Исмаил кызы Миргүл:

"Эркиндикке чыгуу мен үчүн өтө коркунучтуу"
25 жаш. Эмне деген сонун курак?! Өмүрүнүн бул жалындуу курагында эркек балдар ал-күчкө толуп, тоону томкоргонго даяр болушса, кыздар бир үй-бүлөнүн үлпүлдөгөн келини болуп, бала жытын жыттап калышат. Тилекке каршы, биздин каарманыбыз мындай бакыттан бир топ алыс. Анын сырдашы - түрмөнүн муздак дубалдары, алаксыры - күнү-түнү тынбай тыкылдап иштеген тигүүчү машина. Ал эми аны мындай тагдырга түрткөн ким?..
- Миргүл, бул жерде адам өлтүрүп отурупсуң. Анчалык кимге, эмне өчүң бар эле?
- Менин мындай тагдырга туш болушума бир тууган жездем себепкер. Аны өлтүрүшүмө өзү түрткү болгон. Иччү, нашаа чекчү, бир эмес беш жолу түрмөгө отуруп чыккан, бир сом тапчу эмес, анысы аз келгенсип эжемди, балдарын баса калып сабачу. Мен кичинемден алардын колунда болуп, эжеме күйөөсүнүн көрсөткөн азаптарын чогуу көтөрүшүп келдим. Башында балдарындай болуп мен деле коркчумун, бирок эжемди чеги жок кордогонуна чыдабай акыркы күндөрү жездем менен кадимкидей мушташканга өткөм. Канча жолу таяк жедим?.. Мына бул пешенемдеги тырык да жездемден калган "эстелик". Бир жолу жумуштан чарчап келип уктап жаткам. Уйку-соонун арасында жездем кызын коркутуп жатканын угуп калдым. "Шымыңды чеч!"-деп бакырса, кызы капаска түшкөн чымчыктай болуп "ата, ата..." деп чыйпылыктап жалбарат. Кандай ордуман туруп аркы бөлмөгө атып чыкканымды билбейм. Эшикти ачсам 18-19 жаштагы бир балалуу кызынын шымын чечтирип, тоңкой эле тоңкой деп кыйкырып жатыптыр. Айбанчылыгын карабайсызбы. Жетип барып желкесинен алсам жерде жаткан бош бөтөлкөнү алып башыма чапты эле, канга боёлуп эле жатып калдым. Жер жамандап барбасын, айта берсе мындай итчиликтерине сан жетпейт. Чыдамдын да чеги болот экен да, акыры минтип...
- Ошол каргашалуу күн өмүр бою кара так болуп жүрөгүңдө калса керек...
- Мен 2008-жылдын 21-июль, дүйшөмбү күнү кармалгам. А негизи, бул эки күнкү окуя. Эжемдер Калыс-Ордо жаңы конушуна үй салып жатышкан. Анысы мына-мына бүтөйүн деп калган эле. Эжем менен жездемдин 4 кыз, 1 уулу бар. Алардын баары атасынын кордугунан качышып, Жаш Гвардия бульварында квартира жалдап турушчу. Эжем болсо азыр деле Фучик көчөсүндөгү ооруканага кирген машиналардан акча алып, эртең менен-кечинде оорукананын тегерек-четин шыпырып иштейт. Мен да эжеме жардам берип, экөөбүз ишемби-жекшемби күндөрү гана Калыс-Ордого барбасак, ошол жердеги будкада эле жашачубуз.
Ал күнү ишемби эле. Эжем: "Мику, жүрү, үйдү актап келели",-дегенинен жездемди көргөндөн заарканып, бутум тартпай турса да, эжемдин көңүлүн кыя албай экөөбүз Калыс-Ордого бардык. Барсак, эшиктин оозунда жездем адатынча мас болуп тоголонуп жатыптыр. Эжем экөөбүз аны көтөрүп үйгө алып кирип жаткырып койдук да, үйдү актоого киришип жатсак ордунан туруп: "Менин заказдарым кана?"-деп кыйкырып, эжемди оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып сөгүп кирди.
- А заказдары эмне эле?
- Эмне болмок эле, арак да. Өзү бир жерде иштебейт, а эжем ага жумуштан келген сайын бир бөтөлкө арак, колбаса алып келип турууга милдеттүү эле. Ошентип, эжемди чырылдатып сабай баштады да, "жүрү, БЧК жакка барып сүйлөшөбүз" деп сүйрөп жөнөдү. Эжемдин болсо ишенгени мен элем, "аман алып кал" дегенсип мен тарапты жалт-жалт караган бойдон күйөөсүнүн алдына түшүп алып жөнөп кетти. Мен да жездеме көрүнбөй дарактарга далдааланып артынан аңдып жөнөдүм. БЧКнын боюна жеткиче эжемди улам тээп, чачынан сүйрөп барды. Анан муунта кармап: "Ата-энем, бир туугандарым менен катышпайм де!"-деп демитсе, эжем: "Айтканыңдай болсун, эч кимиси менен катышпайм",-деп жалдырайт. Убадасын алгандан соң "жүрү, мага арак алып бер" деп дүкөндөр жакка сүйрөп жөнөдү. Анда да жетер-жеткиче чачынан сүйрөп, көмөлөтө тээп баратты. Менин да чыдамым түгөндү. Жашынган жеримден чыгып эжемди анын ур-токмогунан куткарайын деп аракет кылсам, мени бет талаштыра бир сокту. Бетимдин бир тарабы ысып, көзүмөн от чачырап эле жерге жатып калдым. Бир маалда көзүмдү ачсам үстү-башымдын баары бозала чаң, кан... Ошол учурда эжемди эмес, өзүмдү ойлодум да, эптеп ордуман туруп, жолдон машина тостум. Абалымды түшүндүрсөм айдоочу түшүнүп, Жаш Гвардиядагы эжемдин кыздары жалдап жашаган квартирага бекер эле жеткирип койду. Барсам балдарынын баары ошол жерде экен. Кебетемди көрүп "эмне болду?" деп жүрөктөрү түшүп калды. "Эмне болмок эле, атаңардан таяк жедим, апаңар өлүүбү, тирүүбү билбейм. Силер бул жакта качып жатасыңар, бардык азапты көтөргөн апаңар экөөбүз. Жүргүлө, Калыс-Ордого барып ата-энеңер менен жашагыла",-десем улуу кызы Айсалкындан башкасы макул болушкан жок. "Айсалкын эже, сиз барсаңыз бара бериңиз, биз атасыз эле көчөдө семичке сатсак да эптеп жаныбызды багабыз",-дешти баары бир ооздон. Анан Айсалкын экөөбүз өзүбүзчө сүйлөштүк. "Эмне кылабыз, канткенде адамча жашайбыз?" деп башыбызды катырып отурганда "таеже, келиңиз, атамды өлтүрүп салабыз" деген сөз ошол Айсалкындын өзүнүн оозунан чыккан. "Мен дос балдарымды чогултам",-деп көп өтпөй төрт жаш баланы чогултуп келиптир. А жездем болсо көлөмдүү, алдуу-күчтүү, биротоло карышкыр болуп бүткөн неме болчу. Мен дароо эле "бул балдарыңдын колунан эч нерсе келбейт" дедим. Ошентсе да баарыбыз машинага отуруп Калыс-Ордого жөнөп кеттик. План боюнча балдар жездемди алдап сыртка алып чыгыш керек эле. Биз Айсалкын экөөбүз машинада калдык. Балдар эшикти такылдатышты эле, жездем чыкты. Айтпадым беле, ал карышкыр болуп бүткөн да, эшикти ачып эле: "Каяктын бандасы болосуңар?"-деп кыйкырды. Балдар башка эле бирөөнүн атын сурашып, ошонун үйүн издеп жүргөндөрүн айтышты эле: "Аны издесеңер менин үйүмө эмнеге келдиңер? Жоголгула!"-деп кыйкырганда төртөө төрт жакка дыр коюшту. Ошентип, планыбыз ишке ашпай кайра артка жөнөдүк.
- Анан ошол боюнча жаңы кадамга барбай эле тынчып калсаңар болбойт беле?
- Мен тынчыдык го деп эле ойлогом. Эртеси таң атпай Айсалкын чалып: "Кыйратам деп жатпадың беле? Сенин деле колуңдан эч нерсе келген жок го. Кана өлтүргөнүң?.."-деп мээмди чага баштады. Мен ошол учурда Айсалкындын эмнеге минтип жатканына түшүнгөн эмесмин, көрсө, бул сөздөрдү менин намысыма тийиш үчүн атайын айтып, өлтүрсүн деген экен. Ушул сөздөр чындыгында намысыма тийди, анын үстүнө, бир күн мурунку ызам тарай элек эле, өз колум менен өлтүрөм деп чечтим. Ошол учурда жездемдин карындашы келип калды эле, "байкеңиз менен жакшылап сүйлөшүңүз же мен аны өлтүрөм" деп ачык эле айттым. Ал деле агасын жамандап, өзүнүн арманын айтып кетип калды. Анан мен түрмөдө отуруп чыккан төрт досумду чогулттум да, бешөөбүз кайра Калыс-Ордого жөнөдүк. Эжемдин кебетеси меникинен бетер коркунучтуу болуп калыптыр. Байкуш өзү өлөйүн деп турса да бир жагынан кир жууп, бир жагынан тамак жасап жүрөт. Досторумду тааныйт болчу, үйгө киргизип тамак берди. Бирок биздин эмне ой менен келгенибизди сезген жок. Мен "кокус биз жездемди өлтүрө албай калсак, ал эжемди өлтүрөт" деген ой менен "эже, сиз жумушуңузга бара бериңиз, биз жездем менен сүйлөшөбүз" деп аны кетирип жибердим. Көпкө күтүп отургандан кийин жездем келди. Дагы мас. Бир үй ары жайгашкан кошунабыздын огородуна алып бардык. Жездемде нашаа бар экен, аны жасашып, баары айландыра чегишип, өздөрүнүн түрмөдөгү жаргондору менен сүйлөшүп отурушту. Балдар жездемден мени эмне үчүн мындай абалга алып келгенин түшүндүрүшүн талап кылышты. Кыскасы, ошол жерден жездемди бешөөлөп сабап салдык. Жерге жатып калганда балдар "болду, болду" деп кетип калышты. Менин бутума сала чыккан бычагым бар эле, аны сууруп чыктым да, ичине сайып салдым. Эки жолу сайганымды билем, андан аркысын билбейм. Анан эмне кылышымды билбей үйгө келсем, эшикте арматура жаткан экен, аны алып кайра бардым да, жездемди бетинен баштап бутуна чейин арматура менен сабап салыптырмын. Арматураны да, бычакты да ошол эле жерге таштадым да, такси кармап, Жаш Гвардиядагы квартирага келдим. Эжем ошол жерде экен, уктап жатыптыр. Мен да жатканым менен түнү бою көз ирмеген жокмун. Эртең менен эжем туруп, тыкыратып жатканда "мен да жумушка барам" деп кошо туруп алдым. Эжем болбойт: "Эмне кыласың барып, уктай бер. Жездең келип калса дагы жиндилик кылат", - деп. Ал ойлоду, бизди жөн гана сабап салды деп. Мен болбой эжемди ээрчип алдым. Кетип баратып Сокулукка апама чалып: "Апа, атам экөөң азыр эжемдин ишканасына келгиле. Мен жездемди өлтүрүп салдым",-деп коём эжеме угузбай. Азыр мени эжемдин жумушунан милиция кармарын сезип турам да. Анан оюмда ата-энемди акыркы жолу көрүп алайын деп жатпаймынбы.
