Орусиядан өлүп кайткандар көбөйүүдө
Москвада мушташтан каза болгон кыргызстандыктын аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Алмаз Абдысияев кабарлады. Анын айтымында, учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ишти Люблинск райондор аралык прокуратурасы иликтөөдө. Маалыматка ылайык, 29-майда Тихорецкий гүл багынын аймагында жайгашкан "Москва" соода борборунун үч кызматкери мушташа кетип, бирөөсү бычак жеген. Жараланган кыргызстандык жаран тез жардам келгенче көз жумган. Азырынча анын аты-жөнү, кайдан келгени тактала элек. Кыргызстан элчилиги Люблинск прокуратурасына маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн кат жөнөттү. Мушташка кимдер катышканы жана анын себептери учурда иликтенүүдө. Катталган факт иликтенип, медициналык экспертизадан өткөн соң сөөгүн Кыргызстанга алып келүү чаралары көрүлмөкчү.
Жыл башынан бери ушуну менен Орусиядан он сегизинчи сөөк алынып келинет. Алардын төртөө улутчулдардын колунан каза тапкан.


  Саясат

Коррупция ушуну менен эле жоюлуп калсачы!..
Өкмөт коррупцияга каршы программа даярдоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Шамил Атаханов "Кыргызстандын өнүгүшү: кандай реформа өнүгүүгө алып келет?" деген форумда билдирди. Бул программаны азыр өкмөт башчы Алмазбек Атамбев карап жатат. Атахановдун айтымында, Кыргызстан коррупциялашкан 187 өлкөнүн ичинен 164-орунда турат.

"Ата мекенчилер" кырсыкка кабылышты
30-майга караган түнү Ысык-Ата районунун Кеңеш айылы жакта таңкы саат төрттөр чамасында "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын 5 өкүлү жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди. Жаштар Нарындагы жаштар форумунан жумушка шашып келе жатышып, айдоочу рулду башкара албай калып, жол четиндеги даракты барып сүзгөн. Жол кырсыгында БГУну быйыл аяктаган Чолпонай Кабулова аттуу жаштар канатынын лидерлеринин бири каза тапты. Калган төрт адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Баягы, баягы, Байкожонун таягы
Азамат Мурзалиев кайрадан "Мегакомдун" башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу уюлдук байланыш операторунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 28-майда "Альфа Телекомдун" акционерлеринин жыйыны өтүп, анда башкы директорду дайындоо маселеси талкууланган. "Альфа Телекомдун" директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев "Мегакомдун" тегерегиндеги ызы-чуудан кийин кызматтан кете тургандыгын айтып, 16-мартта өз ыктыяры менен арызын жазган болчу. Анын ордуна "Алиппе ТВ" компаниясынын башкы директору Алмаз Абеков дайындалган эле.




  коом

Жол боюндагы эстеликтерге тыюу салуу керек
Кыргызстандын автожолдорунун жээгине каза болгондорго эстелик коюуга тыюу салынышы керек. Бул сунушун Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. "Аталган маселени транспорт жана коммуникация министри менен ИИМ карап чыгышы зарыл. Акыркы учурда чоң жолдун боюнда каза болгондорго коюлган эстеликтер көбөйүп баратат. Бул мусулмандык салттарга дагы туура келбейт",-дейт депутат.

Контрабанда менен колго түштү
Лейлек районунан Тажикистанга сатуу үчүн алып бараткан жеринен контрабандалык күйүүчү май кармалды. Бул тууралуу финполициядан билдиришти. Ал маалыматка караганда, финполдун кызматкерлери Карагач айылында "МАН" маркасындагы автомашинаны кармаган. Машиненин кузовунан 38 бочка дизелдик отун кармалган. Алардын ар бирине 200 литрден күйүүчү май куюлуп, 290 320 сомго бааланып, кылмыш иши козголгон. Жакында эле чек арадагы күйүүчү майлар Тажикистанга сатылып кетип аткандыктан, Баткен облусунда ГСМ тартыштыгы келип чыккан.

Москвадагы сынакта кыргыз дизайнери баш байгени алды
Москвада өткөн "Жылдын кутюрьеси - 2011" модельер-дизайнерлердин эл аралык сынагында кыргызстандык модельер-дизайнер Ассоль Молдокматова КМШ өлкөлөрүнүн дизайнерлеринин ичинен эң мыкты болуп табылды. Ал Москвада "Стиль" коллекциясын тартуулаган. Гран-приге ээ болгон Молдокматова Лас-Вегаска саякат жасоо жана дизайнер Пьер Карден менен тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Бул тууралуу маалыматты жеңүүчү өзүнүн социалдык интернет баракчасына жайгаштырган. Молдокматова эл аралык сынакта Борбор Азия чөлкөмүнөн жалгыз эле өкүл болгон.




  Дүйнө тизмек

Абхазиянын президенти дүйнө салды
29-май күнү эртең менен Абхазиянын президенти Сергей Багапш Москвадагы ооруканалардын биринде о дүйнөгө сапар тартты.
21-май күнү француз жана орус доктурлары президенттин оң өпкөсүнө операция жасашкан эле. Өлөрүнөн үч сутка мурун Багапштын өпкөсү иштөөсүн токтотуп, жасалма жол менен дем алдырып жатышкан. Тилекке каршы, президентти оор абалдан алып чыгууга врачтардын күчү жетпей калды.
Сергей Багапш 62 жашта эле. Өз карьерасын ал инструктор болуудан баштаган. 1997-жылы премьер-министр, 2004-жылы кабыл алынбаган республиканын президенти катары шайланган. Ал эми 2008-жылы Россия Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары кабыл алганда анын президенти болуп калган.

  Өзгөчө кабарлар

БЧКга чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 46 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында 28-майда Чоң Чүй каналына 1965-жылы туулган К.Догачев чөгүп кеткен эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык "Куткаруу кызматы" жана "Суучулдарды даярдоо борборунун" суучулдары сөөктү табышып, туугандарына өткөрүп беришти.


Кыргыз-лезгин ортосунда чатак чыкты
Мурдагы күнү Аламүдүн районундагы Октябрь айылында жашаган кыргыз жана лезгин улутундагы жаштардын тобу чатакташа кеткен. Чатак мушташка айланып, кечки саат алтылар чамасында эки тараптан жыйырмадай жаштар чогулган. Дароо бара калган милиция кызматкерлери жаңжалды күчөтпөй токтотуп калышкан. Жаңжалды уюштурган деп шектелип 3 адам кармалды жана катталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренесинин (ээнбаштык) негизинде кылмыш иши козголгонун ИИМ маалымат кызматынан кабарлашты. Азыркы тапта чатактын келип чыгыш себеби такталууда.