Кош бойлуулук
жана зыяндуу адаттар
Ар бир эне өз баласынын ден соолугу чың жана бактылуу болуп чоңоюшун каалайт эмеспи. Бирок баарын билип турса да, өзүнүн сергек жашоо образын зыяндуу адаттарга алмаштырып алган болочок энелер арабызда толтура. Зыяндуу адаттардын түйүлдүккө тийгизген таасири тууралуу айтылып да, жазылып да келатат. Баласынын келечегине өз колу менен балта чаап жаткан энелер үчүн дагы бир жолу эскертүү жасоо ашыкчалык кылбаса керек.


Компьютер
Компьютерге болгон көз карандылык да кош бойлуу айымдарды чочулатпай койбойт. Ооба, учурдагы заманбап компьютерлер электромагниттик толкундарды дээрлик бөлүп чыгарбайт. Бирок кош бойлуу айымдар үчүн компьютердин зыяндуулугу башкада: экрандын алдында көп отурууда жамбаштын айланасында кан жүрбөй токтоп калат. Болочок эне интернет-баракчаларды ачып шашпай карап же скайп аркылуу курбулары менен сүйлөшүп бүткүчө бала аба жетишпей кыйналат. Бүгүнкү жашоону компьютерсиз элестетүү кыйын. Андыктан, аны таптакыр колдонбой коюңуз дегенден алыспыз. Болгону, эски компьютериңизди жаңы заманбап компьютерге алмаштырып, ыңгайлуу кресло сатып алыңыз. Жана 15 мүнөт сайын отурган ордуңуздан туруп ары-бери басып, 5 мүнөттөн тыныгуу жасап туруңуз.


Тамеки
Кош бойлуу кезинде тамеки чеккен аял ар бир тартылган тамекиси менен өзүнүн курсагындагы баланын ден соолугу үчүн айыккыс залал келтирет. Мындай энелердин ичиндеги түйүлдүк аба жетишпестиктен кыйналат, көбүнчө маалына жетпей, аз салмак менен төрөлөт. Аларда нерв, аллергия, муун оорулары пайда болуу коркунучу жогору. Мындан тышкары, башка теңтуштарына караганда өнүгүү деңгээли төмөн болот. Анан албетте, мындай балдар өздөрү да тамекиге жакын болушат, анткени, аны энеси түйүлдүк кезинде эле никотинге көз каранды кылып коёт. Өткөөл курак мезгилинде дал ушундай балдар көп маселе жаратып, депрессияга түшүүгө жакын келишет. Андыктан, баланы пландоого чейин эле бул зыяндуу адаттан арылган жакшы. Тамеки чегүүнү боюңузга бүткөн айда таштаган болсоңуз да, болочоктогу балаңыздын ден соолугуна зыян келтирген болосуз.


Ичимдик
Алкоголь да түйүлдүккө никотинден аз эмес зыян алып келет. Эгерде сиз ичимдик ичсеңиз, анда ичиңиздеги бала да ичимдик ичкен болот, анткени, алкоголь түйүлдүккө оңой жетет. Өзгөчө кош бойлуулуктун алгачкы айларында ичилген ичимдик түйүлдүктүн өнүгүүсүнө тескери таасир этип, бойдон түшүп калуу коркунучун жогорулатат. Эгер бала төрөлсө, анда анын өнүгүүсү акыл-эси жагынан да, физикалык жактан да артта калат. Ошондой эле алкоголь жүрөк жана башка ички органдардын ооруларына, муун ооруларына, психиканын бузулушуна алып келет. Көпчүлүк энелер мындай зыяндуу адаттын эч кандай терс таасир этпегендигин, баласынын ден соолугу чың болуп төрөлгөндүгүн айтып "мактанып" калышат. Мындай болушу да мүмкүн. Бирок сиз бир мүнөттүк ырахат үчүн тобокелчиликке барып, балаңыздын ден соолугун курмандыкка чалууну каалабайсыз да, туурабы?


Кофеин
Кош бойлуулук кезде кофе, коюу демделген кара чай жана башка курамында кофеин бар суусундуктарды ичүүнү кыскартууга туура келет. Кош бойлуу айым ичкен бир кружка кофеден кийин кан басым көтөрүлөт, плацентанын кан тамырлары кысылат, кан куюлуу начарлайт, балага аба жана азыктануучу заттар жетпейт. Мунун баары эне жана бала муктаж болгон темирдин сиңишине тоскоол болот. Мындан тышкары, кофеиндин заара кубалоочу касиети бар. Муну менен ал организмди суюктуктан ажыратып, эненин жана баланын ден соолугуна зыян келтирет. Кош бойлуу кезде ансыз деле дааратканага каттоо күчөйт эмеспи, а кофеин абалды андан бетер татаалдаштырат.


Фаст-фуд
Фаст-фут - бул тамак эмес, консерванттардын, химиялык кошулмалардын, холестериндин топтому. Тез даярдалуучу тамактардын көпчүлүгүнө катуу маргарин кошулат. Анда жүрөктүн ишин татаалдаштыруучу майлуу кислоталар бар. Кыскасы, фаст-фуддун эч кандай пайдасы жок: витаминдер жана минералдык азыктар жокко эсе, а белоктун, майдын, углеводдун ортосундагы тең салмактуулуктун сакталышы бузулган. Андыктан, фаст-фудду көп жеген кош бойлуу айым түйүлдүктүн өнүгүшү үчүн керек болгон витаминдерден баласын куру калтырган болот.


Башка зыяндуу адаттар
Күнгө күйүү. Күнгө күйүү кош бойлуу айымга маселе жаратышы мүмкүн. Бирок күн нурунан таптакыр баш тартууга да болбойт. Мындай учурда эненин да, баланын да организмине Д витамининин жетишпестиги келип чыгат.
Телефон менен сүйлөшүү. Телефондон чыккан магнит нурлары кош бойлуу айымга терс таасир этет. Анын таасиринен кан тамырлар кысылып, жатынга, түйүлдүккө кандын жетиштүү барышына тоскоолдук келип чыгат. Натыйжада, түйүлдүк кычкылтектин жетишсиздигинен кыйналат. Бул болсо баланын маалына жетпей төрөлүүсүн 50 пайызга жогорулатат. Күчтүү магнит нурларынан качуу үчүн мобилдик телефонду чөнтөгүңүзгө салбай, атайын телефон салуучу кутучага салып жүрүңүз. Эң негизгиси - телефонуңузду башыңызга жазданып, будильник катары колдонбоңуз.
Шоколад. Бул азык энеге да, балага да аллергияны чакыруучу азык катары эсептелинет. Бирок заманбап изилдөөлөр кош бойлуу кезинде шоколад жеген айымдан оптимист, жоош, жайдары, активдүү балдар төрөлөөрүн тастыктайт. Бардык эле шоколаддын мындай пайдасын көрүүгө болбойт. Кара ачуу шоколаддын гана ушундай касиети бар. Анткени, анын курамында кан тамырларга канды жакшы жеткирүүчү пайдалуу зат бар.
Наркотик. Болочок эненин наркотик колдонуусу түйүлдүктүн өсүүсүн жайлатып, баланын маалына жетпей эрте жана аз салмак менен төрөлүүсүнө алып келет. Балдардын тубаса мунжу болуп төрөлүшү же акыл-эсинин кеч өнүгүшү да наркотиктин таасиринен болот.
Газдалган суусундуктар. Көпчүлүк газдалган таттуу суусундуктардын курамында шекерден 200 эсе таттуу болгон аспартам аттуу кошулма бар. Мындай суусундуктарды ашыкча көп колдонуу эненин да, баланын да боорунун иштөөсүн бузат жана кант диабетине, семирүүгө алып келет. Мындан тышкары, газдалган суусундуктарга фосфор кислотасы кошулат. Бул болсо бөйрөктөгү жана өттөгү таштарды пайда кылышы мүмкүн. Кош бойлуу айымдын бөйрөгүнө ансыз деле ашыкча күч келип турганда газдалган суусундуктар ашыкча маселени жаратат. Ошондой эле андагы боёктордун, жыпар жыт берүүчү кошулмалардын айынан эне аллергиянын ар кандай түрлөрүнө чалдыгышы мүмкүн да, ал болсо болочоктогу балага өтүшү мүмкүн.

Нуриса БАЯЛИЕВА