Кесепеттүү
сүйүү
(Башталышы өткөн санда)
Бүгүн кайрадан күнгө ишемби. Жоодар адатынча Көк-Кыядан түшкөн жалгыз аяк жолду алыстан акмалап, жол көрүнгөн суу боюндагы токойчодон отун алымыш болуп кыздын караанын кайтарып жүрдү. Тигине, бири эшекчен, бири атчан, бири жөө балдар убап-чубап кыядан түшө башташты. Кыздын карааны көптө көрүндү зарыктырып. Жоодар заматка демин тарта албай кысылып, бутунан башталган ысык толкун бүткөн боюн аралай чаап башына чыкты. Тизелери калтырап, кантээрин билбей жерге отура кетти. Эки көзү кыз келаткан кыяда. Кызгалдак гүлдүү кызыл көйнөгү бир үзүм жалын сыяктуу дил өрттөгөн татынакай караан көктөн үзүлгөн булуттай жай каалгып түшүп келатты. Жоодар утурлап басарын же артынан акмаларын билбей апкаарыды. Ушул чыбыктай солкулдаган кичинекей назик жанга мынчалык апкаарыткан күч кайдан келген? Деги эмне деген күч байкатпай бүт жан дүйнөңдү, жашоонду багынткан? Кыз курбулары менен узап кетти. Жоодар дагы батына албаганына, уктаса да, ойгоо жүрсө да тумардай катып жүргөн койнундагы катты бере албаган тартынчаак мажирөөлүгүнө кыжыры келди. Кыйратып алган отуну деле жок, уттурган кумарчыдай шылкыйып, маанайы суз келген уулун эне терезеден көрдү. "Жаш жанына эмне санаасы бар жубарымбектин? Ой басканы баскан. Ышкы оорусуна чалдыккан жокпу кулунум? Мурут чыгып, үнү корулдап, бой жетип калган тура, садага. Мейли, сүйүүдөн ооруса, сүйүүдөн айыгат". Чай ичкени келеби десе, кирген жок. "Кайда кетти?" деп кайра караган эне уулунун кайнисинин кызы Шайыр менен сүйлөшүп турганын көрдү. "Ии, тал чыбыктай болуп бул да бой жетип калган экен",-деп ойлоп койду да, иш менен алаксып, бир аздан кийин кайра караса экөө дагы эле турушат. "Капырай, экөөнүн эмне кеби бар? Эмне, экөө ага-карындаштыгын, каны бир экенин билбейби?"-деген суук ойдон жүрөгү шуу дей түштү да, дилине келе калган арам ойду кууганча шашты. Башы шылкыйган уулу бирдемени батынбай тиги кызга сунду. Ал алаканындагы агарган нерсени чөнтөгүнө шаша салып, эки жагын элеңдеп карап алды да, чуркап кетти. Жүрөгү алкымына кептелген эне сыртка чыгып уулун утурлай басты..
- Кайда жүрөсүң?
Ой басып келаткан уулу чочуп кетти.
- Апа, сизби?
- Мен эле. Эмне, көзүңө шайтан көрүнүп кеттимби?
- Кызыксыз, апа, кайдагыны эле сүйлөй бересиз.
- Ии, мен ошентип алжып калгам. Көзүмө Шайыр менен сүйлөшүп тургандай көрүндүңбү, же аны да алжып айтып жатамбы?
Жоодар кулагына чейин кызарып, сөз таппай алдастап калды. Эненин ансайын дили дүрбөлөң түшүп кетти.
- Шайырга эмне бердиң? Экөөң бир атанын балдарысыңар, кыз-жигиттей жашынып шыңкылдашкандан уялбайсыңарбы. Ал сенин карындашың...
Жоодар апасынын сөзүн аягына чыгарбай кыйкырып жиберди:
- Апа, мен ага кат бердим. Тиги Чолпонго...-Жоодар айтарын айтып алып кайра кызарды.
- Ии-и, ошо да,-деп койду эне не дегенин өзү да билбей эле.
Кат күткөн күндөр кат бергенге караганда абдан эле узак, көңүлсүз, оор сезилип, Жоодар зарыгуудан саргайып кетти. Негедир Шайыр да суз. Акыркы күндөрү алтургай Жоодардан качып калгандай сезилчү болду. Бир күнү Шайыр сууга өткөн жолдон кармап алды.
- Катты бердиң беле деги?-деди. Өзү болсо ичинен карындашынын "жоготуп жибердим, аке, кечирип коюңузчу" деп айтарын аябай-аябай тилеп жиберди.
- Чолпондун жигити бар экен,-деди Шайыр күнөөлүүдөй башын шылкыйтып.
- Ким?
- Аркы өйүздөгү Сагын жезденин аскерден келген уулу менен сүйлөшүп атат. Мага: "Сенин акең деле жагат, бирок жаныма келсе эле кыжырым келе берет, алыстаса көргүм келет. Акең Темир акедей өткүр эмес",-деди. Темирден эмнеңиз кем? - карындашы ызаланып кетти.
- Тийе берсин ошол Темирине!-Жоодар карындашынын сөзүнө удаа ичине жалын куюп жибергендей көөдөнүн куйкалаган кандайдыр ысык бирдемеден өзөгү өрттөнүп, не дээрин билбей, ушинтип бурк этти да, бурулуп басып кетти. Көкүрөгүнөн башталып, бүткөн боюн куйкалаган ысык жалын жүрөгүн кургатып бараткансып аба жетпей акактап, ич-ичинен бирдеме үзүлүп кеткенсип, өзү да билбеген бир жери жанын сыздатып, ошол сыздаткыдан качып бет келди чуркап баратты.
Жоодар үчүн эң оор күн - ишемби. Өз эркинен сырткары эле каректери кыяны акмалап, көзгө ысык караанды кайтарат. Жигит үчүн көйнөгү кылыктуу кылактаган кызды көрүүдөн өткөн азап да, жыргал да жок бул ааламда. Жоодар качанкыга чейин кыз караанын кайтарат эле, ким билет... Ат сугарганы барып, суу алып жаткан Чолпонду көрүп, тушалып калгандай селдейген бойдон катып калды. Суу алып бурула берген кыз Жоодарды көрүп эч толкундануусуз ууртунан жылуу жылмайып койду.
- Арыбаң, Жоодар аке.
- Бар бол, карындашым, жакшысыңбы?
- Жакшы, өзүңүз кандай?
- Мен куруюн,-деп жиберди ичи эзилген Жоодар күңгүрөнүп.
- Эмне дейсиз?
- Эч нерсе, окууларың жакшыбы дейм.
- Жакшы, быйыл бүтөм.
- Чоң окууга барасыңбы?
- Жок, жиберишпейт го. Шайыр окуйм дейт, чын эле жиберишеби?-кыздын көзүнөн ичи тарлык жылт этти,-Атасы да, энеси да мугалим, Шайыр окуса жарашат. Бирок окууга өтсө да. Карындашыңызды бирөө ала качып кетпесе болду.
Жоодар не дээрин билбей карап эле кала берди. Бир тутам белин бураңдата, боюна куп жарашкан ак көйнөгү шамалга желбиреп солкулдай басып бараткан Чолпонду карап туруп, "сулуулардын жүрөгү муздак болот" деп кимдир бирөөдөн укканын эстеди. Негедир көөдөнүндөгү ысыкка муздак суу чачып кеткендей ичи сууй түштү. Көз алдына жайдары, аксаргыл өңүн тамылжыта жаны тынбай бирдеме кылып, бош боло калса эле китеп окуй берген, окусам дегенде ак эткенден так эткен, улуу тилектери бар жароокер карындашы келди. Ага эч кимди теңегиси келбей кетти.
Ушул жайда Чолпон сулууну Сагындын уулу Темир ала качып кетти. Темирдин апасы Минайым эже уулунун тандоосуна көпкө каршы болуп, качан уулу кызды жетелеп кирип келгенде унчуга албай отуруп калды. Айыл арасында "Чолпонду Темир бузуп коюп, ошон үчүн эле алыптыр" деген кеп дуулдап, Жоодар ичинен "көрө албагандар эле ушинтип жатат, Чолпон антпейт" деп чебеленип корголоп атты. Жыл айланбай кош бойлуу Чолпон кайненеси менен батышпай таарынышып төркүнүнө келди. Жоодар ичинен туттугуп, Темирди колунан келсе муунтуп жыгылгысы келип, бирок Чолпон тарабынан эч кандай жылуу сезим болбогондон тартынды. Кантсе да Чолпондун күйөөсү да. Кеч күздө Чолпонго суу жээгинен кайра жолугуп калды. Ичи бир аз билинип, ансайын сулуусуна тарткан келин көздөрү шишимик тартып, суз. Ал Жоодар менен сурашымыш болгон менен эки көзү тиги суунун башындагы кайынжуртунун үйүндө.
- Таарынышып калдыңарбы?
- Жок, төркүлөп эле келгем. Сиз башкалардын сөзүнө ишенбеңиз. Биз ажырашпайбыз,-деди үнү дирилдеп.
- Эмнеге ажырашмак элеңер, баары жакшы болот.
Келин унчукпай чакаларын көтөрүп басып кетти. Баягы кербез басык ойлуу тартып, эрке кыялы күбүлүп калган экен.
Чын эле алар ажырашкан жок, бирок жакшы да жашап кете алышпады. Буга Чолпондун жеңилдиги, ачуусу чукул чорттугу, кайненесинин да оома-төкмө мүнөзү себепкер болду көрүнөт. Эки жаш бул жолу бири-бирине талак айтып ажырашты. Шариятта ушул сөздү жаратканда Кудай өзү коркуп кеткен экен деп айтылат. Анткени, бул оор, коркунучтуу сөздөн кийин эки адам бири-бирин канчалык сүйбөсүн, кайра кошулууга жол жок дешет. Бир гана жолу бар, ал жол: бири үйлөнүп, бири турмушка чыгып, анан кайра ажырашып гана кошулса болот. Буга ким түтөт? Чолпон менен Темирди бүтүндөй айыл жолуктурбаганга аракет кылып аңдыды. Экөө жолукса эле акыр заман келчүдөй бучкакташты. Пенделик деген ушул белем, бактылуу адамдын бактысына кубанганга караганда, бирөөнүн бактысыздыгын көрүү, ага күбө болуу адамдарга жагымдуу. Жоодар дагы бир топ балдар менен ашарга кыш куюп жатышкан. Баарынын эле кеби Темир менен Чолпон тууралуу. Демейде адам катарында көрүп бирөө сүйлөшпөгөн Турдубай жалганчынын баласы Ыктыяр сарт оозунан ак көбүгүн чыгара, көздөрү бир ордунда турбай ойноп сүйлөп атты.
- Бая күнү элдин ушагына ишенип-ишенбей Темирди артынан аңдып келсем, Чолпондун сарайына кирип кетип атпайбы. Артынан кирип барсам Чолпон экөө кирерге тешик таппай калды. "Мунуңар күнөө" десем, Темир "кызымды көргөнү келдим" дейт.
- Энеңди урайын, арамдар! Кесепетиңер элге тиет дебейсиңби,-деди Мамыр кычык.
- Дебей койду дейсинби, дедим, аксакалдарга айтам дедим эле, Темир жаны бар экен, кеткенче шашты.
- Энеңди, мен адалдап берем десем Чолпон сулууну Темир берээр бекен?-деди Максат кыйшык көзүн кылырайтып.
- Сага эмне жок!-деди Жоодар тиштенип.
- Сага бирдеме барбы? Күйүп жүргөнүңдү билебиз, балким, сен алып аларсың.
- Эмне кылышты сенден сурабайм, көзүңдү түздөп коё электе жөн эле жүрсөң.
- Жөн жүрбөсөм эмне кыласың, энеңди...
Ынытылышкан экөөнү балдар ажыратып калышты. Жоодарды Ыктыяр кармап алыптыр. Жинденген Жоодар жакасын бир силкип чыгарып, шыпылдап олуттуу иш чечип жаткансып кербезденген байкушту ары ыргытып жиберди. Дубалга "ык-к" этип катуу тийген Ыктыяр бозала болуп эле отуруп калды. Жоодардын жанына башка эч ким даап бара алган жок. Жарадар арстандай жаалданган Жоодар азыр эч кимди аямак эмес. Муну баары айттырбай түшүнүп, акырын жылып-жылып басып кетишти. Жоодар малдан келатып, талга кирип алып чырмалып калган торпокту чыгара албай жаткан Чолпонду көрдү. Жанында өзүнө окшош көзү бакырайган наристе кызы жүрөт. Жоодар унчукпай аттан түштү да, торпокту бир тартып чыгарып, кызын жетелеп турган келинге карматты.
- Темир келип жатабы?
- Жок,-келин көздөрү тептегерек болуп коркуп кетти.
- Элдин эмне иши бар, өзүңөргө адал болсоңор болду да.
- Темир үйлөндү,-келин көзүнө жаш айлана жер карады.
- Көрдүм келинчегин, сенин тырмагыңа тең келбейт. Ыйлаба. Ал сага кайра келет. Башкага тийбей эле кой.
Жоодар унчукпай басып кетти. Кең далысын күйшөй үңкүйүп алыстап бараткан алп караанды Чолпон көпкө карап турду да, анан жаагы ылдый сарыккан көз жашын аарчып, торпогун жетелеп басып кетти. Жоодар Чолпондун паска кеткенин Шайырдан укту.
