Жаңы сыгылган ширелердин
ден соолукка пайдасы
Заманбап жашоодо көпчүлүк адамдар үчүн өз колу менен шире сыгып, жасап алганга караганда упаковкадагы даяр ширени сатып алуу өтө ыңгайлуу. Бирок алар, чындыгында, таза шире эмес экендиги жана курамында эч кандай витаминдердин жоктугу, ден соолук үчүн пайдалуу деле эместиги тууралуу сатып алып жаткан далай адамдардын кабары жок десек туура болчудай. Ал эми ден соолук үчүн үйдөн сыгып даярдаган шире гана пайдалуу болуп эсептелет.

Упаковкадагы ширелер тууралуу...
Шире. Жада калса упаковканын сыртында "100% шире" деп жазылса да, бул чындык эмес. Жаңы сыгылган таза ширени 10 күндөн ашык сактоого мүмкүн болбогондуктан, бардык упаковкадагы ширелердин, чындыгында, 10-20%ын гана таза шире, ал эми калган курамын суу, шекер, лимон кислотасы, мөмө-жемиштен жасалган табигый жыт аңкыткыч түзөт. Анткени, кайсы гана жаңы сыгылган шире болбосун, анын 80-90%ы суу болот. Адистер мына ошол ширенин курамындагы 80-90% сууну бөлүп алышат да, калган коюусун сактап коюшат. Ага каалаган убагында кайра мурунку эле өлчөмдө кадимки биз ичкен сууну кошуп, упаковкадагы ширелерди даярдашат.
Нектар. Ширеден айырмасы, мында мөмө-жемиштин эти да бар болот. Курамы: 25-50% шире, суу, шекер, лимон же аскорбин кислотасы, табигый жыт аңкыткыч, мөмө-жемиш пюреси.
Курамында шире бар суусундук. Буга жасалма жыт аңкыткыч менен жасалма боёк, даам берүүчү ар кандай кошулмалар кошула берет. Ушул жагынан шире менен нектардан айырмаланат. Ал эми курамындагы шире 10-40% болушу ыктымал.
Демек, упаковкадагы ширелердин курамында витаминдер, минералдар жокко эсе. Андыктан, аларды суусунду кандыруучу суусундук катары гана ичсеңиз болот. Эң пайдалуусу - жаңы сыгылган шире!

  Эсиңизде болсун!

Ширени тамактанарга 30 мүнөт калганда ичүү кажет.
Даярдалган ширени дароо ичиш керек (10 мүнөткө чейин). Андан кийин пайдалуулугун жоготот.
Суу ичкенсип дароо ичип жибербей, аз-аздан, шашпай ууртап ичүү зарыл.
Ширеге туз же шекер кошууга болбойт, даамын жакшыртуу үчүн бал кошсоңуз уруксат.
Бир ичкенде 200 граммдан ашык шире ичпеңиз. Ашыкча иче берүү жүрөк менен кан тамырларга, бөйрөккө күч келтирет, алсыздыкты пайда кылат.
Ашказан жана он эки эли ичеги жарасы, ашказандын кычкылдуулугунун жогору болушу менен коштолгон гастрит, жөн гана гастрит жана уйку безинин оорусунда алма, апельсин, анар, лимон ширелерин ичүүгө болбойт!
Семиз адамдарга жана кош бойлууларга, диабет оорусу менен ооругандарга бүлдүркөн ширесин ичүүгө тыюу салынат!

АСКЕРБЕК кызы Саада