п»ї

Буюмдар
"басып өткөн" жол
Айрым биз колдонгон буюмдар, кийген кийимдер да адамдар сыяктуу эле өзүнчө тарыхка ээ. Алар да азыркы мезгилге чейин татаал жолду "басып өтүшкөн".


Тарак

Тарак катары эң биринчи жолу байыркы айымдар балыктын сөөгүн колдонушкан. Мындан тышкары, тарыхчылар изилдөө учурунда Байыркы Римге тиешелүү аймактан белгисиз бир жырткыч жаныбардын чоң сөөгүнөн жасалган таракты табышкан. Ал тарактын сегиз гана "тиши" болгон. Анда ар бир"тиш" бири-биринен 2 сантиметр алыстыкта жайгашкан.


Орто кылымдарда алтындан жасалган тарактар өтө бааланган. 1862-жылы желимден, темирден тарактар жасалып, эл ичине кеңири тарап кеткен. Эми аны байлар да, кедейлер да колдонууга өтүшкөн.


Кийинчерээк тарак таш баканын чопкутунан, пилдин сөөгүнөн, уйдун мүйүзүнөн, жыгачтан жасала баштаган. Мисалы, уйдун мүйүзүн тең экиге бөлүп, ичин кырып-тазалап, кургатып, андан соң бычак менен кесип тарак жасашкан. Кызыгы, мындай тарактар узак жылдар бою, тактап айтканда, 19-кылымдын ортосуна чейин колдонулуп келген. Бара-бара тарак адамдардын сыймыгына, бай жашоонун белгисине айланган. Натыйжада, тарактар пилдин сөөгүнөн же кымбат баалуу металлдардан гана жасалып, боёктор менен кооздолгон.


Туфли

Айымдардын алгачкы бут кийими антикалык доорго тиешелүү. Ал өсүмдүктөрдүн сабагынан токулуп жасалып, таманы эле бар болгон. Ал эми бутка жиптердин жардамы менен байланган.


Байыркы перстер, индустар, япондор болсо жыгачтан бутуна ылайыктап жалпак кылып кесишкен да, аны таманына байлап алышкан.


Байыркы Египетте пальма жана папирус дарактарынын жалбырактарынан таманга жабыштырып, аны териден жасалган жип менен бутка байлап алышкан. Каалагандар ал жалбырактардан өрүп жасашкан да, бут кийимди кымбат баалуу таштар, оймо-чиймелер менен кооздошкон. Мындай бут кийимди эл көзүнө көрүнгөн атактуу фараондордун аялдары гана кийген.


Байыркы Грецияда, Байыркы Римде бийик тамандуу туфлилер жасалып, аны жиптер менен саймалап, бермет таштары менен кооздоп кийишкен.


Орто кылымдарда Европада айымдар башы өйдө кайрылып турган бут кийим кие башташкан. Алтургай Францияда "аялзаты башы өйдө кайрылган гана бут кийим кийсин!" деген мамлекеттик мыйзам чыккан. 19-кылымда териден жасалган бут кийимдер мода болуп, алардын сырткы көрүнүшү азыркы бут кийимдер сыяктуу эле.


Кашык

Ашканага эң керектүү буюм кашыктын пайда болуу тарыхы тээ байыркы неолит дооруна барып такалат. Болжол менен б.э.ч. 3000-жылдыкта адам баласы биринчи жолу отко иштетилген топурактан жана таштан кашык жасаган. Кашыктын өтө керектүү буюм экенин экенин түшүнгөн соң кийинчерээк балыктын сөөгүн, жаныбарлардын мүйүзүн, жаңгактын кабыгын, жыгачты, пилдин сөөгүн да кашык жасоо үчүн колдонууга өтүшкөн. Бирок алардын бири да бизге чейин сакталып калган эмес. Тарыхый изилдөөлөрдүн учурунда байыркы элдер колдонгон сөөктөн жана бронзадан жасалган кашыктар табылган. Кашыкты илгерки убакта көбүнчө жанына алып жүрүшчү. Аны атайын кутуга салып, же белине кыстарып, же өтүктүн кончуна салып алышчу.


Орто кылымдарда кашыкты мүйүз менен жыгачтан гана жасоого өтүшкөн. 15-кылымда жезден да жасай башташкан. Ал эми ак сөөк адамдар күмүш менен алтындан жасалган кашыктар менен тамактанышкан. 1760-жылдадан баштап гана кашык азыркыдай көрүнүштө жасала баштаган.






Үтүк

Байыркы заманда эле адамдар кийимдин сырткы көрүнүшүнө кам көрүп, андагы бырышты кетирүүгө аракет кылышкан. Тарыхтагы эң алгачкы үтүк кадимки эле оор таш болгон. Анын жалпак бети менен кийимди ным кезинде бастырып коюшкан. Мындай абалда кургаган кийимдин бырышы бир аз жазыла түшкөн.


Орто кылымдарда үтүк катары ичине кайнак суу куюлган темир кружка колдонулган. 16-кылымда Россияда үтүктөр темирден жасалып, салмагы 15 кг.га жеткен. Үтүктүн үстү өзүнчө ачылып, ичине күйүп турган көмүр салынган. Германияда болсо ичине кайнак суу куюп коюп үтүктөгөнгө ылайыкталып, айнек үтүктөр да пайда болгон.

19-кылымдын башында аркасына спирт куюлуучу темир идиш бекитилген үтүктөр чыккан. Үтүктү ачкыч менен бурап иштеткенде ал идиштеги спирт үтүктүн ичине агып кирип күйө баштаган да, үтүктү ысыткан.


Ал эми газ үтүгүн колдонуу үчүн алдын-ала ичине газ толтуруп, анан аны күйгүзүшкөн да, ысыган кезде кийим үтүктөшкөн. Бирок мунун коркунучтуу жагы көп эле. Газ жарылып кетип, каза болгондор болбой койгон эмес.
19-кылымдын экинчи жарымында америкалык Генри Сили аттуу адам биринчи жолу электр үтүгүн ойлоп тапкан.

Сауле СУЛАЙМАНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??