п»ї

Сиз жакшы кожойкесизби?
Көрсө, эркектер өздөрүнө өмүрлүк жар тандоодо бир гана сүйүүгө карашпайт экен, келечекте өзүнүн кандай үйдө жашары тууралуу да ойлонушат экен. Демек, үй-бүлөлүк бакыт сиздин үйгө карамдуулугуңуздан көз каранды.
Анда төмөнкү тесттин суроолоруна ачык жооп бериңиз. Ошондо сиздин кандай кожойке экендигиңиз белгилүү болот.
1. Эшиктин коңгуроосу басылды. Ачсаңыз эле чакырылбаган коноктор турат. Сиз...
А) Өздөрүнүн чакырылбай келгенин билдирбөө үчүн бардык аракетимди кылам.
Б) Аларды көргөндүгүм үчүн кубангандыгымды билдирип, зарыл иштерим бар экендигин айтып кетип калам.
В) Конокторду төргө өткөрөм, бирок аябай жинденем.
Г) Эскертпей келгенине нааразы болгонумду жашырбайм.
2. Чакырылбай келсе деле конок деген баары бир конок. Кыргыздын салтына ылайык аларды сыйлоо керек...
А) Бул мен үчүн эч кандай маселе жаратпайт: мен тез даярдалуучу бир нече тамактардын рецепттерин билем.
Б) Тамак-аштын рецепттери жазылган китеп-журналдарды барактоого туура келет.
В) Эгер айтып келишсе, мен жакшы тамак жасап коймокмун. Эми өздөрүнөн көрүшсүн, жакын жайгашкан дүкөндөн консерва алып келе коюп дасторконго коём.
Г) Үйдө азык-түлүк жок экендигин ачык айтып, чай менен эле сыйлап коём.
3. Айлык алганга чейин али көп бар, а сиздин үйүңүздө азык-түлүккө да акча калбай калды...
А) Мындай нерсе менде эч качан болбойт, анткени, мен киреше менен чыгашанын эсебин чыгарып турганды жакшы көрөм. Каражатты майда-чүйдөсүнө чейин пландоо - менин негизги принцибим.
Б) Мындай учур болот. Кээде өзүмө керектүү кооз буюмга көзүм түшүп калса, эртеңкимди ойлобой эле сатып алам да, анан акчасыз отуруп калам.
В) Мындай көрүнүш менде тез-тез кайталанып турат. Чыгашаларды алдын-ала пландай албайм, бүгүнкү күн менен жашаганды жакшы көрөм.
4. "Жай" деген сөз менен төмөнкүлөрдүн кайсынысын байланыштырасыз?
А) Күн нуру, көл жээги, кыскасы, эс алуу.
Б) Банкалар, чаралар - кышка даярдык.
В) Эс алуу менен кышка даярданууну бири-бири менен айкалыштыруу.
5. Азык-түлүк сатып алууда...
А) Ошол убакта үйдө кайсы азык бар, кайсынысы жок экенин дайыма так билем. Андыктан, базарга азык-түлүктөрдүн тизмеси жазылган барагымды көтөрүп барам.
Б) Үйдөгү азык-түлүктөрдүн бар-жогун көзөмөлдөбөйм. Бир нерсенин жетишпегендигин кокусунан көрүп калсам, сатып келип коём.
В) Азык-түлүк сатып алуу үчүн базарга барууну эч качан пландаштырбайм. Жанынан өтүп баратканда көзүмө жакшы көрүнгөндөрүн сатып ала келем.
6. Үй жыйноодо...
А) Үйдү көп деле жыйнабайм, бирок бир жыйнаганда кычыктардан бери кырып-жышып аябай тазалайм. өүң
Б) Маал-маалы менен жыйнап турам. Килемдердин чаңын сордуруп, пол жууп, чаң сүрткөнгө жуманын бир күнүн сөзсүз түрдө бөлөм.
В) Бул менин эң жаман көргөн жумушум. Андыктан, үйгө бирөө келерде эле көрүнүктүү жерлерин тазалап коём.
