меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Күн нурунун
балага тийгизген
зыяндары
Жай өзү менен кошо мөмө-жемиштерди гана алып келип, көлмөгө киринүүнү тартуу кылбастан, балаңызга зыян да алып келиши мүмкүн. Жайдын саратанында эмнеден коргонуп, күн нурун кантип ашыкча кабыл албоону эсиңизге түйүп алыңыз.


Ысык
өтүү
Ысык өтүүнүн бир нече баскычтары бар. Кайсы баскычта болбосун, ал баланын ден соолугу үчүн кооптуу.
Cебептери: Жогорку температура, организмге суунун жетишсиздиги, активдүү физикалык жумуш, ашыкча салмак, борбордук нерв системасындагы оору.
Белгилери: Эсин жоготуу, бопбоз, ысык жана кургак дене. Дем алууда кыйынчылык болуп, кан басымдын түшүп кетиши да мүмкүн. Балдарда ысык өтүү адатта кусуу жана ич өтүү менен коштолот. Ага кошумча баш оору, көңүл айнуу, дене табынын көтөрүлүшү, беттин кызарышы ысык өтүүнүн негизги белгилери болуп эсептелинет.
Кантип жардам берүү керек? Жабыркаган баланы тезинен салкын, жок дегенде көлөкө жерге алып барыңыз. Жаткырып, желдетиңиз. Мээлүүн суу менен (муздак эмес) денесин сүртүп чыгыңыз, айрыкча кан тамырлары териге жакын болгон моюнунун айланасын, колтуктарын. Башына муздак компресс жасаңыз. Бала өзүнө келгенде ага муздак суудан көбүрөөк ичирип, врачка алып барыңыз. Дене табы жогору болсо температураны түшүрүүчү каражаттарды бербей эле койгонуңуз оң, алардын баары бир натыйжасы болбойт.
Алдын алуу:
Ысыкта балага табигый кездемеден тигилген жука, ачык түстүү кийимдерди кийгизиңиз. Анан сөзсүз түрдө - баш кийим!
Күн төбөдөн тийип турган чак түштө балаңызды көчөгө чыгарбаганыңыз оң.
Үйдө мүмкүн болушунча кондиционер же вентилятор колдонуңуздар жана күн алыс үйдөгү буюм-тайымдарды, полду ным чүпүрөк менен сүртүп туруңуз.
Балаңызды эч качан машинага кулптап калтырып кетпеңиз.
Сейилдөө учурунда көп чуркабашына, ашыкча кыймыл-аракет жасабоосуна көз салып туруңуз.
Ага тез-тез суусундук ичирип туруңуз.
Оор, майлуу тамактарды жашылча-жемиштер менен алмаштырыңыз.
Күнгө
күйүү
Күнгө күйүүдө теринин эң үстүңкү катмары жабыркайт. Теринин ашыкча күйүүсү жагымсыз гана эмес, кооптуу да: ал теринин маалынан эрте картаюусуна, аллергияга, көздүн көрүүсүнүн начарлашына, тери рагынын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.
Cебептери: Териге күн нурунун чегинен ашыкча тийүүсү. Күнгө күйүү менен сары терилүү адамдар көп жабыркашат.
Белгилери: Теринин кызаруусу, кычышуу. Кийинки күнү ичине суу толгон барсанактар пайда болушу мүмкүн. Бир нече күндөн соң ашыкча күйгөн тери сыйрылып, жука плёнка болуп түшө баштайт.
Кантип жардам берүү керек? Эгерде аз эле күйгөн болсо, теринин жабыркаган бөлүгүнө майсыз кремден сүртүп, бир чай кашык сода менен бир стакан суунун аралашмасынан компресс жасоо керек. Ал эми күйүк катуу болуп, тери кычыша баштаса, дененин күйгөн жерин муздак сууга малынган сүлгү менен ороңуз, суу менен уксустун бирдей өлчөмдөгү аралашмасы менен сүртүңүз. Жалбыз кошулган сууга жуунтуу кычышууну басаңдатат. Барсанактарды жарбаңыз жана йод менен спиртти эч качан колдонбоңуз.
