п»ї

Татаал
тагдыр
(Башталышы
өткөн санда)
Ошондой күндөрдүн биринде көчөдө кызуу болуп келаткан жеринен ага Адис жолукту.
- Гуля…
- Жогол көзүмө көрүнбөй, сволочь!
- Сага бир ооз кебим бар. Укчу мени.
- Эмне, мени кантип зордуктаганыңды, кандай жыргалга батканыңды айтайын дейсиңби, ыя? Актыгыма кол салып, эми уялбай кантип келдиң мага, бети жок!
- Билем, туура эмес кылдым. Көзүмдү туман басып, кумарга алдырып койдум. Кечир мени, Гуля.
- Болуптур, кечирдим дейин. Ошондо эле баары кайра ордуна келип калабы?
- Мен… мен…
- Жогол дейм, акмак!
- Гуля, мен сага үйлөнгүм келет. Макул бол.
- Ха-ха-ха!..- каткырып жиберди кыз,- Магабы? Демек, ушундай жол менен мага жетем деп ойлогон экенсиң да. Жаңыласың. Мен эми сени мурункудан да жек көрөм!
- Жигитиңди дагы эле унуталбай жүрөсүңбү?
- Ишиң болбосун!
- Аны унутчу, Гуля, суранам сенден. Ошонун колунан эмне келет дейсиң?! Байкашымча, акчасы деле жок көрүнөт. А мен сага каалаганыңды тартуулай алам. Менде көп акча, байлык бар.
- Байлыгыңды урдум сенин!
- Мени кечиришиң үчүн эмне кылайын, айтчы? Каалайсыңбы, кыздык тиктирип берейин. Эч ким эч нерсе билбеген бойдон калат.
- Акмак десе, ит! Мени ушинтип шылдыңдайын дедиңби? Көзүмө көрүнбө экинчи! Жого-о-ол!
Бул ирет Адис ары-бери өткөн элден уялдыбы, айтор, жин урган немедей кыйкырган Гуляны таштап машинасына түштү да, көздөн кайым болду.
***
Алина менен Султандын жолугушпай калгандарына бир топ болду. Сагыныч менен кусага баткан Султан бул убакытта бир нерсени даана түшүндү: Алинасыз жашоо мүмкүн эмес экен. Акыркы убактарда окууга да, тамакка да, дегеле эч нерсеге көңүлү чаппай калбадыбы. Ал эми уйкусуз өткөргөн түндөрү канча дейсиң… Байкаган адамга өңүнөн да азып кеткен сыяктуу. Дегеле, өмүрүндө мынчалык кыйналган эмес Султан.
Мына, бүгүн да окууга барган жок. Университеттин босогосун аттай элегине бүгүн үч күн болот. Анан кантмек эле. Азыр ага жашоо бир тең, Алина бир тең. Таңдан бери маанайы пас жүргөн жигит күн кечтеп калган кезде гана эмнегедир шашыла кийинди да, кайдадыр жөнөп кетти. Эми анын көздөрүнөн күтүүсүздөн пайда болгон үмүттүн учкундарын көрүүгө мүмкүн эле.
Түз эле Алинага келди. Үйүндө жок экен. Далай убакыт күтүп, тээ караңгы кирип калган кезде гана айдын жарыгынан Алинанын келаткан караанын көрдү. Ашыгын өмүрүндө биринчи жолу көрүп жаткансып жүрөгү ордунан козголуп алды ушул маалда. Өзүндө чексиз кубаныч да, бакыт да, кандайдыр бир коркунуч да бар экенин сезип турду Султан.
Бат-баттан тыпылдай басып келаткан кыз Султанды көрөрү менен ордунда катып калды. Бул учурда анын жүзүнөн сүйүнүп же ачууланып жатканын билүү кыйын болчу.
- Кандайсың, жаным?- жигит өңү кубара түшкөн Алинага биринчи болуп кайрылды.
Алина дагы эле унчукпады. Кыязы, мындай болот деп таптакыр ойлобосо керек. "Экинчи Султанды көрбөйм го",- деп ойлогон кыз далайга чейин көргөн көзүнө ишене алган жок. "Бул - түш. Кантип эле ушундай болсун? Ооба, мен түш көрүп жатсам керек",- деди Алина ичинен өзүнө-өзү.
- Алина, бул мен, Султанмын. Бат эле тааныбай калдыңбы?
Султандын бул суроосу да жоопсуз калды. Анын көзүнө Алина кудум тил-ооздон калып калган адамдай көрүнө түштү.
- Мени менен сүйлөшүүнү каалабай жатасың го. Ооба, түшүнөм. Келбешим керек эле. А мен анте алган жокмун. Кыйналып кеттим, Алина. Сенсиз жашоом тозокко айланып калгандай болду. Акыры сага бир жолугуп көрүүнү чечтим. Балким, экөөбүз кайра…
- Эмне, кайра? Кайра эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Бекер келгенсиң. Кет! Мен сенин теңиң эмесмин. Түшүнcөң боло деги!- жарылып кетти кыз.
Ушундай болорун алдын-ала сезсе да, акыркы үмүтүн жоготкусу келбеген жигит чебеленип жиберди:
- Жаным, мен сени сүйөм. Сенсиз жашагым да келбейт. Жок дебечи, суранам.
- Биз баары бир бактылуу боло албайбыз. Мени унут.
- Болуптур,- деди саамга унчукпай турган соң Султан,- Сен каалагандай болсун. Байкашыма караганда, мени унутуу сага кыйын деле болбоптур. А балким, эч качан сүйгөн эмес чыгарсың, ыя? Ушуга чейин мени алдап, сезимим менен ойноп жүргөндүрсүң? Эми "сенден улуумун" деп калп эле жашыңды шылтоо кылып жатасың. Башында эле ачык айтсаң болмок. Мынчалык кыйналбайт элем го. Мейли эми, кош бол. Аргам канча. Бирок мен сени эч качан унутпайм.
Султан акыркы сөзүн айтты да, басып кетти. Бактысыз сүйүүсүнө ызаланганынан улам көздөрүнө жаш тегерене түштү. Оюнда бакырып-бакырып ыйлап алууну каалады. Бирок намысы ага жол бербеди. "Ыйлабайм. Эр жигит ыйлабайт, бардык кыйынчылыкты жеңе билет",-деп жатты ичинен болгон күчү менен кайраттанып.
- Султа-а-ан! Султа-а-ан!..-күтүүсүздөн артынан Алинанын үнү чыкты.
Султан токтой калып жалт карады. Алинанын өзүн көздөй чуркап келатканын көрүп ишенбей кетти.
- Алина! Жаным менин, сүйүктүүм!
Эми өзү да Алинаны тосо чуркады. Бир заматта экөө бири-бирине ач кенедей жабыша кучакташып, эриндер чапталыша түштү.
(Уландысы кийинки санда)




Бийкеч
(Башталышы
өткөн санда)
- Хм… "Гороскопко кызыгасыңбы?" дейт тура… Сурайсың да!-деп жылмайып да алды, каттын ээси менен сүйлөшүп аткандай.
Бул катты жоопсуз калтырууну туура көрбөдү. Анын үстүнө, ой басып, кыйналып жатканга караганда, кат аркылуу болсо да кимдир бирөө менен сүйлөшүп ой бөлүшсө, убакыт тезирээк өтчүдөй сезилди. Жөн гана катардагы "таанышалы, түрмөнүн түйшүгүнөн азга болсо да алаксып, ал-акыбал сурашып туралы" деген маанидеги кат болсо, эч ойлонбостон "жок" демек. Бул каттын ээси болсо Жылдыздын талуу жеринен кармагандай "гороскопко кызыгам" деп атпайбы. "Кана, кана, астрология менен канчалык деңгээлде ооруруңду көрөлүчү, Балык жигит". Талмоорсубай, кадимкидей жанданып, шайдоот тарта тура калып кат жазууга киришти.
- Апэ-эй, Жылдыз, сен да "мулька" жазыша баштадыңбы? Тим эле көздөрүңдү ойноктотуп, көңүлүңдү көтөргүдөй анчалык эмне жазыптыр? Ким жазыптыр?-Жылдыз сунган момпосуйду алып оозуна салып атып, бирөөсү тамашалай кетти. Башкалары коштоп күлүп калышты. Жылдыз үн дебегени менен жылмайып койду. Эси-дартынын баары кантип, эмне деп өзгөчө, кызыктуу жооп жазууда болуп атты.
"Саламатсызбы, Эрлан? Кубана берсеңиз болот, сиз сураган ден соолугум жакшы. Өзүңүз кандайсыз, мен кубангыдайбы? (Чоочун эле бирөө менен ушинтип тамашалашкысы келип, каттын шыр жазылып атканына өзү да таңданып алды). Өзүм тууралуу сиз кызыккыдай деле маалымат бере албасам керек. Боз дубалдын ары жагында мени күтүп атышкан апам, жолдошум менен уулум бар. "Кызмат абалымдан кыянаттык менен пайдаланып, пара алгандыгым" үчүн отурам. (Статьям ушундай оор. Бирок актанбайм, алганым чын. Канча экенин жазбай эле коёюн, күлкү келээрлик ). Сотум боло элек. Балыктар бирөөнүн кайгы-капасын жүрөгүнө жакын кабыл алып, ооруп да кылышат деп жазылат. Андыктан, менин ишиме анча ойлонбоңуз. Ооруп калышыңызды каалабайм. Буюрган күнү бошонуп чыгып, баламдын жанына барармын деген илгери үмүт менен отурам.
Жылдыз белгим боюнча Бийкечмин. "Балыктардын ички туюу сезими күчтүү өнүккөн" деген чын окшойт, ээ. Бийкеч экенимди билгендей эмне менен отурганыңызды жашырып коюпсуз го. Чынында эле Бийкечтер ичибизге сыр сактай албайт эмеспизби. Бирок биздин оюбуз таза. Кандай болгон күндө да ишиңиз эртерээк оң жагына чечилип, эркиндиктин эшиги эртерээк ачылышын каалайм.
Жазган катыңыздан көрүнүп турат кыялкеч адам экениңиз. Бирок мындай аба жетпеген жерде турмушту дал өзүндөй кабыл алып, кыйналып жашаганга караганда көп нерсеге көз жумуп, кыял менен күн кечирген жеңилирээк деп ойлойм.
Кыскача, ушул. Балыктар таарынчаак келишет делет. Эгер туура эмес жерлери болсо кечирим сурайм алдын-ала. Бирок түрмөдө таарынышпайт экен го. Таттууңузга рахмат".
Катты камерадагы жаш кыз тыпырайтып жылтыракка ороп, дарегин жазып, "жөнөтүп" жиберди.
Камакка түшүп калгандан бери өткөн өмүрүнө саресеп салып, ар бир күнүн, жасаган ишин, айткан сөзүн, кылган мамилесин талдап-таразалап, көп жерден өзүн күнөөлүү деп таап аткан. Кыязын ойлогон. Балдыркан бала кезинде сүйүшүп, табышкан түгөйү менен мамилеси ириген сүттөй тез бузулуп, экөөнүн эки айрылыш жолго түшкөндөрүнүн бирден-бир себеби жылдыз белгилери боюнча дал келбөөчүлүк деп бүтүм чыгарган болсо, эми ал оюнан кайткандай… "Мен бактым үчүн күрөшө албай жеңилип бериптирмин. Кыяз энесинин сөзүн миң сүйлөгөн күндө деле мен оңдоп кете турган жолун тапсам болмок. Керек болсо ошол эле китепте "бактылуу турмушта жашайм десеңиз, Бөйөндөрдүн апасы менен тил табышууңуз керек" деп жазылып турбайбы. Мен ошону билип туруп турмушумдан жаңылдым. Бактыма балта чаап, жеңилине качырып баса бердим. Кыяз менен Айбекти салыштырып да болбойт. Же биринчим болгону үчүн ал менин жүрөгүмдө жылуу ой-сезимдер менен сакталып калдыбы? Же кандай? Дагы жаңылбайын, жаза баспайын деп Айбекке карап, байкап эле чыккандай болгом. Адаштымбы? Отурганыма ушунча болду, бир басып келип "кандайсың?" дегенге жарабай дайын-оту жок.
(Уландысы кийинки санда)









кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??