Жөнөкөй,
бирок пайдалуу
Гезитти окуйбуз, коланы ичебиз, туз менен тамактын даамын чыгарабыз, тиш пастасы менен тишибизди жууйбуз... Көрсө, буларды мындан башка учурларда да колдонууга болот экен.


Кока-кола
Коланы чайнектин ичине куйган соң чайнекти токко туташтырасыз. Бир аз кайнагандан кийин ичиндеги кеберлер кетет.
Ичи кебер сыяктуу болуп саргарып кеткен унитазды тазалоо үчүн да коланы колдонсоңуз болот. Ал үчүн коланы кирлердин үстүнө жаба куюп, бир канча мүнөткө коюп коюңуз. Бул убакытта кола кирлерди эзип чыгарат да, кийин оңой жуулат.
Кийимдеги ар кандай тактарды кетириш үчүн аны колага аябай чылап, бир канча саатка коюп коюу зарыл. Андан кийин кадимкидей жууй бересиз.
Кадимки кир жуучу порошокко коланы кошуп кир жуусаңыз, кир тез жана жакшы кетет.
Терезенин айнегин, кафелден жасалган полду кола менен жууса, жаркырап калат.
Чачка жабышкан сагызды кетирүү үчүн ошол жабышкан жерди кола куюлган идишке бир канча мүнөткө салып туруу керек.
Жүрөк айланганда саат сайын 1 чай кашыктан кола ичип туруңуз.
Суунун ордуна кола кошуп жуурулган нандын камыры жумшак жана жакшы көөп бышат.
Тамак бышырганда идиштин түбү карарып күйүп калса, кола куюп туруп кайнатсаңыз, кайра жаркырап калат.

Гезит
Желим контейнердин же термостун ичиндеги жагымсыз жытты кетирүү үчүн ичине гезитти салып, андан соң оозун бек жаап түнү бою коюп коюңуз.
Ичине суу кирген бут кийимди кургатуу үчүн ичине гезитти ушалап туруп толтуруңуз да, ал гезитти 8-9 сааттан кийин алыңыз.

Туз
Туздуу сууга чыланган чүпүрөккө сырды ороп туруп муздаткычка салып койсоңуз, сыр узак убакытка сакталат.
Ичи май көмөчтанга текши кылып туз сээп, бир канча мүнөттөн соң жуусаңыз, май оңой кетип, ичи таза жуулат.
Сүт ирип калбаш үчүн ага азыраак туз салып коюу жетиштүү.
Тердеп, жыттанып кеткен бут кийимдин ичине туз сээп койсо, жагымсыз жыт жок болот.
Сүлгүнү таза жууп-чайкагандан кийин туздуу сууга 15 мүнөт чыласаңыз, жупжумшак болуп калат.
Пияз, сарымсак, балык жыттанган колду туз менен сүртүп, андан соң самындап жуусаңыз, жагымсыз жыт калбайт.
Бычакты өтө туздуу эмес сууга 30 мүнөт салып коюп, андан кийин гана курчутса жакшы курчуйт жана көпкө мокобойт.

Самын
Топурак, чаң, жер менен алектенип иштөөнүн алдында колуңузга самынды көбүртүп, жуубастан кургатып алыңыз да, андан кийин иштей бериңиз. Ошондо колуңуз кесилбейт.
Гүлдөрдүн түбүнө, жалбырактарына самындуу сууну сээп турсаңыз, курт түшпөйт.
Атыр жыттуу самындын кесиндисин терезеге коюп койсоңуз, ал жерге курт-кумурскалар келбейт.
Жакшы сыдырылбай калган сыдырмага самынды сүртсө, ойдогудай сыдырылып калат.

Суутек перекиси
Бөлмөдөгү гүлдөрдүн жалбырактарын суутек перекиси менен сүртсөңүз, жалбырактарына кошумча кислород берет.
Эгерде жашылчалардан жасаган салатыңыз кургап кетип, жакшынакай көрүнүшүн жоготуп койсо, аны суутек перекиси менен аралаштырган соң муздаткычка 15-20 мүнөт коюп коюңуз. Ошондо кайра жакшынакай болуп жаңы көрүнүп калат.
Бир аш кашык суутек перекиси кошулган бир литр суу менен жуулган жашылча-жемиштердеги микробдордун баары өлүп, жегенге коркунучсуз болуп калат.
Кокус тиш жуучу щёткаңыз менен башка бирөө тишин жууп койсо, тазалоо үчүн бир стакан сууга азыраак суутек перекисин кошуп, ага щётканы жууңуз.
Узак убакыт колдонулган суюк самын менен шампунда бара-бара микробдор пайда болот. Аларды жок кылуу үчүн суюк самын менен шампунга суутек перекисин кошуп коюңуз.

Нашатырь спирти
Нашатырь спирти аралаштырылган суу менен сырдалган полду, эшик-терезелердин рамкаларын жуусаңыз, жалтырай түшөт.
Ак түстөгү кийимдерди, шейшептерди нашатырь спирти кошулган суу (бир чака сууга бир аш кашык нашатырь спирти) менен жууса жакшы агарат.
Бир стакан сууга азыраак нашатырь спиртин, 3 аш кашык тузду аралаштырып, буга кирдеген таракты саласыз да, түнү бою коюп коёсуз. Эртең менен тарак оңой жана таза жуулат.

Кумшекер
Нан, печеньелер салынган идиштин түбүнө жука кылып шекер сээп койсоңуз, көпкө чейин катыбай жумшак сакталат.
1 литр жылуу сууга 3 аш кашык шекер, 2 аш кашык уксус кошосуз. Муну менен гүлдөрдү сугарсаңыз, курт түшпөйт жана топурагы семиз болуп, жалбырактары, гүлдөрү көпкө чейин соолубайт.
Эгерде колуңуз май болуп калса, шекер менен колуңузду сүртүңүз, анткени, майды оңой кетирет.
Мештеги же очоктогу от жакшы күйбөй жатса, отко бир аз шекер сепсеңиз ойдогудай күйө баштайт.

Тиш пастасы
Бут кийимиңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырап көрүнөт.
Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.
Колуңуз жагымсыз жыттанып калса жана ал кетпей жатса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.
Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коёсуз.

Сауле СУЛАЙМАНОВА