Килемди туура
күтө билиңиз
Ар бир кыргыз үйүндө эч болбосо бирден килем бар болушун каалайт эмеспи. Анткени, килем үй ичине кооздук жана жылуулук берет. Жаңы кезинде жаркыраган килем бара-бара эскирип, кирдей баштайт. Демек, аны туура күтүү жана тазалоо тууралуу кеңештерге ар бир эле кожойке муктаж.


Түрлөрү жана баалуулуктары
Жүндөн токулган килем. Калың жана жылуулукту жакшы сактайт, өңү өчпөйт, кирди ичине сиңирип албайт.
Жибектен токулган килем. Өтө ачык түстө болуп, жылтырап турат. Жука болгондуктан, жылуулукту жакшы сактабайт. Бирок мындай килемдер аябай тыкыс токулгандыктан, бышык болот, узак жылдар бою эскирбейт. Тез кирдейт.
Синтетикадан токулган килем. Жылуулугу таптакыр жок, нымдуулукту өзүнө сиңирбейт, тез эскирип жыртылат.

Эмне үчүн килем колдонобуз?
Килем салынган бөлмө жагымдуу, жакшынакай көрүнөт.
Полго караганда килемдин бетиндеги чаң анча көзгө илинбейт.
Суук аба ырайында үй ичине жылуулук берип, бөлмөдөгү нымдуулукту нормалдаштырат.
Жүндөн токулган килем ден соолукка пайдалуу: кан басымды түшүрөт, бут жана омуртка ооруларынын алдын-алат.

Килемди бөлмөгө
ылайыктап тандоо
Уктоочу бөлмөгө ачык түстөгү, жүндөн токулган, түгү узун килем ылайыктуу. Килем полдун баарын жаап турушу зарыл. Ачык жер калбасын. Ошондо башка бөлмөдөгү үндөр угулбай, уйкуңуз тынч болот.
Конок тосуучу жана балдар уктоочу бөлмөгө түгү кыска килем жакшы. Анткени, ал оңой жуулат.
Коридорго күңүрт түстөгү жасалма килем салып коюңуз. Астыңкы бети резина болсун. Мындай килемдин кирдегени көп байкалбайт жана канча жуусаңыз да чыдамдуу болот.
Эгерде бөлмөдө эмеректер жок болсо же аз болсо, сүрөтү көп, аябай кооз килем салуу керек, Тескерисинче, кымбат баалуу эмеректер бар болсо, анда сүрөтү өтө аз, же бир өңчөй килем туура келет.
Кичинекей бөлмө чоң болуп көрүнүш үчүн ачык түстөгү килем салыңыз.
Анча жарык тийбеген күңүрт бөлмөгө салынган килемдин түсү күңүрт болбосун. Ал эми өтө жарык бөлмөгө ачык эмес түстөгү килемдерди ылайыктаңыз.

Кантип туура күтүү керек?
Бурчтары өйдө карай түрүлүп калбаш үчүн астыңкы бетине калың картонду жабыштырып тигип коюңуз. Ошондо килем түз жатат.
Килемди эч качан бир нерсеге (мисалы, кашаага) асып алып күбүбөңүз. Мындан анын сапаты бузулат.
Килемди жаңы сатып алгандан кийин 6 айга чейин катуу щётка жана чаң соргуч менен тазалабаш керек. Жумшак щётка менен тазалап, шыпыргы менен шыпырып гана коюп туруңуз. Ошондо көпкө чейин сапаты бузулбай, эскирбей кызмат кылат.
Килемди дайыма нымдан сактоо зарыл.
Полду жуугандан соң жакшылап кургагыча күтүңүз. Андан кийин гана килемди салууга болот.
Полдо салынып турган килемдин ары-бери жылып кетишин каалабасаңыз, ички жээктерине эски велосипеддин камерасынын же дагы ушул сыяктуу резиналардан ичке кесип, жабыштыра тигип коюңуз.
Алыскы сапарга чыксаңыз жана үйдө бир топ күнгө чейин эч ким жок боло турган болсо, килемдерди полго салынган боюнча таштап кетпеңиз. Аларды тазалап, жыйнап коюңуз. Сиз келгиче таза турат.
Килем кирдеп, эскирип кетпеш үчүн бат-баттан чаң соргуч менен тазалап туруңуз.
Килемдеги такты кетирип тазалаган соң ошол жерге көбүрөөк кылып кагаз коюп коюңуз. Сууну тез соруп алып, килем тез кургайт.

Тазалоонун
элдик ыкмалары
Щётка менен тазалоо. Сыртка чыгарбай туруп килемди бөлмөдөн тзалагыңыз келеби? Анда бир чака жылуу сууга эки аш кашык кир жуучу порошокту салып аралаштырып, ага щётканы салып суулап аласыз да, щётка менен килемди бетин сүртөсүз. Аркасынан алгач ным, анан кургак чүпүрөк менен сүрүп тазалап коёсуз.
Нандын күкүмү менен тазалоо. Түгү кыска килемди кара нандын күкүмү менен тазалоого болот. Ал үчүн килемдин бетине күкүмдү чачып, кайра шыпырасыз.
Кар менен тазалоо. Кышында килемди сыртка алып чыгып, жердин үстүнө саласыз. Андан соң үстүнө текши кар себелейсиз да, бир канча мүнөткө чейин коюп коёсуз. Эми шыпыргы менен жакшылап шыпырып саласыз.
Чай менен тазалоо. Кайнаган кадимки кызыл чайдын чамасын алаканыңызга салып суусун кетире сыгасыз да, күңүрт түстүү килемдин бетине текши чачасыз. Бир канча мүнөттөн кийин гана таза шыпыргы менен шыпырып чыгуу зарыл. Жакшы жагы, тазаланып эле тим болбостон, килемдин өңү да жакшырып калат. Бирок ачык түстөгү килемди тазалоодо бул ыкманы колдонбой эле койгонуңуз жакшы. Анткени, кызарып боёлуп калышы ыктымал.
Үбөлөнгөн жыгач (опилка) менен тазалоо. 1 литр бензинге кир жуучу порошокту аралаштырып, муну 10 литр сууга кошосуз. Ага үбөлөнгөн жыгачты салып нымдайсыз да, килемдин бетине текши чачып, аябай кир болсо бир түнгө калтырасыз. Же 30 мүнөттөн кийин кайра шыпырып салуу кажет. Бул ыкма эгерде килемге май төгүлүп калган болсо колдонууга өтө натыйжалуу.
Туз менен тазалоо. Майда тузду килемдин бетине сээп, дароо эмес, бир аздан кийин шыпыруу керек.
Уксус менен тазалоо. 1 литр сууга 1 чай кашык уксус кошуп, губка же щётканы ага маласыз. Муну менен алдын-ала шыпырылган килемдин бетин сүртүп тазалап чыгыңыз.

АСКЕРБЕК кызы Саада