Айткандай эле будкага кирээрибиз менен эшик такылдады. "Ким ай?"-деп коёт оюнда эч нерсе жок эжем. "Эже, ким болмок эле, милиционерлер да, ачпайсызбы",-десем деле эч нерсени түшүнгөн жок. Ошентип, эжем экөөбүздү РИИБге алып барышты. Барсак, жетимишке жакындап калган атам таягын таянып ошол жерде отурат. Көрсө, аны таңкы саат төрттө эле алып келип камап коюшкан экен. Атам менен эжем эч нерсеге түшүнүшпөй "эмне болду?" деп бири-биринен сурап коюшат. "Атамды чыгаргыла, жездемди мен өлтүргөм",-деп ошол жерден ачык айттым. Атам бечара шолоктоп ыйлаган боюнча кетти.
- Досторуң, Айсалкын да жаза алыштыбы?
- Жок, оперлер мени эркекти сабагандан да жаман сабашты, бирок мен күнөөнүн баарын өз моюнума алып, сегиз жылга кесилип кеттим. Досторумда го чындыгында күнөө жок, бирок Айсалкынды тартпаганыма өкүнөм.
- Эмнеге?
- Азыр эжемдин экинчи кызынан башкасы мага өчөшүп калышкан. Айрыкча уулу менен үчүнчү кызы. Баягыда "атабызга барбайбыз, бизге анын кереги жок" деген балдары эми мени өлтүрөбүз деп ызырынып жүрүшөт. Уулу менен кызы "бирибиз бычак менен, бирибиз арматура менен өлтүрөбүз" дешет экен. Менде азыр баягыдай ал-күч жок. Бул жакта витамин болбосо, күчтүү тамак жок болсо... Түрмө баары бир өзүнүкүн кылат экен. Мени азыр үйлөп койсо учуп кетем, ансыз деле башы-көзүм айланып араң жүрөм. А баласы болсо чөнтөкчү, жашабай туруп эки жолу түрмөгө отуруп чыкканга үлгүрдү. Өзүнө окшогон достору менен мени жөн эле өлтүрүп коюш колунан келет. Бул тууралуу ойлогондо ушул жактан чыкпай эле койгум келет. Эркиндикке чыгуу мен үчүн өтө коркунучтуу. Эжем бечара айлыгын чогултуп мага тамак-аш жеткирип турат. Апасынын мага келгенин билип калышса чоң чатак салышып, Айсалкыны баш болуп эжемдин мээсин жешет экен. Айсалкын мени менен кошо камалганда эжемдин балдарынын алдында тили узунураак болот беле деп ойлой берем.
- "Досторум түрмөгө отуруп чыккан" деп жатасың. Алар менен кандайча дос болуп калдың эле?
- Ой, алар менен деле ушул эле жездеме түрмөгө тамак ташып жүрүп таанышып калгам. Жогоруда айтпадымбы, беш жолу отуруп чыккан деп, эжем түрмөдөн да бакты да күйөөсүн. Андайда жанына дайыма мени ээрчитип алчу. Анан ошол балдар бошоп чыкканда дос болуп калганбыз. Өзү менин тагдырым жалаң түрмө менен байланышканбы, күйөөм да түрмөдө болчу.
- Күйөөгө тийгенге да жетиштиң беле?
- Ооба, ал жоругумду эстесем өзүмдү-өзүм башка койгулайм. Жаш болгон экем да. Жанагы досторум эркиндикке чыккандан кийин 47-колониядан колго жасалган буюмдарды алып чыгып өткөрөбүз деп мени да өздөрүнө кошуп алышкан. Ошол жакка барып жүрүп түрмөдө отурган Эрнис деген бала менен таанышып калдым. Экөөбүз болгону 12 күн сүйлөшүп, 13-күнү нике кыйдырып алдык. Сүйөм десе, "аа, сүйүп калган экен" депмин. Дарегимди сураганынан оюмда эч нерсе жок эле бергем. Бир күнү эле топурап тууган-уруктары кирип келип мени түрмөгө алып барышып, нике кыйдырып коюшкан. Жездемди өлтүргөнүмдөн кийин аны менен мамилемди өзүм үзүп койдум.
- Түрмөгө түшөм деп таптакыр ойлобогон чыгарсың. Дегеле кандай ой-тилектериң, максаттарың бар эле?
- Кантип эле ошентип ойлоюн? Биз, негизи, Лейлектен болобуз, бирок ата-энем көп жыл мурун Сокулукка көчүп келишип, отурукташып калышкан. Мен 6-класска чейин Лейлекте окудум. Бул жакка келип бир аз окуп, кайра айылга барып отуруп эптеп 9-классты бүттүм. Мен, негизи, ырчылыкка, актёрлукка кызыкчумун. Мектепте да маданий иш-чараларга берилүү менен катышчу элем. Искусство адамы болгум келгени тууралуу бир ирет атама да кыйыткам. Мен мурун аябай толук, сөөктүү кыз болчумун да. Антсем атам тамаша-чынга аралаштырып: "Кызым, сенин турпатың мындай турсун, бетиң да экранга батпайт. Эмне кыласың артист болуп? Андан көрө медресеге оку",-деген эле. Медресени укканда мени тозокко жиберип жаткансып чалкаман кеткем. "Анда медресеге да окубайм, артист да болбойм. Шаарга барып иштейм", - деп 9-класстан кийин Бишкекке келе бергем. Көрсө, мени Бишкекте өзүм ойлобогон башкача тагдыр күтүп турган экен...




  Миргүлдүн эжеси Гүлбара эже:

"Күйөөмдүн өлгөнүнө кымындай да ичим ачышпайт"
Миргүл айткандай, Гүлбара эже чын эле Фучик көчөсүндөгү №1 шаардык ооруканада иштеп, оорукананын кире беришиндеги кичинекей тамда жашайт экен. Дарбазадан кирген машиналарга жол көрсөтүп, чыгып баратканда 5 сомдон акча алып турган эже ара-чолодо биз менен маектешүүгө да жетишип жатты.
- Эже, Миргүл бир тууган сиңдиңиз болсо билесиз да, буга чейин мындай бейбаштыгы жок беле?
- Мен он бир туугандын эң улуусу болсом, Миргүл эң кенжебиз. Менин тун кызым менен тең. Мектепте орто эле окуду, бирок маданий иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып, кандай гана кароо-сынакка барбасын, алдыңкы орундарды башкаларга берчү эмес. Миргүл эле эмес, биздин үй-бүлөдө бейбаш эч ким чыккан эмес. Түрмө деген аты жаман жайга дегеле биздин уруудан эч ким отурган эмес эле. Ак көңүл, оюнда эч кири жок далдаңдаган сиңдимди мындай тагдырга эч ыраа көрбөс элем. Эми эмне кылайын, пешенесине жазылган тагдыры ушул экен да.
- Күйөөңүзгө сүйлөшүп жүрүп эле баш коштуңуз беле?
- Экөөбүз бир айылданбыз, жакшынакай болуп сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Сүлүктү шаарында эл катары жакшынакай эле жашачубуз. Күйөөм шахтада иштечү. Мындай жай турмушубуз төрт балалуу болгонубузча уланды. Анан эле балакет басып күйөөм бирөөгө бычак такай коюп соттолуп кетти. Ошол ошо болду, бузулду. Түрмөдөн нашаага көнүп алыптыр. Мындан кийин да төрт жолу камалды, төртөөндө тең наркоман катары. А эркиндикте жүргөндө бизге күн көрсөтчү эмес. Ажырашайын деп жакшы эле аракет кылдым, кайдан болбосун таап алып коркутуп, өзү менен жашатып жүрдү. Баары бир ажыраша албасыма көзүм жеткенде бир чети балдар үчүн деп, экинчи чети жанымдын тынчын ойлоп арагын сатып берип, нашаасына өзүм акча берип калдым.
