меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кызыл камчы
күйөө кайдан чыгат?
Үй-бүлөлүк зомбулук - коомдогу кеңири таралган маселе. Күйөөсү аялын сабайт - бул көрүнүш адамдарды жөн гана кыйнабай, эң негизгиси, сүйүүнү өлтүрөт. Зомбулукту кантип токтотсо болот? Дегеле, үй-бүлөлүк тиран кайдан чыгат?

1-себеби
Эгер эркек бала кезинде зомбулукту көп тарткан болсо, андан чоңойгондо тиран чыгат. Сөзсүз түрдө эле физикалык зомбулук эмес, ата-эне баласын өтө эле катуу көзөмөлдөп, каалабаган нерсесин жасоого мажбурлашы мүмкүн. Мындай бала чоңойгондо өз үй-бүлөсүндө ушул сыяктуу эрежени колдонуу менен оюнда убагында өзүн таарынткан адамдардан өч алат. Же болбосо тарбиянын мындай түрүнө көнүп, башкасын көрбөгөн адам аны балдарына, аялына карата колдонот.

2-себеби
Бала кезинде сүйүүнүн, мээримдин жетишсиздиги да агрессиянын себеби болушу мүмкүн. Ата-энеси ажырашып же бири каза болуп калып мээримге зар болуп өскөн бала чоңойгондо көбүнчө эч кимге ишенбейт, адамдардын жакшы касиеттерин байкабайт, дайыма анын көзүнө жаман жагы көрүнөт. Мындай адамдар өтө кызганчаак болушат. Бардык нерсеге агрессивдүү мамиле кылып, күч колдонууну жакшы көрүшөт.

3-себеби
Ал кичинесинен жардамга муктаж болуп чоңойгон. Мисалы, ичип мас болгон ата-энесинин урушуна бир нече жолу күбө болсо да эч нерсе колунан келген эмес, өзүнүн оюн да айтууга укугу болбогон. Чоңойгондо ал бир кездеги жардамсыздыгын, алсыздыгын аялынан күчүн чыгарып толуктайт. Мындай адамдар балдарын болбогон нерсе үчүн жазалашат, ар бир майда нерсени өзүнүн уруксаты менен жасоосун аялынан талап кылат. Анткени, ал буга чейин эч качан өзүн маанилүү, колунда бийлиги бар адам катары сезген эмес. Өз жашоосунда жетишсиз болгон мындай сезимдин ордун ал ушундай жол менен толтурат.

4-себеби
Аялдын агрессивдүүлүгү да эркектин чыныгы тиранга айлантышы мүмкүн. Өз баасын билбеген, алсыз эркекти тынымсыз жемелеп, кемсинте берүүдөн эркек ичкич, зордукчул болуп кетет. Мындай эркектер үчүн бул абалдан чыгуунун жападан-жалгыз жолу.

5-себеби
Бала толук үй-бүлөдө чоңойгонуна карабай туура эмес тарбия алса, зордукчул болуп чоңоёт. Жөнөкөй эле мисал, эгер баланы тарбиялоодо ата-эне уруу ыкмасын көп колдонсо, аны бала үйрөнөт. Ал көчөдө жаткан итти урат, бакчада башка балдарды урат. Мунун баары агрессивдүүлүккө алып келет. "Демек, жашоо уруп-согуудан турат экен" деп ойлогон бала ошол бойдон калыптанып калышы мүмкүн.

Сиз эмне үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп калгансыз?
1. Бала кезиңизден үй-бүлөдөгү ушул сыяктуу мамилеге көнүп калгансыз, башкача айтканда, сиздин атаңыз да апаңызга күн көрсөтпөгөн тиран болгон. Ошондуктан, мындай мамиле сизге боло турчу кадимки көрүнүштөй сезилет.
2. Сиз үчүн өз сезимиңизден чыгуу өтө кыйын.
3. Өзүңүздү-өзүңүз баалооңуз өтө төмөн жана зордукчул күйөөнүн курмандыгы болууга даярсыз. Алсыз, жардамга муктаж айымдарды агрессивдүү эркектер магнит сыяктуу эле өздөрүнө тартат. Эгер айым материалдык жактан күйөөсүнө көз каранды болсо, анын оор мүнөзүнө карабай колдоосуз калгандан коркот.
Эмне кылуу керек?
Көпчүлүк мындай эркектер элдин көзүнө түшүүдөн, башкалардын аралашуусунан коркот. Андыктан, өзүңүздүн ичиңиздеги бугуңузду эч качан жашырбаңыз. Анын кылыгы тууралуу ата-энесине, досторуна, өзүңүздүн ата-энеңизге, ага-инилериңизге айтыңыз. Атүгүл агаларыңыздын аны менен "эркекче" сүйлөшүп коюулары деле ашыкчалык кылбайт.
Психологиялык борборлорго, кризистик борборлорго кайрылып, жардам сураңыз.
Милицияга арыз жазыңыз. Азыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам иштейт.
Кыскасы, ага тынчтык бербеңиз. Сизге кол көтөргөн сайын өзүн эмне күтүп турарын билсин.
Такыр болбосо ажырашып кетиңиз. Балким, ошондо жашооңуз бир топ кызыктуу боло түшөр.
Жакшысы, эркектин чоң муштумдугун турмушка чыкканга чейин байкап калсаңыз, андан жаа бою качыңыз.