7. Жуулбаган идиш...
А) Бардык эле кир, чаң болгон башка нерселердей эле жуулбаган идиш да менин кыжырымды кайнатат. Андыктан, менин үйүмдө жуулбаган идиш көпкө турбайт.
Б) Кээде тамакты ичип бүтөрүм менен идишти жуугандан эригип, туруп калган учурлар болот.
В) Идиш-аяк жууганды ушунчалык жаман көргөндүгүмдөн, бир жолу колдонулуучу идиштерди пайдаланып, дароо ыргытып жибергим келет.
8. Сизде муздаткыч менен жаңы пальто жок. Бирок экөөнүн бирөөсүн эле сатып алганга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Кайсынысын сатып алат элеңиз?
А) Муздаткычты.
Б) Пальтону.
9. Эртең менен жумушка кетип баратып...
А) Өзүмө керектүү буюмдарымды таппай бөлмөдөн-бөлмөгө чуркай берем.
Б) Буюмдарды өз-өз ордуларынан, кечээ койгон жеримден алам.
В) Кийим тандоо жана боёнуу үчүн атайын эрте турам.
Г) Балдарымды мектепке, күйөөмдү жумушка жөнөтүш үчүн эрте турам.
10. Тамак-аштын рецепттери жазылган китеп-журналдарды чогултасызбы?
А) Жок, аларга таптакыр кызыкпайм.
Б) Кокусунан колума тийип калса барактап коюшум мүмкүн, бирок чогултпайм.
В) Аларды чогултууну хоббим десем болот. Мен андай китептерден тамак-аштын өтө көп рецепттерин үйрөнгөм.
Г) Көп эмес, бирок бар. Өзүмө жаккандарын сатып алам.
11. Үй жумуштарынан бир аз бошоп калганда эмне менен алек болосуз?
А) Телевизор көрөм.
Б) Китеп окуйм.
В) Кол өнөрчүлүк кылам.
Г) Тааныштарым менен телефон аркылуу сүйлөшөм.
12. Квартира жайлуу көрүнүш үчүн эмне керек деп эсептейсиз?
А) Кымбат эмерек.
Б) Өз колумдан чыккан буюмдар.
В) Тазалык жана тыкандык.
Г) Заманбап ремонт.
Эми топтогон упайыңызды эсептеңиз:
Жыйынтыгы:
25-35 упай. Ооба, сиз үлгүлүү кожойкесиз. Үйдүн таза, тыкан, жайлуу болгону, албетте, жакшы, бирок зыяны да бар экенин унутпаңыз. Мисалы, бир аз эле чаң же кир сиздин кыжырданып, нерв болушуңузга себеп болот. Ошол эле учурда башка бирөөнүн да көңүлүн оорутуп коюшуңуз мүмкүн. Мисалы, үйүңүзгө келген конок кокусунан колунан түшүрүп сындырып алган идиши үчүн өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Бардык нерсенин өзүнүн чеги болгону жакшы, андыктан, бөлмөңүздүн гана жайлуулугун ойлобой, жан дүйнөңүздүн жайлуу болушун да ойлоңуз.
13-24 упай. Сиз жакшы кожойкесиз, бирок кээде өзүңүзгө калыптанып калган эрежени бузууга жол берип коёсуз. Бул жаман эмес. Үйдөгү тыкандык, жайлуулук жакшы нерсе, бирок сиз мындан да жакшы нерселер бар экенин билесиз. Конок тосконду жакшы көрөсүз жана коноктор да сиздин үйүңүздө өздөрүн эң сонун сезишет. Сизден үлгү алууга болот, анткени, сиз меймандостук менен үй-тиричилигин айкалыштыра билесиз.
0-12 упай. Үй-тиричилиги - сиз кызыкпаган нерсе. Бирок капа болбоңуз: үй жумуштары искусствосун үйрөнүүгө эч качан кеч болбойт. Үй жумуштарына кызыкпайм дебеңиз, анткени, аялдын баалуулуктарынын бири ушул эмеспи.










кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??