Жубайлардын ажырашып кетүү коркунучундагы этаптары
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, адамдардыкы сыяктуу эле жубайлык жашоонун да белгилүү бир "жашы, өмүрү" бар. Анын "өмүрү" канчага созулары жубайларга байланыштуу. Эгерде экөө татаал турмуштагы оор-кыйынчылыктарга туруштук берип, андагы эң оор этаптардан өтүп кетишсе, бирин-бири түшүнө, кечире билишсе, анда алардын бактысы, албетте, узак болот. Бир сөз менен айтканда, жубайлык жашоодогу эң оор этап 6 ирет кайталанат жана ошол учурларда ажырашуу коркунучу келип чыгат. Буга акчанын жоктугу, мүнөздөрдүн келишпеситиги, баланын төрөлүүсү, жумуштан ажыроо, урушуп кетүү сыяктуу толгон-токой себептер өбөлгө болот. Ал эми дал ошол 6 этаптан тең чыдамдуулук жана сабырдуулук менен өтүп кеткен жубайлардын көпчүлүгү андан ары ажырашпай жашап кетишет.
1-этап: Баш кошкондоруна 6 апта болгондо...
Бал айы бүтүп, чыныгы үй-бүлөлүк жашоо башталган кез. Бир кезде сүйүп жүргөн, идеал туткан күйөөсүнүн чындыгында андай эмес экенин байкайт аялы. Аялы үчүн ак тулпар минген ханзаада бир заматта жомоктогу кой кайтарган койчуга айланат да калат. Анын акыл-эс кампасынын төмөндүгү, же оройлугу, же жалкоолугу менен акчаны көп таппагандыгы, кыскасы, ушул сыяктуу кемчиликтери көзүнө көрүнө баштайт. Алтургай болор-болбос нерселерден улам деле таарынышып, чатакташа кетүүлөрү ыктымал. Айталы, күйөөсүнүн сыналгыдагы же журнал бетиндеги чырайлуу кыздарга суктанып коюусу, келинчегин тамашалап ойноо иретинде чымчылап жибериши, төшөктө байкоосуздан туура эмес кыймыл-аракет кылып алышы... Айтор ушул сыяктуу майда-бараттардын баары жубайлардын мамилесине жараңка кетирип, ыркын буза бериши күтүлөт. Натыйжада, ар бир кадамын аңдып сынаган кайынжурттан, күйөөдөн жана "аны алып бер, муну алып бер, төркүнүмө барып келейинби..." деп күйөөгө көз каранды болгон жубайлык жашоодон ирээнжиген, башка үй-бүлөнүн тарбиясына, каада-салттарына көнбөй кыйналган, ага сабыры жетпеген келин кетүүнү самашы ажеп эмес. Андан ары жашашабы же ажырашып кетишеби, экөөнөн көз каранды.
2-этап: 8 ай болгондо...
Бири-бирине чындап көнүп жашап калышкан учур. Ортодогу мамиле бекемделет, "түбөлүккө бирге болобуз" дешет. Күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн чын жүрөгү менен кабыл алып, тагдырына баш иет. Ошого карабай көпчүлүк жубайлар дал ушул этапта ажырашып кетишет. Анткени, жубайлардын бирөөсү экинчисине анча көңүл бурбай, күнүмдүк жашоо, көр тирилик менен гана азгырылып калат: жумуштагы маселелер, чөккөн маанай, эс алганга убакыттын жоктугу, бүтпөгөн көр оокат, ооруп калуу, майрамдардын көңүлсүз, суз өтүшү ж.б. Жаңы үйлөнгөн кездеги ысык мамилеге, дайыма болуп турган көңүл бурууга көнө түшкөн жубайлардын бирине мунун баары оор тие баштайт да, натыйжада, мындай көрүнүшкө чыдай албай ажырашууну эп көрүшү мүмкүн.
3-этап: 2,5 жыл болгондо...