- Эмне, күйөөгө тиет бекен?-деди үнү каргылданып.
- Билбейм, апам адалдатып келет экен деди го. Чолпон бирөөгө убактылуу тийип, анан кайра кырк күндөн кийин боюна болбосо ажырашса гана адал болот дейт апам. Чынбы? Темир анан алабы?-Шайыр ыйлап ийчүдөй каканактап турду.
- Айта беришет да, катындардын сөзүн уга бересиңби?
Ошондон көп өтпөй эле Темир жаңы алган келинчегин кетирип, Чолпондун артынан барып экөө жарашып келди. Элдин баары аларды куду адам өлтүргөн кылмышкер көргөнсүп жактырбай карап, макоосу жукчудай алыстан айланып өтүп калды. Чолпондун да, Темирдин да ата-энеси элден четтеп, достору Темирди ачык эле "капа болбо, дос, кесепетиң тиет" деп кошпой коюшту. Экөө бири-бирин караан тутуп, бири-биринин жанында, бири-биринин демин туюп жүргөнүнө ыраазы болуп, жыл өтүп унутуларын күтүштү.
Пастан тракторго чөп жүктөп келе жаткан Жоодар жол боюнда турган эки караанды көрүп тракторду токтотту. Күүгүмдө, анын үстүнө нөшөрлөгөн жаан менен тумандан ким экени таанылбайт. Караандын бири бала кучактап алгандай. Жакын келгенде гана Чолпон менен апасы экенин көрүп дароо секирип түштү .
- Арыбаң, Майрам эже, кайдан?
- Жоодарсыңбы, айланайын? Машине болуп калар деп чыгып алыппыз. Жаанда эч нерсе жок, кантээрибизди билбей турабыз.
- Чыккыла, силер кабинага отургула, мен үстүнө чыгып алам.
- Жоодар, сен кете бер, айланайын, биз жөө-жалаңдап жетип алабыз,-деди Майрам эже тартынып. Жоодар алардын эмнеге тартынып жатканын байкап, дили сыйрыла түштү.
- Кантип жетмек элеңер? Бала тоңуп калбайбы, чыккыла,-деп ой-боюна койбой кабинага чыгарды. Чолпон ыраазы боло карап:
- Рахмат, Жоодар аке,-деди акырын. Ушунча жылдан кийин да Чолпондун үнү мынчалык жагымдуу угуларын билбептир Жоодар. Канат бүткөндөй делбиреген Жоодар жамгырдын суугун деле сезген жок. Бир кезде трактордун прицеби жолдон чыгып баратканын байкады.
- Жоодар аке, секирип кетиңиз, прицеп кулайт азыр!-деди шофёр башын чыгарып. Жоодар секирип түшүп прицепти жөлөдү.
- Кантесиз, Жоодар аке, жол тайгак, токтото албайсыз. Чөп куласа кулар, качыңыз!
- Прицеп кантип чыгып кетсин, силерди да ала жыгылат, мен эптеп жөлөп турам, тигилерди түшүр!-деди Жоодар үстүнөн басып келаткан оор салмактан үнү кыркырай. Чырылдаган эки аял түшкөнчө прицеп Жоодарды басып жыгылды. Чыркырап үстүнө түшө калган Чолпондон жийденинби, шыбактынбы, жагымдуу жыт келгенин бир билет Жоодар. Көзүн ачканда үйүндө жатыптыр.
- Суу,- деди акырын.
- Айланайын Жоодар, ошентип көзүңдү аччы, коркутпа, айланайын. Кесепети тиерин билгем тигилердин. Эмне салдың аларды трактирге?-энеси үстүнө түшө калып безилдеп ийди.
- Апа, кайдагыны айтпачы...
Энеси дагы бирдеме дейин деп оозун камдаганда Шайырдын апасы жекире карап тыйып койду. Тээ босогодо кызын кучактаган, уулун эмизген келинчеги ыйлап отуруптур.
Жоодар таңга жуук келинчегин жанына чакырды:
- Сен ыйлаба, кааласаң ушул жерде кал. Үй-жайдын баары сеники. Кетсең... Мунарбекти ташта, Самараны мейли, ала кет, мен ыраазымын. Ар ким арды айтса ишене бербегин, аялдыкка алдырып, Чолпондорду күнөөлөп жүрбө. Мага ыраазы бол,-деди кыркырай.
Жоодар таңды көргөн жок.