Махабат:
"Кызымдын жүрөгүндөгү жыртык он сомдук тыйындай бар экен"
- Махабат, кызыңдын жүрөгүндө кемтик бар экенин качан, кантип билдиң?
- Кызым Элес №38-гимназиянын 4-классын бүтүрдү. Ал төрөлгөндө эле көкүрөгү бир аз дөмпөйүп турчу. Анда врачтар эч нерсе айтпагандан кийин мен деле көп маани берген эмесмин. Бирок чоңойгон сайын көкүрөк сөөгү улам бери чыккансый бергендиктен, 2 жашында аймактык педиатрга алып барсам, ал 1-даражадагы рахит деген диагноз коюп берген. Мен рахитке каршы дарыларды ичирип жүрө бердим. Оорутпай, тамакты жакшы берип караганым менен кызым аябай эле арык болду. Анан да бир жерге тура албай эле тыбырчылай берчү. Беш жашында сарык болуп ооруканага жатканбыз, анда деле эч кайсы врач эч нерсе деген эмес. Анан бир ай мурун эле чүчөк куртка анализ тапшырсак, анализибиз таза чыкты. "Чүчөк курту деле жок болсо, тамакты жакшы жесе, анда эмнеге кызым мынча арык?.."- деп тынчсызданып, педиатрдан жакшылап текшерип берүүсүн өтүндүм. Анан ошондо гана "жүрөгүндө кемтик бар окшойт" деп жатпайбы. УЗИге түшсөк, чындыгында, ошондой экен.
- Анда бул жерде аймактык дарыгериңердин да күнөөсү бар экен да?
- Биз №5 поликлиникага катталганбыз. Менин оюмча, аймактык дарыгердин күнөөсү чоң. Балким, ушундай экенин эртерээк айтканда биз да эртерээк аракет кылат белек. Бала чоңойгон сайын жүрөктүн тешиги да чоңоё берет экен. Элестин жүрөгүндөгү тешик он сомдук монетадай бар экен дешти. Жүрөгү, боору да чоңоюп кетиптир. Баарынан да аймактык дарыгердин направление бербей он беш күн чуркатканы мени күйдүрдү. Өздөрүнөн коркушуп, мен аларга биринчи жолу барып кызымды текшертип жаткандай кылып жазып, жаңы карточка ачып коюшуптур. Бирок мен эски карточкабызды талап кылдым. Ошентип, алар менен талашып-тартышып жатып эсимди да жоготуп коюптурмун. Тескери мамиле кылып, мени ошондой абалга жеткиргенине ызаланып, ал врачтын үстүнөн прокуратурага арыз жазып салгам. Ал деле өз күнөөсү үчүн жооп берсин да.
- Операция жасатуу чечимин кабыл алуу оор болгондур...
- Кызымдын мындай оору менен ооруганын укканда шок болуп калдым. Кызым үчүн баарына даяр болуп турган мезгилимде сураштырып, Калдарбек Алишеровичтин дарегин таап, өзүм кирип абалымды түшүндүрүм. Мен экинчи топтогу майыпмын, башымдан эки жолу операция болуп, ошондон кийин эпилепсия оорусуна чалдыккам. Иштебейм, мамлекеттен алган 1500 миң сом акча менен үйдө отурам. Кызымды да майыптыкка чыгарып коюшту. Жолдошум жок. Ушулардын баары эске алынып, операциядан бир аз жеңилдик кылышты. Калдарбек Алишерович мыкты дарыгер, адамдык сапаты бийик киши экен. Ага алкышыбызды айтып түгөтө албай отурабыз.
- Жеңилдик кылгандан кийин канча акча төлөдүңөр?
- 35 миң дары-дармегине эле кетет деди. Операция жасагандардын кызмат акысы 20 миң сом болот экен, ушундан 50 пайыз жеңилдик кылышып, кассага 45 миң сом төлөдүк.
- Өзүң иштебесең, жолдошуң жок болсо, мындай сумманы табуу да оңой болбогон чыгар...
- Мен өзүм мындай акчаны таба алмак эмесмин. Мага кызым окуган мектептин директору, мугалимдер жамааты, ата-энелер жакшы жардам көрсөтүштү. Мен аларга өмүр бою ыраазымын. Педиатрдын үстүнөн арыз жазып прокуратурага барганымда прокурор эже менин көзүмчө директорго телефон чалып, биздин абалыбызды түшүндүргөн. Директор болсо жардам берерин, Элестин мындан ары акы төлөбөй бекер окуй тургандыгын убада кылган. Кызым коммерциялык класста окугандыктан, айына миң сомдон төлөчүбүз. Ошондон көп өтпөй эле директор мени өзүнө чакырып, 37 миң сом санап берди, кызымдын класс жетекчиси 7 миң берди, андан тышкары, ата-энелер колдон келген жардамдарын берип жатышты. Анан, албетте, бир туугандарым да карап турушкан жок.
- Сен кызыңдын тубаса мындай оору менен төрөлүшүнүн себебин эмнеден көрөсүң?
- Стресстен го дейм. Кызым боюма бүткөн күндөн баштап төрөлгөнгө чейин бир гана стресс менен жашадым. Жигитим оштук болчу, мен чүйлүк. Үйлөнөбүз деп турганда анын ата-энеси "аркалыктын бизге кереги жок, алып келсең киргизбейбиз" деп мени кабыл албай коюшкан. Биз Бишкекте чогуу жашап жүрө бердик. Бирок энеси бизди тынч жашаткан жок. "Топурагымды түйүп берем, кечип жиберем" дей бергенинен боюмдагы кызыма алты айлык болгондо жашай албасыбызга көзүм жетип кетип калгам. Ошондуктан, болочок энелерге айтарым, эгерде ден соолугу чың бала төрөгүңөр келсе, айлана-чөйрөдөгү зыяндуу нерселерди өзүңөрдөн алыс айдагыла. Анан да энелерге кеңешим: балаңарды бир эле педиатрга көрсөтүп тим болбой, башка да врачтарга көрсөтүп тургула дейт элем.

