меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Ташиевдин сөзүн Отунбаева какшык катары кабыл алды
Камчыбек Ташиевдин "Роза Отунбаеваны эмки жылга чейин президент кылып калтыралы" деген сөзүн президент какшык катары кабыл алды. Бул тууралуу "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. "Муну какшык ирээтинде уктук. Булар ишенбей жатышат да, "кантип эле саясатчылар сөзүн кармайт экен?!" деп акылы жетпей турганын мен көрүп жатам. Мен Астана шаарындагы ШОС саммитине катышып келип, бул менин акыркы саммитим деп, шайлоо жолу, тынчтык жолу менен башка президентке өткөрүп берем деп келдим. Эми дагы кандай анттарды бериш керек экен?"-деди ал. Муну менен катар мөөнөтү бүтөрү менен кетерин кошумчалады.

А.Бекназаров кызматынан кеткен жок
"Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров кызматтан кетти" деген сөз чындыкка жатпайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров билдирди. Анын айтымында, Бекназаров жакшынакай эле иштеп атат. Эскерте кетсек, бүгүн 27-июнда айрым булактар президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров кызматынан четтетилгени тууралуу кабарлашкан.

Мадумаров шайлоо күнүн аныктоону сындады
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров шайлоо күнүнүн жылдырылышын сынга алды. Ал тараткан билдирүүдө шайлоо күндү белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык экенин, бирок президенттин айланасындагылар бул туурасында өздөрүнүн чечимдерин мыйзамсыз эле таңуулап жаткандыгын айтып чыкты. "Учурдагы шайлоо маселесиндеги так эместиктер БШК шайлоо жыйынтыгын кийинки жылдын февралынын ортосуна барып чыгарып калышын шарттаганы жатат. Роза Отунбаеванын президенттик милдети жыл соңунда аяктаса, өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын ким аткарат?"-деп суроо салат саясатчы.

Президенттин резиденциясынын дубалын суу алып кетти
Ала-Арча президенттик резиденциясынын 30 метрлик дубалын суу жууп кетти. 26-июнда таңга маал Бишкек шаарынын Ленин районундагы Аламүдүн райондук суу башкармалыгынын адистери Ала-Арча дарыясынын президенттин резиденциясынын тушундагы суу бөлүштүргүч шлюзун бекитип койгондугунан суу резиденциянын каналына көп кетип калган. Андан ашып чыкканы резиденциянын түндүк-чыгыш бурчундагы селикат кирпич менен тосулган узундугу 30,5 м дубалды жууп кетти. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы убакта президенттин иш башкармалыгынын күчү менен бузулган дубалды ордуна келтирүү иштери жүрүп жатат.

Алайда күйдүргү чыкты
Алайда бир адам күйдүргүгө чалдыккан деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун адиси Кубаныч Бектурдиев билдирди. Анын айтымында, ушуну менен жыл башынан бери күйдүргү менен 7 учур катталып, анын экөө Ош, төртөө Жалал-Абад облусуна туура келүүдө. Былтыр бардыгы болуп күйдүргүгө чалдыккандардын саны 26га жеткен. Бектурдиев карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борбору күйдүргү катталган аймакта малдар эмделип, тийиштүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Йылмазды бошоткон соттор жообун алат
"Бета Сторес" соода түйүнүнүн кызматкери Чолпон Орузбаевага кол көтөрдү делген түрк жараны Гүнеш Йылмаздын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары Л.Нарымбаева, Ж.Калыбекова жана М.Бейшенованын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. "Чолпон Орузбаеванын денесине оор жаракат келтирди" деген айып менен Гүнеш Йылмазды камакка алуу боюнча чыккан сот өкүмүн Бишкек шаардык соту өзгөртүп, айыпталуучуну үй камагына бошоткон. Кийин Жогорку Сот түрк жаранын камакка алуу боюнча баштапкы соттун өкүмүн калыбына келтирген. Бирок Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарып жиберген түрк жаранынын дайыны азырынча белгисиз.

Зордукталып өлтүрүлгөн кыздын денеси табылды
Ош шаарында 26-июнь саат 02:00дө Заводская көчөсү №2 үйдүн жанында 5 жаштагы кыздын өлүк денеси табылган. Бул тууралуу АКИpress-Фергана (Ош) билдирет. Күбөлөрдүн айтымында, күндүз кыздын ата-энеси жашаган жеринин жанында жайгашкан унаа базарында иштечү, ал эми кызды кошуналар кечки саат тогуздарда үйдүн короосунда ойноп жүргөнүн көрүшкөн. Милиция кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, кыз алгач зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерде Ош ШИИБинин ыкчам иликтөө тобу иштеп жатат.


КамАЗ өрттөнүп, ичиндеги эки адам каза болду
"Каркыра" чек ара аймагында кармалган "КамАЗ" автоунаасы өрттөнүп, анын ичиндеги кыргыз жана казак жарандары каза тапты. Окуя 26-июнь күнү түнкү экилерде болгон. Чек арачылардын маалыматына караганда, күйүүчү май жүктөп бараткан машиненин тормоздук системасы иштебей калгандыктан, аскага урунуп өрттөнүп кеткен. Өрттөн автоунаанын айдоочусу Кыргызстандын жараны жана аны менен кошо бара жаткан казакстандык чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду.


Дарыяга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды
Жалал-Абад облусунун Кайыңды айылындагы дарыяга үч жашар А.Темиркулов чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 24-июнда кечки тогуздарга жакын түшкөн. Окуя болгон жерге 25-июнда эртең менен 07:30да издөө иштерин жүргүзүп, А.Темиркуловдун сөөгүн таап, атасына өткөрүп беришти.







кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика