меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Татаал
тагдыр
(Башталышы
өткөн санда)
Барса, кудай жалгап, курбусу үйүндө экен. Эшикти өзү ачты.
- Саадат, сен кайдан?
- Үйдөн эле келатам. Өзүң кандайсың?
- Кудайга шүгүр. Баары өзүң көрүп тургандай. Кел, үйгө кир. Жакшы жүрөсүңбү деги? Эмне жаңылыгың бар?
- Жаңылык деле жок. Кадимки көр тиричилик өтүп жатат.
Эски курбулар чай үстүндө кызуу баарлашууга өтүштү.
- Салкын,- деди бир маалда кепти эмнеден баштарын билбеген Саадат,- мен сенден бир нерсе сурайын деп келдим.
- Ии, сура,- кызыга түштү Салкын да.
- Мен… мен…
- Ой, эмне болду? Мукактанасың да. Жайчылыкпы деги?
Саадаттын жөн келбегенин курбусу дароо сезе койду.
- Салкын, мени туура түшүн. Кыязы, сени да бушайманга салмай болдум окшойт.
- Айта бер, угуп жатам.
- Көптөн бери мени бушайман кылган нерсе бар. Баягы сен таштап келген уулумду эч болбосо бир жолу көргүм келчү болду.
Саадаттын эмнеге келгенин жанатан бери сезип жатса да, эмнегедир Салкындын жүрөгү ордунан козголуп алды. "Билгем. Акыры ушундай болорун билгем. Канча жыл өтүп кеткенден кийин баласын эстегенин кара. Эски жараттын баарын козгоп… Эми эмне дейм? Кандай кылсам туура болот? Ай, Кудайым, ай!" Санаага бата түшкөн Салкын айласы кете оор үшкүрүп алды.
- Эмне унчукпайсың? Сен анын кайда экенин билесиң. Бирок, буга чейин мага айтпай келгенсиң.
- Кызык. А сен менден сурадың беле?
Жүрөгүнө аткан октой тийген бул суроодон улам бушайман болуп кетти Саадат. Курбусунун алдында күнөөкөрдөй жер тиктеди.
- Туура айтасың. Мен күнөөлүүмүн. Азыр мага кандай сөз айтсаң да жарашат. Чын эле баламдын кайда экенин сенден эч качан сураган эмесмин. Бирок өзүң ойлочу, сурап билгенде эмне кылат элем? Же үстүмдө үйүм болбосо… Алган айлыгым эч нерсеге арзыбаса… Ата-энеме эмне деп түшүндүрөт элем? Жаш кезимде никесиз боюма болуп калып төрөгөм деппи? Анда эле алар мени каргап-шилеп, бетиме түкүрүшмөк. Элдин бетин карай албай калмакмын. Аны өзүң деле түшүнөсүң го.
- Азырчы? Азыр баары башкача болуп кеттиби, Саадат? Эми андай болбойт дейсиңби? Ойлончу деги. Ойлонуп иш кылчы.
- Ооба, азыр баары башка. Ал кездегиге салыштырып болбойт. Учурда жаш эмесмин. Кагылып-согулдум. Жаманды, жакшыны көрдүм. Үй-жайым, иштеген ишим, күйөөм бар. Анан… анан…
- Эмне "анан"?
- Анан Кудай мени жазалап койду, Салкын. Төрөбөс болуп калгам. Бирок уулумду төрөп таштагандан үч жыл өткөн соң жаш экениме карабай кыз багып алдым. Аты Алина. Мен аны эң биринчи көргөндө алты жашта болчу. Апасы ыраматылык тоголок жетим эле. Мурда эле таанычумун. Жалгыз жашачу. Жашоосу өтө начар болгондуктан, колумдан келишинче каралашып турчумун. Ошондуктанбы, Алина мага кичинекейинен үйүр алган. Мен барсам "апа келди" деп кубанычы коюнуна батпай кетчү. Ошол боюнча мени да "апа" деп чоңойду. Кийин Алина тогуз жашка чыкканда өз апасы оорудан улам каза болуп калды. Ансыз деле кызымдай көргөн Алинамды ошентип биротоло өзүм багып алгам.
- Азыр кайда ал кызың?
- Иштейт. Жумушуна жакын жерден батир алган. Өзүнчө турат. Жыйырма алтыга чыкса да турмушка чыга элек. Ал эми уулум… уулум эгер аман чоңойгон болсо азыр жыйырма жашта,- көздөрү жашылданып кетти Саадаттын.
- Мен сени түшүнөм. Эне катары да, аял катары да түшүнөм. Бирок ошентсе да…
- Түшүнсөң анда мени ая, Салкын. Жакшылык кыл. Уулумду бир көрөйүн. Анын кайда экенин айт, суранам.
- Жакшылап ойлончу. Балким, бул оюңдан баш тартарсың. Уулуңду көргөндөн кийинкиси кандай болор экен?!- Салкын эмне кыларын билбей кыжаалаттана сүйлөдү. Муну көргөн Саадат курбусунун тизесин кучактай чөгөлөп жалынып жиберди.
- Алтыным Салкын, берекем. Сен коркпо. Анын жашоосуна тийишпейм. Баары өз ордунда калат. Буга убадамды берем. Ишенчи мага. Болгону, анын кайда экенин көрсөт. Анда-санда алыстан караанын гана көрүп жүрөйүн. Мага ошол гана жетиштүү.
Унчукпады Салкын. Бир чекитке тигиле далайга чейин ойлуу отурду. Бир топтон кийин гана Саадатка карады. Анын көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлуп, жүзүн жууп жаткан экен. Боору ооруп кетти Салкындын. "Кудай адамга мындайды бербесин. Бечара десе…"- деди ичинен. Аргасыздан макул болду да, ушул эле күнү курбусун ээрчитип көчөгө чыкты.
Салкын Саадатты Тотунун үйүнүн жанына алып келди. Жолдун жээгиндеги дарактардын далдаасында жашынып турушту экөө.
- Бул үйдүн ээси да төрөбөгөн аял. Аны мурда эле билчүмүн. Балаңды көп жыл мурда ушул дарбазанын түбүнө таштагам. Угушума караганда, башкага бербей өзү багып чоңойтту. Азыр уулуң эр жеткен жигит болуп калса керек.
- Сага рахмат. Ыраазымын.
- Рахмат айтпай эле кой. Бул да болсо Кудайдын буйругу да. Саадат, менин зарыл жумуштарым бар эле. Таарынбасаң кете берейин. Акылдуу жан эмессиңби. Калганын өзүң акыл калчап иш кыларсың.
- Эч камтама болбо.
Салкын кеткенден кийин Саадат үйдү акмалап далайга турду. Бирок, тилекке каршы, бул күнү уулун көрө алган жок.
***
Канча аракет кылса да, Султан сүйүүсүнө жооп кылбай койду. Буга ыза болгон Гуля бул күнү өзү менен чогуу окуган эки-үч кызды ээрчитип кафеге кирди. Буга чейин ичкилик ичпеген кыз бул ирет арак заказ кылды.
- Гуля, сен иччү эмес элең го. Сага эмне болду?- таң кала суроо узатышты кыздар.
- А мен бүгүн ичем. Бүгүн ушинтип бугумду чыгарам. Арманым толуп кетти ичиме. Мен… мен жоопсуз сүйүүгө кабылдым,- деди Гуля ызалуу.
(Уландысы кийинки санда)




Бийкеч
(Башталышы
өткөн санда)
Чилдеге сүйлөшкөн адамы үзбөй тамак-аш, кийим-кече киргизип атты. Жолугууга мүмкүн болбогону менен ал "передача" киргизген сайын Чилденин чечекейи чеч болуп: "Мага деп атайын келип кезекке туруп, кор болбосун деп керектүүлөрүмдү киргизип сыртта турат да, ээ? Сүйүү деп ушуну айтса керек, ээ?"-деп айтып түгөтө албайт. Отурган аялдардын да кай бири тымызын көз артып, кээси ачык эле:
- Ай, Чилде, кандай бактылуусуң! Бизге ушундай күйөө эмнеге туш болбойт, ыя? Негизи, бул жерге отуруп чыккан эркектердин баары болбосо да көпчүлүгү аялдын баркын түшүнүп калышат дешкендери чын окшойт. Карабайсыңбы, атыр самын, шампундан өйдө салып койгонун,-деп атышты.
- Чын эле,-деп коштой кетти дагы бирөөсү,-Эркектер айтып коюшат, "аялдарды түшүнүп болбойт…" деп, чын-чынына келгенде мен өзүм эркектерди түшүнбөйм. Бир жолу автобуста кетип баратсам жакшынакай кийинген, таранган, курсактуу эркек түшүп калды. Эми кебетесине караганда элүү менен алтымыштын ортосундагыдай көрүнөт экен. Орун жок болчу, айланасын карап алып эле алдыда отурган жаш кызга атырылып: "Кызым менен тең кыз экенсиң, сыйлап туруп койсоң болбойбу! Азыркы жаштардын тарбиясы жок, улууну урматтоо деген эмне экенин билишпейт! Карыганда бут-кол ооруп, туруп тура албай калат экенсиң",-деп сүйлөнүп калды. Биз да коштоп кеттик, жөн калабызбы. Кыз байкуш ыймандуу экен, уялып кетип эле орун бере калды. Эми андай көрүнүштөр толтура эле болот да, унутуп деле калгам. Бирок "эркек башы менен катуу айтпай эле жумшак суранса болбойбу, тарбиясы жок деп урушканы кайсы, өзү кыйкырып атып" деп ойлоп койгом.
Ошондон бир ай өтүп-өтпөй эле кафеге бир тойго барып калдым. Көрүп эле дароо тааныдым. Жапжаш, узун чачы далысын жаап жайылган, бели бир бурам кызды колтуктап келип калды. Көрсө, тойдун ээсинин алысыраак туугандары болот экен. "Жакшынакай кызы бар экен. Аялы жок немеби, же..."-десем жанымдагы тойдун ээси чымчый тыйып: "Ээрчиткени - жаңы алган аялы. Кызынан да кичүү немени аялы менен ажырашып туруп алып алды",-дейт. Эмне дээримди билбей эле жалдырап карап туруп бердим. Демек, автобуска түшсө, анда сөөк-саагы шалдыраган, тура албай отуруш керек болгон абышка болуп калат да, мындайда кылтыңдап кыздарга тийишип, өзүн жигит санаган эркек болуп чыга келишет турбайбы деп ачуум да келе түштү. Муну эмнеге айтып атам, жанагы бул жерде отуруп чыккан эркек аял сыйлаганды билип калат дегениңен улам эстеп кеттим. Беш кол тең эмес сыңары, баары дебейм, эми арасында кезигип калат экен да.
Камалгандан бери байкап-көрүп атпаймынбы, аялдар сотко чыксаң баары эле ден соолугуңду сурашып: "Чай-чамегиң барбы? Кыйналган жоксуңбу? Өүңдү жакшы кара",- деп өнтөлөшүп атышпайбы. Ичиң жылыйт экен. Жасалма эмес, ушул мамиленин баары чын дилдеринен болсо экен. Оор-оор жылдар менен кесилип кетип атышат, сыртта ыйлап апалары, аялдары калды, ошолордун маңдайына бузулбай, аман-соо барышса экен дейт экенсиң. Анан Чилденики да чыга калып издеп келип, минтип жүгүрүп жүрсө аялбыз да, ичибизге кара таруу айланбай кетип атпайбызбы. Ичибиз күйүп атпайбы. Тамаша. Ичи тар, көрө албас адамдар көп ооруйт деп коюшат экен. Мен андай эмесмин. Деги эмнеси болсо да багың ачылсын дейм,-деп калды.
Сөздү таптап сүйлөп, шашпай, орду менен сүйлөгөн бул аялды Жылдыз камерага киргенде эле жактырып калган. Көптү көрүп, көзү каныгып бүткөн аял экени көрүнүп турат. Кошунасы менен жер талашып уруша кетишип, анысы инфаркт болуп ооруканага жатып калып, арыз жазып каматып коюптур. Ал да Жылдызга ылым санагансып, сырын төгүп, сүйлөшүп калышат.
- Аялбыз да акча, жылтыр-жултур дегенде баарын унутуп салабыз. Миллион менен отуруп калсаң да мейли дейт элем, арзыбаган акчага камалганыңа ичим ачышып атат. Экологияда иштесең, майлуу-сүттүү жерде иштечү турбайсыңбы, көрө албаган бирөө эле атайлап жасап койду го деп ойлоп атам. Ордуң башка бирөөгө керек болду да.
- Билбейм, эже, эмне деп ойлорумду да билбей калдым. Каскактай болуп кабинеттен чыкпай жалдырап туруп алды. Көптөн бери чогуу иштешкен келин болчу. Эч жаман ойлогон жокмун. Чындыгында, мен кол койбосом, менден жогорудагылар менен деле бүтүрүп алмак. Анан акчасын бөлүшөйүн десе эле кантип макул болуп ийгенимди да билбейм. Жолдошум абактан чыгат деп даярдык көрүп, акчага кысылып турган учурум болчу. Мен алып суурмага салып, кол коёр замат эле келип басып калышты. Жактоочум айтат: "Ал шаардан ошондо эле чыгып кетиптир, дайыны белгисиз. Болбосо сотто көрсөтмө бериши керек эле",-деп. Эсебим боюнча жолдошум да чыкты болуш керек, бирок кабар ала элек менден. Жактоочум эртең үйүңө барып кезигем деп айтты. Уулумду ойлоп эле жаман болуп кетип атам. Мага бөтөнчө жакын болчу. Куса болуп ооруп атабы деп да ойлойм, түшүмдө кыйналып атыптыр,- жаак ылдый чууруган жашын акырын аарчып, оор улутунуп алды.
- Ыйлаба, нервиңди сакта. Соттон чыгып кеткиң бардыр, эч болбосо үй камагына аракет кыл де күйөөң келсе.
- Рахмат, эже. Күтүп атам. Чилде да бошонуп кетиши мүмкүн болуп турат. Ага дайындап атам баламды.
***
- Күйөөң чыгыптыр, бирок мен жолуга алган жокмун. Кошуналарың айтышты. Үйүңөр саттыкка коюлуп турат, балким, ошол иштер менен жүргөн чыгар. Телефонумду калтырып койдум. Апаңдар сага башка адвокат жалдап атышыптыр, тергөөчү айтты. Мен иштей берейинби же башка менен иштешесиңби? Башка келсе ал сенин ишиң менен таанышкыча убакыт созулуп кетет. Ойлонуп көр,-деп келиптир жактоочусу.
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика