Телефонду кантип
туура тазалоо керек?
Заманбап жашоодо уюлдук телефон колдонбогон адамдар аз. Убакыттын өтүшү менен телефондун айнегин, клавиатураларынын арасын чаң басып, бул анын иштешин, көркүн бузат. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, уюлдук телефондогу бактериялар дааратканадагы бактериялардан да алда канча көптүк кылат жана алардын 30 пайызы сиздин организмиңизге кирип кетиши мүмкүн. Андыктан, аны убак-убагы менен тазалап туруу зарыл. Албетте, телефонду ремонттоп, тазалап берүүчү атайын жайлар бар деңизчи. Бирок ал жерге кайрылууга ар бир эле адамдын шарты туура келе бербейт эмеспи. Андыктан, урматтуу окурман, уюлдук телефонду үй шартында кантип тазаласа болору тууралуу төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз. Бул телефондун көпкө кызмат кылуусуна өбөлгө болот.

Тазалоодон мурда алгач телефонду өчүрүңүз жана батареясын чыгарып коюңуз.
Идишке куюлган сууга бир канча тамчы идиш жуучу каражатты кошуп аралаштырыңыз. Аралаштырганда көбүк пайда болуп кетпегидей болуш керек. Ага кебезди болор-болбос эле нымдайсыз да, катуу сыгып аласыз. Андан кийин телефондун сыртындагы чаңын, экранындагы майланышкан колдун тактарын сүртөсүз. Бирок эсиңизде болсун, телефонду суудан жана көбүрөөк нымдалуудан сактоо кажет. Анткени, ичине кирген суу менен ным телефонду бузат. Ным кебез менен сүртүп тазалаган соң кургак салфетка менен жакшылап кургатууну унутпаңыз.


Эгерде экранында чаңдан коргоочу атайын плёнка чапталуу болсо, анда ным вата менен эмес, кургак, жумшак чүпүрөк менен гана сүртүү зарыл. Болбосо ным плёнкага зыян келтирет.


Эч качан телефонду спирт жана бензин менен тазалабаңыз. Спирт менен тазалагандан кийин телефондо агала так пайда болушу ыктымал. Кокус спирт телефондун ичине кирип кете турган болсо, телефонуңуз керектен чыгып калышы ажеп эмес.


Заманбап моделдеги бардык уюлдук телефондордун үстүңкү панели ачылат. Этияттап ачкан соң ичинде, айрыкча клавиатуралардын арасында канча чаң бар экенин көрөсүз. Эч качан аларды металл буюмдар (скрепка, төөнөгүч, ийне ж.б.) менен чукуп тазалабаңыз. Жакшысы, кадимки тиш чукугучту колдонуңуз. Ал ичке жана учтуу болгондуктан, сизге жакшы жардамчы болот.


Тиш чукугуч менен тазалагандан кийин деле өтө таза болуп кетпейт. Андыктан, калган-каткан чаңдарды катуу-катуу үйлөсөңүз кетет.


Кадимки сүрөт тартуучу кисти же балдардын тиш жуучу жумшак щёткасы менен да клавиатуралардын арасы жакшы тазаланат.


Эгерде тазалап жатып ичинен дат басып жаткан жерин байкасаңыз, аны кырып кетирем деп ойлобоңуз. Аны ремонт кылуучу жайларга гана алып барыңыз. Болбосо телефонуңузду бузуп аласыз. Баса, дат - бул суу кирип кеткендин натыйжасы.


Тазалап жатканда телефонуңуздун ичине кокус суу кирип кетсе, дароо өчүрүп, андан соң батареясын чыгарыңыз да, жылуу жерге коюп коюңуз (бирок ысык жерге эмес). Же фен менен деле кургатып алсаңыз болот. Бирок эч качан ысык плитага, отко кактабаңыз.


Кадимки гигиеналык салфеткалар тазалоого өтө ыңгайлуу.


Эч качан майда түктөрү, кылдары, чаңы жабышып кала турган чүпүрөк менен телефонду сүртпөңүз.





Канча жолу телефон жоготконсуз?
Айрым жылдыздарыбызга аталган суроо менен кайрылганыбызда төмөнкүдөй кызыктуу жоопторду узатышты.

Эрмек Нурбаев, "Тамашоунун" жетекчиси:
- Экинчи-үчүнчү курстан баштап уюлдук телефон колдоно баштагам. Ошондон бери бир да жолу уурдатып же жоготуп көргөн эмесмин. Кудай сактасын андайдан! Көп эле адамдар уурдатып алышат экен. А мен, кыязы аябай сак болсом керек. Же мен түшкөн маршруткаларда бир да жолу чөнтөкчүлөр болгон эмеспи, билбейм. Телефонумду дайыма чөнтөктөрүмө эле салып жүрчүмүн. А негизи, баш-аягы үч жолу алмаштырдым. Анткени, убакыт өткөн сайын эскирет экен. Азыр жөнөкөй эле телефон көтөрүп жүрөм. Мода деп маркасына, көп функциялууларга кызыкпайм. Мисалы, сүрөткө тартуу үчүн өзүнчө фотоаппарат деле колдонсо болот. Мен үчүн телефон адамдарды бири-бири менен байланыштыруучу каражат гана болуп эсептелет.

Назира Айтбекова, алпаруучу:
- Ушуга чейин эки жолу телефонумду уурдатып, үч жолу алмаштырдым. Бир жолкусунда жумуштан эле алдырып жибергем. Сумкамды унутуп калып кайра барсам, капчыгым деле, башкалары деле турат. Бир гана телефонум жок экен. Экинчи жолкусунда болсо сахнанын артынан сумкамды турган жеринен уурдап кетишиптир. Ичинде кымбат баалуу кооздук-жасалгаларым, косметикаларым жана телефонум бар эле. Негизи, телефондун кымбат маркадагыларына анча деле кызыкпайм. Жөнөкөйлөрүн эле көтөрүп жүрө берем. Акыркы жолкусунда жолдошум: "Кыздардын баары ушундай телефон көтөрүп жүрүшөт. Сен алардан да "крутая" болушуң керек. Кел, алмаштыр",-деп ой-боюма койбой жетелеп барып акыркы моделдеги телефонго алмаштырып берген. Азыр ошону көтөрүп жүрөм.

Санжар Бердибеков, куудул:
- Чынын айтсам, канча жолу жоготконумду өзүм да билбей калдым. Менимче, эки жүз жолу жоготтум го, ошого жетип калды. Жогото эле берем, жогото эле берем... Негизи, уурдатпайм деле. Көтөрүп жүрүп эле таппай калам. Телефонумду кайда койгонум, эмне кылганым бат эле эсимден чыгып кетет. Издеп таппай коюп, айлам кеткенде жаңысын алам. Аны да тез эле жоготом. Дайыма ушинтип келатам.

АСКЕРБЕК кызы Саада