Мурси. Коркунучтуу сулуулук...
Мурси дүйнөдөгү эң өзгөчө жана эң агрессивдүү уруулардын бири болуп эсептелет жана алар Эфиопияда жашашат. Бүгүнкү күнгө чейин аларга кызыгып, өз көзү менен көрүүнү каалаган туристтер тынымсыз барып турушат.

Киши жегич калкка
жалпы мүнөздөмө
Буларды бүткүл дүйнө эли "эриндердин тарелкасынын өлкөсү", негроид расасынын мутанттары деп таанышат. Себеби, алардын тышкы кебетелери бир чети жийиркеничтүү болсо, бир чети таң каларлык. Адамзатына тиешелүү өң-түстөн, стандарттуу сулуулуктан өтө алыс. Эркектеринин да, аялдарынын да бойлору кыска, сөөктөрү жоон, буттары кыйшык, маңдайы кууш, моюну кыска болот. Териси, курсактары салаңдап, далылары бүкүр. Баштарында чач жокко эсе. Анча-мынча бырыштуу жүзү менен кичинекей, ичке көздөрү бир көргөн адамга ачуулуу көрүнөт. Дагы бир таң калычтуу нерсе, денелеринен өзгөчө жыт чыгып турат. Билбеген адам мурсилерди таптакыр жуунушпайт экен, ошон үчүн ушундай жагымсыз жыттанып турушат го деп ойлошу толук мүмкүн. А чындыгында, андай эмес. Ар кандай зыяндуу курт-кумурскалардан, чымын-чиркейлерден коргонуу максатында гана сасык жыттуу суюк затты дайыма денелерине сүртүп алып жүрүүгө көнүп калышкан. Сулуулангандары, кооздук-жасалгалары да дүйнө жүзүндөгү эч бир элге окшобойт. Кой, уй багышат. Аң уулап, бал иштетишет. Эки кабаттуу алачыктарда жашашат. Кызыгы, мурсилерде ушул күнгө чейин киши жегичтик (каннибализм) сакталган. Алар өлгөн адамдарын көмүшпөйт, ким өлсө, аны бышырып жешет.

Эркектери
Эркектеринин ар бири кайда жана ким менен жүрбөсүн, сөзсүз түрдө Калашников автоматын көтөрүп жүрөт. Эгерде кимдир бирөөсүндө автомат жок болсо же үйүнө унутуп калса, эч болбосо колуна таяк алып алат. Мунун себеби, автомат же ошол таяк менен мурси эркектери өздөрүнүн лидер экенин көрсөтүп жатабыз деп ойлошот.
Жапайы жаныбарлардын тиштеринен "шуру" жасап, ошону баштарына, моюндарына илип жүрүшөт. Бул - алардын эркектигинин жана эр жүрөктүүлүгүнүн белгиси. Эгерде кимдир бирөөсү душмандарынын ичинен эркекти өлтүрсө, белги катары оң колун, аялды өлтүрсө, сол колун кооздоп алат. Көп кишини өлтүрүп, колунда кооздогонго жер калбай калса, жамбашынын бир аз жерин бычак менен тилип коёт.
Мурси сулууларынын жүрөгүн багындырууну каалаган эркектер "дуэлге" чыгып, эки-экиден болуп таяк менен согушуп киришет. Эреже боюнча, бирин-бири өлтүрүп коюуга уруксат эмес. Эгер кокус өлтүрүп алса, аны элден кууп жиберишет, же үй-жай, оокат-ашынан эч нерсе койбой тартып алышат жана кыздарын жардам катары өлгөн эркектин үй-бүлөсүнө беришет. Согуш бирөөсү "жеңилдим" деп моюн сунгуча уланат. Ким жеңсе, аны көтөрүп алып турмушка чыга элек эң сулуу кыздардын арасына алып келишет да, кыздардын бири аны болочок күйөөсү катары тандап алат.