Организмде бакыттын, кубанычтын гормону (эндорфин) жана жыныстык гормондор (тестостерон) азайып, ушундан улам бири-бирине болгон сексуалдык тартылуу да начарлайт. Бирок бул мыйзам ченемдүү, боло турган көрүнүш. Тилекке каршы, муну баары эле биле бербейт. "Мага муздады, карабай калды" деп бири-бирине таарынган жубайлар түнкүсүн тескери карап жата башташат. Алтургай күндүз да таарынычтары жазылбай, сүйлөшпөй, экөө эки жакты карап, ар кимиси өзү менен өзү болуп жүрө беришет. Бирок, чындыгында, бул ажырашууга себеп деле эмес. Ошого карабай экөө түбөлүккө эки башка жолго түшүп, турмушту бузуп коюшат. Андыктан, мындайда ажырашып кетпөөнүн бир жолу - бири-бирине кайра көңүл буруп, сүйүп кетүүгө, сексуалдык каалоону жандандырууга аракет кылуу.
4-этап: 4 жыл болгондо...
Бала чоңоюп, өзү менен өзү болуп ойногонго, чоң ата-чоң энесинин коюнуна жатып уктаганга жарап калат. Тактап айтканда, ата-энесинин колу саал бошой түшөт. Дал ушундан пайдаланып жубайлардын бири ойнош күтүүгө аракет кылышы ыктымал же башкаларга кызыга баштайт. Ансыз да бири-бирине болгон сүйүүсү эми достукка гана айланып, мамилелери муздай түшкөн жубайларды ажырашуу коркунучу күтүп калат.
Жакында немис окумуштуулары мунун себебин мындай деп аныкташты: "Баланын төрөлүүсү менен аял энеге, күйөөсү атага айланат. Албетте, алардын сүйүүсү толугу менен балага өтөт да, жыныстык мамиле солгундап кетет. Төшөктөрү "муздайт". Дегеле, ата-эне болуу ролу - жубайлар үчүн, алардын сүйүүсү үчүн турмуштун берген катаал сыноосу". Ошол эле убакта төрт жылга чейин таптакыр балалуу боло албагандар да көпчүлүк учурда ажырашып кетишет.
5-этап: 7 жыл болгондо...
Үй-жайы, акчасы, иштеген иши бар болсо деле, кыскасы, баары жайында экенине карабай далай үй-бүлөлөр ушул этапта эч кандай уруш-талаш, чыр-чатаксыз ажырашып алышат. Анын себебин ушул күнгө чейин социологдор, врачтар, психологдор да таппай келишет. "Ар бир 7 жыл сайын адамдын организми жаңыланууга дуушарланып турат. Балким, бул ажырашуу ошондон улам келип чыгаттыр. Анткени, адам жаңы нерсени, өзгөрүүнү каалап калат",-дешет алар. Көрсө, чын эле 7 жыл бою үйдө отуруп бала баккан, аларды чоңойтуп, үй жумуштарынан тажаган аял эми эс алгысы, күйөөсүнө көз каранды болбой иштегиси, ага баш ийбей карьера күткүсү, жаңы жашоо баштагысы келет окшобойбу. Бул, албетте, көпчүлүк эркекке жакпайт.
6-этап: 12 жыл болгондо...
Акыркы коркунучтуу этап. Улам ажырашып кайра табышуулар, ала жипти аттоо, мүнөздөрдүн келишпестиги, акчанын жоктугу... Бир карасаң 12 жыл чогуу жашап, бири-бирин түшүнүп калышкандай сезилет. Анда эмне себептен улам жубайлык жашоонун "ветерандары" ажырашып кетишет? Себеби, узак жылдардан кийин жубайлардын бири минтип ой жүгүртө баштайт: "Менин жашоом эмнеге ушундай оор болуп калды? Мен жашоомду таптакыр башкача элестеткем. Өмүр бою ушинтип бактысыз болуп эзилип жүрө беремби?" Аялы башка бай, бактылуу аялдарга суктанса, күйөөсү да кайра баарын башынан баштап көрүүнү ойлойт.
Бул этаптан кийин деле, албетте, ажырашуулар болушу мүмкүн. Бирок, эң коркунучтуулары - дал ушул учурлар.

АСКЕРБЕК кызы Саада