Рано:
"Дагы жыйырма жыл өтүп,
мен чыккыча апам өлүп калат го..."
Абак, өзгөчө аялдар абагы дегенде мурун сүрдүү, табышмактуу, атүгүл коркунучтуу жайды элестетчүмүн. Бирок журналисттик кесип мага бул жайдагы жашоо-турмушка кадыресе караганга үйрөтүп, андагы айрым айымдар менен сырдаш, курдаш кылды. Бул сапар да тапкан-ташыганымды баштыкка салып алып Степное айылындагы аялдар абагына жөнөдүм. Бул жолку маектешим 25 жаштагы Раного жолукканда эле: "Эже, ишенесизби, бул жакка келген эки жылдан бери мага биринчи болуп сиз келдиңиз. Мени чакырышканда "сага да бирөө келдиби?" деп бул жактагы кыздар да таң калган боюнча калышты",-деди кубанычын жашыра албай. Ошентип, экөөбүздүн маегибиз дароо эле уланып кетти.
- Эмне үчүн эч ким келбейт? Биртуугандарың, ата-энең барбы?
- Жалгыз апамдан башка эч кимим жок. Атам мен түйүлдүк кезимде эле каза болуп калган экен. Апам ошол бойдон башка турмушка чыкпаптыр. Анысы аз келгенсип бир тууганга да жарды. Көк-Жаңгакта жалгыз эжеси бар. Ал сиңдисинен кабар алып да койбойт, өз үй-бүлөсү менен алек. Майып адамды эч ким карабайт экен да...
- Апаң майыппы?
- Ооба, биринчи топтогу майып. Баса албайт, майыптардын арабасында отурат. Мурун аксап басып, дааратканага кирген адамдардан бир сомдон алып иштечү. Кийин эле мен 12-13 жашка чыккандан баштап минтип такыр баспай калды. Бул каргашалуу күн да эсимде.
Бир күнү сабактан келсем эле апам төшөктө жатат: дене табы көтөрүлгөн, буту болсо кыпкызыл болуп шишип, аябай кыйналып жатыптыр. Апамдын абалын көрүп жүрөгүм түшүп калды. "Апа, эмне болду?" деп башынан кучактасам, "жыгылып кеттим" дейт алсыз. Көрсө, кошунабыздын аялы "Германиядан чыгып жатам" деп телефон чалганда күйөөсү жакшы эр болгондогусу го, ал келгенче үйүн акилеп беришин апамдан суранып, акчасын төлөп бермей болуптур. Акча ашыкча болчу беле, апам макул болот. Ошентип, шашып иштеп жатып столдун кырын басып алган го, өзү жерге жыгылып, темир стол бутун басып калыптыр. А тиги кишинин болсо апамды доктурга алып баруу оюна да келбептир, узун жыгачты бутуна коюп, жоолук менен таңып салыптыр. Ыйлаган боюнча өзүм доктурга алып бардым, алып барганым менен акчаң жок болсо доктурлар деле карабайт экен. Жакшы дарылашпай, ошону менен апам өмүр бою майып болуп калды. Өзү жаш эле, 63кө чыкты.
- Анда аны азыр ким карайт? Майып адамдын жанында такай бирөө болуш керек го.
- Ошо эч ким жок. Майыптыгы үчүн өкмөттөн эки миң сом пенсия алат. Өлбө жаным өлбө деп өзү эптеп күнүн өткөрүп жатат. Үйүбүз да жок, апам экөөбүз квартиралап жүргөнбүз. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жатаканадан бир бөлмө беребиз дешиптир, азырынча берише элек экен, апам азыр ошол жатакананын складында жашап жатыптыр. Элгерчилик экен да, кээде боору ооруган анча-мынча адамдар жардам берип калышат экен. Акыркы уккан маалыматыма караганда, бир келин каралашып жатыптыр. Анын да жаш баласы бар экен, баласын апама кармата коюп үйдү жыйнап, апамдын кир-когун жууй коёт экен. Менин ойлогонум эле апам. "Эмне кылып оокат кылып жатат? Курсагы эмне болду? Ооруган жокпу? Апамды көзү тирүүсүндө көрөмбү?"-деген ойлор менен алпурушуп, кээде түнү менен уктабай чыгам. 23 жыл мөөнөт беришкен, үч жылымды эптеп өткөрдүм, дагы жыйырма жыл өтүп, мен чыккыча апам өлүп калат го...
