Саясат

Татьяна Бакиева Кыргызстандан не уурдады?
Депутаттар экс-канайым Татьяна Бакиева апрель окуяларына чейин Кыргызстандан кандай баалуулуктарды алып чыгып кеткени боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырма беришти. "ММКларга экс-канайым Татьяна Бакиева бир нече тонналаган улуттук баалуулук деп саналган буюмдарды 7-апрелге чейин алып чыгып кеткени боюнча маалыматтар жазылган. Бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип, алып чыгып кеткен болсо кандай баалуулуктарды, канчалык көлөмдө чыгарып кеткенин иликтөө керек. Далилдене турган болсо чара көрөлү",-дейт профилдик комитеттин жетекчиси Алмазбек Баатырбеков.

Июнь окуясына "Акжол" күнөөлүү
Былтыркы Ош-Жалал-Абаддагы июнь окуяларынын чыгышына күнөөлүү делген өзбек сепаратисттери Батыров, Салахудинов, Абдурасуловдор "Акжол" партиясынын мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттардын эсине салды. Аны менен катар июнь коогасына дал ушул адамдарды негизги күнөөлүүлөр деп атады. "Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мени менен жолукканда Бакиевдин сөзүн айтып берди. Ал "менин 500 автоматчаным бар, согушам" деп айткан экен. Анын кеткенине карабай жан-жөкөрлөрү бийликти басып алууга аракет кылып жатты. 7-апрель окуясы болгон үчүн июнь окуялары болду. Апрель окуясын үй-бүлөлүк башкаруу алып келди",-деди Текебаев. Аны менен катар Бакиевдин "Акжол" партиясына мүчө болгон өзбек сепаратисттери реваншисттер менен биригип кеткенин кошумчалады.

Автономия болом десең сепаратистсиң
"Мындан ары Кыргызстанда өзбек автономияны орнотуу, өзбек тилинин статусун көтөрүү маселелерин улуттук сепаратизм катары караш керек". Мындай оюн Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. "Мындан ары бул аракеттерди көтөргөн адамдарды улуттук сепаратизмди колдогондор деп таануу керек. Мындан көрө мамлекеттүүлүктүн чыңдаган мыйзамдарды үстүндө иштеп, өлкөнүн стабилдүүлүгүн чыңдоо керек",- дейт депутат.




  коом

Майып балдар "Даңк мүнөтүнө" катышат
Кыргызстандык майып балдар Австрияда өтө турган "Даңк мүнөтү" шоусуна катышууга чакыруу алышты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Бул шоуга "Үмүт" реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары "Тумар" деген бий тобу менен катышат. Топ үч адамдан турат. Машыктыруучусу - Эрмек Кадыров жана бийчилер: 13 жаштагы Адина Самыйбек кызы, 14 жаштагы Эрдик Талайбек уулу. Бул бийдин уникалдуулугу балдар мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай машыктыруучусунан кем калышпай бийлегенинде. Бул балдарга бир нече сынактардын жетекчиси Атай Өмүрзаков жардам берип келет.

Оторбаев КТРден кетеби?
КТРКнын башчысы Кубат Оторбаев эгерде Ж.Жолдошеванын "Коогалаң" деген тасмасы КТРКда көрсөтүлсө, кызматтан кете тургандыгын билдирди. "Ал тасма боюнча мен жоопкерчилик ала албайм. Эгерде силер КТРКда көрсөтүү боюнча чечим чыгарсаңар, анда мен кызматтан кетүүгө мажбур болом",-деди ал.

Мугалимдер "козголоңу"
Нарын шаарындагы мектеп мугалимдери кечээ облустук акимчиликтин алдына нааразылыкка чыгышты. Мугалимдер категория алынып салынып, маяна аз чыгып калганына нааразычылык билдиришти. Болжол менен нааразычылыкка шаардагы ар кайсы мектептерден, жалпысынан, 500 чакты мугалим чыкты. Нааразычылыкка чыккан мугалимдер менен облустук бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, маселе эки күн ичинде иликтенээрин айткан соң тарап кетишти.




  Өзгөчө кабарлар

Трактор менен сайга кулап...
Өткөн жуманын аягында Нарын облусунун Ат-Башы районунда Таш-Рабат асфальт-бетон заводунун эки кызматкери Т-130 үлгүсүндөгү трактор менен Каракоюн сайына кулап кетип каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 5-июнда жол салып жатышкан Кытай Эл Республикасынын "Чайн Род" фирмасынын жүк жүктөгүчү трактордун ичинен 2 адамдын сөөгүн алып чыгып, райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берген. 1978-жылы туулган Токмок шарынын тургуну, тракторчу В.Карташов жана 1958-жылы туулган Ат-Башы айылынын тургуну, жүргүнчү Т.Чатаев каза болгону аныкталган.


Өрттөн каза болду
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын Сагалы көчөсүндө жайгашкан №37-үйдө өрт чыгып, үй ээсинин сөөгү табылган. Андан сырткары, 2 бөлмөсүндөгү 4 терезе, 4 отургуч, жумшак эмерек жана палас күйүп кеткен. 1975-жылы туулган үй ээси Рабаев Кадыр түтүнгө ууланып калганы аныкталды. Өрттүн себеби такталууда.


Жаныш Бакиевдин куралы табылды
Жалал-Абад облустук ИИБинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 7,62 мм калибрдеги "Тигр" мергенчилик карабин алынды. ИИМдин маалыматтарына караганда, Базар-Коргон районунун тургуну көпүрөнүн астынан таап алганын айтып, өз каалоосу менен тапшырган. Курал ак шейшепке оролгон экен. ИИМдин маалыматтарына караганда, бул курал Жаныш Бакиевге таандык экени аныкталган.