"Сезим" кризистик борборунун консультанты Фарида:
"Жашоомду оңдойм деген айымга чын дилибизден жардам беребиз"
- Азыр коомдо үй-бүлөлүк зомбулук маселеси өтө кенен жайылды. Мына, биздин борборго негизинен ушул нерседен жабыр тарткан аялдар келишет. Учурда балдары менен кошо 15 адам жашап жатат, дээрлик баары - үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары. Бул жерде психологиялык сабактар өтүлөт, ушул эле багыттагы фильмдерди коюп беребиз, кыскасы, аны жан дүйнө кризисинен чыгарабыз, алдыдагы жашоосуна стимул беребиз. Андан соң айым өзү чечим чыгарып же күйөөсүнө кайтып барат же өз алдынча иштеп, бутуна туруп кетет. Бул борборго барар жери жок, эмне кылышын билбей жарга такалып калгандар келишет да, 20 күн бул жерде жашай алышат. Бекер үч маал тамак, кийим-кече берилет. Андан кийин иштейм дегендерди ишке, баласы барларды убактылуу балдар үйүнө орноштурганга жардам беребиз. Эң негизгиси, аялдын мындан кийинки жашоомду оңдойм деген ниети болуш керек.

Борбордун жашоочусу Айнура:
"Оштук болгонум
үчүн күйөөм күндө урчу"
- Менин бул жерге келгениме 3 күн болду. Өзүм Ош шаарынан болом, мындан эки жыл мурун мени Нарынга ала качып кетишкен. Күйөөмдү бир гана жолу көргөм, биз иштеген тигүү цехине досун издеп келип, "чакырып койчу" дегенде чакырбай койгон элем. Ошондо жактырып калган имиш, бир жумадан кийин ала качып кетти. Барганда эле туугандары: "Оштук сартты эмнеге алып келдиң? Бизге мунун кереги жок болчу", - деп чыгышкан. Эптеп эле башыма жоолук салымыш болуп көшөгөгө отургузушканы менен менин тозок жашоом ошол күндөн башталды. Мен ага аял боло электе, башкача айтканда, никебиз окула электе биринчи токмогун жедим. Үч күндөн кийин ата-энеме телефон чалышып: "Экөө үч айдан бери сүйлөшүп жүрүшүптүр, кызыңар өз каалоосу менен келди",-деп калп айтышты. Өзүм сүйлөшкөндө көрүп-билбей туруп ала качып келгенин айтып канчалык безилдесем да ишенбей коюшту. "Сендей кызыбыз жок, келбегин",-деп кесе айтышты. Кайын журтумдун ата-энемдин алдына барбаганы андан бетер абалды татаалдаштырды. Кайнатам күйөөм 5 жашарында эле каза болуп калган экен, кайненемдин көзү кийинчерээк өтүптүр. Үйдө күйөөдөн төрт баласы менен ажырашып келген кайнежем менен чогуу турчубуз. Ошол кайнежеме такыр жакпай койдум. Эшик шыпырсам "таштын баарын шыпырып салдың" дейт, тамак жасасам "эмне мага сарттардын тамагын жасап келдиң?" дейт. Эжесинин тилине кирип күйөөм да дээрлик күн сайын сабайт. Мас болсо деле, соо болсо деле ар кайсы шылтоону таап сабай берет.
Аңгыча боюма бүтүп калды. Кош бойлуу кезимде да күйөөмдүн уу таягынан кутулбадым. Беш айлык кезимде УЗИге түшсөм доктурлар ичимдеги түйүлдүктүн кыз экенин айтышты эле, "сен мага уул төрөбөй кыз төрөйт турбайсыңбы" деп анда да катуу сабады. УЗИ жаңылган экен, уул төрөдүм, бирок уулум деле мени токмоктон куткара албады. Ишенесизби, уулумду колума алып эмизгенден коркуп, сарайга алып барып жашынып эмизип келчүмүн. Баламды колума алдым дегиче кайнежем: "Манас тууп койсоң да балаңды кучактап отура бербей оокат кыл!" - деп кыйкырчу. Күйөөм болсо эртең менен кетип, кечинде мас болуп келет да, мени "кет" деп сабайт. Кетейин деп кийимдеримди чогулта баштасам, "кетпейсиң" деп үйгө камап алып кайра сабайт. Ушинтип толук эки жыл чыдадым. Акыры бара турган жерим жок болсо деле үйдөн чыгып кеттим.
Жаңы Жылда Москвада иштеген кайынсиңдим белек кылган телефонум бар эле, ошол телефонумду айдоочуга берип, бара турган жерим жок болсо деле Бишкекке каттаган кечки автобуска түшүп алдым. Ата-энеме бара албайм, кыйналып жүргөн кезимде аларга чалсам, "сен өлгөн балдарыбыздын катарындасың" деп коюшкан. Бишкекте тууган-урук, дос-тааныштан бирөө да жок. Келип алып автобекетте алты күн жаттым. Күндүзү баламды боорума кысып скамейкада отурам да, түнкүсүн ошол жерде түнү менен турган таксисттерден суранып, баламды машинага жаткырып коём. Күндө ар таксистке "балама бир йогурт алып берип коюңузчу",-деп жалдырайм. Өзүм болсо алты күн бою оозума наар албай, ушул жерге келип ысык тамак ичтим.
"Дордойдо" иштеген курбум бар эле. Ошол эсиме түшүп кетип ага баргам. Барсам ал Таласка турмушка чыгып кетиптир. Маанайым ого бетер түшүп, ыйлап келе жатып маршруткада эсимди жоготуп коюпмун. Көзүмдү ачсам, ооруканада тамчылатма уколдун астында жатам. Анан ал жактагылар бул борборго алып келишти. Уулум 1 жаш 2 ай болду, эмгиче жөрмөлөй да элек, отура эле берет. Экөөбүз азырынча ушул жерде баш калкалап жатабыз. Мындан аркы жашоом туман, эмне кылышты билбейм, бир билгеним - күйөөм менен эч качан жарашпайм!





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика