п»ї

Үпөл Молдобасанова, Калый Молдобасановдун өмүрлүк жары:
"Ушундай адам менен тагдырлаш болуп калганыма ыраазымын"
Музыка өнөрүнүн устаты жана чебери СССРдин Эл артисти, композитор, дирижёр, профессор Калый Молдобасановдун өмүрлүк жары Үпөл Молдобасанова менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз.
- Үпөл эже, Калый аганын акыркы күндөрдөгү абалын айтып бербейсизби, өзү сезди беле, керээзин айтып калдыбы?
- Акыркы үч жылда ооруп жүргөн, бирок төшөккө жатып калган эмес. Дарыланып жүрчү. 2008-жылы майдын экисинде мен жумушта элем, үйдө бир жээнибиз бар болчу, телефон чалып, "жеңе, байкем жаман болуп жатат" деди. Жумуштан "Тез жардам" чакырып коюп үйгө келсем, "Тез жардам" жаңы эле кирип атыптыр. Врач үйгө кирип укол сайып, таблетка бергенден кийин "ооруканага алып барбай эле койгула" деди, ал билсе керек. Инсульт экинчи кайталанды да. Мен макул болбой ооруканага жеткирдик. 29 күн ооруканада жатып, түтүк менен суюктук ичип калды. Акыркы эркимди жыйнап, үйгө 30чу күнү чыгарып келдим. Ал күнү жайдары болуп кечке жыргап жатты. Анан кечинде кайтып кетти. Жакшы жүргөн кезинде эле "кокус мен кетип калсам..." деп айтып калса эле мен "анын баары Кудайдын колунда, сен кетесиңби же мен кетемби" деп уккум келчү эмес. 12 жашынан баштап Опера-балет театрында иштептир. Экөөбүз жай сүйлөшүп отуруп калганда: "Кыргыз искусствосуна колумдан келишинче эмгегимди сиңирдим. Мени элим, театр, жамаатым унутпай кийин мени эстейт, баалайт болду бекен",-деп көп айтар эле. Мен дагы: "Албетте, баалайт. Мен дагы кыргыз руханий дүйнөсүн байыткан, кыргыз искусствосун дүйнө жүзүнө тааныткан, ушундай залкар адам менен тагдырлаш болуп калганыма ыраазымын",-деп өзүнө да айтар элем.
- Кантип таанышып калдыңыздар эле?
- 1984-жылы Совминдин санаториясына эс алганы баргам. Кыштын февраль айы болчу. Калый Молдобасанович, Чыңгыз Айтматов экөө чыгармачылык командировкага барышыптыр. Санаторийде эл аз экен, ашканада чогуу бир столдон тамак ичип калдык. Ошол жерден тааныштык. А кезде мурунку жубайы, балерина Светлана Филомонова менен ажырашып кеткенине жарым жылдан ашып калыптыр. А кишини мен мурда эле залкар композитор катары сыртынан таанып, билип жүрчүмүн. Көрүүчү катары анын талантын сыйлап, концерттерине барып турчумун. 50 жылдыгында да Опера-балет театрына барып кечесин көргөм. Ошентип, февраль айында таанышып, август айында баш коштук. 22 жыл бирге жашадык.
- Сиздин кесибиңиз ким?
- Менин кесибим финансист. Экөөбүздүн чөйрөбүз эки башка болсо да, бизди тагдыр кокустан кезиктирди. Мен сүйлөшүп жүргөн убакта "мен искусстводон алыс адаммын, балким, өз чөйрөңүзгө жакын адамды тапсаңыз болот беле" десем болгон жок.
- Канча балалуу болдуңуздар?
- Экөөбүздүн төрт балабыз бар, тилекке каршы, экөөбүздүн ортодо бала болгон жок. Калыйдын мурунку жубайынан бир кыз, бир уулу бар. Менин эки уулум бар. Уулу атасынын жолун жолдоп Ташкентте, Аскердик Горнизондо музыкант (трубач) болуп эмгектенет. Кызы бизнеске аралашып кетти окшойт, азыр Швецияда жүрөт.
- Катташып турасызбы?
- Анда-санда телофон менен сүйлөшүп турабыз.
- Калый ага айылы Ак-Талаага көп барып турчу беле?
- Мурда жаш кезинде көп эле барчу экен. Ак-Талаада өтө жакын туугандары жок болгондуктан, кийинки убактарда көп деле каттачу эмес. Шаарга алты жашынан эле келиптир, бирок "айылды, айылдын түтүнүн сагындым" деп айтып калчу.
- Майрамдарда кандай белек тартуулачу эле?
- Гүлдү жакшы көрчү, дайыма гүл алып келип берээр эле. Чет мамлекетке барып келгенде азем буюмдарды ала келчү, иши кылып көңүлдөн тыш калтырчу эмес. Мен дагы майрамдарда ага керектүү бир буюмун алып берип, жакшы көргөн беш бармагын жасап берчүмүн. Казы-карта, чучук, беш бармакты жакшы көрөр эле.
- Каякка барып эс алганды жакшы көрчү элеңиздер?
- Дайыма жайында Көлгө барып "Аврорада" эс алчубуз. Өзү да көлгө түшкөндү аябай жакшы көрчү. Чогуу Италия, Москва, Ленинград ж.б. чет жерлерге көп бардык. Чоң театрларга бат-бат чакырып турушчу. Бул киши бүт жүрөгүн, дитин музыкага сайган адам болгон да. Концерт абдан жакшы өтсө сүйүнүп, андан башка ага эч нерсенин кереги жок болчу. Концерттен күйөрмандар берген кучак толо гүлдү сахнанын артына өткөндө "бүгүн концерт сонун өттү" деп гүлдүн баарын "бул сеники" деп мага карматчу.






Саткын Абдрахманова, акын Эсенгул Ибраевдин жубайы:
"Эсенгул мага "кызым" деп кайрылчу"
Жакшымды айтып, жаманымды катасың,
Жанга төп жар, балдарыма апасың,
Сендей эстүү жанды өзүнө жар кылган
Мендей эссиз эркектер кө-өп жашасын…
Ушундай жөнөкөй, бирок маңыздуу төрт сап ырды Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыздын залкар акыны Эсенгул Ибраев 50 жыл бирге жашаган өмүрлүк жары Саткын эжеге арнап жазган экен. Ушул төрт сап ырдын каарманы, акындын алган жары Саткын Абдрахманова менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз.
- Алгач Эсенгул агай менен кантип таанышканыңыздан кеп салып берсеңиз...
- Экөөбүз азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика бөлүмүндө бирге окуп калдык. Мен айылдан жаңы келген, уяң, биринчи курста окуган кызмын. Бир күнү окуу жайдын тепкичинен өйдө көтөрүлүп чыгып баратсам, агайыңар алдыман чыгып: "Кызым, кандайсың?"-деп учурашып калды. Мен да башымды ийкеп өтүп кеттим. Ошол эле күнү студенттер актовый залга чогулуп калдык. Ал жерден дагы учурашты. Мен жанымдагы курбумдан сурадым: "Бул ким? Мени менен бүгүн экинчи жолу учурашып жатат",-десем, "Агай болуш керек",-деп койду. Ал деле жакшы билбесе керек. Иши кылып ошол күнү мени менен төрт-беш жолу учурашты. Көрсө, агайыңар иштеп жүрүп окууга кийинчерээк тапшырып, экинчи курс кези экен. Университетте да Комсомолдор комитетинин мүчөсү, факультеттин "Журналист" деген дубал гезитинин редактору, активист студент болуп, башка курстун студенттери ага агай, мугалим катары мамиле кылышчу экен.
Илгери студенттерди айыл-чарба иштерине жөнөтүп турушчу эмес беле. Ошентип, биздин курстун кыздар-балдарын дагы жөнөтүштү. Ал жакта жүргөндө мага: "Кызым, кандайсың? Мен баягы табышмактуу агайыңмын",-деген мазмундагы бир кат келди. Менден жети жаш улуу эле. Ошон үчүн "кызым" деп кайрылчу экен. Андан кийин андай каттар бат-баттан келип жатты. Көрсө, Эсенгул мага мурдатан эле көз салып жүргөн экен. Айыл-чарба жумуштарынан келгенден кийин үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1959-жылы 23-декабрь күнү баш коштук.
- Ал кишини "сыртынан кырс мүнөздүү адам көрүнчү" деп көбү айтышат. Мүнөзү кандай эле?
- Чынчыл, кечиримдүү, акылдуу, анан абдан сабырдуу эле. Анан абдан баласаак болчу. Экөөбүз мейманга кетип баратканда биринчи "балдардын курсагы токпу, тамагы даярбы?" деп сурап, даяр экенин көргөндөн кийин анан көңүлү ток үйдөн чыкчубуз. Кырс мүнөзү да бар эле, бирдемени бир сөз менен эле түшүндүрүп койчу. Балдары бир нерсе кыларда аларга "ушундай жасагыла, бүттү" деп койчу. Алар мага "атам туура эмес айтып жатат" деп келишет. Эми үй-бүлөдө бирде атаныкы, бирде апаныкы, бирде баланыкы туура болот эмеспи. А мен балдарыма: "Силер азырынча унчукпай тургула, өзү ойлонот, анан силердики туура экенин өзү айтат",-деп айтам, айткандай ушундай болчу. Педогогдук да жайы бар эле. Мисалы, балдардын бирөөсү туура эмес бир нерсе кылып койсо, "өзүбүз бир жерден ката кетирдик" деп күнөөнү балдардан эмес, өзүбүздөн издечү. Үч уул, бир кыздуу болдук. Балдарыбыз татыктуу тарбия алышты.
- Ырды кайсы убакта жазчу эле?
- Шырдак салынган бөлмөгө кирип, көмкөрөсүнөн жатып алып кагаз бетине түшүрчү. Эсенгулдун дагы бир артыкчылыгы, ырларын мээсине топтоп, бышырып, анан кагазга оңдолгон вариантта түшүрчү. Кээ бир акындардай болуп улам оңдоп, чиймелечү эмес. Ошон үчүнбү ырларынын баарын жатка билип, жатка айтчу.
- Кыз-келиндерге арнап жазган сүйүү ырларын окуганда кызганыч сезими сизде пайда болчу беле?
- Кээ бирөө "кызганыч - бул сүйүү" деп айтат экен. Бири-бирин кызганып, аны урушка, трагедияга айлантып, канча үй-бүлө ажырашып жатышат. Кызганыч бул сүйүү эмес, ишеничтин кеткени деп айтар элем. Мен жаш кезде кызганычка мындай мамиле кылчумун: "Мен аны кимдир бирөөдөн кызганып өзүмдү басынтпайм, мен алардан жогору турам, ошон үчүн ал мени менен жашап жатат",- дегендей. Өзүнүн да мага карата "сенин токтоо мүнөзүңө тан берем"деген ыр саптары бар. Кээде өзү "мен күйүп-жанбасам, ырлар кайдан жаралмак эле" деп күлүп калар эле. Мен улуттун жүзү, улуу акын менен жашаганыма сыймыктанам. Азыр мага аны менен жашаган өткөн күндөр дем берип жашап келем. Дүйнөгө түркүк болгон ким бар дейсиң.
- Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнөн кандай сүртүмдөр калды?
- Эсенгулдун көкүрөгү толо ыр экенин ушундан билдим. Төшөктөн тура албай жатып калганда да ыр жазып жатты. Өзү жазганга колунун күчү келбей, мени чакырат. Мен: "Койсоңчу кыйналбай, өзүң ооруп жатсаң..."-десем, "жаз" деп ишаарат кылат. Катуу сүйлөсө да кыйналат да, кулагыма сөздөрүн шыбырайт, мен жазам. Акыркы жазган ыры ушул болду.
Жылдыздай жарк деп келишти,
Жылдыздай жаркып беришти.
Ыр деген - улуу ыйык сөз
Коёюн, КОШ БОЛ, чекитти.
Ушул ырды кагазга жазып жатып аябай ыйладым. Ооруп капельницада жатканда "капельницамды алып салчы" деди, жаны кыйналып кетти окшойт. Мен "болбойт" десем, "кулагыңды тосчу" деп белги берип, анан кулагыма "мен биринчиси же акыркысы эмесмин го" деп жатпайбы. Сөздү да укмуштуудай таап сүйлөчү, чечен эле. Балдарыбыз чоң үй салып, Эсенгул ооруп жатканда көчүрүп келип, жаңы үйдө жашап калдык. Бир күнү жанында жатсам: "Сен балдарга айт, кокус мен өтүп кетсем, көңүлүнө алышпасын, ырыстуунун карысы кетет",-деп айтты. Көрсө, "балдарым жаңы үйдөн жамандык биринчи болду деп ырымдап, жаман акыбалда калышпаса экен" деп ойлонуп, санааркап жаткан экен.
Азыр Эсенгулдун өзү жок болсо дагы артында аны эскерээр балдары, достору, замандаштары калды. Эч нерсеге алмашкыс ырлары, китептери калды.

Элмира МАДИЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??