п»ї

Сайра Момунбаева:
"Өкүнгөнүм - болгону
эки-үч эле киного тартылганым"
Бул маектешибиздин өз кесиби артист болгону менен замандын талабына жараша тикмечилик, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, өзүнүн алтын колунан чыккан кооз кийимдери менен көпчүлүктүн алкышына арзып келет. Үй-бүлөдөгү аялдык түйшүгү менен кошо үч кесипти бири-бирине эриш-аркак алып жүргөн Сайра Момунбаева ийгиликтеринин сырларынан бөлүшөт.
- Сайра эже, бала кезиңизде ким болсом деп кыялданар элеңиз?
- Бала кез демекчи, балалыгымдын алтын күндөрү Ак-Талаада өттү. Кичинемде телевизордон актрисаларды көрүп, мен дагы актриса болсом деген жүрөгүмдүн түпкүрүндө дегдеген кыялым бар болчу. Атүгүл спектаклде роль ойноп жатканымды элестетип, өзүмчө бактылуу боло берээр элем. Ырчы да болгум келип, Пугачёваны абдан жакшы көрчүмүн. Конок келип калганда заңкылдап ырдап берип, биздин үй-бүлөнүн чоң ырчысы мен элем. Кээде туруп доктур болгум келип кетээр эле. Акыры жүрүп отуруп артист болом деген эңсөөм жеңип кетти.
- Сиз актриса катары "Боз салкын" киносундагы Сагындын апасынын ролунан улам жакшы таанылып калдыңыз окшойт...
- Театрдан чыгып кеткенден кийин катуу депрессияга кабылдым. Ошол убакта "Айыл өкмөтү" жана "Боз салкын" фильмдерине тартылдым. Бул кинолорго тартылуу менен мен депрессиялык абалдан суурулуп чыгып кеттим. Менин бул абалдан чыгышыма себепкер болгон Эрнест байке менен "кино тартылганы турат, сынакка катыш" деп сунуштаган Күмөндөр байкеге ыраазымын. Айыл өкмөттүн аялынын ролун аткарып, кино тартылып бүткөн соң "Боз салкындагы" Анипанын ролуна чакырылып, сынактан өтүп кеттим. Бул ролду аткарууда аз-маз кыйынчылыктар болду. Кыйналган нерсем, менин турмушта Сагындай болгон бой жеткен уулум жок болгондуктан, Анипанын ордунда Сагындай балага эне болуу бир аз оңтойсуздук жаратты. Бирок колдон келишинче аткарганга аракет кылдым. Ал эми кандай роль жаралды, ага көрөрмандар өздөрү күбө жана сынчы.
- Ушул тапта алектенип жаткан кол өнөрчүлүгүңүз кимден жуккан?
- Апам уз, чебер байбичелерден болчу. Кичинемден шырдак тиккенди, жээк шырыганды үйрөтүп, бир мүнөт убактымды жөн койчу эмес. Мен теңдүүлөр ойноп жүргөндө апам мени ойнотпой коёр эле. Бала болгондон кийин оюнга кызыгасың да, ойноп кетсем эле: "Ай, Сайра",- деп көчөнүн башынан эки муштумун ургулап кыйкырып, келээрим менен ишке салчу. "Элдин балдарындай мени эмнеге ойнотпойт?"- деп көпчүлүк учурда апама капа болчумун. Балалыгым менен убагында ага нааразы болсом, азыр болсо апама миң мертебе ыраазымын.
- Бир убакта ырчы, актриса, тикмечи болуу сизге оорчулукту жаратпайбы?
- Убагында ырчы да болдум, театрда иштеп актриса да болдум, акыры жүрүп апам көрсөткөн жол менен кол өнөрчүлүк, тикмечиликти дагы алып кеттим. Ырчы катары өтө деле ырдап, укмуш ырчы аталбадым, жарк деп чыга албадым. Театрда болсо театр сүйүүчүлөр гана таанып билбесе, орунттуу деле иштей алган жокмун. Театрда иштеп жүрүп ырчылыкка анча көңүл бура албай калдым окшойт. Турмуштун айынан апам үйрөткөн тикмечиликти колдонуп жүрүп, ушул жаатка ооп кеттим. Айлык жетишпегендиктен, жарыя берип тиккен учурлар болду. Ортодо бир учурда чакан тигүү цехин ачтык. Бирок мен эки жакты тең алып кете албай калдым. Тигип отура берсең репетицияң калат, же спектакль мына башталат дегенде шашып келип гриммге отурам. Айтор, ушинтип жүрүп көпчүлүк убакта жетекчиликтен тил угуп калып жүрдүм. Ошого карабай 2002-жылга чейин ТЮЗда иштеп жүрдүм. Ошол жылы аргасыз театр менен коштошууга туура келди. Азыр болсо кайра артка кайтууга менин мүмкүнчүлүгүм жок. Себеби, мен баш-отум менен кол өнөрчүлүккө кирип кеттим. Таланттуу уул-кыздарыбыздын, ага-эжелерибиздин кийимдерин тигип, кол өнөрчүлүктү өнүктүрөйүн деп иштеп жүргөн учурум.
- Кийим тигүүдө да эргүү келиш керекпи?
- Албетте, кээде кээ бир ырчыларыбыздын формалары айткан убактысынан эрте даяр болот. Ар кимдин дене түзүлүшүнө карап, эргүү келгенде жакшынакай заманбап улуттук кийимдерди тигип берем. Бул убакыттын ичинде даяр болсун дегендерге кээде эргүү жок болуп, баары даяр турса да бүтпөй тура берет. Аны шашып жасаган менен эч натыйжа чыкпайт. Баары бир артка кайрылып оңдош керек болуп калат. Бир форманы тигип даяр кылуу бир чыгарма жараткандай эле.
- Өзүңүздүн канча балаңыз бар? Дегеле, үй-бүлө очогуңуз тууралуу айта кетсеңиз...
- Жолдошум дагы чыгармачыл чөйрөдөн. Ортодо 18 жаштагы Акбермет аттуу кызыбыз бар. Азат экөөбүз чала тааныш болуп жүрүп мени жыйырма жети жашымда театр менен гастролдо жүргөндө ала качып кеткен. Нарындан алыс кетпей эле Кочкордун келини болдум.
- Кайын-журтуңузга келиндик кызматымды толук өтөдүм деп ойлойсузбу?
- Мен келин болуп барганда кайненем жок болчу. Бирок кайнатам биздин колубузда дагы болуп калды. Улам бир уулунукунда болуп, кор болгон жок. Колубуздан келишинче ал кишинин батасын алганга аракет кылдык. Негизи эле, кайын-журтум менен сый мамиледе болуп, келиндик кызматымды өтөп келе жатат болушум керек.
- Жолдошуңуз менен кер-мур айтыша кеткенде сиздин кылган аракетиңиз...
- Мурда өзүмдүн айткандарымды далилдеп, экөөбүз талашып эле ортодо көп сөздөр чыгып кете турган. Азыр ал сүйлөп келе жатканда мен унчукпай коём. Таптакыр үн-сөзсүз отуруп калам.
- Кызганчаактык ар бир эркекке тиешелүү болсо керек дейм. Күйөөңүз тараптан балгон кызганычтын азабын тарттыңыз беле?
- Кызганган адамды башынан жаман көрөм. Бирок Азат учурунда кызганып жүрдү. "Эгерде сен ушинтип кызгана берсең, мага ишенбесең, үйгө отура турган аял ал, жолуң бош",-дегенге чейин барган күндөрүм болгон. Акыры жолдошум түшүнүп, баарын колго алып кетти.
- Жыйырма жылдык үй-бүлө болгон соң жолдошуңуздун кол көтөргөн учурлары болдубу?
- Аябай көгала койдой токмок жегеним жок. Ошентсе да кармашып, тартышып кетээр элек. Колумду серпсем, ал колумдан кармап дегендей, ушундай учурлар болгон. Тээ башта эле: "Мен кетпейм, кетсем кайрылгыс болуп кетем. Ошон үчүн мени кетирбегенге аракет кыл",-деп жолдошума шарт койгом. Ушунча болуп төркүнүмө кеткен күндөрүм болбоду. Болбой эле койсун.
- Жолдошуңуздун ала жипти аттаганын билип калсаңыз эмне кылар элеңиз?
- Кээде тамаша-чын аралаш жолдошума: "Кандай аялга барба, ошол аялзаты менден өйдө турсун, менден сулуу, бир сөз менен айтканда менден кем болбош керек. Менден таппаган нерселериңди андан тапсаң, барсаң-койсоң өзүң билесиң",-деп айтам. Маңдайга жазганын көрөбүз да.
- Артка кайрылып, өкүнгөн учурларыңыз болобу?
- Чоң-чоң актрисалар, актёрлор бул дүйнөдөн кетишсе дагы алардын артында тартылган кинолору, аткарган ролдору баласындай болуп калып калат эмеспи. Алардын жүздөрү ошол калган мурастары аркылуу сакталып калууда. Мен өзүмдү жашмын деп айта албайм, 47ге келип калдым. Менин өкүнгөнүм, болгону, эки-үч киного гана тартылганым. Анткени, мен чыгармачыл чөйрөдө из калтыргым келген. Биздин учурда ойногон ролдорду тартып алууга шарт болбоптур. Кээде өзүмдүн жаш кезимде ойногон ролдорумду деле эстебей калам. Тартылып калса аябай жакшы болмок. Ошол кезде сүрөткө түшүп да сактап кала албаптырмын. Дагы бир өкүнгөнүм, кол өнөрчүлүк деп жүрүп ырчылыгымдын калып баратканы.
- Спирт ичимдиктерине кандай карайсыз? Ичкилик ичесизби?
- Мурда тойлордо, достор чогулганда ууртап-татып иччүбүз. Ошондо дагы ичкендин эртеси аябай жаман болуп, артка кайрылып уяла берчүмүн. Аябай чанжырап мас болбосок дагы, "кечээ эмне кылып койдум экен?" деп санааркап турар элем. Азыр болсо он жыл болуп калды, ичпейм.
- Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?
- Жаратканым берген мүчө менен жүрөм. Келбетиме ашыкча деле кам көрбөйм. Кыз кезимде кандай болсом, ошол эле бойдон келе жатам. Кичине толушум мүмкүн. Бирок кайра эле арыктап, өз калыбыма келип алам. Бир ирет кыздар "кантип толбой жүрөсүз?" деп жанымды койбой сурап калышты. "Сырыңызды айтыңыз" деп ишенишпейт. Айлам кеткенде "бир эле сырым бар" дедим. "Кандай?" деп чурулдап жиберишти эле, "ал үчүн Азаттын аялы болуш керек" десем баары каткырып күлүп калышты. Анда Салима (Балтаева) аябай тамашакөй эмеспи, "мен биринчи, мен биринчи" деп коёт. Өткөндө чалып атпайбы: "Сайра эже, мен арыктайын деп атам. Азат байкеге качан барсам болот?"-деп тамашалап.
- Жанатан бери мышыкка жакын экениңизди байкадым...
- Эки мышыгыбыз бар. Бала кезимен жаныбарларга аябай жакынмын. Мышыктарыбызга ат коюп койгонбуз. Ырыскы жана Киреше деп. Жумуштан чарчап келгенде жаман энергиямды мышык менен ойноп чыгарып алам. Ал эми балыктарды жолдошум экөөбүз тең жактырабыз. Биз багабыз. Азат болсо суктанып карайт.

Мээрим ЖАБУЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??