- 23 жыл деген аз убакыт эмес. Мындай көп мөөнөттү моюнуңа илгенге караганда оор кылмыш кылгансың го?
- Эже, аппак жеримден отурам десем өзүңүз деле, окурмандарыңыз деле ишенишпесе керек. Бирок, чындыгында, ошондой болгон. Окуяны башынан айтып берейин.
Мен мектепте 6-класска чейин эле окуп, апамды караганга киши жок болуп, андан ары окубай калгам. Апамды багам деп эмне гана иштерди кылбадым: дааратканада иштедим, эшик шыпырдым, пол жуудум... Акыркы жолу Жалал-Абад шаарынын борборундагы "Мир" кинотеатрында кино коюп иштеп жүргөм. Ошол каргашалуу 2008-жылдын 5-сентябрь күнү да окуучу балдарга мультфильм коюп бергенден кийин апама шаштым. Кара басып "базарга кирип азык-түлүк ала кетейин" деп ойлодум да, чиркөө жактагы жолго салдым. Баратсам чиркөөнүн жанында бир аял менен бир эркек Дамира деген кызды союл менен аябай сабап жатышыптыр. Дамиранын бети-башы кан... Анан топтошкон элдердин катарына кошулуп мен да туруп калдым. Эмне болгонун сурасам, ошол жерде тургандардын бирөө Дамиранын тиги аял менен эркектин кичинекей кызын уурдап кеткенин чала-була айтты. Ошондо таяк жеп жаткан Дамира так мага карап туруп: "Айнураны көрбөдүңбү?"-деп жатпайбы. Аны көргөн милиционерлер мага келип: "Бул кызды тааныйсыңбы?"-деп сурашты. Мен сыртынан тааныганымды айттым. Мен, чындыгында, Дамираны жакшы таанычу эмесмин. Качан болбосун кинотеатрдын айланасында жүргөнүн гана көрбөсөм, ал тууралуу кенен маалыматым жок эле. Бирок милиционерлер мага ишенишкен жок, эптеп эле илинчек таппай турушкан экен, Дамирага кошуп мени да бөлүмгө алып барышты. Анда деле тагдырымдагы мындай чоң бурулушка туш болорум түк оюма келген эмес. Сурап-сурап коё беришет деп ойлогом. Ал жерден мени алдашты, болбоду эле коркутушту, сабашты, кордошту, кемсинтишти... Жан таттуу экен, акыры өздөрү айткандай кылып көрсөтмө жазып бердим. Бул жерде укук коргоочулардын кошумча жылдызча тагынышына себеп болууга мен эң ыңгайлуу вариант болдум окшойт. Сурап алар кишим жок, майып апамдын колу эч жакка жетпейт... Дамирага да мага жасаган мамилени жасашып, көрсөтмөгө мени кошуп жазганга аргасыз кылышыптыр.
- А окуянын чындыгы кандай болгон экен?
- Дамирага, чындыгында, бир аз жетишпеген сыяктуу. Жинди десең жинди эмес, соо десең соо эмес. Ал, көрсө, жанагы үй-бүлөнүн мейманканасына келген кардарларды денеси менен тейлеп иштечү экен. Анан ортодо түшүнбөстүктөр пайда болуп, кожоюндары Дамиранын акысын бербей иштен айдап салышкан имиш. Аларга өчөшкөн Дамира жигити экөө мектептен келаткан 8 жашар кызын кармап, курорт жакка алып барып, кыздын өзүнүн сумкасынын боосу менен муунтуп өлтүрүшүптүр. Эрди-катын Дамираны сабап жатышыптыр дебедимби, анда кызынын өлгөнүн билишкен эмес, жөн гана уурдап кетти деп ойлошкон. Кыздын өлүгү эки күндөн кийин табылган. Дамира болсо жигити тууралуу ооз ачпайт да, жок жерден өзүнө мени шерик кылып койду. Бирок кийин сотто "бул кызда күнөө жок, мен жалгыз өлтүргөм" деп айтты. Анткен менен пайда жок экен да, кагазга карап эле соттоп коюшту. Дамирага 25, мага 23 жыл беришти.
- Дамира экөөң сүйлөшөсүңөрбү? Ал эмне ой менен сени өзүнө тартыптыр?
- Ал ойду-тоону сүйлөй берет, сотто да бир туруп "кызды жалгыз өлтүргөм" деди, бир туруп "беш кыз менен", дагы бир туруп "Рано экөөбүз өлтүргөнбүз" деди. Жабырлануучулар кызын жоготуп кан жутуп отурушса, ар кайсыны сүйлөп алардын да кыжырына тийди. Кыздын атасына тике карап: "Ака, кечирип коюң, эми шайтан экен да, мен түрмөдөн чыксам сизге аш басып берем",-дейт. Жинди экенин ушундан билбейсизби. Мени менен сүйлөшпөйт. Бир жолу: "Дамира, эмнеге мени өзүңө тарттың? Мен сени же жакшы тааныбасам, же экөөбүз дос болбосок..."-деп ыйласам, "мен жалгыз болгондон корктум, анан дал ошол учурда мага сен туш болуп калдың" дебедиби күйгүзүп. Азыр деле "доо арызын чогуу жасайлы, жок дегенде мөөнөтүбүздөн алынар" десем, "Сен жазсаң жаза бер, мен 2032-жылы аса таягымды таянып алып чыгам",-деп болбойт. А менин жазгандарым жоопсуз кайтып келип жатат. Жалгыз жазганым пайдасыз экен да. Жакында эле адвокат келгенинен Дамираны колунан сүйрөп алып чыктым. Кепке-сөзгө келбей эле жактоочуга атырылып: "Сен эмне, крутойсуңбу? Бизди алып чыкпайсыңбы, эмне кылып жүрөсүң?"-деп аны жакалап кирсе болобу! Уялганымдан кайра өзүм акырын чыга качтым.
- Бул жакта убактыңды кантип өткөрөсүң? Эмне жөнүндө көп ойлоносуң?
- Тигүү цехинде иштейм. Үтүктөмүн. Суткасына 12 сааттан иштейбиз, бирок биз үчүн ушул деле жакшы, убакыт тезирээк өтөт. Айлыгыбыздын эсебинен "отоварка" алабыз. Белгилүү бир суммадагы акчага азык-түлүк болобу, кийим-кечек болобу, өзүбүзгө керектүүлөрдү жазып беребиз, алып келип беришет. Ушинтип күнүбүз өтүп жатат. Ал эми ойлонгонум, албетте, апам. Анан күйөөм менен жашап жүргөндөгү бактылуу көз ирмемдерди көп эстейм.
- Турмушка чыккан белең?
- Ооба, күйөөм өзбекстандык кыпчактардан эле. Жалал-Абадга кыш куюп иштегени келгенде таанышып калганбыз. Мен аны сүйгөн деле эмесмин, ал мени сүйгөн. Мен ага дароо эле: "Биз кедейбиз, апам майып",-деп айткам. Ал деле бай эмес экенин айтып, апамдын бутуна чөгөлөп менин колумду сураган. Апам: "Жалгыз кызым күйөөгө кетип калса мен кантем?"-деп кыйылганда кайра келерибизди убада кылып, мени Өзбекстанга алып кеткен. Убадасына туруп төрт айдан кийин кайра Жалал-Абадга келип, апам менен жашап калганбыз. Үч жыл жакшы эле жашадык. Бирок акыркы күндөрү үйгө келбегени, ичкени көбөйө бергенинен көп урушчу болгонбуз. Бир күнү экөөбүз дагы катуу мушташып кетип, масчылыгы менен ал "үч талак" деп айтып жиберген. Ошол боюнча жашабай калганбыз. Ошондон 3-4 айдан кийин эле бул окуяга туш болуп калдым.
- Балалуу болгон жок белеңер?
- Жок, болгон эмеспиз. Кайненем экөөбүздү Ташкентке доктурга алып барып көрсөткөн, себеби менден эмес, андан табылган. Азыр бир чети балалуу болбогонубузга деле сүйүнөм. Болбосо бир жагынан апамды, бир жагынан баламды ойлой берип жинди болуп кетсем керек эле. Ансыз деле араң карманып жүрөм. Ушунун баары түш болуп калса кана?!.


Азиза Сатимбекова