мени көрсөтпөгөн жери калбады. Бирок эч жыйынтык чыкпай жатат". Ал эми Адинанын тагдыры тууралуу апасы Гүлнара эженин өз оозунан уктук.





Гүлнара эже:
"Кызым түйүлдүк кезинде эле
мандем бар экенин сезчүмүн"
- Гүлнара эже, Адинанын мындай тагдырына өзүңүздү күнөөлөбөйсүзбү?
- Адина тубаса майып болуп төрөлгөн. Ал үчүн кимди күнөөлөрүмдү да билбейм... Кудай мага ушундай кызды ыраа көрүптүр да. Кызым Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында жарыкка келген. Айылда эмне, кош бойлуу кезимде доктурлардын каттоосуна деле турбаптырмын. Качан төрөлгөндө мындай экенин көрүп отурабыз. Бирок өзүм түйүлдүк кыймылдай баштаганда эле кандайдыр бир мандем бар экенин сезчүмүн.
- Эмнеден улам?
- Адинадан мурун үч бала төрөгөм, алардыкынан айырмаланып мунун кыймылдаганы башкача эле. Адатта баланын тепкени билинет го, мунумда ичимде балык жүргөнсүп, анан эки канаты серпилгендей боло берчү. Дароо эле күйөөмө: "Ай, негедир мунун кыймылдаганы башкача..." деп бир нерседен шекшигенимди айтсам, "Кудай сактасын" деп койчу. Анан түйүлдүк жети айлык болуп калганда аян түш көрдүм. Түшүмдө жаткан жериме капкара мышык келди да, бир капталымды жулуп кетти. Оодарылып жатсам, экинчи капталымды да жулуп кетти. Чочуп ойгонуп: "Айланайын Кудай, балаңа деле ыраазымын, жанымды эле аман кой",- деп Кудайга жалындым. Мына, жанымды деле алган жок, балам деле аман, бирок минтип...
- Доктурлар эмне деген диагноз коюшту? Себебин аныкташтыбы?
- Эми диагнозу - буту өспөй калган. Жамбаш сөөгү чала өөрчүгөн. Анан сан, тизе, шыйрак, дегендерден кабар жок, дароо эле бут кетмени уланып кетет. Себебин "кош бойлуу кезиңде сасык тумоо менен ооругансың" дешти. Ооба, жеңил сасык тумоого чалдыккам, бирок сасык тумоо ушуга алып келет деп ойлогон эмесмин. Башка балдарымды күтүп жатканда деле ооруп калган учурларым болгон, алардын алты саны аман, баары жакшынакай. Адинаны да Даниядан, Германиядан келген доктурларга, өзүбүздүн мыкты ортопеддерибизге көрсөткөнбүз. Тилекке каршы, баарынан бир ооздон "болбойт" деген жооп укканбыз.
- Айылдан шаарга ушул кызыңыздын артынан көчүп келгенсиздер го...
- Ооба да. Мектеп жашына жеткенде алгач айылдагы эле мектепке алып бардык. Жазганды, окуганды тез эле өздөштүрүп кетти. Бир күнү "Замана" берүүсүнөн эки майып бир туугандар тууралуу көрсөтүп, алардын "Үмүт-Надежда" деген атайын майыптар үйүндө жашап, окуй турганын көрүп калдык. Анан кызымды ошол жакка алып барам деп мен да шаарга алып келдим. Инимдин квартирасына келгенибиз менен тиги мектепти кайдан табарыбызды билбейбиз. Адина сыртка чыгып башка балдарга аралашып ойноп жүргөн, бир маалда "мама, сизди бир киши чакырып жатат" деп калды. Чыксам инимдин кошунасы экен. Жөн-жайыбызды сурап калганынан баарын түшүндүрүп, "Үмүт-Надежда" деген мектепти көксөп келгенибизди айттым. Кызымдын жолунун ачыктыгын карабайсыңбы, ал киши дал ошол мектептин директорунун орун басары экен. Анын жардамы менен эртеси эле барып мектепке жайгашып калдык. Өзүм бир жыл ошол жерде нянка болуп иштеп, тапканымды кайра эле акысына берчүмүн.
- Канча акы төлөйсүздөр?
- Алгач 400 эле сом болчу. Кийин кымбаттап отуруп, азыр айына 9 миң сомдой төлөнөт. Адина 4-класска келгенде акысын төлөй албай жарым жылдай окуусу үзгүлтүккө учурап калган. Анан мугалимдери өздөрү Адинага демөөрчү таап, кайра чакырып алышты. Азыр кызымдын окуган, жашаган акысын ошол демөөрчү төлөп берет. Үйгө каникул, майрам күндөрү келип турат.
- Өзүңүз эмне менен алексиз?
- Мен азыр ооруканада санитарка болуп иштейм. Адинанын арты менен борборго келгенден кийин эптеп жер алып, эки бөлмөлүү там салып алганбыз. Жолдошум экөөбүз ошол жерде күн кечирип жатабыз азыр. Жолдошум да ашказанынан операция болуп, ден соолугуна байланыштуу иштебейт. Улуу кызым менен андан кийинки уулум турмуш күтүшүп, бала-чакалуу болушкан.
- Адина тагдырына нааразы болбойбу?
- Мурун "апа, эмнеге мени минтип төрөп койгонсуз?" деген суроолору менен жүрөктү эзчү. "Кызым, сен ушуга тобо кыл, бутуң иштебесе да колуң иштейт. Колу-буту бар туруп бир орундан кыймылдай албай, өздөрү тамак жей албаган балдар бар",-деп сооротуп койчумун. Азыр чоңоюп бир аз акылына кирдиби, тагдырына нааразы болгонун койду. Эл-жер көргөнгө жашоого карата стимул да пайда болду окшойт, шайыр, жайдары боло түштү. Ушуга себепчи болгон жанагы "Тумар" тобунун жетекчиси Эрмекке аябай ыраазы болуп жатабыз.

Нуриса БАЯЛИЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??