- Ошентсе да никелешкен күйөөңүз да, бир аз болсо да өлгөнүнө ичиңиз ачышкандыр?
- Чынын айтсам, кымындай да ичим ачышкан жок. Тескерисинче, кулак-мээм тынчып, мурунку тозок жашоом бейишке айлангандай эле болуп калдым. Ал мени тойгузган да, сиңдим. Бир өкүнгөнүм, балдарым тарбия көрбөй калды. Атасынан качып "Балдарды коргоо борборунда" жашашкан күндөрү болду, андан кийин квартирага чыгып кетишти. Мен күйөөм менен боло берипмин да, балдарга көңүл бурбай калыпмын. Эми азыр тарбия берем деп убараланганың менен пайдасыз экен. Ошентсе да миң сөзүмдүн бири кулактарына кирер деп кеп-кеңешимди, жакшы сөздөрүмдү тажабай кайталай берем. Кыздарымдын экөөсү экиден балалуу болушкан, үчүнчү кызым жылына 23 миң сом төлөп юрфакта окуйт, андан кийинки уулум 9-класс, кенже кызым 7-класста окуйт. Уулум да бейбаш чыгып калды. Азыр эми бешөө беш жакта жашайт. Ортолорунда такыр ынтымак жок, чогулган жерде эле итчесинен ырылдашып турушат.
- Балдарыңыз Миргүлгө өчөшүп калышкан экен...
- Баары эмес, бир кызым менен уулум. Атасынан далай кордуктарды өздөрү деле көрүштү, эми жаман болсо да атасы экен да. "Атаңар тирүүсүндө безилдеп качып, бирөөңөр жанына жолочу эмес элеңер, эми ата керек болуп калдыбы силерге?"- деп да айтам. Жок, болушпайт. "Баары бир өлтүрөбүз" дешет. Акыры "түрмөдөн чыкса мага дебесеңер бышырып жегиле" деп койдум. Балдар эмне, жаш да, сүйлөй беришет. Биз эже-сиңилер эт менен тырмактайбыз, ажырабайбыз. Азыр мен Микунун түрмөдөн бузулбай аман-эсен чыгышын эле тилеп отурам.
- Күйөөңүз каза болгондон кийин кайынжуртуңуздун да сизге мамилеси бузулгандыр?
- Күйөөмдүн бир карындашынан башка эч кимиси жок эле. Ал кайынсиңдим менен мамилебиз аябай жакшы болчу, ошол каргашалуу окуядан кийин салкындай түштүк. Күйөөмдүн кыркылыгына да, жылдыгына да келген жок. Балдарымды көкүткөн да ошол болуп жатат.
- Бул жерде иштеп канча айлык аласыз? Балдарыңызды бакканга жетеби?
- Айлыгым эки миңдей эле. Ооруканага кирген машиналардын ар биринен беш сомдон акча алам. Ооруканага күнүнө 300 сомдон план төгүп, калганын өзүмө алам. Чогулткан акчамды миң сом болсо да, эки миң сом болсо да студент кызымдын контрагына төгөм, башкаларына кийим-кече алып берем. Дагы жакшы, эки кызым бош убактыларында тирүү гүл сатышып азык-түлүккө анча-мынча иштешет. Ошентип, бирде жетсе бирде жетпей тирилигибиз өтүп жатат. Эмнеси болсо да баягы ызы-чуу, жаңжалдан көрө ачка болсом да кулак-мээмдин тынч болгону алда канча жакшы.


Нуриса БАЯЛИЕВА