меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Модельер Ханышай:
"Бир дагы төрт албайсың" деген шарт менен окудум"
Кыргызда колунан көөрү төгүлгөн уздар көп. "Уз, чебер" деген түшүнүккө акыркы жылдары "модельер-конструктор, дизайнер" деген түшүнүктөр "жармашып" келатат. Анын сыңары, Ханышай да модельер-конструктордун кесибине ээ болуп, ушул кесипти аркалап келатат. Жаш болсо да "Hanysha fashion" чыгармачылык борборун ачып, бир нече кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууга жетишти.
- Ханышай, чыгармачылык борборуң өзүңдүн ысымыңдан коюлган да, ээ?
- Чыгармачылык борбор ушул жылдын февраль айында эле түзүлгөн. Ага башка жактан ат издеп отурбай эле өз ысымымды байланыштырып коюуну чечтим. Бул жерде жыйырмага жакын кыз-келиндер иштеп, жеке заказдарды кабыл алабыз, андан тышкары, жаш дизайнерлерге колдоо берип, жол көрсөтүп турам.
- Сага көйнөк заказ кылууну каалаган кардар канча сомун чөнтөгүнө сала барышы керек?
- Эми ал кездемесине, жумушуна жараша болот. Мисалы, кээ бирлер кол менен жасалган эмгекти баалашат. Аларга майда шуру-мончокторду колго тигип чыкканга туура келет. Мындай кийимдер, албетте, кеткен убакытка, эмгекке жараша кымбатыраакка бааланат. Негизи, бизде заказдар 3000 сомдон өйдө. Мен эскизин чийип, бычып берем, алтын колдуу кыздарым кийимдин бардык түрүн тигишет.
- Шоу-бизнес өкүлдөрү менен да иштешесиңерби?
- Ооба, Нурзат Токтосунова, Нурзада Жолдошева, "Импульс" тобу, өзүмдүн сиңдим кичинекей Милана биздин колдон чыккан кийимдерди кийип калышкан. Анан негедир биздин коллекцияларга жаштар, өспүрүм кыздар көбүрөөк кызыгышат.
- Сен өзүң модельер-конструктордун кесибине кайдан ээ болгонсуң?
- Мен, негизи, кичине кезимден эле чеберчиликке жакын болчумун. Апамдын кездемелерин бузуп, куурчактарыма "муну жатканда киет, муну уктаганда киет" деп толтура кийимдерди тигип берчү элем. 8-класста окуп жатканымда атамдан Кыргызстанда атайын чеберлерди даярдоочу Москвадагы окуу жайдын филиалы бар экенин угуп калдым. Окуу жайдын ичине кирип, тим эле бир кереметке туш келгендей болдум: кире беришинде эле кооз-кооз көйнөктөр илинип турат, кыскасы, бул жай мени өзүнө арбап алды. "Ушул жерде окуйм" деп эшигинде ыйлап отура бердим. Аттестатым түгүл 9-классты бүткөн күбөлүгүм жок да. Бирок менин көгөргөнүмдү көрүп атам сүйлөшүп киргизип койду. Эч кандай документсиз эле кирип алгандыгымдан, бир жылдан кийин окуудан чыгарып салышты. Анда деканга кирип жалдырап, ыйлап отуруп, анын "бир дагы 4 албайсың" деген шарты менен кайра окуумду улантып, "Алтын өрөөн" деп аталган ошол окуу жайда беш жыл окудум. Алгач 180 кыз өткөнбүз, акыркы курска чейин болгону 8ибиз калдык. Окууну бүткөн соң Казакстанга барып жети ай иштеп келдим. Ал жактан келип өз алдымча эле иштеп жүргөм, анан жогоруда сөз болгон чыгармачылык борборду түздүм.
- Модельерлердин кароо-сынактарына катышып көрдүң беле?
- Көп эле катышкам, алардын ичинен эң чоң ийгилигим деп Фергана өрөөнү боюнча төрт мамлекет катышкан кароо-сынакты айта алам. Мында мен эки жыл катары менен Гран-Прини алгам.
- Маегиңе рахмат анда. Кардарларыңды кубанта бер!





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика