п»ї

"сегиз жыл таяктын уусу денемден кетпеди"
- Ай, Медина, жүрү бош болсоң биз менен өйдөңкү көчөгө. Тиги Роза кызынын себин бергенге жууркан каптап атыптыр. Коңшу келиндер кол кабыш кылып коёлу дегенбиз.
Кирдин суусун төгөйүн деп дарбазадан чыксам, коңшум Сайкал эже мага кайрылды. Ал жашы 50-55терге барып калган толмочунан келген кара тору аял. Дайыма калыс сүйлөп, коңшулардын арасында кадыр-баркка ээ адам.
Сууну жашыл чөпкө серпип жиберип, дарбазадан кирүүгө ашыктым.
- Качанкыга чейин эриңен коркуп жүрүп өтөсүң? Ансыз деле коңшу келиндерден чыгып бүтмөй болдуң.
- Коркпой эле,- тил учунан күбүрөй күңк эттим,- Базар күн болгонунан кир баштап алдым эле.
- Ой, оокат деп жүрүп, оокатты тиги жакка ала кеткен эч ким жок. Андан көрө аз да болсо келиндер менен кобурашып, мээңди сергитип кел. Сенин деле кыздарың турат. Алар деле эртең эле бой жетет. Алышып-беришсең эл менен эл болосуң.
Мүнөзү ачык-айрым Сайкал эже артыман кошо кирип, мени күтүп туруп калды. "Кой, эримден коркуп бүжүрөп жүргөнүм коңшуларыма чейин жеткенин кара",- деп, анын үстүнө, түндө үйгө келбеген күйөө сөөрөйүмдү эстей ага жиним кайнап, үстүмдөгү жаман халатымды чечип көйнөгүмдү кийдим. Үйдү кулпу менен бекитип, кыздарымды "эшикке ойноп тургула" деп Сайкал эже менен Роза эженикине жөнөдүк.
- Сайкал эже чакырган жерге кечикчү эмес эле деп атсак Медина сулууну ээрчите келаткан турбайбы.
Эчак чогулуп калган коңшу келиндердин бири Сайкал эже экөөбүзгө тийише кетти. Жаңыдан астыма бир чыны чай келип, оозума тиери менен улуу кызым Гүлзар чуркап келди.
- Апа, сизди атам чакырып атат.
Кызым "атам" дээри менен кеткенге ашыга ордуман турганымды байкабай калдым. Жолдошумдун күн алыс үйгө келбей эртеси келгени, жөнү жок жерден чыр чыгарып, уруш баштап ийген адаты бүгүн дагы кармабаса экен деп жүрөгүм сайгылашып, колдорум калтырап кетти.
- Гүлзар, атаңа биздин биякта экенибизди айтып кой, азыр барып калабыз,-бул жерден дагы Сайкал эже кепке аралашты.
- Жок, эже, сиздер шашпай отура бериңиздер. Мен бара берейин.
Менин кубарган өңүмдү көрүп, негедир баары менин абалымды түшүнүштү окшойт, Сайкал эжеден башкасы унчугушпады. Шашып чыкканга отурган жериме ачкычты таштап коюптурмун. Үйгө жете бербей кайра Роза эженин үйүнө кайрылдым. Сырткы эшиктин босогосун аттай берип, мен жөнүндө кеп болуп аткан экен, кулагыма шак дей түштү.
- Байкуш Медина кыйын келин экен. Эри күн алыс сабаганын койбойт, ошого карабай анын көзүн карап, анын ур-токмогуна чыдап жашаганына таң калам. Мен болсом басып кетмекмин.
Бизден бир үй ылдый жашаган Батма мага боору ачый кеп салды.
- Басып кетсе жарашат. Бирок атасыз өсүп калган келин үч кызын дагы атасыз өстүргөндү каалабайт окшобойбу. Болбосо Мединаны эмне кармап турат дейсиң.
Сайкал эже ушинтип сүйлөп атканында мен эч нерсе укпаган киши болуп кирип бардым. Чочуп кетишти. Бирок сыр билдирбей ачкычымды алып чыгып кеттим.
Ушундай мени кор туткан жолдошум Маратка катуу жинденип бараттым. Ардандым. "Кудай, неге мынча таш боорсуң?"-деп Жаратканга да наалат айтканга үлгүрдүм. Коңшу келиндер айткандай, мен эмнеге ага жабышып жашап жүрөм? Карпа-күрпө астыман Марат чыга калды. Көздөрү кыпкызыл болуп, жинденгени өңүнөн билинип турду.
- Эй, жалап, ким менен жолугуп келе жатасың?
Өзү түнү менен кайда жүргөнү менен иши жок, "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт" болуп дагы көнгөн адатынча мени көздөй жүткүндү. Көчөдөн чаап жибербесе экен деп калп жылмайып:
- Кызыксың го, ким менен жолукмак элем. Тиги Канат байке менен Роза эженин үйүнөн келатам. Коңшу келиндер барганбыз,-деп колунан кармап жанаша бастым. Оозунан арактын жыты келип, кечээ ичкени билинип турду. Унчукпай калганынан дарбазадан кире берип, эч жаман оюм жок суроо салдым.
- Өзүң кайда жүрөсүң?
- Ишиң болбосун!
Марат көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй боло үйгө кирип кетти. "Дагы апамды сабап салбасын" дештиби, үрпөйгөн кыздарым тизилип, "алда эмне болуп кетет" дешкенсип туруп калышты.
- Гүлзар, ме, балмуздак алып жегиле.
Марат ички үйдөн чыгып улуу кызыма акча сунду. Байкуштарым бала да, кантсе дагы атасы эмеспи, ал кичине жылуу сүйлөсө үчөө тең чуркап келип ага эркелей томпоңдошо ээрчишип чыгып кетишти.
Үйгө кирип көйнөгүмдү чечип халатымды кие бермекчи болуп, артыман тийген катуу соккудан улам чекем менен дубалды сүзүп барып сүйөнүп туруп калдым.
- Энеңди урайын десе, мени кечээ келбеди, бүгүн жыргап келейин деп чыксаң керек жасанып алып, ээ?
Марат шымынын курун чечип атканын көрүп аябай коркуп кеттим.
- Жинди болбочу, ишенбесең барып көр, же тиги Сайкал эжеден сура.
- Урдум Сайкал эжеңди, экөөң тең канчыксыңар...
- Сайкал эжени ошентип айтканга кантип тилиң барды? Сен...
Ызырынган Марат куру менен шилтеп калды. Калган кебимди уланта албай чыркырап төркү үйгө качтым. Артыман келип жон талаштыра чапкылап жатты. Мен байкуш болгону бетимди коргоп жонумду гана тосуп бердим. Үн чыгарбадым. Кокус сүйлөдүм дегичекти анын чапканы катууламак.
- Айт, кимге жолуктуң? Айт деп атам! Уялбай мени сурап коёт кайда жүрдүң деп. Мени деген эркек деп коёт. Качан келем, качан кетем, өзүм билем, уктуңбу? Өзүм билем!
Чачыман сүйрөй өйдө тургузду. Узун чачым колуна оролуп, баш терим сыйрылып кала жаздады. Ушул маалда мындай мыкаачы адамды кантип, кайсы күнү кара көзүм кашайып сүйүп калганым үчүн өзүмдү жектеп алганга үлгүрдүм. Баш талаштыра куру менен чапты эле, башыма кур ороло түштү. Калганы эсимде жок. Канча убакыт өткөнүн ким билсин, бир убакта үзүл-кесил Сайкал эженин үнү кулагыма угулуп, жан-алы калбай бир нерселерди айтып берип жатты. Деги тиги дүйнөдө эмес, бул жашоодо экениме ынанып, жарыкчылыкты көргүм келип көзүмдү ирмегиледим.
- Айланайын Медина, көзүңдү аччы.
Баягы тарсылдаган Сайкал эже мээримдүү үн катты.
- Суу, суу бергилечи.
Оозум кургап, каным катып калыптыр. Эже алып келген бир чыны сууну кымыз ичкен сымал кылкылдата жутуп, Сайкал эже муздак суу менен бетимди чайыган соң өзүмө келе түштүм. Денем салмактанып, кудум таш менен жанчып салгандай элес калтырат.
- Кыздарыңдан кам санаба, төркү үйдө уктап атат. Мараттан үмүтүңдү үзүп эле койгудай экенсиң. Баятан мен кирбегенимде эчак бул дүйнө менен коштошуп кете берет белең, ким билет. Азыр уулум сени машинеси менен районго жеткирип койсун. Тезинен апаңа кетип кал. Марат кайда кеткенин билбейм. Кирип барсам бети-башың кан болуп улагада жатыпсың, мында уулумду чакырып көтөртүп келдим. Мындай күйөөнүн барынан жогу. Кыздарыңды калтырба. Кызга эненин тарбиясы керек. Эркек болсо мейли дейт элем. Өзүңдүн келечегиңди ойлосоң, жашайм деп ойлобой эле кой.
Сайкал эже кудум өз кызына айтып аткандай кемшиңдеп көп сөз айтты.
Сайкал эжеге эч нерсе деп актанып, же Маратты жактагым келбеди. Сегиз жыл төркүнүмө бир сыр алгызбай, оңолор, кол көтөргөнү калар деген куру үмүт менен жашап жүргөнүмө эми чындап көзүм жетти.
Кеч киргенинине карабай кыздарымды кошуп алып айылдан узаганча бушайман болдум. Каарып сөгүп-силксе да, кол көтөрүп чоң муштум болсо да эримдин көзүн карап, эч кимди ойлобой, жалгыз үй-бүлөмдү биринчи орунга коюп келгениме өзүмдү-өзүм зекидим. Ошол кечте мен алпештеп баккан асыл апамды, бир туугандарымды катуу сагынганымды сездим...
Медина