Нуриса БАЯЛИЕВА




Баланын жүрөгү - эненин жүрөгү
Балдардагы
тубаса жүрөк кемтиги

Коом менен кошо медицинанын да күндөн-күнгө өнүгүп жатканына карабай бүгүнкү күндө балдардагы жүрөктүн кемтиги (порок сердца) оорусу - чоң көйгөйлөрдүн бири. Жүрөк бул тырмак эмес. Ал - адамдын эң негизги органы. Ал эми балаңыздын жүрөгүн сактоо сиздин колуңузда, урматтуу эне!

Жүрөктүн кемтиги тубаса жана кийин пайда болгон болуп экиге бөлүнөт. Тубаса жүрөк кемтиги - бала төрөлгөндө эле жүрөгүнүн түзүлүшүндө же чоң кан тамырларда кандайдыр бир нормадан сырткаркы бузулуу менен төрөлүү.
Айрым учурда жүрөктүн кемтик оорусу бала төрөлгөндөн бир нече сааттан же күндөн, балким айдан кийин билинет. Анын негизги белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
Теринин түсү бопбоз же көгүш болот.
Эмчек ээмп жатканда энтигүү.
Баланын бутундагы, курсагындагы жана көзүнүн айланасындагы шишик.
Нормадагы салмагына жетпөө.
Эгерде жүрөктүн кемтиги анчалык олуттуу болбосо, анда анын белгилери бала чоңоюп калганда гана байкалышы мүмкүн.
Кара жумуш жасаганда тез эле энтигип кетүү.
Тез чарчоо.
Өпкөсүнө жана жүрөгүнө суюктуктун топтолушу.
Муундардагы, кызыл ашыктагы жана тамандагы шишик.





Жүрөк кемтиги боюнча айрым суроолорго Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдраманов Калдарбек Алишеровичтен жооп алдык.

Калдарбек Абдраманов:
"Күнүнө 3-4төн операция жасап жатабыз"
- Калдарбек Алишерович, медицинада тубаса жүрөк кемтигинин так себеби аныкталганбы?
- Жок, мунун так себебин эч ким билбейт. Илимдин акыл-эси жетпеген түшүнүксүз себептерден улам түйүлдүк пайда боло баштаган мезгилде жүрөк туура эмес калыптанып калат. Бирок 50-60 пайыз чындыкка жакындашкан болжолдуу себептери бар. Алардын негизгиси - эне кош бойлуу кезинде сырткы факторлордун ага тийгизген таасири. Мисалы, кош бойлуулуктун алгачкы эки айында болочок эне ар кандай жугуштуу оорулар менен ооругандан алыс болушу керек. Мындан тышкары, тукум куучулук деген да болжолдуу себеби бар.
- Ал эми кийин пайда болгон жүрөктүн кемтигинин себеби эмне?
- Кийин пайда болгон жүрөктүн кемтиги ревматизм, жугуштуу оорулар менен ооругандан кийин пайда болот. Жүрөк кемтигинин бул эки түрүн тең операция жолу менен гана айыктырууга болот.
- Бизде бул операцияны жасоого толук шарттар түзүлгөнбү?
- Толук болбосо да бар. Күнүнө 3-4төн операция жасап жатабыз.
- Операция болгондон кийин 100 пайыз айыгып кетет деген кепилдик барбы?
- Бар деп айта алам. Кепилдикти оорунун деңгээлине жараша беребиз, негизинен, баары эле айыгып кетишет.
- Операцияга канча каражат кетет эгер сыр болбосо?
- Сыр деле эмес, акчасы да оорунун деңгээлине жараша болот. 40 миң сомдон 125 миң сомго чейин.
Калдарбек Алишеровичтин бөлмөсүнөн чыгып, 10 жашар кызы 4 саат операция болуп, анын реанимациядан чыгышын тынчсыздануу менен күтүп турган Махабатты маекке тарттык.