Алдын алуу:
Баланын күндө болуусун 15 мүнөттөн 2 саатка чейин аз-аздан көбөйтүп отуруңуз. Саат 10го чейин жана 3төн кийин сейилдөөгө чыгарыңыз.
Көл жээгинде суудан чыккан сайын күн нурунан коргоочу кремден сүртүп туруңуз.
Далысын, ийиндерин жапкан жука кийим, көздөрүн жана мурунун күндөн коргоочу шляпа кийгизиңиз. Дененин дал ушул бөлүктөрү биринчи кезекте күндөн жабыркайт.
Организмге суунун жетишсиздиги
Белгилүү болгондой, чоң адамдын денесинин 70-80 пайызы суудан турат, а жаңы төрөлгөн баланын денесинин 90 пайызы. Организмдеги суунун 5 эле пайызга азайышы ден соолук үчүн жагымсыз көрүнүш, ал эми 10-12 пайызга азайышы жашоо үчүн кооптуу.
Cебептери: Организмдин суюктукту жетишсиз кабыл алышы же анын өтө тез иштелип чыгышы. Адатта кусуу, ич өтүү организмдеги суунун жетишсиздигине алып келет. Күндүн ысыгында кыймыл-аракет көп болгон учурда тердин көп бөлүнүп чыгуусунан улам ушундай маселе жаралат. Ошондуктан, жайында суусундукту көп ичүү сунушталат.
Белгилери: Баланын шалдыроосу, кургак, кесилген эриндер, тил, тери. Заараны аз бөлүп чыгаруу, баланын сийдигинин ток сары түстө болушу.
Кантип жардам берүү керек? Биринчи кезекте организмдеги суюктуктун жана туздун жетишсиздигинин ордун толтуруу керек. Ал үчүн атайын каражаттарды колдонсоңуз болот, мисалы, "Регидронду". Же болбосо кайнатылган 400 мл муздак сууга 1 чай кашык тузду аралаштырып, ар 10-15 мүнөт сайын аз-аздан ичирип туруңуз.
Алдын алуу:
Күндүн ысыгында балага суюктукту канчалык көп ичирсеңиз, ошончолук жакшы, анткени, организмдеги суюктуктун көбү тер менен бөлүнүп чыгып кетет. Организмдин суусуз калышынан суу, шире, чөп чайлар сактайт. Курамында теин жана кофеин бар коюу кара чай, кофе, какао сыяктуу суусундуктарды ичирбеңиз.
Мурун
каноо
Жай чилдеси көп учурда мурундун канашына алып келет. Мурундун тез-тез каноосу дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларындагы оорулардын күчөшүнө алып келет.
Cебептери: Организмдин күнгө ашыкча күйүүсү, былжыр челдердин кургактыгы, артериалдык кан басымдын жогорулашы, өтө чарчоо, мурундун жаракатка кабылышы.
Белгилери: Мурундун канашы. Көп учурда кан сыртка чыкпай, ичинен агышы мүмкүн, бала аны түкүрүгү менен кошо сыртка чыгарып салат.
Кантип жардам берүү керек? Баланын денесин түз кылып, башын бир аз көтөрүп жаткырыңыз. Канды токтотуу үчүн мурдуна муздак компресс басыңыз. Эгер кан токтобой ага берсе, анда суутек перекисине малынган кебезди эки мурунунун тешигине тыгуу керек. Эгер кан аралаш кусса, тезинен доктурга көрсөтүңүз.
Алдын алуу:
Аба ырайынын ысык мезгилинде күн тартибин катуу сактап, балаңызга чарчоого жол бербеңиз.
Ысык тамакты азыраак бериңиз.

Нуриса БАЯЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика