Кыргыз гезиттери



Койсун КУРМАНАЛИЕВА, Талас облусунун губернатору:
"Уулумдун күлкүсү эне-баланын ыйык дүйнөсүнө жетелейт"
"Леди.kg" гезитинин окурмандары менен бул ирет Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева ой бөлүштү. Биздин каарман аталган облустун ысымдаш районунун Орто-Арык айылынан. КР мамлекеттик кызматынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, "Манас 1000" мааракелик медалынын жана "Даңк" медалынын ээси. Былтыркы апрель окуяларынан бери Талас облусунун губернаторлугун аркалап келет.
- Койсун эже, бир облустун түйшүгүн моюнга алган бир жылдан ашуун убакыт сиз үчүн эмне берди, кайсы нерсеге тыюу салды, кайсы нерседен сизди айырды?
- "Мезгил - учкан куш" демекчи, чындыгында, ушул мезгил аралыгы облустун ар кандай маселелери менен алпурушуп, эл-журттун суроо-талаптарын аткаруу далалаты менен өттү. Бирок бул жөнөкөй жылдардан эмес, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов агабыз айткандай, "кылым карыткан бир жыл" өңдүү. Анткени, апрель ыңкылабынан кийин саясый кырдаал абдан татаал болуп, ар кандай пикир келишпестиктер арбып турган учур эле. Ошондуктан, ар түркүн талаптар менен чыгып жаткан элге жолугуп, маселесин угуп, ар бири боюнча туура чечим чыгаруу көптөгөн түйшүктөрдү жаратты. Ачыгын айтканда, алгачкы алты айда республиканын жогорку бийлиги сыяктуу эле, жергиликтүү бийлик да "өрт өчүргүчтүн кызматын аткарды" деп айтсам болор.
Губернаторлук кызмат эң биринчи жоопкерчилик жүктөдү, милдет такты. Бир облустун тагдырын өлкө жетекчиси мага ишенип берген соң, демек, ал ишеничти актоого тийишмин. Облустун кандай гана маселеси болбосун, аны облус жетекчиси катары чечүүгө милдеттүүмүн. Ал эми башка жагынан алып караганда, губернатор болгон күндүн эртеси эле ар кандай кызыкчылыкты көздөгөн адамдар мен тууралуу тири укмуш сөздөрдү чыгара баштады. Айрым топтор жалпы элдин атынан деп гезиттерге кайрылуу жаздырып чыкты. Бирок тактай келгенде анын баары жасалма, кайрылууда аталган адамдар кол да койбогондугу аныкталып калган күндөр болду. Алгач мындай ак жерден каралаган маалыматтарга аябай ачууланып, кээде ызаланчу да элем. Кийин мындай пастык аракеттерге алтындай убактымды коротпоого үйрөнүп калдымбы, азыр көп деле маани бербейм. Губернаторлук кызмат, менимче, үй-бүлөм менен бирге өткөрчү убакытты кыскартты. Бирок таңдан кечке ар кандай маселелер менен алпурушуп, үйгө чарчап барганымда беш жаштагы уулумдун бир күлкүсү чарчап-чалыгуу дегенди жоюп, өзүнчө бир эне-баланын ыйык дүйнөсүнө жетелеп кирет.
- Губернаторлукка келген 6-апрелди азыр кандай эскересиз?
- Айтканга оңой болгону менен бизди ошол кезде эки тагдыр күтүп турган: жеңишке жетишип, коррупцияга белчесинен баткан бакиевчил бийликти кулатуу же узак жылга түрмөгө кесилүү. Бирок ага карабастан мамлекеттин эртеңине кайдыгер карабай тобокелге бардык. Башкача айтканда, жаныбызды сайып, эски бийлик менен күрөшүүгө бел байладык. 6-апрелдеги Таластагы элдик толкундоолор эртеси республиканын бардык аймактарына жайылды, акыры эл ырыскысына кол салган бийлик да качып жоголду.
Эң өкүнүчтүүсү, эски бийликтин өкүмдарлары өз элине каршы ок атып, 90го жакын эр азамат бийликтин огунан бейкүнөө шейит кетишти. Айтайын дегеним, кандай гана бийлик сереси болбосун, балдарын жоготкон энелердин, өмүрлүк жарын жоготкон жесирлердин бир тамчы көз жашына татыбайт. Мындай кандуу окуялардын кайталанышына жол бербөө - ар бир кыргызстандыктын милдети. Апрель окуясы баарыбызга сабак болушу зарыл.
- Дегеле, саясатка кандай аралашкансыз? Саясат сиздин табиятыңызга төп келеби? Же саясаттан чарчаган кездер көбүрөөк орун алабы?
- "Сен саясатка аралашпасаң, саясат сага кийлигишет" демекчи, турмушумдагы ар кандай жагдайлар аркылуу алгач айылымдын саясатына аралашып, райондун, анан облустун, бара-бара республиканын саясатына кантип кирип кеткенимди өзүм да сезбей калдым. Саясатчы болоюн деп деле аракет жасаган эмесмин. Болгону, айрым жагдайларда чындыкты чыркыратып, акыйкатты мууздап жаткандарын көрүп чыдап туралбайт экенсиң. Мына ушундай жагдайлар мени саясатка алып келди. Чын эле, сиз айткандай, саясаттан чарчаган да күндөр кездешет. Андай учурларда үй-бүлөм, жакындарым менен бирге болуп, аз болсо да эс алып калам.
- Кыргызстанда, эл аралык саясатта кайсы аял ишмерлерди сыйлайсыз?
- Эгерде тарых барактарына көз салсак, саясый чөйрөдө эр азаматтар менен тизгин талашкан асылзаада айымдарыбыз көп эле болгон. Жеке мага Алай ханышасы атыккан Курманжан Датка апабыздын мекенчилдиги жагат. Дүйнөлүк саясаттан Клара Цеткин, Индира Ганди, Беназир Бхутто, Хилари Клинтон жана президентибиз Роза Отунбаева эжебизди сыйлайм.
- Губернаторлукка чейинки кызматтык чыйырыңыздан кабар алсак болобу?
- Биринчи кесибим боюнча мугалим болгонум менен бул тармакта такыр иштеген эмесмин. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эмгек жолумду Талас облустук статистика башкармалыгында программист болуудан баштагам. Кийин Долоно айыл өкмөтүндө жооптуу катчы, ушул эле айылдын Кеңешинин төрайымы, андан соң айыл өкмөттү жетектедим. Айылдык жана облустук кеңештерге депутат болуп шайландым. Андан соң Талас облустук архив башкармалыгынын жетекчиси, Талас облустук мамлекеттик администрация башчысы, губернатордун орун басары кызматтарын аркалап жүрдүм. 2007-жылы экинчи жогорку билимди юриспруденция боюнча алдым.
- Мырзалар менен тең жарышып иштөөнүн кандай артыкчылыгын, кандай кемчилигин белгилээр элеңиз?
- Кемчилигин деле көрө элекмин. Артыкчылыгы катары аялзаты болгондуктан, кызматкерлер өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылгандыгын айтсам болот. Анын үстүнө, аял киши мырзаларга караганда боорукер болот эмеспи. Ошондуктан, кандайдыр бир маселени чечүүдө анын ийне-жибине чейин иликтеп, эч кимдин көңүлүн калтырбай, калыс болууга аракет кылабыз. Кызматтагы аялзатынын артыкчылыгы ушунда болсо керек.
- "Бул аял киши" деп кол шилтеген же кээде атайын бут тосмой өңдүү тымызын дискриминацияны сезбейсизби?
- Кол шилтөө, кемсинтүүлөр болгон эмес. Бирок, сиз айтмакчы, тымызын бут тосмойлор абдан эле көп болду. Балким, алар мырза жигит болуп туруп аял кишиге баш ийүүдөн арданат чыгар... Кандай болгон күндө да, аларга кек сактабастан, ырахматымды гана айтам. Анткени, алар ошол бут тосмойлору менен мени кайра курчутуп, чыйралтат.
- Турмушта аял киши күчтүүлүк кылабы же мырзаларбы?
- Мырзалар мени кечирип коюшсун, бирок турмушта аялдар күчтүүлүк кылат. Көпчүлүк учурда мырзаларыбыз башына түшкөн кыйынчылыктарды көтөрө албай калган учурлар көп. Психологдордун айтымында, эгерде үй-бүлөдө ажырашуу болсо, көбүнчө мырзалар ичкиликке берилип өздөрүн таштап салышат. Башкасын айтпаган күндө да, аялзатынын бала багуу, үй-жай күтүү, кароо сыяктуу түйшүгүнө, менимче, мырзалар чыдабаса керек.
- Аялдык алсыздыкка алдырган учурлар болду беле турмушуңузда?
- Андай болсо да эч кимге сездирбей, көрсөтпөгөнгө аракет кылам. Себеби, кимдир бирөөнүн алдында боор ооруткудай абалда калгым келбейт.
- Жакындарыңыз ишиңизди колдошобу же убакыт жетиштүү бөлүнбөгөнүнө көбүрөөк таарынышабы?
- Эгерде сиз бир туугандарым жөнүндө айтып жатсаңыз, ооба, алар мени ар дайым колдоп, сүрөп турушат. "Жалгыз дарак токой болбойт" деген сыңары, менин бардык ийгиликтерим бир туугандарымдын жардамы аркылуу жаралган. Мындан тышкары, жыйырма жылдан ашуун, атүгүл эс тарткандан бери бир туугандай мамиледе жүргөн санаалаштарым бар. Алар да менден колдоосун эч аяшпайт. Арасынан кээде, сиз айткандай, "бизге көңүл бурбай калдың" деп таарына калгандары да бар.
- "Кичи мамлекетиңиз" туурасында билсек болобу?
- "Кичи мамлекетибиз" чакан. Бир уул, бир кыздын энесимин. Кызым Тамара учурда жогорку окуу жайлардын биринде билим алууда. Уулум Шерхан беш жашта.
- Губернаторлукту тапшырган маалдан кийин да саясый чөйрөдө ишмердикти улантасызбы?
- Губернаторлук кызмат канча убакыт бешенеме жазылса, ошол убакка чейин бул кызматты аркалайм. Ал эми саясый чөйрөдөн азырынча кетейин деген оюм жок.








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"