Мурси "чүрөктөрү"
Айымдары дайыма баштарына таң калычтуу баш кийим кийип жүрүшөт. Ал баш кийимде жалбырак, уйдун териси, жүн, сөөк, жаман бычак, үлүл, кургаган мөмө-жемиш, өлгөн курт-кумурскалар, жан-жаныбарлардын куйруктары жана сасыган тарптары бар. Башкача айтканда, ушулардын баарын бири-бирине жармаштырып, чаптап, бириктирип, анан аталган баш кийимди жасап алышат. Эркектерге жагыш үчүн баштарына, моюндарына оор темирлерден жасалган кооздук-жасалгаларды тагынышат.
Дагы бир жийиркеничтүү көрүнүш, мурси айымдары адамдын колунун манжа сөөктөрүнөн жасалган кооздук-жасалгаларды моюндарына, колдоруна тагып жүрүшөт (мурси аялдары өздөрүндөгү ички мыйзамдарды бузган, салтты сактабаган эркектердин колдорун кесип, сөөктөрүнөн ушул жасалганы жасашат). Бул кооздуктун аты нэки деп аталат. Адамдын сөөгүнөн жасалган үчүнбү, алар өтө жагымсыз жытка ээ. Ал эми жылтырап калыш үчүн үчүн аны күн сайын эритилген адамдын майы менен майлашат. Орточо эсеп менен, ар бир мурси айымында адамдын сөөгүнөн жасалган мындай өзгөчө шуру-билерик 28ге чейинки санда болушу кажет.
Экзотикалуу көрүнүштөрдүн дагы бири - салаңдаган курсактарындагы "татуировкалар". Бул ар кимде ар кандай: айрымдарында параллелдүү майда-майда сызык түрүндө болсо, кээ бирлеринде тоголок же овалдуу түрдө. Ал үчүн курсагындагы терини курч сөөк менен тилип, теринин астына ар кандай курттардын личинкаларын салышат. Алар теринин астында көбөйүшөт, чоңоюп куртка айланышат. Бирок организм өзү үчүн өзү күрөшүп, жарат айыгып, тигил курттар бара-бара өлө башташат. Акыры, баары өлүп, теринин астын курттардын "мүрзөсүнө" айлантышат. Курт жаткан жерлер ошол курттун түзүлүшүнө, чөңдугуна жараша ар кандай "оймо-чийме" болуп бүтөт да, "татуировкага" ээ болушат. Ушундан соң курттун өлүгүн акырын чыгарып ташташат.
Турмушка чыкканга жарап калган мезгилде өтө сулуу болуш үчүн аялдар кыздарынын астыңкы эринин кичинекей кезинде эле тешип коюшат же турмушка чыгарына жарым жыл калганда тешишет. Алгач ал тешикке жыгачтан же чоподон жасалган кичинекей тегерек тарелканы кийгизишет. Эриндеги тешик бир аз чоюла түшкөндөн кийин аны андан да чоңураагына алмаштырышат. Ошентип, эриндеги тешик эң кичинекей дегенде 10-15 см.ге жеткиче чоё беришет. Алтургай айрымдарыныкы 30 см.ге чейин жетип, андан да ашып кетет. Тешиктин чоңдугун мындан улам элестетиңиз: тарелканы чыгарып туруп эринди төбөсүнө чейин чоюп барып башына асып койсо болот. Эриндин тешиги жана андагы тарелка канчалык чоң болсо, кыз ошончолук сулуу болуп эсептелет, ошончолук баалуу-барктуу болот. Турмушка чыкканда мындай "чүрөктүн" ата-энесине күйөөсү калың катары көп мал, башкача айтканда, 36 уй, бир Калашников автоматын берет. Эрини тешилбеген кыз барксыз болуп, ага эч ким калың төлөбөйт. Мурсинин сулуу кызы эрдиндеги тарелканы уктардын алдында, тамак ичерде жана эркектер жок жерде гана чыгарып коюуга акылуу. Калган бардык жерде, бардык убакта алууга болбойт. Тарелкасы бар дээрлик ар бир айымдын маңдайындагы тиштери жок. Анткени, эринге тарелканы кийгенде алдыңкы тиштерге тийип тоскоолдук кылбаш үчүн жулуп ташташат.
Ушундай эле тарелканын кичирээгин кулагына да тагып алышат. "Бул айымга кошумча сулуулукту гана берет",-дешет мурси кыз-келиндери.
Мындай өзгөчө салттын сулуулуктан башка дагы бир себеби бар. Ал диний түшүнүк менен түшүндүрүлөт. "Адамдын ичине терс күчтөр ооз аркылуу киришет. А эгерде эринде тарелка бар болсо, ал айым терс күчтөргө келүүчү жолду жапкан болот да, ал жамандыктан алыс жүрөт",-дешет мурсилер.
Тарыхка кайрылып көрсөк, эринди тешип, ага тарелка кийгизүү мурунку замандарда сулуулук катары каралган эмес. Ал кезде баары тескерисинче эле. Тактап айтканда, мурси уруусундагыларды башка уруулар басып алып, кулчулукка алып кетип жатканда "түрү суук экен деп албай койсун" деген ой менен эриндерин тешип, ал жерге тарелка салышкан. Өздөрүнүн кебетесин өздөрү бузуп, түрү суукка айланганга аракет кылышкан. Арадан далай убакыт өтүп, бара-бара бул сулуулуктун эталонуна айланып кеткен.

Өз күйөөлөрүн өлтүрүп, жеп алышат
Мурси уруусунда дагы бир таң калычтуу салт бар. Ал салтты уюштуруу - аялдардын милдети. Ар күнү кеч киргенде ар бир аял баңги зат даярдап, аны күйөөсүнө ичирип, өзү эриндерин жалайт. Бул "ажал өбүшүүсү" деп аталат. Ушундан соң "срэк" деп аталган мурси аялдарынын башчысы, жетекчиси жалпы эркектерге чөп маңызын даярдап ичирет. Негизи, ал чөп бир гана срэкте болот. Аны ичкенден кийин эркектер сөзсүз түрдө уктап, түш көрүшөт. Алар уктап жатканда аялдары маңдайындагы тиштеринен (эриндерин көзөп, тарелка кийгизгенде маңдайындагы тиштерин жулуп, аны ушул салт үчүн алдын-ала катып коюшат) уу даярдап ичиришет. Андан кийин срэк кайрадан ар бир ууланган эркекке ууга каршы, өлүмдөн сактап калуучу дары ичирет. Бирок алардын арасынан өзү каалаган бирөөсүнө сактоочу дарыны бербей коёт. Натыйжада, калгандары аман калышып, бирөө өлөт. Өлгөн эркекти отко куйкалап бышырып жешет. Анын жесирин болсо уруу ичиндеги эң кадыр-барктуу, улуу-урматтуу айым катары кабыл алышат жана өмүр бою сыйлап жүрүп өтүшөт. Кийин өлгөндөн кийин да жансыз денесин жебестен, даракка асып коюшат.
Мындай жапайы салттын өз сыры бар. Мурсилер Ямда аттуу өлүм Кудайына ишенишет. "Ямда өзүнө баш ийбеген жардамчыларынын, тактап айтканда, өлүм азезилдеринин жанын жаза катары эркектердин денесине киргизип коёт. Эркектердин денеси - түрмө. Аялдарды Ямда алардын жанын бошотуу үчүн жиберген",-деп эсептешет.

Элнара ТОБОЕВА