Саламат
Туулган жылы: 1961-жыл, 8-апрель
Кесиби: Жок
Иштеген жери: Убактылуу бош
Жердиги: Балыкчы шаары, учурда Бишкекте инисиникинде жашайт
Өзүндөгү баалаган сапаттары: Чыдамкайлыгы, камкордугу
Айымдардагы баалаган сапаттары: Тазалык, чынчылдык
Материалдык байлыгы: Айылда саналуу малы жана үлүшкө тийген жери бар
Байланыш телефону: (0556) 19-25-01
- Бактылуу балалыкты башыман өткөрүп, ата-энебиздин колунда каалаганыбызды кылып, бир туугандар эрке өстүк. Бардык ырыскы ата-энебиз менен кошо кеткен окшойт. Алар о дүйнө салары менен бир туугандар чилдей тарадык. Бирок баары үй-жайлуу. Негедир турмуштан жолум болбой эки ирет үй-бүлө күттүм. Балалуу боло албагандыктан, ажырашканга туура келген. Союз тараганы ар кандай иштерди аткарып жүрдүм. Учурда инимдин үйүн салып, устачылык менен алектенип келем. Материалдык байлыктан адамдын жан дүйнөсүн өйдө көргөн 40-50 жаштагы айымдар болсо, өмүрүмдүн калган бөлүгүн чогуу өткөргүм келет. Балалуу болсо деле макулмун. Эң негизгиси, бири-бирибиздин абалыбызды түшүнсөк болду.

Таңсулуу
Туулган жылы: 1988-жыл, 28-ноябрь
Кесиби: Мүлк эксперти
Иштеген жери: Баласы менен убактылуу бош
Жердиги: Каракөл шаары. Учурда ушул шаарда жашайт
Өзүндөгү баалаган сапаты: Ачык мүнөз, боорукерлиги
Мырзалардагы баалаган сапаты: Жөнөкөйлүк, түшүнүктүүлүк
Материалдык байлыгы: Каракөл шаарында 3 бөлмөлүү батири бар
Байланыш телефону: (0772) 44-06-27
- Жакшынакай үй-бүлөнүн кызымын. Кыргыздын жапайы адаттарынын бири болгон ала качуунун курмандыгы болуп, бир жолу турмуштан жаңылдым. Эми жашы 23-30 курактагы мырзалар менен таанышып, үй-бүлө курсак деген ниетим бар. Жердиги чүйлүк мырзалар болсо жакшы болот эле. Эскерте кетчү жагдай, мырзалар жөнү жок чалбай, чындап сүйлөшүү максатында ММС аркылуу сүрөтүн жиберсе болот.

Болот
Туулган жылы: 1972-жыл, май айы
Кесиби: Айдоочу
Иштеген жери: Бишкектеги унаа оңдоочу жайда иштейт
Жердиги: Нарындын Ат-Башы району, учурда Бишкекте жашайт
Өзүндөгү баалаган сапаты: Ак көңүлдүгү жана токтоолугу
Айымдардагы баалаган сапаты: Токтоолук жана түшүнүктүүлүк
Материалдык байлыгы: Ак-Өргөдө жер тамы бар
Байланыш телефону: (0778) 55-90-40
- Болбогон уруштун айынан эки балалуу болгондо келинчегим менен ажырашканыма 5 жылга аяк басты. Эми мени түшүнгөн, токтоо, жашы 30-40тын тегерегиндеги айымдар болсо, бирге түтүн булатсакпы деген оюм бар. Балдары болсо деле мейли.

Эльвира
Туулган жылы: 1982-жыл, 26-октябрь
Кесиби: Тилчи
Иштеген жери: Офис кызматкери, жеке фирмалардын биринде иштейт
Жердиги: Бишкек шаарында жашап, иштейт
Өзүндөгү баалаган сапаттары: Ак көңүлдүгү, мамилечилдиги
Мырзалардагы баалаган сапаттары: Чечкиндүүлүк, кыраакылык, адамгерчиликтүүлүк
Материалдык байлыгы: -
Байланыш телефону: (0557) 56-56-91
- Кантип 30га жакындап калганымды деле сезбей калыптырмын. Мен эч нерседен кем эмесмин, бирок ар бир эле адамга түгөй керек экен. Курбуларымдын, теңтуштарымдын баары үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болуп калганын көрүп, мен да жакындан бери эле өз теңимди табуу тууралуу ойлоно баштадым. Анан өзүм сыяктуу интеллигент мырзалар менен таанышууну максат кылдым. Балким, бири-бирибизди түшүнүп, ортодо сезимдер пайда болсо, үй-бүлө куруу тууралуу ойлонорбуз.
Кымбаттуу окурмандар! Ушул сандан улай тең жарымын издегендер үчүн бойдоктор бурчун ачтык. Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз, эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы мырза менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефондорубуз: (0772) 25-37- 65, (0555) 62-72-66.








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??