Кумда ойноо балага
эмнеси менен пайдалуу?
Жылуу кумду каалашынча чачып, андан үй жасап ойноону ар бир бала жакшы көрөт. Бул бекеринен эмес. Көрсө, кумда ойноонун бала үчүн пайдасы зор экен.

Теңтуштары менен сүйлөшүү
Кумда ойноо балага башка теңтуштары менен сүйлөшүүсүнө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кумдан чогуу үй жасашып, оюнчуктарын алмашып ойногондору баланын келечекте адамдар менен мамиле түзө билүүсүнүн башаты болсо керек.

Билим жана тажрыйба сабагы
Бала кум менен ойноодо биринчи жолу форма, көлөм, салмак деген түшүнүктөр менен таанышат. Кумдан мунара жасоо - бала үчүн кадимкидей эмгекти талап кылган процесс. Ал үчүн бала логикалык ой жүгүртөт, физикалык күч жумшайт:

Чыгармачылыктын башаты
Кумдан бала мунара жасап, анын тегерегин ар кандай кылып кооздоду. Бул чыгармачылык эмей эмне? Андыктан, балаңыздын чыгармачылыгынын башаты дал ушул кум дөбөдөн башталарын унутпаңыз.

"Кум терапиясы"
Балдар психотерапиясында "кум терапиясы" деген түшүнүк бар. Алаканга чубалжыта кумду куйганда кандайдыр бир жылуу сезим келерин сиз да байкаган чыгарсыз. Психологдор өзгөчө түнт, психологиялык жактан кандайдыр бир маселелери бар балдарга кум менен көбүрөөк ойноону сунуш кылышат.
Кумда ойноо менен бала ийгиликсиз нерсени оңдоп, баарын кайра баштоого болорун түшүнөт. Сындыруу - куруу, куруу - сындыруу... Бул биздин бүткүл жашообузда тынымсыз кайталанып турчу көрүнүш. Балаңыз өз жолун табууну үйрөнүүнү кумда ойноодон баштасын.





Эмне үчүн баланы
урууга болбойт?
Ыйлабаган, чыргоолонбогон бир да бала болбосо керек. Ар бир ата-эне баланын чыргоолугуна ар башкача карайт. Ошонун ичинде баланы "өзүнө келтирүү" үчүн чаап коюу ыкмасын дээрлик ар бирибиз колдонуп келебиз. Тилекке каршы, баланы уруудан эч кандай пайда чыкпайт. Тескерисинче, анын зыяны көп.

Баланы урганда...
Баарынан мурун сиз балаңызга тескери үлгү болосуз. Алар күч менен баары чечилет деп түшүнө башташат. Балдар ата-энесинин кыймыл-аракетин туурашат эмеспи. "Апам ушундай кылып жатабы, демек, туура. Мен да ушундай кылам", - деп ойлойт бала. Анан бакчадан балдар менен мушташып, бирөөнү уруп келсе таң калбай эле коюңуз.
Баланын чыргоолонгону - апасынын көңүлүн өзүнө буруунун бир ыкмасы. Ата-эне өздөрүнүн маселелери менен алек, үйдө көп болушпайт. А бала ата-эненин мээримине, эркелетүүсүнө, атүгүл кучактаганына муктаж болот. Андыктан, баланы уруунун ордуна ага көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк убакыт бөлүңүз.
Сокку менен сиз өзүңүздүн алсыздыгыңызды гана көрсөтө аласыз. Өзүңүздү башкара албай калуу менен балаңыздын алдында авторитетиңизди жоготосуз.
Баланы уруу - бул баланы кемсинтүү. Мындай учурда бала өзүн эч кимге кереги жоктой сезе баштайт. "Мындан ары апам мени жакшы көрбөйт" деп ойлойт ал. Ал эми мындай ойлор баланын өзүн-өзү сыйлабай, өз күчүнө ишенбей калыптанышына түрткү берет.
Сиздин шапалагыңыздан бала эч кандай сабак албайт. Ооба, убактылуу тынчып отуруп калат, бирок өз күнөөсүн сезгенинен эмес, коркконунан. Мындай мамилеңиз менен сиз карама-каршылыкты кайра күчөткөн болосуз.
Эгер өзүңүздү кармана албай уруп койсоңуз эмне кылуу керек? Балаңызды колго алып кучактап: "Мени кечирип кой. Мен сени урайын деген эмесмин. Сен мени ошого жеткирдиң", - деп айтыңыз.





Баланын ою
Эгер бала чоң адамдай болуп сүйлөй алса, ал болжол менен төмөнкүлөрдү айтмак:
"Тамактан башка мага жылуулук, тынчтык жана сүйүү бергилечи".
"Мага кармап көрүп, жыттап, кээде сындырып көргөнгө көбүрөөк буюм бергилечи".
"Ийгиликсиз нерсе үчүн сарсанаа болуп турганымда мени жазалабагылачы, анткени ийгиликсиз болуп калган нерсенин өзү мен үчүн жаза".
"Мени дайыма жакшы адамдар курчап турсун".
"Мага көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк убакыт бөлгүлөчү".
"Менин башаламандыктарыма чыдамдуу болгула, анткени, мен али кичинемин жана үйрөнчүкмүн".
"Мага кандайдыр бир тапшырма берерде аны эмне үчүн жасаш керек экендигин түшүндүргүлө"
"Бул үй-бүлөдө мен өзүмдүн маанилүү жана керек экенимди сезүү үчүн мага шарт түзүп бергиле".
"Мага карата ак көңүл, мээримдүү болгула, мен да башкаларга ушундай мамиле кылайын".
"Кантип айткан сөзгө турууну мага үйрөткүлө".
"Менин чоңойгум келген кезде мени жаш бала катары эсептебегиле".
"Ойдон чыгарылган нерсе менен чындыктын айырмасын ажыратып билгенге мага жардам бергиле".

Нуриса БАЯЛИЕВА